23 августа, 2025

ДАСТОРКОН САЛУУ

Кыргыздарда тамак ичер алдында милдеттʏʏ тʏрдɵ дасторкон (тасмал) салынат. Дасторкон салууда жана аны колдонууда тɵмɵндɵгʏдɵй салттык эрежелерди сактоо керек: жайылган дасторконго адам аркасын (далысын) салып же бутун сунуп отурбайт, дасторконду тескери жагынан салбайт, аттабайт, тебелебейт жана жайылып турган дасторконду тегеренбейт. Кыргыздардын салттык тамактануу адебине ылайык дасторкондун баш жагы жана аяк жагы болууга тийиш. Аны салып жатканда дайыма баш- аягына карап салынат. Мында дасторкондун баш жагы дайыма тɵр тараптан башталып салынууга тийиш. Эки тарабынан тең сала беришкен эмес, дайыма бет жагынан салышкан. Эгерде дасторкондун кɵлɵмʏ чоң болуп, бʏктɵɵгɵ туура келсе, анын бʏктɵлгɵн туюк жагын улаганы каратпайт.  Дасторконду тегерете жер тɵшɵктʏ салууда да жогорудагы эреже абдан катуу сакталган. Анткени кыргыздарда дасторкондун  же жер тɵшɵктʏн туюк жагын босогону каратса, ошол ʏйгɵ кире турган ырыскынын, кирешенин жолу тосулат же ошол ʏйдʏн ээсинин жолу буулат деген ишеним ɵкʏм сʏрʏп келген. Жыртык дасторкон колдонулган эмес, себеби эл арасында сакталган ишеним боюнча берилген бата, ырыскынын бардыгы дасторкондун жыртыгы аркылуу чууруп тʏшʏп калат. Ошондой эле дасторкон жасала турган кездеменин ɵңʏнɵ да маани беришкен. Адат боюнча дасторкон ак же ачык тʏстɵгʏ кездемеден болууга тийиш. Кыргыздардын салттуу чарбачылыгына ылайык мал кайтарууда, дыйканчылык кылууда, аңчылык жасоодо тамактанууга туура келсе, дасторкондун ордуна куржун, белге байлоочу оромол, баштык пайдаланылган. Эгерде ат ʏстʏндɵгʏ адамга кымыз, айран, максым, бозо же башка суусундуктардын тʏрʏ сунулса, ал адам суусундук куюлган идишти адегенде ат жалына тийгизип, андан кийин ичкен. Кабыл алынган эреже боюнча дасторкон салынгандан кийин тамак- аштардын ичинен адегенде дасторкондун ортосуна нан коюлуп, андан кийин тамак- аштардын тʏрлɵрʏ жайгаштырылат. Кыргыздарда  “жайылган дасторконду жалдыратпайт, бышкан тамакты кʏттʏрбɵйт” деп дасторкон жайылып, тамак даяр болуп калганда ʏй- бʏлɵ мʏчɵлɵрʏ жасап жаткан бардык иштерин таштап, тамактанууга отурушкан.

ДАСТОРКОНГО   ЖАЙГАШТЫРУУ ТАРТИБИ

ʏй- бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн, коноктордун дасторконго олтуруусунда жашына, жынысына, жек- жааттык катышына жана мансабына жараша жайланышып олтуруу тартиби сакталган. Олтуруунун мындай тартиби бардык жерде: аш- тойдо, жамандык- жакшылыкта, ʏй- бʏлɵ тамактанып жатканда жана талаа- тʏздɵ тамактанганда кармалат. Салтка ылайык эң кадырлуу орунга- тɵргɵ ʏйдʏн ээси отурган. Анын сол жак тарабына байбичеси, анын жанына кыздары, алардан кийинки бош орунга босогону карай келиндери олтурушкан. Мында келиндер ɵздɵрʏнʏн жашына эмес, кʏйɵɵлɵрʏнʏн жашына карата улуулата олтурушкан. Yй ээсинин оң жагына балдары улуулата олтурушкан. Тамак ичилип жатканда конок келип калса, ʏй ээси тɵрдɵгʏ ордун коноктордун эң улуусуна бошотуп , ɵзʏ, байбичеси анын сол жагына олтурган. Калган коноктор тɵрдʏн оң жагына- ʏй ээсинин уулдарынын ордуна олтурушкан. Коноктор жайгашып бʏткɵндɵн кийин ʏй- бʏлɵнʏн калган мʏчɵлɵрʏ босогону карай мурункудай эле жайгашышкан. Мындан тышкары дасторконго жайгашууда тɵмɵнкʏдɵй принциптер катуу сакталган: Аял киши кʏйɵɵсʏнɵн жогору олтурбайт; турмушка чыккан кыз тɵркʏн тарабына- ата- энесиникине, бир туугандарыныкына, айылдагы туугандарынын ʏйʏнɵ келгенде босого тарапка олтурбайт, дайыма тɵргɵ олтурат. Ишеним боюнча кызды улагага олтургузган тɵркʏнʏ кедей болуп калат; куда- кудагыйлар жаш ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ карабай тɵр жакка олтурушат; келин кайын атасынын, кʏйɵɵсʏнʏн улуу эркек, аял туугандарынын жана кайын энесинин бир туугандарынын ʏйʏндɵ тɵргɵ олтурбайт; конок жаш ɵзгɵчɵлʏгʏнɵ карабай тɵр тараптан орун алат. Дасторконго жайгашуу учурунда катуу сакталган адат боюнча аялдар ʏйдʏн эпчи тарабына- боз ʏйдʏн кире беришинин оң тарабы, эркектер эр жакка –кире бериштин сол тарабына олтурушкан. ʏйгɵ кирип тɵр тарапка олтурууга ɵтʏп жатканда да эркек кишилер боз ʏйдʏн “эр жагынан”, аялдар “эпчи” тарабынан ɵтʏʏ эрежеси сакталган. Кыргыздарда олтуруунун формасынын да жаштык, жыныстык ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ болгон. Аксакалдар, улгайган кишилер жана орто жаштагы эркектерге “мандаш уруп”, “мандаш токунуп” олтуруу мʏнɵздʏʏ болгон. Жаш жигит аксакалдардын жанында мандаш токунуп олтурган эмес. Аларды ары- бери тейлегенге ылайыкташып, чɵк тʏшʏп олтурган. Аял киши мандаш урбайт жана эркек кишиге, дасторконго карай бутун сунуп олтурбайт, ага сыңар тизелеп отуруу мʏнɵздʏʏ болгон. Кыргыздарда аял затынын мандаш токунуп отуруусуна ɵтɵ катуу тыюу салынган. Кʏйɵɵсʏ бар аялдын мындай кылып олтуруусу, ʏйдʏн ээсин сыйлабагандык жана ʏй ээсинин эрте жок болушун каалаган белги болуп эсептелген. 

СУУСУНДУК  СУНУУ, ЧАЙ  КУЮУ

Куюлган тамак, суусундук же чай дайыма улуулата берилген. Аталган тамактарды бармагын тийгизбей жана чайпалтпай оң кол менен сунушкан. Ал эми сол колу оң колунун астында, чыканактын тушунда болгон. Сол кол менен сунуу адамга кɵңʏл бурбагандыкты, сыйлабагандыкты жана жактырбагандыкты билдирген. Сунулган суусундук дасторкондун ʏстʏнɵ коюлбастан, колдон- колго ɵткɵрʏлʏʏ менен дасторкондун тɵр жагында олтурган улуусуна сунулган. Куюлган суусундуктарды колдон- колго ɵткɵрʏп сунуп жатканда оң кол менен алынып, оң кол менен узатылат. Ал эми чыныдагы суусундук же чай тʏгɵнʏп, кайра куюп жаткан адамга узатканда да жалаң оң кол менен ишке ашырылат.  Чай же суусундук куюп жаткан адам бошогон идиштерди кʏттʏрбɵй, тɵгʏп- чачпай куюусу зарыл жана чɵмʏч менен идишти дасторкондо олтургандарга идиш бошогондугун билгизип угуза кыра куюп же калдыратпашы керек. Кээде суусундук куйганда куюп жаткан адам биринчи куюлган чыныны ɵзʏ ичип, андан соң гана конокторго куюп берген. Мынтип коноктордон мурун суусундукту ичʏʏ- ак сɵɵктɵрдʏн, хандардын салтанаттуу кабыл алууларынын учурунда сакталган кааданын бири болгон. Муну менен ʏй ээсинин конокторго болгон сыйын жана сунулган суусундук ууландырылбагандыгын кɵрсɵткɵн. Ошондой эле  келген конокко тамакты же суусундукту “ичесизби” деп сурап куюп берген эмес, мынтип суроо ɵтɵ адепсиздик катары каралып, “сурап бергенче, уруп бер” деп айтылган. Салттуу этикага айланган эреже боюнча ʏйгɵ келген адамга, мейманга же бейтааныш инсанга чети кетик же тулкусунан жарака кеткен идишке тамак, суусундук  куюп берʏʏгɵ тыюу салынган. Себеби  мындай идиштен ичкен адамдын ырысы кем же ɵмʏрʏ аз болуп калат деген ишеним болгон. Ичип жаткан идиштеги тамак же суусундук аягына чейин ичилʏʏгɵтийиш, идиштин тʏбʏнɵ тамакты, суусундукту калтырса, аны менен кошо ырыскы калып калат дешет.

С.Токонов

About The Author