ОшМУнун студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделген. 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон ɵткɵн. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ 8 бетте студенттерге акысыз таратылат. Жаш калемдештерди куттуктап, отуз жылдан бери студенттердин макала жазуусуна шыктандырган гезит жɵнʏндɵ баяндайбыз.
“Нур” гезитинин 30 жылдыгына карата ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичтин куттуктоосу:
-Кайсыл окуу жай болбосун ɵзʏнʏн студенттеринин, бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏнʏн окуудан, илимден, чыгармачылыктан, спорттон, уюштуруу чеберчилигинен жараткан ийгиликтери менен сыймыктанып, аны коомго жайылтып келет. Ош мамлекеттик университетинин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ да ар тараптан ийгилик жаратып, ɵлкɵбʏздʏн желегин желбиретип, мамлекетибиздин ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн жаңыча иштерди жасап жаткандыгын дайыма айтып келебиз. Студенттерди тарбиялоодо, чыгармачылыгын ɵстʏрʏʏдɵ, уюштуруу талантын ойготууда, журналистика тармагына кызыккан студенттердин жазуу чеберчилигин калыптандырууда “Нур” гезитинин орду чоң. Студент кезибизде кɵрʏп, таанышып, жандуу дʏйнɵсʏнɵ сʏңгʏп кирип, окуп жʏргɵн гезиттин 30 жашка толушу жалпы жамаатыбыз ʏчʏн кубанычтуу. Биз сыймыктанган агай-эжекелерибиз редакторлук кызматын аткарып, кезинде татыктуу жʏктʏ тарта алышкан. Ыктыярчы катары иштеп, ɵзʏнʏн чыгармачылыгын ɵстʏргɵн ага-эжелерибиз, жоро-жолдошторубуз, ини-карындаштарыбыз кесибинин мыктысы, адилеттик менен айкындуулуктуу туу туткан инсан катары коомубузда кʏжʏрмɵн эмгектенип келе жатышат.
“Нур” гезитине поэзияны тʏшʏнгɵн, оюн кагаз бетине жаза алган, китепкɵй, таланттуу студенттер келип, чоң дʏйнɵгɵ аралашып, ɵзʏн тааныганды, дос кʏткɵндʏ, айланадагы адамдар менен жакшы мамиледе болгонду ɵздɵштʏрʏп, турмуштун ак менен карасын, кең менен кемин ажыратып, чоң дʏйнɵгɵ аралашат.
Гезиттин редакциясы гезит чыгарып гана тим болбостон, адабий кечелерди, жолугушууларды уюштуруп, окуу жайдын чыгармачылык дʏйнɵсʏндɵ аянтча болуп келе жатат.
“Нур” гезити мындан ары да таскагынан жазбай, бийикке оболоп, тереңге сʏңгʏп, чексиз дʏйнɵгɵ кɵз чаптырып, студенттердин сʏймɵнчʏгʏ, жаштардын кенчи болуусуна тилектешмин. 30 жылдык жашаган ɵмʏрʏ ар качан университетибиз менен жашташ ɵмʏр кечирсин. “Нур” гезити студенттердин жан дʏйнɵсʏнɵ шоола болуп кирип, НУР сымал жанып турсун!
Сатыбалды Мамытовдун сунушу менен “Нур” деген ысым ыйгарылган
Абдимитал Мурзакметов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент, этнограф:
— Бир кʏнʏ башкы корпустун сол канатындагы бир каанада Сатыбалды агай, философия илимдеринин кандидаты Маматемин Эркебаев агай, Каныбек, мен болуп отуруп, университеттин ɵздʏк гезитин чыгаруу жɵнʏндɵ идеяны козгоп, талкуу уюштурганбыз. Гезитти тʏзʏʏ жɵнʏндɵ идея баарыбызды аябай толкундатты. Университеттин да ɵзʏнʏн гезити боло турганына кубанганбыз. Анткени, буга чейин борбордун, анан облустун, райондун гана гезиттерин кɵрʏп жʏргɵнбʏз да. “Гезит чыга турган болсо атын кандай коёбуз?” деген суроо талкууга тʏшʏп, ар кандай аталыштарды сунуштай баштадык. Сатыбалды агай гезиттин аталышын “Нур” деп коёлу деп калды. Агай Татарстанда окуп жʏргɵн мезгилде Казань шаарында ошондой гезит чыгарын белгилеп, анын лозунгун татарчалап айтты, бизче “Кʏн нурун тегиз чачат” болот экен. Бул аталыш баарыбызга жагып, ошону менен гезиттин аталышын Сатыбалды Мамытовдун идеясы менен “Нур” деп чечтик.
Замирбек Божонов, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору:
“Гезит сатылгандыктан, товар катары эсептелген”
-1995-жылы кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине 1-курска келгенден баштап “Нур” гезитин окуп калчумун. Анда кара-ак тʏстɵ 4 бет болуп чыкчу. Гезитке университеттин жаңылыктары, таланттуу студенттердин чыгармалары чыгып турчу.
2000-жылдары Ош шаарындагы активдʏʏ студенттер «Цивиндем» деген студенттик кыймыл тʏзʏп, гезит чыгара баштаганбыз. Тилекке каршы, 6-7 саны жарык кɵргɵндɵн кийин акча каражаты жок токтоп калган болчу. Ошол учурда досторумдун “Студенттик “Нур” гезитинин редакторлугуна аракет кылып кɵрбɵйсʏңбʏ?”деген сунуштарынан улам ОшМУнун ректору Бектемир Мурзубраимовго кирип, редактор болуп калган элем.
Ал кезде гезит сатылчу. Ошондуктан гезитти чыгаруу бир азап болсо, аны сатуу андан да азап болчу. Ар бир жаңы саны чыккан сайын декандардан, тарбия боюнча орун басарлардан, жаштар комитетинен суранчубуз. Карызга баткан факультеттерди тизмелеп алып ректорго кирчʏмʏн. Бектемир агай айрым декандарга чалып “жардам бергиле” деп калчу. Биз да жоопкерчиликти сезип, гезиттин сапатын жакшыртканга аракет кылдык. Гезитти товар катары карап, ага жарыяланган ар бир макаланы студенттер сатып алабы деген суроону койчумун.
Албетте, ал жерде сенсациялуу макалалар, студенттер ʏчʏн кызыктуу, пайдалуу кеңештер, жаңылыктар, тамашалар, тʏрдʏʏ конкурстар, карикатура, коллаждар чыгып турса гана жаштардын кызыгуусу артып, гезит сатып алары бышык эле. Биз ушулардын баарын жасап жʏрʏп, 8-12 беттʏʏ гезитке айландырып, нускасын 5000ге жеткиргенбиз. Ал учурда студенттердин саны азыркыга салыштырганда бир топ аз болсо да, 5 сомдон ай сайын ʏзгʏлтʏксʏз чыгарып турчубуз. Кийин гана ректор Мухтар Орозбеков университеттин эсебинен каржылап, студенттерге акысыз таратылып калган.
Ал учурда кол телефон, социалдык тармак азыркыдай кенен колдонула элек мезгил болгондуктан студенттердин проблемаларын изилдеп-чогултуу кыйынчылык жараткан. Бирок муну биз, бардык факультеттерге “Нур” гезити жана ректор ʏчʏн” деген кутучаларды илип, студенттерге кандай арыз-арманы, ыры менен чыры, сʏйʏʏсʏн да ошол жерге жазып таштай бергиле дегенбиз. Ар бир жума сайын кутудагы каттарды топтоп келгенде столдун ʏстʏ кырман сыяктуу кагаздарга ʏйʏлʏп калчу. Студенттердин сезим сырлары катылган сʏйʏʏ ж.б. темалардагы каттарын алгач ɵзʏбʏз кызыкка батып окуп чыккан соң гана аларды рубрикаларга бɵлʏп чыгат элек.
“Мен укканды уктуңбу, мен кɵргɵндʏ кɵрдʏңбʏ?”, “СтудПейджер”, “Апе-ей, ботом!”, “Бул ким?” ж.б. рубрикаларыбызга студенттердин жетекчиликке, окутуучуларга айткан сын-пикирлерин жарыялап турдук.
Сын-пикир демекчи, студенттердин жазган каттарын гезитке басканыбыз ʏчʏн эки жолу соттоштук: биринде – 100 миң сом, биринде 1 млн. сом менен. Бирɵɵсʏнɵн кечирим сурап кутулсак, бирɵɵсʏнɵн сот процессинде жеңип чыкканбыз.
Керимбек Калыгулов:
-“Нур” гезити менин ɵмʏрʏмɵ байланышкан гезит деп айта алам. Себеби, мен алгачкы ишмердʏʏлʏгʏмдʏ гезиттен баштагам 10 жылга жакын иштɵɵ чоң убакыт. 10 жыл убакыт ичинде жаштар менен аралашып, жакындан тааныш болуп, кɵчʏлʏгʏ менен азыр да тыгыз иш алып барып жʏрɵбʏз. “Нур” гезитин жɵн эле жɵн салды гезит, массалык маалымат каражаты катары эсептебейм. Гезитти кɵрʏп калсам сɵзсʏз барактап, окуп, бир сыйра таанышып чыгам.
Улукбек Омокеев:
— Каныбек Исаков агайыбыздын сунушу менен гезитке келгенмин. Ошондо агайдын айткан сɵзʏ эч эсимден кетпейт. “Биз бул гезитти жаштарды ɵнʏксʏн, ɵссʏн алдыга карай умтулсун деген максатта ачтык. Ɵзʏңдʏ жакшы жакка ɵнʏктʏрʏп, студенттер менен тыгыз иштеш”деген. 2017-жылга чейин редактор болуп иштедим. Ошол убакыттын ичинде кɵптɵгɵн шакирттер ɵстʏ, улан-кыз жигиттер баралына келди, белгилʏʏ журналисттер “Нур” гезити аркылуу тарбияланып, коомго таанымал болушту. Биз келгенге чейин ɵз милдетин аткарып келген гезит, ошол убакта да ɵз миссиясын татыктуу аткарды.
Дʏйшɵнбек Бектемир уулу, “Нур” гезитинин редактору:
-4-курста окуп жатканымда гезиттин редакторунун орун басары катары макалаларды карап, дизайн-версткалык иштерин жасап, басмага даярдоо, чыгаруу иштерин дээрлик ɵздɵштʏрʏп, даяр адис катары ишенимдʏʏ болуп калдым. Окууну бʏтʏп сунуштар менен “Билим” редакциялык-басма бɵлʏмʏнɵ редактор болуп ишке кирдим. Улук агай башка жумушка которулуп, ордуна акын Мелис Маматжанов агабыз редактор болуп дайындалды. Мелис аке менен да гезит жасап бирге иштешип жʏрдʏк. 2022-жылдын сентябрь айынан толук кандуу “Нур” гезитинин редактору кызмат ордуна келип, редакторлук ишти баштадык.
“Нур” гезити ушул учурга чейин коом алдында канчалык чоң иштерди аткарып келген болсо, ошончо жоопкерчилик моюнубузда турат. Студенттер менен команда тʏзʏп, жазган тексттин карап, аларды ʏйрɵтʏп, чыгып келген эмгегибиздин акыбетин кабыл алып иштɵɵ алдыбызда турат. 30 жыл аралыгында редактор болуп иштеген ар бир агай-эжекелердин эмгегин, чыгармачылыгын карап суктанып, сыймыктанып, ʏлгʏ алып, болочок студенттерге ʏйрɵтʏʏ милдетимди сезип турам.
Окшош макалалар
STEАM – сабакты теория эмес, практиканын негизинде ɵтʏʏ
Икрам Юлдашов: “Ɵзʏбʏз кʏлʏп бʏтʏп алып, анан элге чыгабыз”
“Илим изилдɵɵдɵ ак мээнет кылгыла”