13 мая, 2024

Дʏйнɵнʏ кʏлдʏрɵ алган жылдыздар

Адамды оңойлук менен кʏлдʏрɵ албайсың. Аларды кʏлдʏрʏʏ ʏчʏн ɵзгɵчɵ жɵндɵмгɵ ээ болуу керек. Кезекте биз сɵз кыла турчу инсандар дʏйнɵнʏ комедиялык ролдору аркылуу, элди кʏлдʏрʏʏ менен багындырган.

Yн-сɵзʏ жок роль ойноого мажбур кылган кекечтик 

Мистер Бин деп тааныган сʏйʏктʏʏ актёрубуздун чын аты Роуэн Себастьян Аткинсон. Ал элге комедиялык фильмдерде ойногон актёр катары таанылганы менен жашоодо продюсер, сценарист, ʏн коштоочу жана жазуучу. Анын кесиби такыр башка тармак болгон. 1975-жылы Улуу Британиядагы Ньюкасл университетин инженер-электрик адистиги боюнча бʏтʏргɵн. Кийин Оксфорд Куинз колледжинде электротехника боюнча магистр даражасын алган. 1990-жылы Аткинсон “Мистер Бин” телесериалынан кийин абдан популярдуу болгон. Андан кийин 2007-жылга чейин аталган сериалдын уландысы тартылып отуруп, актёр дʏйнɵгɵ “Мистер Бин” деген ат менен таанылып кала берди. 2012-жылы Лондондогу жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына да ошол ат менен катышкан. Аткинсон бир топ кɵркɵм фильмдерде комедиялык ролду жаратып, алардын кɵпчʏлʏгʏ кино сʏйʏʏчʏлɵрдʏн купулуна толгон. 

Баарыбызга белгилʏʏ болгондой Роуэн Аткинсон дээрлик бардык кинолорунда ɵтɵ аз сʏйлɵйт. Ал тургай ɵтɵ сейрек интервью берет. Актёр кемчилдигин ачык айтып, кекечтигин мойнуна алган. “Б” тамгасы менен башталган сɵздɵр ага ɵзгɵчɵ кыйынчылык жараткан. Башкы каармандын кекечтигинен улам “Мистер Бин” аталышындагы сериалында дээрлик эч кандай сɵз жок. “Агент Жонни Инглиш” кɵркɵм тасмасында да башкы каарман Аткинсон сʏйлɵп баратып кекечтенип калган агенттин ролун аткарат. 

2012-жылы Роуэн Аткинсон Мистер Биндин образын колдонууну улантуудан баш тарткан, анткени ал бул каарман ага эми таптакыр жарашпасын тʏшʏнгɵн. Анткени актёр 50 жашка келип, физикалык жɵндɵмʏнʏн жоголуп, каарылыкка моюн сунуп баратканын айткан. Ошондой эле Аткинсон спорттук унаалардын кʏйɵрманы болгондуктан бир нече эксклюзивдʏʏ кымбат баалуу унааларга ээ. Ал дайыма унаалар жɵнʏндɵ макала жазып турат. Учурда актёр 67 жашта. Анын эки турмушунан 3 баласы бар. 

Куудулдар клубунан башталган актёрдук

Коркунучтуу ары кʏлкʏлʏʏ “Беткап” фильмин билбеген адам жок. Канадада туулган актёр Жимм Керри мектепте окуп жʏргɵндɵ эле ʏй-бʏлɵдɵгʏ каржылык кɵйгɵйлɵрдɵн улам сабактан кийин эже-агалары менен чогуу пол жууп, ажатканаларды тазалап иштеген. Керринин апасы Кэтлин невроздун бир тʏрʏ менен ооругандыктан кээде анын апасы жинди деп эсептелген. Американын Берлингтон шаарынан жумуш тапкандан кийин ʏй-бʏлɵсʏ менен кɵчʏп кетишет. Бул жерде Керри 8 жыл жашап, орто мектепти 1979-жылы аяктап, болот, темир комбинатында да иштеген. Кичинесинен эле тамашага жакын болуп, досторун туугандарын тынбай кʏлдʏрчʏ дешет. 11 жашында Кэрол Барнет аттуу шоуго 80 чакты пародияларды жазып жɵнɵтʏп, бирок эч кандай жооп алган эмес. 15 жашында атасы Торонто шаарындагы “Як-Як” деп аталган куудулдар клубуна алып келген. Анын биринчи сахнага чыгышы абдан ийгиликсиз болуп, клубдун ээсине таптакыр жаккан эмес. Ошону менен жаш бала эки жыл сахнага жолобой койгон. Бирок, анын жашынып жаткан жɵндɵмʏ буга жол бербей клубка кайрадан барып кудуулдугун уланткан. Ошону менен актёрдун кино жаатына алгачкы кадамдары башталат. 

1994-жылы аткарган “Беткап”(Маска) фильминен кийин ал болуп кɵрбɵгɵндɵй атак-даңкка ээ болот жана кɵп ɵлчɵмдɵгʏ гонорар тɵлɵгɵн тартылуу сунуштары тʏшɵ баштаган. 2000-жылга барып топтогон кирешеси Жимге жеке учак сатып алууга мʏмкʏнчʏлʏк берген. Жашоосунда 50гɵ жакын фильмге тартылган. Эң акыркы фильми 2022-жылы “Соник” деп аталган балдар жана чоңдор сʏйгɵн анимациялык фильм болуп эсептелет. 60 жаштагы актёр Доктор Эггмандын ролун ойногон.

Чарли Чаплин 12 баланын атасы болгон

Атактуу актёр Улуу Британиянын борбор шаары Лондондо тɵрɵлгɵн. Ата-энеси да ошол кездеги белгилʏʏ мюзкл-холлдун актёрлору болушкан. Дʏйнɵнʏ кʏлдʏрɵ алган Чаплин эң алгачкы ролун 5 жашында аткарган. Ал цыган тектʏʏ болгон жана аны менен сыймыктанган. ʏч жолу “Оскар” сыйлыгын алууга жетишкен. 26 жылдык чыгармачылык жашоосунда 70тен ашык тасмада роль ойногон. Чыгармачылык карьерасынын башталышында Чаплиндеги жагымсыз жыттан улам айрым актёрлор иштешʏʏдɵн баш тартышкан. Буга себеп али белгисиз, эптеп кʏн ɵткɵрʏп жʏргɵн актёрдун бир нече жума бою жуубай кийип жʏргɵн бир кийими болгон. Кийинчерээк актриса Мари Дресслер Чаплин ɵзʏнɵ каранбаса, иштешпей турганын айткан соң актёр ɵзʏнɵ кам кɵрʏʏнʏ баштаган. 

Чаплиндин Лондондогу балалык кези жокчулук жана кедейчиликте ɵткɵн. Атасыз чоңойгон Чаплин апасы финансылык кыйынчылыктар менен кʏрɵшкɵнʏнɵн улам тогуз жашына чейин эки жолу жумушчулар ʏйʏнɵ жиберилген. Чаплин 14 жашка келгенде апасы психиатриялык ооруканага жиберилген. Чаплин чыгармачылык ишине эрте баштап, ар кандай варьете сахналарына чыккан, кийинчирээк сахналык актёр жана куудул катары иштеген. 19 жашында Чаплин Fred Karno компаниясы менен келишимге кол коюп Америкага кеткен. Киноиндустрия Чаплинди тандаган соң ал   Keystone Studios киностудиясында иштеп баштаган. Белгилʏʏ актёр 12 баланын атасы. Эң кичинекей уулун 72 жашында кɵргɵн. 

“Оскарды” ʏч ирет алган “Кариб деңизинин каракчылары” 

Капитан Жек Воробей же ɵз аты Жонни Депп. Балдарга бул актёрду Вилли Вонка десең дароо таанышат. Кɵптɵгɵн тасмалардын, анын ичинде “Кариб деңизинин каракчылары” аттуу тасмасы аркылуу атактуу болгон биздин замандын эң таанымал актёрлорунун бири. Бул адамдын таланты чексиз сыяктуу “Чарлинин шоколад фабрикасында” Виллинини, “Сыйкырдуулар ɵлкɵсʏ” жомогунда шляпа жасоочунун ролдорун укмуш аткарган. Аны балдар гана эмес, чоңдор да сʏйʏп кɵрʏшɵт. 2012-жылдын эсеби боюнча Жонни Депп 75 миллион доллардан ашык киреше тапкан. “Оскар” сыйлыгынын ʏч жолку жеңʏʏчʏсʏ. Америкалык актёр гитарада мыкты ырдаган ырчы катары да таанымал. Жеке жашоосунда жети ирет турмуш куруп, эки баланын атасы болгон. Депптин жашоосундагы кɵйгɵйлʏʏ нерсе анын алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонуу болгон. «Маңзаттарды ɵзʏнʏн тʏнкʏ клубунда сатат» деген шек менен актёрду бир нече ирет сотко берʏʏгɵ аракет кылышкан. 

Айжылдыз Тойчиева