24 апреля, 2024

Оператор: Биз эмнени тартсак, эл ошону кɵрɵт

Данияр Токторов, ЭлТР МТРКнын оператору:

Атанын жолун улап…

Данияр Токторов ата кесибин улаганын айтат. Атасы  Камалдин Токторов кɵп жылдар бою операторлук кызматта иштеген киши. Данияр мырза бул кесипте 23 жылдан бери талбай эмгектенип келет. 

-Биз кичине кезибизде атам ʏйгɵ видеокамераларды алып келип калчу. 90-жылга чейин Ош студиясында кɵтɵрʏп тарта турган камера жок болчу, студияда гана тартышчу. Кийин башка камералар келген соң атам аларды ʏйгɵ алып барганда   кɵрʏп кызыгуум ойгонгон. Ɵзʏм ОшТУнун байланыш технологиялар факультетин сырттан окугам. Мектепте 10-класста окуп жатканда эрте менен 10-классты, тʏштɵн кийин 11-класстын программасын окуп, мектепти эрте бʏттʏм. Ошентип 1999-жылы 16 жашымда операторлук кесипке келип калдым. Алгач жумушка орношкон жылдары 3 ай стажировкадан ɵтʏп, 6 айдай монтаж бɵлʏмʏнмдɵ иштедим, андан кийин операторлор бɵлʏмʏнɵ которулуп, такай ушул кесипти аркалап келе жатам. 

“370 сом айлык алып иштегем”

-Ар бир кесип ардактуу. Айлык маяна эле  аз экендиги байкалбаса баары жакшы.  Азыркы кʏнгɵ чейин эсимде жаңы жумушка орношкон кезде 370 сом айлык алгам, телеоператор болгон соң айлыгым 600 сомго кɵтɵрʏлгɵн. Ушул кесиптин арты менен КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн дээрлик баарында болдум десем болот. Мындан сырткары, Орусиянын 15тей шаарын кɵрдʏм. Ошон ʏчʏн айтылса керек “кесипти туура тандоо керек” деп. 

“Камеранын батарейкасы суукка тоңуп иштебей койгондо…”

-2008-жылы президент Курманбек Бакиев болчу. Папан суу сактагычынын башкы плотинасын оңдоп-тʏзɵɵдɵн ɵткɵрʏп, ачылышы болуп калды. Борбордон башка телевидениелердин кɵптɵгɵн операторлору келген. Кыш мезгили, суук болчу. Тартам деп аракет кылып атып алды жакка ɵтʏп, президенттин тушунда туруп калдым. Тартып баштайын десем камеранын батарейкасы суукка тоңуп иштебей койду. Аракет кылдым, болгудай эмес. Артка чыгып кетʏʏгɵ да болбойт, себеби артымда катар тизилген бир топ операторлор турат. Ошентип тарта албай эле чыктым. Ортодо тʏшкʏ тамактануу деп 1 саат тыныгуу болду. Ал кезде КТРКнын Оштогу оператору Ибрагим Ашуров болчу. Ибрагим акеден суранып, мен тамактанбастан анын кассетасын алып, запись кылып отургам. 

Акжол Айбашев, КТРКнын Оштогу бɵлʏмʏнʏн оператору:

“Мектепке барбай камера тартчумун”

-Менин атам айылда фотограф болуп иштечʏ. Мектепте виньетка, окуучулардын делого тʏшкɵн сʏрɵттɵрʏн тартып, ʏйдɵ ɵзʏ чыгарчу. Биз агам экɵɵбʏз атама жардам берчʏбʏз. ʏйдɵ Зенит деген фотоаппарат бар эле. Азыркыдай кɵзʏң жумулуп калыптыр, башкадан тартам деген каяктан, бир тартасың, ошол чыгыш керек. Атамын бир тартканы эле сонун болуп чыкчу. Кийин убакыттын ɵтʏшʏ менен атам камерага ыктады. Мен да атаман ʏйрɵнʏп, айылдагы тойлорду камерага тартып баштадым. 8-9-класстарда мектепке бейшемби, жума, ишемби дегенде барбай койчумун. «Эжекелер урушат эле тойду, токтот» деп. Ошентип окууну аяктап, ЭлТРге келип иштеп кɵрɵйʏн деп кайрылдым. Ɵзʏмдɵ практика болгон ʏчʏн бат эле ɵздɵштʏрʏп кеттим. Мен келген соң 5 айдан кийин жаңылыктар бɵлʏмʏндɵ иштеп калдым. ЭлТРде жалпы 3 жыл иштедим, ал аралыкта Июнь окуясы болду. Орусияга барып “Мекендештер” деген программаны тартып келдик. 2011-жылдан баштап КТРКга келгем. 

“Журналист менен тыгыз иштешсең, сюжет жакшы чыгат”

-2015-жылга чейин кассетага тартып келип иштейт элек. 2015-жылдан тарта флешкага тартып калдык. Кассетага тартуу азыркыга салыштырмалуу татаал болчу. Анткени, канча саат тартып келсең, ошончо саат кɵчʏрɵсʏң. Техникалык каталардан улам кызыктуу мезгилдер кɵп болот, барган жериңде камеранын батарейкасы иштебей же болбосо кассета чайнап койгон мезгилдер ɵттʏ. 

Биз эмнени тартсак, эл ошону кɵрɵт. Ал ʏчʏн оператор тартып жаткан учурда журналист менен тыгыз байланышта болуусу керек. Кайсыл жерин кандай кылып тартабыз алдын ала планын тʏзʏп алсаң сюжет жакшы чыгат. Себеби, бириңди бириң жаап кетесиң. Мурда Аваз Айтиев деген кабарчы менен 5 жыл иштегем.  Миргʏл Бокошева менен иштегениме 7 жылдын жʏзʏ болду. 

“Ɵмʏрдʏ тобокелге салып тартып келген учурлар кɵп болот”

-Кɵчмɵндɵр оюнун тарттым. Жашоодо бир эле жакшы эмес, жамандык да кошо жʏрɵт. Кырсык болгон жерге журналисттер заматта жетип барат. Жаңылык, кабарды биринчи биз билебиз, бизден кийин элге жетет. Баткен окуясы болгондо 10 кʏндɵп ошол жакта жашап калып жʏрдʏк. Ɵмʏрдʏ тобокелге салып тартып келген учурлар кɵп эле кездешет.

Айдын Токтосунов, “Ынтымак” КРТРКсынын программалык директору:

“Оператор ɵзʏнʏн эле эмес, жʏздɵгɵн адамдардын кɵзʏ менен карайт”

— Жаңылык оператордун кɵзʏ менен дегенде мен эмнени айта алам? Мисалы, бир адам окуяга кʏбɵ болду дейли. Ал ɵзʏнɵ тʏшʏнʏктʏʏ кылып кɵрɵт, кабыл алат. Ал эми оператордун кɵзʏ менен айта турган болсок, бул чоң жоопкерчилик. Себеби, ошол окуяга кʏбɵ болбогон жʏздɵгɵн, миңдеген адамга оператор ɵзʏ эле эмес, башка адамдардын да кɵз карашында карап, тʏшʏнʏктʏʏ картинкаларды элге тартуулоо болуп эсептелет. Оператор ɵзʏнʏн эле эмес, жʏздɵгɵн адамдардын кɵзʏ менен карайт. 

“Шакирттерден ʏйрɵнʏп да калам”

-Ɵзʏмдʏн иш-тажрыйбамда кɵп эле балдарды таптадым, ʏйрɵттʏм. Айрымдарына кайра ɵзʏм барып калам, ушуну билбей жатам, мага ʏйрɵтʏп койчу деп. Ошон ʏчʏн айтат да устаттан шакирт ɵтʏптʏр деп. Себеби, ɵтɵ катуу ɵздɵштʏрʏп, берилип кеткендер бар. Жумуштан сырткары семинар, тренингдерде тренер болдум. Аксыдан Лейлекке чейин мектеп окуучуларына медиа жана операторлук боюнча сабак ɵтʏп калдым. Азыр кызматыма байланыштуу кеңеш гана берип калам. Операторлордон кайсы бир кемчиликти кɵрʏп калсам байкагандарымы айтып коём. 

“Бирɵɵнʏн тарткандарын кɵрʏп ʏйрɵнɵм деген туура эмес”

-Оператор болуу ʏчʏн сɵзсʏз тʏрдɵ практика эле эмес, теория да керек, бул менин жеке пикирим. Жалаң эле практикага басым койбой тренинг, семинар дегендерге катышып, окуп турса ашыкчалык болбойт. Бирɵɵнʏн тарткандарын кɵрʏп ʏйрɵнɵм деген туура эмес. Негиздерин ʏйрɵнʏп коюу ʏчʏн теория керек. Жогорку билим албаса да мʏмкʏнчʏлʏккɵ карап семинарларга катышып койсо болот. Анан такай жогорку билими болсун дегенди мен деле анчейин кошулбайм. Себеби азыр кɵрʏп жʏрɵбʏз, жогорку билими жок деле ийгилик жаратып жаткандар бар.

Шохрух Иминжанов, “Ош Пирим” телерадио компаниясынын башкы оператор-монтажёру:

“Атамдан ʏйрɵнгɵн ɵнɵрʏм”

-Мурда кассетага тартат элек, азыркы кʏндɵ техника ɵнʏгʏп флешкага тартып калдык. Менин биринчи ʏйрɵнгɵн камерам Panasonic м 3000 деген болчу. Анын кассетасы орточо планшет менен барабар болсо керек, 3 саат запись кылат болчу. Кийин Panasonic MD 3000 , 9000 , 10000 дегендер чыгып, кассетасы кичинекей болуп, бир сааттан бир жарым саатка чейин кɵчʏрɵт элек. Жаңы ʏйрɵнгɵн маалда жазууну бастым деп стопту басып, стопту бастым деп жаздырууну басып, керектʏʏ кадрды тартпай, жерди тартып келген кездерим ɵттʏ. 

Бул ɵнɵрдʏ атамдан ʏйрɵнгɵм. Атам Шавкатбек Иминжанов ОшТВ телеканалында башкы оператор болуп эмгектенген. Ал убакта мен 2 жашар болчумун. Атам телевидениеден сырткары той тартат болчу, мен атамы ээрчип тойго барып жʏрʏп атамдан камера тартканды ʏйрɵндʏм. Азыр техниканын заманы, жогорку билим жок болсо да бир нерсени ɵздɵштʏрсɵ болот. Эң башкысы таланттуу, чыгармачыл, идеяга бай адам болсо жетиштʏʏ.

“Иликтɵɵнʏ тарткан учурда мамлекеттик ишканалар имаратка киргизбей, ишти артка тартышат”

-Иш учурунда ар кандай тоскоолдуктар болуп турат. Мисалы, патрулдук милиция менен тʏнкʏ рейддерде ар кандай мас адамдар тарабынан тоскоолдуктар, ал тургай кол салуулар да болот. Азыр “Элдик кɵзɵмɵл” деген программанын операторумун. Ал программада деле “тартпа, кирбе” деген сɵздɵр менен бир канча тоскоолдуктарды жаратышат. Бирок элге ɵз убагында жаңылыктарды жеткерип турабыз. Журналисттик иликтɵɵнʏ тарткан учурда да мамлекеттик ишканалардан имаратка киргизбей, ишти артка тартышат. Кɵп мамлекеттик ишканалар журналисттик укук тууралуу беренелери бар экенин билишпейт, аны айтканда талашып- тартышкан мезгилдер болот. 

Самат Сайдамат уулу, Ош ТВнын  оператору:

“Операторлор милиция, дарыгерлер сыяктуу эле майрамга карабай иштейбиз”

-Мектепте окуп жʏргɵндɵ классикалык кийим кийип офисте иштесем деп кыялданчумун. Окууну аяктап жогорку окуу жайына тапшырып, инженер-программист кесибин аяктагам. Досторум себепчи болуп “Ынтымак” телеканалына иштеп калдым. 

Биз операторлор милиция, дарыгерлер сыяктуу эле майрамга карабай иштейбиз. Журналист окуяны текст менен жазса, оператор окуяны кадры менен жеткирет. Оператордун кɵзʏ менен эл да тʏшʏнɵт. Керектʏʏ кадрды кармай билиш керек. Мисалы, лента кыркып аткан иш чара болуп атса ошол кадрды кармап калышыбыз зарыл. “Ынтымакта” стажировкада иштеп жʏрʏп трансляцияны ʏйрɵндʏм. Кийин Ош Пиримде иштедим. Учурда Ош ТВда “Аруу таңды” тартып жатам. 

“Теледе иштеп, аз болсо да коомго аралашып калганыма кубанам”

-Коомчулук менен иштешесиң, ушуну артыкчылыгы дейм, ар тʏрдʏʏ кесиптеги адамдар менен сьемка тарттык, мамиле кылып каласың. Теледе иштеп, аз болсо да коомго аралашып калганыма кубанам. 

Бир жолу бир кабарчы менен элден суроо-жооп алганы чыгып калдык. Журналист суроону берди, тиги кыз жакшы сʏйлɵйт экен, жооп берип баштады. Камераны коюп баштасам эле флешка жок. 1 мʏнɵттɵй сʏйлɵп койду, мен унчуккан жокмун. Бʏткɵндɵ флешка жок десем кабарчы жини келди. Кандай унутуп коёсуң деп урушуп калды. Андан кийин спортчу кызды тарттык, тренери менен тартып бʏтʏп компьютерге ɵткɵрʏп койгом. Анан башка бир сьемкага кетип атып, билбей форматтап алыпмын. Негизи эле операторлордо флешканы унутуп коймой, петляны унутуп коймой деген окуялар кɵп болот. 

Элира Чынтемир кызы