22-апрель күнү “Мафия. Миллиондор изи” тасмасынын жаратуучулары Оштогу журналисттерди фильмдин жабык көрсөтүүсүнө чакырды. Алардын катарына мен да бар элем. Адегенде кинонун продюсери, журналист Али Токтакуновдон тасма тууралуу сурап, андан соң фильмдин өзүн көрдүк. Тасма тууралуу төмөндө кенен кеп кылып берем.

Эскертүү: бул блогдо спойлер бар.

«Голливуддун тасмаларын көргөн адам кыргыз киносуна алымсынбайт», — Мен Бисмарк. 
«Клеопатраны эңсеген эркек Цезарь болууга татыктуу болуш керек», — Бул да Мен Бисмарк.

***
Кеп башында айтып коеюн, мен «Фейсбуктагы» «Жакынкы Чыгыш боюнча окумуштуу», «Трамполог», «Путинолог»,  «Чыгыш тануучу», «Батыш таануучу», деги койчу, «дүйнөлог» эмесмин, мен ошолордой бардык тема боюнча резенция жаза берген «эксперт» да эмесмин. Мен болгону кино сүйүүчүсү, анан карапайым аймактык журналистиканын өкүлү катары мобул, айтылуу Али Токтакунов продюсердик кылган «Мафия. Миллиондор изи» киносу тууралуу оюмду ортого салууну туура көрдүм. 

Уруксат этсеңиз, урматтуу окурман, мен оюмду баштайын. 

Эскертүү: Тасманын сюжетине токтолсом, абдан узун кеп болуп кетет экен. Мен деле ошол узун текстти жазуудан эринген, китепти көп окубаган)), жалаң кыска форматтагы видеолорду барактап, күн өткөргөн адамдардын биримин. Андан көрө зээрикпей эле өзүңүз көрүп алыңыз.

Чын эле «социалдык драмабы»? 

Албетте, тасманы башы, өнүгүүсү, финалы болот эмеспи. Эсеби маселен, Голливуддун же башка чет элдик тасмаларды ошентип бөлүп эле көрөм. А мында тасманын башкы көрөрманды шак эле киного тартып кете алган жок. Пикир объективдүү болуш үчүн белгилеп коеюн: сюжети тааныш болгону үчүн ошондой ойдо калышым мүмкүн. Бирок, тасманын эң маанилүү жери башталышы деп ойлойм. Кепти андан ары улардан мурун кинонун жанры азыр популярдуу болуп жаткан кайсыл кино жанрларга туура келерине токтолоюн. Бул тасма «Триллер» жанрында эмес, же башка жанрлар эмес, «драманын» жана «трагедиянын» эпизодорун, анча-мынча экшн эпизоддорду өзүнө камтыган «Аралаш жанр» деп койсом жарашчудай. Ушу жерден тасманын продюсери Али Тотакуновдун оюн окуп койсок да көптүк кылбайт: «Кинонун жанры — курч окуялуу социалдык драма: экшн элементтерге жык толгон, анан чыныгы окуяларга негизделген фильм». Социалдык драма демекчи, ал турмуш кандай болсо ошондой көрсөтүлгөн жанр болушу керек эле. А бул тасмада башкы каармандардын бири Улан Эгизбаев болгондон кийин анын жанына эмнегедир Токтакунов өзү кошулуп калгандай. Бул менен Токтакунов кошулбасын деген жерим жок, «болгону бул тасмадан кийин өзүнүн өмүр таржымалы, иликтөөдөгү кыйынчылыктарын өзүнчө тасма менен көрсөтсө болбойбу?» деген суроо берип отурдум ичимден. Бул суроону өзүнө деле бермекмин, бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш», — дегендей, тиричиликтин бүтпөгөн маселесинен улам фильм бүтөрү менен чыгып кетүүгө туура келди. 

Анча-мынча экшн эпизоддор бар дегенимдин себеби, курч эпизоддор: мушташ, атышуу ж.б. аз жана орду-орду менен берилбей, ыксыз колдонулуп калган демекчимин, элдэрм. Маселен, тасманын башындагы «кошолек» колуна курал алгандан кийин бир аз болсо деле көбүрөөк атышса болбойт беле? Дагы бир белгисиз жагдай, «кошолекту» өлтүргөнү келген киллер капысынан эле чыга калды да, капырай. Ошол эпизод мага түшүнүксүз болуп калды дагы, тасманы бир дем менен көрүүгө абдан жолтоо болду. 

Сюжеттердин параллелдиги абдан орой болуп калган

Жакшы тасмада сюжеттердин параллелдиги бир кылка болуп, эки окуя байма-бай уланып, бири-бирин толуктап, бири-бирине жарашып, ээрчишкен эгиз козулардай уланып барат. Мынчалык эргүү менен жазарымды билгенде ошол жерлерин эстеп, жазып алмак элем. Ошон үчүн азыр бул оюмду бышыктап коюш үчүн эсимде көп нерсе калбаптыр. Балким дагы бир жолу көрүп, жазып алып, толуктап коермун. 

Мен билген Улан Эгизбаевдин портрети ачылган жок

Албетте, Улан Эгизбаев боюнча азын-оолак эле маалыматым болуп, азыраак эле сүйлөшүп калган жерибиз болбосо, дээрлик эч нерсе билбейм деле. Бирок, «атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн», — дегендей, анын кесиптештери, санаалаштарынан ал кандай адам болгонун көп эле угуп, билип жүрөбүз. Айтор, ошолор айткан, айрыкча агайым Эрнист Нурматов жазган Улан Эгизбаевдин портрети ачылбай калыптыр. Улан журналистикадагы кара сөздүн дыйканы, баяндоосу куйкум сөзгө жык толгон болсо, а мында анын камера алдындагы баяндоосунда «ии, басадан» башка кеби жок.

Менин оюмдагы терс каарман жазасыз калды

Тасмада терс каармандардын ана башы, баарыбыз билген бажычы экен. Мен тасмадан ал каармандын кармалып, камалганын күтпөдүм эле. Болгону, айланасында жардам бере турган кишиси жок, адамдык касиеттерден кол жууп, ич этин жеп, дербиш болуп, эл басбаган аралга өз эрки менен өзүн-өзү жазалаш үчүн кетип калган каарманды күттүм эле. Албетте, бир аз психологиялык драма да көптүк кылбайт эле менимче.  

Кароол дөбөдөн топ карагандын арасындагы арсар окуяны айткандай болбой…

Жаш кезибизде биз кой кайтарчу талаада башка дөбөлөрдөн бийик дөбө болор эле. Аны эл «Кароол дөбө» деп атап койчу. Анда элдин чөп орчу жерлерин коруган кароол отурчу. Ошол жерде отурган кароолдор андагы тегиздиктегинин баарын көрүп, көрбөсө деле болжоп, бакырып, кыйкырып эле отурчу. А мен азыр ошол Кароол дөбөдө отурган кароолмун дагы, тээ алыстагы карагандын арасындагы окуяларды божурам отурам. А Токтакунов батынып, талыкпай эмгек кылып, кино тармагына ичинен аралашып, аралашып эле калбай, мындай чоң эмгек жаратканга жардам бергени алкоого арзыйт.
Негизи биздин кино тармагыбыз өнүгүү жолунда эмес, өнүгүү жолуна карай багыт алды. Мен кандай гана тасма болбосун тартыла беришин каалайм. А көрараман, заманабыз татыктуусун өзү барктап алат. Дегинкиси, Голливуд деле, Болливуд деле алгач ушинтип башталганын айта кеткен оң. 

Эми жарым ойго өтөйүн:
— Улан Эгизбаевдин образын жараткан актер тушоосу кесилген, мурдараак жарык көргөн мелодрамадагыдай роль жарата алган эмес;
— nерс каармандын эң башкысы образдуу терс каарман болуп калган;
— экшн эпизоддор чийки, бирок, «Министрдин кызынын махабатынан» жакшы));
-финалы сонун. Уландын жубайынын көз жарып жатышы, терс каармандардын кармалып жатышы – «Уландын урпагы Улан көргөн дүйнөнүн көрбөсүн», — деген ойду айтып тургандай. Негизи ата уулуна жакшы шарт, жакшы жашоо куруу үчүн баарын берет эмеспи.

                                                                                        Бек Бисмарк

About The Author

от Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *