28 марта, 2024

СОЗУЛУП КЕТКЕН ОПЕРАЦИЯ

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы качан жана кандай мʏнɵздɵ бʏтɵɵрʏн айтуу эмес, болжоо оңой эмес болууда. Ортомчу болуп берем дегендер кɵбɵйгɵнʏ менен,эки тараптын тең кызыкчылыгына бирдей ойногон орток пикир табыла элек.

БАШТОО ЭМЕС, ТАШТОО  КЫЙЫН

Орус-украин  жаңжалынын башталыш  нугу тээ 2013-жылга барып такалат. Ошол жылдын кʏзʏндɵ Николай Азаров башында турган украин ɵкмɵтʏ Евробиримдикке ассоциациялануу боюнча макулдашууга кол коюудан баш тартып, анысын Россия Федарациясынын кысымы менен жʏйɵɵлɵгɵн. Бул  окуя Украинадагы коомчулуктун нааразычылык акцияларын кʏчɵткɵн. Анын натыйжасында  президент Виктор Янукович Россияга 2014-жылдын февралында качууга аргасыз болот.

 Россия Украинадагы башаламандыктан пайдаланып, ага дейре Украинага караштуу делген Крым жарым аралын кошуп алат. Крымды кошуп алуу орус-украин мамилесинин тарыхындагы бурулуш момент  жана  жарыяланбаган согуш катары бааланып  келаткандыгын баса белгилеген эксперттер бар.

Алардын пикиринде, ошондон кийин жергиликтʏʏ жарым аскердик  тʏзʏмдɵр Россиянын аскердик жана уюштуруучулук кɵмɵктɵрʏнɵ таянуу менен Донбасста сепаратисттик процесстерди ишке ашыра башташкан жана май айынын ортолоруна барып, Донецк жана Луганск элдик республикаларын тʏзʏшкɵн.

Саясий бийлик алмашып жаткан кырдаалда буларга кɵңʏл бурганга украин бийлигинде убакыт да, чама-чарк да жетишпеген. Майдын этегинде ɵткɵн президенттик шайлоодон кийин гана бийлик ɵзʏн колго алып, жайында украин армиясы Донецк жана Луганск элдик республикаларынын кʏчтɵрʏнɵ каршы активдʏʏ аракеттерин баштаган.

Украина тараптын айтуусу боюнча, Россия жогоруда аталган эки республикага масштабдуу аскердик жардамды ишке салган. Акыбетинде украин армиясы Иловайскинин жанында жеңилʏʏгɵ учурап, Украина биринчи Минск келишимине, ал эми 2015-жылы Дебальцево салгылашуусунан кийин экинчи Минск келишимине кол коюуга аргасыз болгон.

2014-жылкы окуялардан кийин Украинанын тышкы саясатындагы негизги  векторлор Евробиримдикке жана НАТОго мʏчɵлʏккɵ ɵтʏʏгɵ бурулгандыгын белгилɵɵгɵ мʏмкʏн. Бул тарабынан тиешелʏʏ жоболор  Украинанын Конституциясына 2019-жылы киргизилген.

Россия Украинанын НАТОго кирʏʏсʏнɵ караманча каршы, анткени бул Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирет деген билдирʏʏ менен чыккан. Буга жооп катары НАТО жетекчилиги анын ыктымалдуу кеңейиши Россия ʏчʏн эч кандай коркунуч туудурбайт, бул жɵɵ жомок деп билдирип келгени менен ишенʏʏ кыйын. Мындай мазмундагы оозеки убаданын баасы канчалык экенин орус коомчулугу раматылык Горбачевдун заманынан бери унчукпай угуп келе жаткандыгын эске сала кетʏʏгɵ туура келет.

ДЕНАЦИФИКАЦИЯ  ЖАНА ДЕМИЛИТАРИЗАЦИЯ

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын биринчи жана негизги максаты деп Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо эсептелери жалпыга маалымдалган.

2022-жылдын 24-февралынын таңында Россия президенти Путин БУУнун Уставынын 51-беренесине жана Федерация Советинин санкциясына, ДНР жана ЛНР менен болгон келишимдерге шилтеме жасоо аркылуу  Украинанын аймагына  аскердик кʏчтɵрдʏ алып киргендигин жарыялаган. Бул аскердик операциянын негизги максаты болуп ДНР жана ЛНРдин коопсуздугун камсыз кылуу жана Украина аймагына АКШ жана НАТО  аскердик кʏчтɵрʏн киргизбɵɵ эсептелерин, бирок Украинаны оккупациялоо планда жок экендигин билдирген. Бирок, бул максаттар ар тʏрдʏʏ эксперттер аркылуу ар тʏрдʏʏчɵ талдоого алынып жʏрɵт.

«Путиндин БУУнун Уставынын 51-беренесине шилтеме жасоосу коррективдʏʏ эмес» деп баалагандардын катарында эл аралык укук боюнча профессорлор Роберт Голдман, Жон Беллинджер жана Нико Криш бар. Алардын пикири боюнча, бул берене БУУнун мʏчɵ ɵлкɵлɵрʏнʏн башка бир ɵлкɵнʏн агрессиясынан коргонгон учурунда колдонулат. Россиянын НАТОго   койгон дооматы мындайга негиз бербейт, ал эми  ДНР менен ЛНР БУУга мʏчɵ ɵлкɵлɵр эмес.  БУУнун Уставынын 51-беренесин Россиянын бул учурларга колдонуу укугун БУУнун Башкы катчысы жана ОБСЕ четке каккандыгын айтып коюуга тийишпиз.

Ушуну менен бирге украина коомчулугунда ксенофобия жана неонацизмдин жетегиндеги айрым элементтердин бар экендигине карабастан,  бул ɵлкɵдɵ ультра оңчул идеология Украинанын ɵкмɵтʏндɵ да, армиясында да, шайлоолорунда да кеңири тарабагандыгын эксперттер белгилеп жʏрʏшкɵндʏгʏн калыстык ʏчʏн болсо да белгилебей коюуга болбойт. Шайлоо демекчи, Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский 2019-жылдагы президенттик шайлоодо нукура украин атаандашынан ɵтɵ кɵп добуш менен алдыга озуп чыкса,  ошол эле жылкы парламенттик шайлоодо  ультра оңчул улуттук партиялар Жогорку Рададагы 450 орундун бирɵɵсʏн да утуп ала алган эмес.

Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынын реалдуу максаттары талдоочулар тарабынан тʏрдʏʏчɵ талдоого алынып жʏргɵндʏгʏн да белгилеп кетʏʏ керек. Айрымдардын пикири боюнча,  аскердик операция башталган эки жума ɵткɵндɵн баштап эле  расмий билдирʏʏлɵрдɵ “денацификация “ жана “демилитаризация” туурасында азыраак сɵз жʏрɵ баштаган. Аскердик операциянын максаты болуп Россия Федерациясын Батыштан жана Украинадан жаралып жаткан согуштук коркунучтан коргоо, Донбасстагы согушту бʏтʏрʏʏ жана ДНР менен ЛНРдин калкын коргоо эсептелет деп жарыяланган. 25-мартта Россия тарап россиялык армиянын башкы максаты Донбасс аймагына толук кɵзɵмɵлдʏктʏ орнотуу деп билдирген. 11-апрелде Лавров согуштун жаңы максатын –“АКШнын дʏйнɵдɵ жалгыз басымдуулук кылуусун  токтотууну” белгиледи. 22-апрелде Борбордук аскер округунун командиринин орун басары Рустам Миннекаев атайын аскердик операциянын экинчи фазасынын максаты – Донбасс жана Тʏштʏк Украинанын ʏстʏнɵн толук кɵзɵмɵлдʏ орнотуу” деп белгилеген.

Аскердик операциянын негизги максаттары, кɵрʏнʏп тургандай, АКШнын аракеттерине жараша улам ɵзгɵртʏлгɵн кыязда таризделип жатканын байкоого болот.

ТАР ЖОЛ,ТАЙГАК КЕЧYY

Атайын аскердик операция башталгандан тартып эле Пью изилдɵɵ борбору АКШ, Канада,Белгия, Франция, Германия, Греция, Италия, Нидерланды, Польша, Испания, Швеция, Улуу Британия, Израиль, Австралия, Япония, Малайзия, Сингапур, Тʏштʏк Кореянын калктарынын арасында сурамжылоо жʏргʏзгɵн. Сурамжыланган ар бир ɵлкɵдɵ Россияга карата болуп келген мамиле кескин начарлап, тарыхый минимумга тʏшʏп калган. Евробиримдиктин 27 ɵлкɵсʏндɵ жʏргʏзʏлгɵн сурамжылоолордун маалыматы боюнча, Россияга оң мамиле жасаган европалыктардын саны кескин азайган: эгерде 2018-жылы Россияны ар бир ʏчʏнчʏ адам колдоп келсе,  2022-жылы ар бир онунчу адам гана колдоп калган. 

Дʏйнɵнʏн  басымдуу кɵпчʏлʏк мамлекеттери (Еропанын, Латын жана Тʏндʏк Американын дээрлик бардык жана ошондой эле Тʏштʏк-Чыгыш Азиянын бир катар ɵлкɵлɵрʏ Россиянын аскердик операциясын айыпташып,  аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарып кетʏʏнʏ талап кылышууда. Бир нече мамлекеттер (Венесуэла, Мьянма, Никарагуа, Сирия, Тʏндʏк Корея) Россияны колдоп, НАТОну Россиянын аскердик операциясына шыкакчы болгону ʏчʏн айыпташууда. Кээ бир мамлекеттер, алардын ичинде  Кытай, Индия, ТАР    жана бир катар мурдагы Советтик республикалар бейтарап позицияны ээлеп турушат. СССР доорунда “Эч кимдин ɵлгʏсʏ келген эмес” деген аталышта кɵркɵм тасмадагыдай болуп, азыр согушуп жаткан тараптардын эч кимиси ɵз оюнан кайтпачудай сезилип жатат. Бирок,  бул тирешʏʏдɵн бара-бара бʏт дʏйнɵ тажап баратканын да байкоо кыйын эмес. Ал эми согушуп жаткан тараптарчы? Украинаныкы белгилʏʏ, аны расмий Вашингтон гана тыйып коюшу керек болуп турат. Расмий Москва сʏйлɵшʏʏгɵ дайым даяр экенин башынан бери айтып келʏʏдɵ. Бейшембидеги брифингде  Путиндин басма сɵз катчысы Д.Песковдун: “Эгерде Вашингтон  ɵз  убагында Киевдин ɵңʏрʏнɵн тартып койгондо Россияга аскердик операцияны  жʏргʏзʏʏнʏн эч зарылчылыгы жок эле” деген билдирʏʏсʏ эле кɵп нерседен кабар берип тургансыйт. Балким, муз ордунан козголуп баштады.

Абдираим Мамытов