12 мая, 2024

Мамыт Таштанов: “Велосипед менен Берлинге чейин барууну пландоодобуз”

75 жаштагы Чоң-Алай районунун тургуну Мамыт Таштанов велосипед менен беш ɵлкɵнʏ аралап ɵтʏп, Тʏркияда болгон Дʏйнɵлʏк Кɵчмɵндɵр оюндарына барып келди. Каарманыбыздын максаты спортту сʏйʏʏгɵ ʏндɵɵ, веложʏрʏш аркылуу коңшу ɵлкɵлɵр менен мамилелерди жакшыртуу экенин редакцияга берген маегинде билдирди. 

“Чоң-Алайда 1991-жылдары спорт мектеби жок болчу. Кийинчерээк 25 штат менен спорт мектебин ачканбыз. Анда 20 жыл директорлук милдетти аркалап, пенсияга чыккандан кийин шаарга келе бергенмин. Ошондой эле райондо спорт комитетин тʏптɵɵгɵ ɵз салымымды коштум. Бʏгʏнкʏгɵ дейре иш алып барышууда”, — деп баштады каарманыбыз ɵз сɵзʏн. Адатта 70тен ашкан аталар велосипед менен узак жолго чыкмак тʏгʏл, кыска аралыкка деле сейрек жʏрʏш кылышат эмеспи. Ал эми жаштайынан спорт менен дос болгон Мамыт Таштанов курагынан бир кыйла жаш кɵрʏнʏп, дени сак, ɵзʏн сергек алып жʏрɵт. Алдыда дагы 7-8 айлык жʏрʏшкɵ чыгууга бел байлап жаткан каарманыбыз дзю-до, эркин кʏрɵш боюнча спорт чебери жана бокс боюнча 1-разряддагы спортчу. 

“Жʏрʏш пандемияга чейин пландалган болчу”

-Тʏрк тилдʏʏ элдердин достугун чыңдоо максатында веложʏрʏш жасоону максат кылып келгем. Буга чейин максатымды билдирип, Тʏркиянын элчисине кайрылгам. Ал мага долбоор жазууну сунуштады. Долбоор жазгам, ʏч айдан кийин кабыл алынганын кабарлашты. Долбоорду ишке ашырууну кɵздɵп, жʏрʏшкɵ чыгайын дегенде пандемияга туш болуп, токтоп калган элем. Быйыл убак- сааты келген экен, алты мамлекетке барып кайттым. 

Жʏрʏшкɵ Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу ɵкʏлʏ жана шаардык мэрия акчалай колдоо кɵрсɵтʏшʏп, узатышты. Жʏрʏш Бишкектен башталды. Анткени Бишкекке дейре велосипед менен барайын десем, бийик болуп, он кʏндɵй убакыт Ош-Бишкек жолуна эле кетип калчудай. 

Борбордон Маданият, маалымат, спорт, туризм жана жаштар саясаты министрлиги Казакстан, Ɵзбекстан, Азербайжан, Тʏркмɵнстан, Грузия жана Тʏркия мамлекеттерине кайрылуу жасап, менин сапарым тууралуу билдирʏʏ беришти. Албетте, алар тарабынан да азыноолак колдоо болду, бирок негизинен ɵз каражатым менен жʏрʏш жасадым. 

“Велосипед менен 3 миң километр жол жʏрдʏм”

-Алгач Казакстанга Кордай аркылуу ɵтʏп, Таразга, андан соң Чымкентке бардым. Чымкентте мени ɵлкɵбʏздʏн элчилиги кʏтʏп алмак, бирок андай болгон жок. Ордунан таба албадым. Андан ары жол улап, Ɵзбекстанга Ташкентке ɵттʏм. Ал жакта элчилик тосуп, мени ɵлкɵнʏн спорт министри менен жолуктурушту. Кийин Бухара, Самарканд, Каракалпакстанга сапар алдым. Каракалпакстанга тополоң учурунда туш келиптирмин, спорт комитети тосуп алып, жаш спортчулар менен жолугушуу уюштурду. Аларды спортту сʏйʏʏгɵ чакырып, веложʏрʏштɵгʏ максатымды тʏшʏндʏрʏʏгɵ аракет кылдым. Баары жакшы кабыл алышты. Велосипеддин оңдоп-тʏзɵɵ иштери болгондугуна байланыштуу Каракалпакстанда да тɵрт кʏн турууга туура келди. 

Андан ары Азербайжанга ɵтмɵкмʏн, бирок кырдаалга байланыштуу жол жабык болуп, кайра Казакстан аркылуу Азербайжанга учтум. Азербайжандын бажы кызматындагылар менин жʏрʏшʏм тууралуу укпагандыгынан улам 24 саат ɵткɵрʏшкɵн жок. “Кыргызстанга билет алып, артка кайтыңыз” дешти. Ɵлкɵ ичине коё беришпегендигинен кийин Тʏркияга кетʏʏнʏ пландап жатканымда, аталган ɵлкɵдɵгʏ элчибиз Канат Ɵмʏралиев маалыматты угуп, сʏйлɵшʏʏлɵрдʏ жʏргʏзʏп, Баку шаарына ɵтʏʏгɵ уруксат алып берди. Анда спорт федерациясынын президенти менен жолугуп, тааныштык. ʏч кʏндɵн кийин Грузияга бардым. Айрымдар Арменияга барды деп жазышууда. Жок, Грузияда болдум. Алар да мени жакшы тосуп, узатышты. Анда кыргыздардын жʏз диаспорасы бар экен. Боордош деп ɵзгɵчɵ кабыл алышып, сыйын кɵрсɵтʏшʏп, жакынкы 1-2 жылда Бишкектен Берлинге чейин веложʏрʏш жасоону максат кылып жатышканын айтып, мени да катарына кошулууга чакырышты. Боордоштордон онго жакын адам велосипед тебишет экен. Буюрса, ден соолугум жакшы болсо, барарымды билдирдим. Эсептеп кɵрсɵк, Берлинге чейин кеминде 8 миң километр жол болчудай, ага 8-9 ай убакыт кетет деп болжолдоодобуз. 

Ошентип, IV Дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюндарынын башталышына Тʏркияга барып калдым. Андагы элчибиз жылуу маанайда кабыл алып, белегин берип, жɵнɵттʏ. Дʏйнɵлʏк кɵчмɵндɵр оюндарына бир кʏн гана катыштым. Эмнегедир жогорку деңгээлде уюштурулбагандай сезилди. 

Негизгиси кɵптɵн берки максатым орундалып, тʏрк мамлекеттерине болгон веложʏрʏшʏм аягына чыкты. Алты мамлекеттин тарыхында калды десем болот. Бул жʏрʏштɵ 3 миң километр жол жʏрдʏм. Кʏнʏнɵ жол жакшы болгон жерлерде 100 чакырым, начар жерлерде 50-70 чакырым жолду басып ɵттʏм. 

“Чɵɵлɵр кɵп болгондуктан, ээн жерде уктай албайт экенсиң”

-“Как эткен карга, кук эткен кузгун жок” деп айрым жерлерди сʏрɵттɵɵдɵ айтылат эмеспи. Бул жʏрʏштɵ дал ошондой аймактарды басып ɵтʏʏгɵ туура келди. Айрыкча Казакстан менен Ɵзбекстандын чɵлдɵрʏндɵ жол жʏрʏʏ оңой болгон жок. Ɵзбекстанда жолдор жаңы салынып жаткандыгына байланыштуу велосипедде жʏрʏʏ оор болду. 300 чакырымдай жолду 4-5 кʏндɵп басып ɵттʏм. Анткени мындай жерлерде тʏндɵсʏ жʏрʏʏ кооптуу экен. Кээ бир жерлерде суу дагы жок болуп калды. Жеңил машина да жʏрбɵгɵн жолдордо жʏрдʏм. Тʏнкʏсʏн палаткада тʏнɵдʏм, коопсуздук ʏчʏн ага атайын прожектор, тарсылдак жана кичинекей кылыч алып алган болчумун. Алардын жардамында таң атырып жʏрдʏм. Чɵɵлɵр кɵп болгондуктан, ээн жерде уктай албайт экенсиң. Алысыраак качып барып, кетпей туруп алат. Куралың жок болсо жеп коёру анык. Жолдо машинеге урулуп ɵлʏп жаткандарын дагы кɵрдʏм. 

Кʏн катуу ысыган кʏндɵрʏ абанын температурасы 45-50 градуска чейин кɵтɵрʏлгɵндɵ, физикалык кыймылдагы адамдын эриндери суу ичкениңе карабай жармашып, буттун тарамыштары тʏйʏлʏп калат экен. Кыскача айтканда, ушундай кыйынчылыктар болду. 

Узак жолдо жаныма 6-7 килограммга жакын жайдары ундан нават, сары май кошулуп жасалган гʏлазык алып алган болчумун. Андан жарым килограммдай ашып келди. 

“Ɵзбекстандын 15 шаарына баргам”

Каарманыбыздын велосипед менен узак жолго жʏрʏшʏ биринчи ирет эмес. Ал буга чейин Бишкектен Ошко, Оштон Чоң-Алайга жана Ɵзбекстандын 15 шаарына достук жʏрʏшʏн жасаганын айтат:

— 2018-жылы достук жʏрʏш жасап, Ɵзбекстандын 15 шаарына барып келгем. Анда жалпы 2700 чакырымды велосипед менен басып ɵткɵм. Ал жактан жергиликтʏʏ бийлик ɵкʏлдɵрʏ тосуп, шаарларды, айылдарды кыдырууда мага жол кɵрсɵтʏшкɵн. Айтылуу Манас айылында конок болдум. Айылда 10 миңге чукул кыргыздар жашашат экен. Боордоштор жылуу кабыл алышып, узатышкан. Кыргыз айылдарында мурдагыга салыштырмалуу ɵнʏгʏʏ, ɵзгɵрʏʏ бар экенин байкадым. Бийлик тарабынан колдоолор болуп жатыптыр, кɵрʏп кубанып кайткам.

“Адам ɵзʏн жаш, сергек алып жʏрʏʏсʏ ʏчʏн позитивдʏʏ маанай керек”

-Велосипед тебʏʏ адамды простатит, импотент ооруларынан сактайт. Варикоз болбойт. Мен кʏнʏнɵ 20 км велосипед тебем. Эрте менен 1 саат гимнастика жасап, андан соң жарым литр сууга бир чай кашык бал кошуп ичем. Ошондой эле кара кофе ичем. Таза кофе биринчи эле боорду рак ооруларынан сактап,  кан тамырдын жакшы иштешин шарттап, адамга кʏч-кубат берет. Ал эми этти кʏндɵлʏк тамак-ашымда аз колдоном. Жумасына болгону 200 грамм жылкынын этин жешим мʏмкʏн. Эң негизгиси адам ɵзʏн жаш, сергек алып жʏрʏʏсʏ ʏчʏн позитивдʏʏ маанай керек. Бардык оорулар кыжаалатчылыктан пайда болот эмеспи. Андыктан, жакшы маанайда жʏрʏʏгɵ дайыма аракет кылам. Адам эң биринчи ɵзʏн жакшы кароосу керек. Ɵзʏн карай албаган адам башка адамдарды да карай албайт.