Адамдар келечекти алдын ала айта алабы? Пайгамбарлар жɵнʏндɵгʏ тарых жомокпу же чыныгы реалдуулукпу? Айың кептер менен илимий далилдер, мистика менен илим тыгыз чырмалышкан бул маселе – изилдɵɵгɵ арзыган кызыктуу тема.
ТАШБООР ЭКСПЕРИМЕНТ

Улуу Британиядагы Бата университетинин окумуштуулары элʏʏ жаштан жогорку курактагы 4 миң кишинин IQ деңгээлин (акыл коэффициенти) ɵлчɵп, толук медициналык карталарын сурап алышкан. Изилдɵɵгɵ катышкандарга “сизде канча ɵмʏр калды деп ойлойсуз?” деген суроо берилген. Алар ɵздɵрʏ ʏмʏт кылган жаш курагына жетʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏн баалап беришкен.
Андан кийин окумуштуулар бул жоопторду статистикалык маалыматтар жана “ɵзʏн-ɵзʏ кароо курагы” деп аталган илимий эсептɵɵлɵр менен салыштырган. Бул курак – жалпы элдик кɵрсɵткʏчтɵр менен бирге ар бир адамдын жеке факторлорунун (мисалы, ата-энесинин узак жашашы, ден соолуктун абалы, жашоо образы) жыйындысынан эсептелет.
Жыйынтыгында, IQ деңгээли канчалык жогору болсо, адамдын ɵзʏ баалаган жашы илимий эсептелген жаш менен ошончолук дал келген.
“Айкью кɵрсɵткʏчʏ жогору адамдарда келечекти кɵрɵ билʏʏ мʏмкʏнчʏлʏгʏ да кʏчтʏʏ болот, анткени алар маалыматты так анализдеп, туура бʏтʏм чыгарат”, – дейт изилдɵɵнʏн жетекчиси доктор Крис Доусон.
АЧЫКТАР ЖАНА ИЙКЕМДYYЛƟР

Бир нече жыл мурун Пенсилвания университетинин окумуштуулары студенттерди чогултуп, дʏйнɵлʏк маанидеги окуяларды алдын ала айтууну ɵтʏнʏшкɵн. Бул иш менен адатта атайын кызматтардын аналитиктери алпурушат жана алардын колунда жашыруун маалыматтар болот.
Бирок студенттер арасынан да “пайгамбарлардай” так божомолдогондор чыкты. Алар дээрлик адашкан жок. Изилдɵɵчʏлɵр мындайларды “ачыктар жана ийилчээктер” деп атап, алардын жогорку IQсу жана ɵзгɵчɵ ой жʏгʏртʏʏ стили айырмалап турганын белгилешкен.
“Интеллект кɵзʏ ачыктыктын белгиcи эмес. Болбосо Нобель сыйлыгынын лауреаттары бир эле божомол менен байып кетишмек. Бирок интеллект кɵбʏрɵɵк маалыматты кайра иштеп чыгууга, логикалык бʏтʏм чыгарууга жана ɵткɵн тажрыйбаны эске алууга жардам берет”, – дейт Москва мамлекеттик психолого-педагогикалык университетинин психологу Мария Куляцкая.
Анын айтымында, жогорку IQ милдеттерди структуралаштырууга, ыктымалдуулукту эсептɵɵгɵ жана экономикалык тренддерди болжолдоого жардам берет. Бирок турмуш шахмат оюнуна окшобойт. Ал кɵбʏнчɵ кʏр-шары кʏчтʏʏ дарыяны элестетет. Андайда интуиция чоң рол ойнойт.
ЧАПЧАҢ АКЫЛ ЖАНА ИНТУИЦИЯ
Интуицияга берилген эң алгачкы аныктаманы Аристотель сунуш кылган. Ал аны билинбес фактылар жана майда белгилердин негизинде чагылгандай ылдам бʏтʏм чыгаруу жɵндɵмʏ катары сыпаттаган.
“Мисалы, кимдир бирɵɵ бай адам менен белгилʏʏ тартипте сʏйлɵшʏп жатса, анын карыз сурап жатканын дароо эле тʏшʏнɵсʏз”, – деп жазган Аристотель.
Заманбап илим да ушул аныктамага кайтып келди.
“Психологияда интуиция тез ойлонуу катары тʏшʏндʏрʏлɵт. Ал тажрыйбага жана аң-сезимде кɵрʏнбɵгɵн когнитивдик процесстерге таянат. Натыйжада адам кɵрʏнбɵгɵн нерселерди да ылдам иштеп чыгып, туура бʏтʏм чыгара алат”, – дейт Мария Куляцкая.
“ТYЛКY” ЖАНА “КИРПИ”

Америкалык психолог Филип Тетлок жʏргʏзгɵн тажрыйбада адамдарга саясий окуяларды алдын ала айтууга тапшырма берилген. Натыйжада ой жʏгʏртʏʏ стили боюнча катышуучулар “тʏлкʏ” жана “кирпи” болуп экиге бɵлʏнгɵн.
“Кирпи” – бир чоң нерсеге гана кɵңʏл бурса, “тʏлкʏ” – кɵптɵгɵн майда-барат деталдарды кошо талдай алган. Изилдɵɵнʏн жыйынтыгында келечекти так божомолдоо ʏчʏн “тʏлкʏнʏн тактикасы” жакшыраак натыйжа берген.
Ой жʏгʏртʏʏнʏн ийкемдʏʏлʏгʏ, деталдарга кɵңʏл буруу жана ɵз пикирин ɵзгɵртʏп турууга даяр болуу – туура чечим чыгарууга ɵбɵлгɵ тʏзɵт.
Бирок бир нерсе эске алынышы зарыл: алдын ала айтылган жоромолдордун арасынан ишке ашкандары гана эсте калат, ишке ашпагандары унутулат. Мисалы, “Жыйырма биринчи кылымда эмнелер болот?” деген темада кɵп материалдар жазылганы менен, смартфонду эч ким алдын ала айткан эмес.
ИНТУИЦИЯ ЖАНА АКЫЛ ТАНДЕМДЕ
Интуиция кɵбʏнчɵ токтоо жана ишенимдʏʏ импульс катары сезилет. Психологдордун айтымында, “барбай эле койгон оң, азыр телефон чалайын” деген сыяктуу ички сезимдер дал ошол интуициянын иши.
Нобель сыйлыгынын лауреаты Дэниель Канеман бул боюнча жɵнɵкɵй методду сунуш кылат:
“Интуиция сунуш кылат, аң-сезим текшерет”.
Абдираим Мамытов
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады