12 мая, 2024

Арген Тойчиев, актёр, ырчы: “Эзоптун ролун аткарганга азыр да даяр эмесмин…” “Ɵнɵр мага Кудайдын берген белеги”

-Арген мырза, биз сизди Токон Эшбаевдин ырларын ɵзʏндɵй ырдап аткарганыңыздан улам ырчы катары тааныйбыз, актёрлук чеберчилигиңиздин мыкты экенин да спектаклден кɵрдʏк…

-Рахмат, алгач ɵзʏм тууралуу азыноолак айтсам. Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айыл ɵкмɵтʏнʏн Тойчу айылында тɵрɵлʏп-ɵскɵнмʏн. 2012-жылы Алымкул Исаков агайыбыздын демилгеси, сунушу менен С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына келип кызмат ɵтɵп калдым. Ошондон бери ушул жакта эмгектенип келе жатам. 

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде 5 жыл окуп, музыкалык билим алдым. Бир нече мыкты агайлардын колунан окуп бʏттʏм. Ɵзʏм эле ушул даражага жеттим дебейм, албетте. Бир жагы Кудайдан берилген ɵнɵр, бир жагы агай-эжекелеримдин таасири мени ушул даражага жеткирди. Ал эми актёрдукту мага эч ким ʏйрɵткɵн жок. Бул дагы Кудайдын мага берген белеги. Бул жаатта атайын билим албадым. 

“Театр – менин жашоом”

-Жашоо – театр дешет, сиз ʏчʏн театр эмне?

-Театр бул – менин жашоомдун бир бɵлʏгʏ. Театрсыз жашай албайм. Кудай мага ырыскыны ошол жактан чачкан экен, театр менин нан тапкан жерим, ɵнɵрʏмдʏн ордосу. Театрга келгенден бери бир топ ролдорду аткардым. 

Гʏласал Алиеванын “Кечир мени” чыгармасында, андан кийин  Ажымидиновдун “Чокчолой баатыр” жомогунда арстандын, аюунун ролун ойнодум. Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир кʏн” романында маңкурттун ролун, “Делбиримде” шофёрдун, Х. Хурсановдун “Ата, кемпир алып берейинби?” спектаклинде Сабырдын ролун ойноп, андан кийин С. Жетимишовдун “Амансыңбы, апаке!” чыгармасында роль аткардым. Он чакты ролдо ойнодум окшойт. Ал эми баса белгилеп айтчу нерсе, ошол чыгармаларды улай дʏйнɵлʏк классиканын катарына кирген Авксентий Цагарелинин “Ханума” чыгармасында баш каарман Тематтенин ролун аткардым. Бул менин биринчи классикам болгон. Г. Фигейредонун “Эзоп” спектаклин Эл артисти Талант Апыевдин сунушу боюнча аткардым. А Г. Фигейредонун “Тʏлкʏ менен жʏзʏм” чыгармасында Эзоптун ролу экинчи классикам болду. Мен ʏчʏн Эзопту чыгарыш ɵтɵ кыйынга турду. Мындайча айтканда, толгоо тарткан аялдай эле кыйналдым. Негизи ушул эки классикалык чыгармада роль чыгарыш ʏчʏн кɵп убакыт коротуп мээнет кылдым. А негизи кандай ролду берсе да ойноп кете берем. 

“Каарманды сезип-туйганда спектакль чыгат”

-Ар бир ролду аткарууда кандай сезим коштойт? 

-Ар бир чыгармада кыйынчылык болмой сайын роль жаралбайт. Ар бир роль ʏчʏн ɵзʏнчɵ бир толгоо тартасың. Бир ролду 2-3 айлап чыгарган учурлар болот. “Эзоп” спектаклинде ойногон ролумду, каармандын образын кеминде 3-4 айда чыгардым. Бул кеминде.  Ага дагы толук ɵзʏмдʏн ишеничим жок деп ойлойм. Азыр дагы деле даярданып жатам. Жетекчиликтин буйругу менен аткарып, элге эртерээк чыгардык. Бирок, мен азырга чейин бул ролду ойногонго даяр эмесмин. Себеби, каармандын мʏнɵзʏн, ички сезимин сезип-туя элекмин. Сезип-туйган маалда гана спектакль чыгат. Муну сезип-туюш ʏчʏн мага 6 айлап убакыт керек болот. Азырынча режиссёрлор мага 6 ай убакыт бере элек. 

“Ролдун таасиринен чыга албай…” 

-Аткарган ролуңуздан бат эле чыгып кете аласызбы?

-Даярдык учурунда той-аш сыяктуу кɵп нерселер тоскоолдук кылат. Ролуңду, каарманды ачып бере албай калган кездер болот. Изденишиң керек. Адамдарды ишендириш ʏчʏн жʏрɵктɵн ойнобосоң, жʏрɵккɵ жетпейт. Аткарган ролдорум жашоого таасир эткен учурлар болду. Ден соолукка да таасир этет. Ролдун таасиринен чыга албай жʏргɵн учурлар кɵп болот. Ал таасирлерди  азыр элестетип айтып бере албайм. Ролдон чыга албай келип ʏй-бʏлɵдɵн кʏчʏңдʏ чыгарган кездер да болот. Келинчегим азырга чейин тʏшʏнʏп келет. Мындан ары да тʏшʏнɵт деп ойлойм. 

“Табиятым эски ырларга жакын”

-Ырчылыгыңыз кантип атат?

-Театрдан жакшы эле айлык алып калдык. Кудайга шʏгʏр, андан сырткары дагы дыйканчылык кылабыз, мал чарбачылык менен алектенебиз. Анан ырдап элге кызмат кылып жʏрɵбʏз. Кудайга шʏгʏр, тапканыбыз жетет.  ʏч уулум бар. Келинчегим, апам, уулдарым болуп жашайбыз. Ырчылык ɵнɵр да ɵз жолунда баратат. Кудайга шʏгʏр, Токон Эшбаевдин чыгарып койгон обондору, чыгармалары менен мен дагы жан багып жʏрɵм десем болот. Ал ырлардын сɵзʏн жазгандарга да рахмат. Негизи менин табиятыма жалаң эски ырлар туура келет экен.  Ж. Мамажановдун, Р. Абдыкадыров сыяктуу кыргыздын мыктыларынын чыгармаларын аткарып келем. 

Эми ɵзʏмдʏн мʏнɵзʏмдʏ ɵзʏм билбейм. Анан ɵзʏмдʏн чыгармачылыгымды ɵзʏм баалай бербейм туурасын айтканда. Мʏмкʏн баалаганда мындан дагы башкачараак болот беле деп ойлоп калам. 

Бʏкалча Маматали кызы