13 сентября, 2025

З. Бабур атындагы музыкалык драма театры:  сахнадан жаңырган элдин ʏнʏ

Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан, руханий мурастын очогуна айланган театр – Захиреддин Мухаммад Бабур атындагы Ош музыкалык драма театры. Тарыхчы, акын жана улуу ойчулдун атын алып жʏргɵн бул театр быйылкы сезонун «Толубай сынчы» спектакли менен ачууга даярданууда.

Театр жетекчиси Азам Абдуразаков менен болгон маекте театрдын маңызы, учурдагы абалы, келечек пландары тууралуу терең баарлашуу болду.

— Театр – бул адамзат жашоосунун кʏзгʏсʏ, коомдун ар тʏрдʏʏ катмарларынын турмуш-тиричилигин, ички дʏйнɵсʏн, сʏйʏнʏчʏ менен кайгысын, кубанычы менен кыйынчылыгын чагылдырган руханий дʏйнɵ. Ал сахнадан гана турбайт, ал адамдын жʏрɵгʏндɵ, аң-сезиминде жашап, ойлонууга тʏрткʏ берет. жашоого болгон кɵз карашын ɵзгɵртɵ алган кʏчкɵ ээ болгон искусство.

Биздин ɵлкɵлɵрдɵ, ɵзгɵчɵ Борбор Азия чɵлкɵмʏндɵ, театр искусствосу 19-кылымдын акырында гана ɵзʏнчɵ бир профессионалдык деңгээлге кɵтɵрʏлдʏ. Ага чейин эл арасында кɵчɵ театры, маскарапоздор, эл оюндары сыяктуу элементтер болгон. Бирок ал учурларда театр дагы эле маданий салттардын курамындагы бɵлʏк катары гана каралчу. Профессионалдык сахналаштырылган театр, сюжеттик драма, актердук ɵнɵр сыяктуу татаал формалар азыркыдай калыптана элек болчу.

Ошол учурдагы интеллигенция, агартуучулар театрды элдин аң-сезимин ɵстʏрʏʏчʏ эң маанилʏʏ курал катары кɵрʏшкɵн. Айрыкча, Махмудхожа Бехбуди сыяктуу алгачкы драматургдар театрды “ʏлгʏ ала турган жер” деп атап, анын коомдогу тарбиялык ролун ɵзгɵчɵ баалашкан. Андыктан, ал бʏгʏн да актуалдуу болуп, бʏгʏн да керек. Театр – бул жашоонун кʏзгʏсʏ гана эмес, ошол кʏзгʏдɵн ɵзʏбʏздʏ кɵрʏп, ɵзʏбʏзгɵ суроо берген жай.

— Кɵпчʏлʏк театрлардын баш оорусу — кɵрʏʏчʏлɵрдʏн саны. Азыркы кʏндɵ театрга келген кɵрʏʏчʏлɵрдʏн саны мурункуга салыштырмалуу кыйла азайып кеткенин жашыра албайбыз. Бул кɵрʏнʏштʏн себептери бир топ. Эң негизгиси — коомдун ɵзʏн, турмуштук темптин, баалуулуктардын ɵзгɵрʏшʏ. Мурдагы мезгилдерде театр жападан жалгыз эс алуучу, жан дʏйнɵнʏ азыктандыруучу жай болчу. Эл чер жазып, ойлонуп, таасирленип чыгуу ʏчʏн театрга келчʏ. Анткени ал убакта интернет жок, ʏй-бʏлɵлʏк кɵңʏл ачуу жайлары аз болчу, сыналгы болсо ар бир ʏйдɵ боло берчʏ эмес. Эл биригип, театрга келип, социалдык байланыштар да ошол жерде калыптанчу.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ болсо заман башка. Кɵңʏл ачуунун тʏрлɵрʏ арбын: кинотеатрлар, сериалдар, YouTube, TikTok – адамдын назары интернетке бурулуп кетти. Бирок мен театр – бул ар дайым ɵз деңгээлин сактап турган, баарынан жогору руханий маданият экенин баса белгилеп кетким келет. Театр – бул жɵн гана кɵңʏл ачуунун жолу эмес, бул – ой жʏгʏртʏʏнʏн, сезимдин, адамдык баалуулуктардын борбору. Ал элди эстетикалык, моралдык жактан байытып, чыныгы турмушка баам салдырат.

Мен жеке ɵзʏм театрды аристократтардын искусствосу деп эсептейм. Ал жогорку табиттин, терең тʏшʏнʏктʏн, сезимталдуулуктун белгиси. Ошондуктан, эгерде коомдо мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, интеллигенттер театрга активдʏʏ барып турса, бул чоң ʏлгʏ болмок. Эл, айрыкча жаш муун, ошол кɵрʏнʏштʏ кɵрʏп, “театр – баалуу жер экен” деген ойго келет. Кɵпчʏлʏккɵ ʏлгʏ болчу бул катмарлар ɵздɵрʏ барып, театрга маани берип, аны колдоп турганда гана театр коомдун жашоосунда ɵз ордун кайра табат.

— Театрдын келечеги – бʏгʏнкʏ баланын кɵз карашында, сезиминде жана таасиринде калыптанат. Ошондуктан, келечектеги театр кɵрʏʏчʏлɵрʏн бʏгʏнтɵн баштап тарбиялаш керек. Азыркы кʏндɵ биздин театрда балдарга арналган куурчак театры иштеп келет. Бирок, тилекке каршы, ага болгон суроо-талап абдан тɵмɵн. Бул – чоң кɵйгɵй. Анткени балага арналган сахналык чыгармалар – анын сезим дʏйнɵсʏн, эстетикалык табитин, адамдык баалуулуктарын калыптандырууда абдан маанилʏʏ роль ойнойт.

Биз жыл сайын сɵзсʏз тʏрдɵ балдар ʏчʏн бир спектакль коёбуз. Бул биздин салтка айланган принцип. Себеби, дал ошол балдар – эртеңки театрдын кʏйɵрмандары, болочок актёрлору, режиссёрлору, искусство ɵкʏлдɵрʏ болушу мʏмкʏн.

Бирок бул багытта театр жалгыз аракет кылбашы керек. Бул жерде мектептер менен тыгыз байланыш тʏзʏʏ абдан зарыл. Биз окуучуларды театрга чакырып, жыл сайын балдар кʏнʏнɵ карата спектаклдерди уюштуруп келебиз. Бирок мунун ɵзʏ жетишсиз. Театр менен мектептин ортосунда ɵзʏнчɵ программалык негизде кызматташтык болушу керек. Мисалы, мектептерде театралдык ийримдер, драма студиялар ачылса, биздин театрдын кесипкɵй актёрлорун, режиссёрлорун ошол жактарга бекер жɵнɵтʏʏгɵ биз толук даярбыз. Бул демилге мектептердин ɵзʏнɵн да кɵтɵрʏлʏшʏ зарыл.

Биз баланы театрга тартып, ага сахнанын сыйкырын бала кезинен кɵрсɵтʏп бере алсак гана, улуттук маданиятыбыздын, руханий дʏйнɵбʏздʏн туруктуу кɵрʏʏчʏсʏн, колдоочусун тарбиялап алабыз. Ошондуктан, театрга болгон сʏйʏʏ балалык кыялдан башталышы керек!

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ театрдын коомчулук менен байланышы сахнадан эле чектелип калбастан, санариптик мейкиндикке ɵтʏп жатканын да танууга болбойт. Кɵпчʏлʏк учурда азыркы кɵрʏʏчʏ спектакль тууралуу маалыматты афишадан эмес, Instagram, Facebook, TikTok же YouTube баракчаларынан алат. Бирок театр ʏчʏн бул жаңы форматка адаптация болуу оңой иш эмес. Себеби, чыгармачылык менен катар, заманбап маркетинг жана IT билими да талап кылынат.

Азам Абдуразаков жетектеген Бабур атындагы музыкалык драма театры бул багытта ɵз алдынча чоң кадамдарды таштап келет. Театрдын жетекчиси ɵзʏ мобилография, SMM адистиги сыяктуу техникалык ролдорду да аркалап келет. Ал социалдык тармактарда театрдын  баракчаларын ачып, кʏнʏмдʏк жаңылыктарды, афишаларды, спектаклдердин ʏзʏндʏлɵрʏн бɵлʏшʏп турат. Театрдын расмий логотипи, гимни да ушул жетекчиликтин демилгеси менен иштелип чыгып, бʏгʏнкʏ кʏндɵ символикалык макамга ээ болду. Ошондой эле ɵзбек жана кыргыз тилдеринде аткарылган театр гимни – театрдын кɵп улуттуу ɵзгɵчɵлʏгʏн баса белгилеген олуттуу чыгарма болуп калды.

Пандемия убагында театрлардын кɵбʏ ишин токтотуп же кыскарткан шартта, Бабур театры тескерисинче, эл менен байланышын жоготпой, онлайн спектакль форматында иштɵɵгɵ ɵттʏ. Театр кызматкерлери ɵнɵрлɵрʏн видео тʏрʏндɵ тартуулап, театрдын социалдык тармактарындагы баракчаларында ʏзгʏлтʏксʏз бɵлʏшʏп турду. Бул эмгек ɵз жемишин берип, театр 2020-жылы Орусияда ɵткɵн эл аралык онлайн фестивалга катышып, диплом менен сыйланган.

Бирок бардык аракеттерге карабай, заман талабына жооп берʏʏчʏ профессионалдык деңгээлдеги SMM адистерин жана мобилография кызматтарын тартуу чоң маселе бойдон калууда. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ мыкты жарнамачылар жана видео ɵндʏрʏʏчʏлɵрдʏн кызмат акысы театрдын штаттык кызматкерлеринин бир айлык маянасынан жогору болуп кеткен. Бул – ɵнɵр менен коммерциянын ортосундагы кыйынчылык. Театр – чыгармачылыктын очогу болгону менен, ал дагы коомчулукка ɵзʏн таанытуу ʏчʏн заманбап ыкмаларды талап кылат.

Азам мырзанын айтымында, театрда ар бир чыгарма кɵрʏʏчʏлɵрдʏн талабы, учурдагы коомдук маанай, тарыхый мааниге ээ даталар жана дʏйнɵлʏк театр тренддерине жараша тандалат. Репертуар боюнча кɵркɵм жетекчи жана адабий бɵлʏм башчысы сунуштарды кабыл алып, чыгарманын идеялык мазмунун жана актуалдуулугун баалап, театр жамааты менен кеңешип иш алып барышат.

Бир жыл ичинде 4–5 жаңы спектакль сахналаштырылат. Алардын бирɵɵсʏ кыргыз драмматургиясынан, экинчиси ɵзбек драмматургиясынан, дагы бирɵɵ дʏйнɵ драмматургиясынан, анан да сɵзсʏз балдар ʏчʏн бир спектакль даярдалат.

«Байтик баатырдын жоруктары» аталыштагы спектакль Баткендеги чек ара кагылышуусунан кийин, эки кʏн ичинде кыргыз тилинде даярдалып, балдардын маанайын кɵтɵрʏʏ ʏчʏн атайын гастроль уюштурулуп, сахналаштырылган. Бул театрдын коомдук процесстерге ыкчам реакция берип, маданият аркылуу тынчтык жана ынтымакты бекемдɵɵгɵ кошкон салымы болгон.

Абдуразаков белгилегендей, репертуар саясаты – театрдын багытын, жʏзʏн жана коомдогу ордун аныктап берген негизги фактор. Ошондуктан ар бир спектакль – мезгилдин талабына жооп берген, кɵрʏʏчʏнʏн жан дʏйнɵсʏнɵ жеткен чыгарма болушу керек.

« Театр бʏгʏн эмнени “жеп атат”, коом эмнеге муктаж, кɵрʏʏчʏ эмнени кʏтʏʏдɵ — ушунун баарын эске алып, биз репертуарыбызды тʏзɵбʏз. Чыгарманын кɵркɵм баалуулугу гана эмес, анын тарбиялык, маданий жана руханий мааниси дагы маанилʏʏ», — дейт театр жетекчиси.

Бул репертуар тандоосундагы философия театрды жɵн гана сахна эмес, кɵрʏʏчʏнʏн жʏрɵгʏнɵ жол тапкан руханий борборго айлантат.

1939-жылы негизделген Бабур театры – Орто Азиядагы эң байыркы театрлардын бири. 1990-жылдардан кийин жаңы мазмун, жаңы кɵз караш менен иштеп келе жатат. Театрдын ɵзгɵчɵлʏгʏ – кɵп тилдʏʏлʏк. Бул тʏштʏк аймагында жалгыз кɵп тилдʏʏ мамлекеттик музыкалык драма театры болуп саналат. Бул да анын эл аралык деңгээлге чыгууга болгон дараметин кɵрсɵтɵт.

Гульнура Ормонова.

About The Author