25 апреля, 2024

Арстанбек Эркин уулу: “Берген убадаларымдын баарын аткарам деген тилектемин”

Ош шаардык Кеңешинин 7-чакырылышында партиялык курамдын басымдуу бɵлʏгʏн жаштар тʏзгɵн “Биздин Кыргызстан” партиясы бар. Анда жаңыча кɵз караштары бар жаш эл ɵкʏлдɵрʏнʏн башы бириккен. Аталган партиянын мʏчɵсʏ, партия тизмесинде эң кɵп добушка ээ болгон депутат Арстанбек Эркин уулу маек тɵрʏбʏздɵ.

“Жеке ишкерлик менен алектенем”

-Саламатсызбы, Арстанбек Эркинович! Келиңиз, кеп тɵркʏнʏн ɵзʏңʏздɵн баштасак, кай жактын кулуну болосуз? Ɵмʏр баяныңызга токтоло кетсеңиз? Кайсы кесиптин ээсисиз, учурда эмне менен алектенесиз?

— Мен 1993-жылы 20-майда Ош шаарынын Тээке айылында, жумушчунун ʏй-бʏлɵсʏндɵ туулгам. Эки бир туугандын улуусумун. 1-класска 1999-жылы Тээке айылындагы №45 М.Мырзаев атындагы орто мектепке баргам.

Кийин 2008-жылы 9-классты аяктап, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун колледжине укук таануу факультетине тапшыргам. 2011-жылы колледжди артыкчылык диплому менен аяктап, билимимди Ош мамлекеттик юридикалык институтунда уланттым. Ал жактан 2014-жылы «юриспруденция» адистигине ээ болгом. Ɵз кесибим менен иштɵɵгɵ мʏмкʏнчʏлʏк болбогондугуна байланыштуу 2014-жылдан тарта кондитердик цех ачып, жеке ишкерлик менен алектенип келем.

Жубайы экɵɵ ʏч уулду тарбиялашууда

-Ата-энеңиз, ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу да айта кетсеңиз. Кайсы кесиптин адамдары? 

— Атам Андаев Эркин айдоочу болуп иштейт. Ал эми апам Талканбаева Адина Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим. ʏй-бʏлɵдɵ эки бир тууганбыз, иним бар. Ɵзʏм ʏй-бʏлɵлʏʏмʏн,  жубайым кесиби боюнча медайым, учурда ʏч уулду тарбиялап жатабыз. 

“Тээке айылында кɵптɵгɵн кɵйгɵйлɵр бар”

-Азыркы учурда жаш депутаттардын катарын толуктайсыз. Саясатта алгачкы кадамыңызды канча жашта таштадыңыз эле? Негизи эле саясатка кантип келип калгансыз?

-Саясатка алгачкы кадамым 28 жашымда болду. Бул тармакка келгенимдин себеби, биз жашаган Тээке айылында кɵптɵгɵн кɵйгɵйлɵр бар, айыл шаарга карайт. Ошол элдин, айылдын маселелерин шаардын аткаруу бийлигине жеткирʏʏ максаты болду. Демилгемди, талапкерлигимди шайлоочулар колдоп, «Биздин Кыргызстан» партиясынан 1-орунду багындырып, элимдин ишеничин алып шаардык Кеңешке депутат болгонмун. Учурда бюджет, экономика жана ɵнɵр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мʏчɵсʏмʏн.

 “Сындан коркпойм, тʏшʏнʏʏ менен кабыл алам”

-Эл ɵкʏлдɵрʏнɵ сын кɵп айтылат эмеспи. Сындан, сынга кабылып калуудан коркпойсузбу? 

-Албетте, депутаттарга сын кɵп айтылат экен. Бирок, мен сындан коркпойм, тʏшʏнʏʏ менен кабыл алам. 

-Эмнеден кɵбʏрɵɵк чочулайсыз?

-Кɵбʏнчɵ берген убадамды аткара албай каламбы деп чочулайм. Бирок, сɵзсʏз тʏрдɵ буйруса элге берген убадаларымдын баарын аткарам деген жакшы максат-тилектерим бар.

-Эл ɵкʏлʏ эл кɵзʏндɵгʏ адам эмеспи. Ɵзʏн ʏлгʏлʏʏ алып жʏрʏʏ сыяктуу жоопкерчиликтер бар. Депутат болуп келгенден бери ɵзʏңʏздɵ ɵзгɵрʏʏ болдубу?

— Эл ɵкʏлʏ болгонумдан кийин менде ɵзгɵрʏʏ болду. Мисалы, кийинʏʏ стилинде, сʏйлɵɵдɵ негизинен кɵп ɵзгɵрʏʏлɵр болду.

-Саясатта же тарыхта кимдерди ʏлгʏ тутасыз?

-Саясатта тарыхтагы кыргыздын улуу инсандары Исхак Раззаков, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов сыяктуу уулдарын ʏлгʏ тутам. 

“Элге берген убадалардын ʏстʏнɵн чыгуу керек”

-Ɵзʏңʏздʏ келечекте чоң саясаттан кɵрɵсʏзбʏ? Кайсы маселелер сизди кɵбʏрɵɵк ойлонтот эл ɵкʏлʏ катары?

— Ɵзʏмдʏ келечекте чоң саясаттан кɵрɵм деген оюм бар. Бирок, чоң саясатка жетиш ʏчʏн талыкпай эмгектенип, элге берген убадалардын ʏстʏнɵн чыгуу керек деп эсептейм.

Ал эми кɵйгɵйлɵргɵ келсек, негизинен биздин Ош шаарында ʏч чоң кɵйгɵй бар деп ойлойм. Биринчиси  суу маселеси болсо, экинчиси  абанын булганышы жана ʏчʏнчʏсʏ жол тыгындары маселеси. Бул маселелерди чечʏʏ жолдору мени кɵбʏрɵɵк ойлонтот.

Жумагʏл  Кочкорбай кызы