25 июня, 2024

БАЛЕТ – ɵтɵ татаал искусство

Элибиз тээ эзелтен маданият, адабият, искусство жана башка тармактарда чыгаандарын тарбиялап, дʏйнɵ элдеринен кем калбай келе жатат. Ушундай искусствонун оор тʏрлɵрʏнʏн бири болгон балеттен да бир топ мыктылар чыккан. Арасында кыргыз балетинин тʏптɵɵчʏлɵрʏ Бʏбʏсара Бейшеналиева, Райна Чокоевалар да бар.  Бишкекте 6 жылдан бери балдарды окутуп келе жаткан “Антре” балет студиясы жакында Ош шаарында ишин баштаган. Негиздɵɵчʏсʏ, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги Жамиля Туляева менен балет мектеби жана ɵзʏнʏн педагогикадагы тажрыйбасы тууралуу баарлаштык.

-Айтсаңыз, балет искусствосу адамды кандай сапаттарга тарбиялайт?

-Биринчиден, балеттеги кыздардын баскан-турганы, кыймыл-аракети ɵзгɵчɵ болуп, назиктиги менен айырмаланышат. Алардын башын буруп тиктегени да башкаларга окшобой калат. Бирок, мындай назик кыймылдардын артында нечендеген оор машыгуулар жатат. Чынында балет ɵтɵ татаал искусство. Эгер балерина болом десең аябагандай чоң кʏч менен, талыкпай эмгектенгенге туура келет. 

-Балет бийчиси кесибин ɵз каалооңуз менен тандагансызбы? 

-Кичинекей кезимде балет мектебине апам алып келген экен. Анда эч нерсени деле тʏшʏнбɵсɵм керек. Кийин окуткан мугалимдер “жɵндɵмʏ бар экен, училищеге ɵткɵрʏш керек” деп училищеге жɵнɵтʏшɵт. Келсем Ленинграддагы хореография академиясына тандоо жʏрʏп жатыптыр. Бактыга жараша, тандоодон он эки бала ɵтʏп, сегиз жылга окууга кеткенбиз. Союз учурунда кадрларды даярдоого ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат эмес беле. Бул кесипти тандап калганыма эч ɵкʏнбɵйм. Тескерисинче, мага себеп болуп, алып барган апама аябай ыраазы болом. Ошентип, Ленинград хореографиялык академиясында 8 жыл окуп, 1989-жылы бʏткɵм. Балет артисти деген кесибим менен театрда иштедим. 91-жылдары ʏй-бʏлɵ кʏтʏп, турмуш шартка байланыштуу балеттен кетʏʏгɵ туура келди. Бирок, искусствонун бул тʏрʏнɵн толук кол ʏзгɵн жокмун, тагыраагы мугалимдик окуусун окуй баштадым. Кийин балдарга хореография боюнча сабак берип жʏрдʏм. Мындан сырткары Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайда директорлук кызматын аркаладым.

-Тажрыйбалуу балерина болуу ʏчʏн канча жыл керектелет? 

-Ар кандай болушу мʏмкʏн. Кээ бирɵɵ табиятынан шыктуу келип, окууну да аяктап театрга келип солист болуп кете беришет. А мугалим болуп, балдар менен иштейм дегендер кордебалеттен сɵзсʏз ɵтʏшɵт. Дароо солист болуп кетʏʏ бир аз кыйыныраак. 20 жылда профессионалдуу балерина болуп, сахнада бийлейт деп ойлобош керек. Бул жыл аралыгында балерина машыгуу залында мугалими менен кʏнʏгɵ машыгып, окуучу бойдон эле калат десем жаңылбайм. 

-Башка бийдин тʏрлɵрʏнɵ салыштырмалуу балет тууралуу элдин тʏшʏнʏгʏ азыраак болушу мʏмкʏн. Ошого карабай балет мектебин ачууңузга эмне тʏрткʏ болду? 

-Негизи профессионалдуу хореографиялык окуу жайларга балдарды тандап алууда ɵзʏнʏн талаптары болот. Мисалы, баланын муундары ийилчээк, колу- буту узун, башы кичинекей болушу керек. Бизде классикалык хореографиядан ʏйрɵтɵ баштайбыз. Бул бʏт бийлердин жана гимнастика, муз ʏстʏндɵ кɵркɵм бийлɵɵ, спорттук бал бийлеринин негизи болуп саналат. Ошондуктан кыздардын кɵбʏ балет артисти болуп кетпесе да, хореографиянын негизин ʏйрɵнʏп алууну каалайт. Азыр да окуучуларымын арасынан байкалып жатат, айрым жɵндɵмдʏʏ кыздарды хореографиялык училищеге жɵнɵтсɵ болот. Негизи хореографиялык окуу жайга 5-класстан кабыл алат. Анан 8 жыл бою тынбай окутушат. Буга чейин Ошто хореграфия боюнча ɵткɵрʏлгɵн сынактарга калыс болуп келгенде кɵптɵгɵн таланттуу кыздар-балдар бар экенин кɵрʏп жʏрчʏмʏн. Жазда Бишкектеги “Антре” балет студиясынан беш кыз келип, сынакка катышып кетишкен. Ошондон кийин бизге ата-энелерден кайрылуулар тʏшʏп, Ошко ачуу боюнча сунуштарын беришкен. “Агахан” жана “Интернешнл скул” мектептери колдоо кɵрсɵтʏп, жакында ачылдык. Жергиликтʏʏ тургундар кызыгып, балдарын алып келишʏʏдɵ. Азыркы жаштардын балетке болгон тʏшʏнʏгʏ кеңейип баратат десем жаңылбайм. Кɵпчʏлʏк ата-энелер менен сʏйлɵшкɵндɵ балдарында муун сɵɵктɵрʏнʏн кыйшаюусу бар экенин айтышат. Ɵкʏнʏчтʏʏсʏ азыркы заманда гаджеттерди кɵп колдонгон балдардын дээрлик баарында кыйшаюу белгилери бар. Биздин сабактар негизгиси дене бойду тʏзɵгɵнгɵ жардам берип, машыгууда травма аз болгондуктан кызыккандар кɵп. Андан сырткары сабактар классикалык музыкалардын коштоосунда ɵтʏлгɵндʏктɵн музыкалык тарбиялоодо ритмди сезе билʏʏгɵ ʏйрɵтɵт. Машыгуудан сырткары сɵзсʏз бийлейбиз. Союз учурунда профессионалдуу балет окуу жайлары болсо, азыр жеке менчик мектептер кɵп. Дʏйнɵ жʏзʏ боюнча балет мектебинде окуган балдар арасында конкурстар мурда аз ɵткɵзʏлʏп келсе, азыр кɵбɵйдʏ. Ɵзʏм Санкт-Петербургдагы эл аралык хореографтардын союзуна мʏчɵмʏн. Алар менен да тыгыз иштешип, балдарды тынбай сынактарга алып барабыз. Алдыда ушул окуучуларымы да чет мамлекеттерге сынактарга алып барып, Ош шаарынын жана ɵлкɵбʏздʏн атын таанытууну максат кылып жʏрɵм. 

-Буга чейинки ийгиликтер менен бɵлʏшɵ кетсеңиз?

-Антре балет студиясынын окуучулары эл аралык сынактарга тынбай катышып, байгелʏʏ орундарды алып жʏрʏшɵт. 2020-жылы ЮНЕСКОнун гран-присине ээ болушту. Андан сырткары Санкт-Петербург балет конкурстарында дайыма 1-2-орундарды алып келишет. 

-Балетте эркек балдар да болот эмеспи, бизде уулдарын балетке алып келген ата-энелер барбы?

-Бишкекте болгон жок, бирок Ошто суроо-талап бар. Балетте эркек балдарга деле армиядагыдай дисциплина бар. Кыргыз балетиндеги мырзаларды мисал келтире турган болсом, эл аралык сахналарда ɵлкɵбʏздʏн атын тааныткан артист Чолпонбек Базарбаевди айтсак болот. 

-Башында татаал сезилип, машыгууга чыдабай кетип калган балдар да болсо керек?

-Ооба, бул жакта эле эмес, хореографиялык окуу жайда деле чыдабай кетип калгандар болот. Балеттен сырткары башка профессионалдуу сабактар да ɵтʏлɵт дегендей. Аягына чейин чыдап бʏтʏп алса албетте, ɵзʏнɵ пайда. Оштон дагы хореографиялык училищени бʏткɵн таланттуу уул-кыздар бар. Алардын кɵбʏ Бишкекте иштесе, калганы чет ɵлкɵлɵргɵ кеткен. Негизи кыздар балерина болбосо да бийдин негизин ɵздɵшʏрʏп алып, келечекте хореограф болуу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар. Мисалы, бизде окуп жаткан кыздар 6 жылда экзаменден ɵтʏп, окууну бʏтʏп алса, алган сертификаты менен ɵлкɵбʏздʏн ичинде же чет ɵлкɵдɵгʏ хореография, искусство институттарына тапшырып, маданият тармагына кетсе болот.

-Антре студиясынын Оштогу бɵлʏмʏ ачылгандан бери канча баланы кабыл алдыңыздар жана окутуу канча убакытка созулат?

-Бир жарым ай аралыгында 30га жакын баланы кабыл алдык. Бул жакшы кɵрсɵткʏч. Жумасына ʏч жолу сабак болот, бир жарым сааттан. Себеби кыздар башка мектепте да окушат. Эгер ата-энелери макул болсо кʏнʏмдʏк ɵтʏлʏʏчʏ сабактарга да кабыл алабыз.   

-Канча жашта баланын сɵɵгʏ катып калды делет?

-12-13 жашта баланын сɵɵгʏ катый баштайт. 9-10 жашка чейин балдарды бутунун учуна тургузбайбыз. Буттун учунда майда сɵɵктɵр аябай кɵп. Аларды сактоого, баланын ден соолугуна зыян келтирбегенге милдеттʏʏбʏз.

Айжылдыз Тойчиева