Ош шаарында 2025-жылы жол куруу жана оңдоо иштерине мурдагы жылдарга салыштырмалуу рекорддук ɵлчɵмдɵ каражат бɵлʏндʏ. Шаар боюнча тротуарлар, ички жолдор жана ири кɵчɵлɵрдɵ иштер жʏрʏп, айрымдары пайдаланууга берилсе, айрымдарынын курулушу уланууда. Бул маекте “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын директору Жеңишбек Шоноев аткарылган иштер, бɵлʏнгɵн каражаттар жана алдыдагы пландар тууралуу кенен маалымат берди.

-Ош шаарында канча жол бар жана алардын абалы кандай?
-Шаарда жалпы 1037 чакырым жол бар. Анын ичинен 60% шагыл жолдорду, 20% эски асфальт жолдорду, 20% жаңы асфальт жолдорду тʏзɵт.
-Жыл сайын жолдорго канча каражат бɵлʏнɵт?
-Жергиликтʏʏ бюджеттен жыл сайын жолдорду тейлɵɵгɵ жана оңдоого 150–200 млн сом, капиталдык курулуштарга 100-200 млн сом каралат. 2025-жылы бул сумма 2,1 млрд сомго чейин кɵбɵйдʏ.
-2025-жылы республикалык бюджеттен кандай иштер каржыланды?
-Ош шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 2 млрд сом бɵлʏнʏп, 8 кɵчɵдɵ оңдоо иштери жʏрʏп жатат. Алар:
1. И. Саидов кɵчɵсʏ (Г. Айтиев кɵчɵсʏнɵн К. Тимирязев кɵчɵсʏнɵ чейин)
2. Волгоград кɵчɵсʏ (Г. Айтиев кɵчɵсʏнɵн К. Тимирязев кɵчɵсʏнɵ чейин)
3. Р. Моминова кɵчɵсʏ (Амир-Тимур кɵчɵсʏнɵн Осконалиев кɵчɵсʏнɵ чейин)
4. К. Тимирязев кɵчɵсʏ (Амир-Тимур кɵчɵсʏнɵн Б. Осмонов кɵчɵсʏнɵ чейин)
5. Р. Юнусов-Куренкеев кɵчɵсʏ (В. Ленин кɵчɵсʏнɵн Ишматов кɵчɵсʏнɵ чейин)
6. А. Навои кɵчɵсʏ (Г. Айтиев кɵчɵсʏнɵн Курманжан-Датка кɵчɵсʏнɵ чейин)
7. С. Касымбеков кɵчɵсʏ (И. Разаков кɵчɵсʏнɵн Манас айлампа жолуна чейин)
8. Достук кичи шаарчасынын №47 кɵчɵсʏ (Атабаев кɵчɵсʏнɵн Абжалов кɵчɵсʏнɵ чейин)
-Азыркы учурда бул кɵчɵлɵрдɵ иштер кандай абалда?
-И. Саидов кɵчɵсʏндɵ (1,12 км) жолго тоскоол жараткан курулмаларды демонтаждоо, бак-дарактарды кыюу, каналга лоток жана труба куруу, жараксыз материалды казып алуу толугу менен бʏткɵрʏлдʏ. Шагылдын ортоңку жана негизги катмары тɵшɵлдʏ.Биринчи асфальт катмары 80%, жогорку асфальт катмары 70% тɵшɵлдʏ.Тротуар даярдоо 50%, лотокторду орнотуу 50%га бʏтʏп, коммуникациялар жаңыланган. Волгоград кɵчɵсʏндɵ (1,2 км) демонтаж жана дарактарды кыюу иштери 100%, каналга труба куруу жана жараксыз материалды казып алуу 100%, шагылдын катмары 100%, негизги катмары 98%, биринчи асфальт катмары 90%, жогорку асфальт катмары 80%, тротуар даярдоо 50%, лотокторду орнотуу 50% болуп, коммуникациялар толугу менен жаңыланган.Р. Моминова кɵчɵсʏндɵ (1,6 км) демонтаж жана кыюу 100%, каналга труба жана лотокторду орнотуу 100%, шагылдын катмары 100%, негиз катмары 98%, биринчи асфальт катмары 95%, жогорку катмары 90%, тротуар 50%, лотокторду орнотуу 50%, 80 м тирɵɵч дубал курулуп, жол ачылды.К. Тимирязев кɵчɵсʏндɵ (2,0 км) демонтаж жана кыюу 100%, шагыл катмары 90%, негиз катмары 90%, биринчи асфальт катмары 80%, жогорку катмары 50%, тротуар жана лотоктор 10%, коммуникациялар 95% га бʏттʏ. Р. Юнусов-Куренкеев кɵчɵсʏ (1,42 км) толугу менен асфальтталып, биринчи катмары 100%, тротуар 50%, лотоктор 100%, коммуникациялар толугу менен жаңыланган.А. Навои кɵчɵсʏ (2,6 км) толугу менен асфальтталган, труба куруу 90%, тротуар жана лотоктор 50% боулп, коммуникациялар жаңыланган.С. Касымбеков кɵчɵсʏндɵ (1,8 км) демонтаж иштери аяктап, жол астындагы коммуникацияларды жылдыруу жумуштары жʏрʏп жатат.Достук №47 кɵчɵсʏндɵ (1,6 км) коммуникацияларды которуу иштери жʏрʏʏдɵ.

Бардык иштерди 2025-жылдын октябрында аяктоо пландалган.
Шаарда 8 кɵчɵнʏн тротуарлары курулууда. Алар:
— Жумабаев кɵчɵсʏ: 360 м, бир тараптуу, тротуар 100% бʏткɵрʏлдʏ;
— Кулигова кɵчɵсʏ: 1000 м, эки тараптуу, жарыктары менен 100% бʏткɵрʏлдʏ;
— Малабеков кɵчɵсʏ: 5000 м, 30% бʏткɵрʏлдʏ;
— М. Горький кɵчɵсʏ: 540 м, 50% бʏткɵрʏлдʏ;
— Урицкий кɵчɵсʏ: 300 м, 100% бʏткɵрʏлдʏ;
— Касымбеков кɵчɵсʏ: 1450 м, 100% бʏткɵрʏлдʏ;
— Джин кɵчɵсʏ: 520 м, 50% бʏткɵрʏлдʏ;
— Ак-Тилек №5, 10, 11 кɵчɵлɵрʏ: 1200 м, 100% бʏткɵрʏлдʏ;
-Жергиликтʏʏ бюджеттен ички жолдордо кандай иштер жʏрʏʏдɵ?
-32 чакырым ички жол оңдолуп жатат. Алардын ичинен:Исанов кɵчɵсʏндɵ 6000 метр жолдун 90% бʏттʏ.Шамшиев кɵчɵсʏндɵ 600 метр жолдун 60% жасалды.Демократ кɵчɵсʏндɵ 1200 метр жолдун 60% бʏткɵрʏлдʏ.Увам кɵчɵсʏндɵ 560 метр жолдо иштер башталды.Тажик кɵчɵсʏндɵ 610 метр жолдо иштер жʏрʏʏдɵ.Солнечный участогу толугу менен бʏттʏ (1500 метр).Р. Абдыкадыров кɵчɵсʏ толугу менен бʏткɵрʏлдʏ (780 метр).Тɵлɵйкɵн жана Анар кичи райондорундагы ички жолдордун 10% гана жасалды (720 метр).Хакимжан-Ажы кɵчɵсʏндɵ 1400 метр жолдо иштер башталган. Ɵзгɵн кɵчɵсʏндɵгʏ 900 метр жолдо иштер жʏрʏʏдɵ.Байтемиров кɵчɵсʏндɵ 500 метр жолдун жарымы бʏттʏ.Алымбеков–Байтемиров-Урицкий кɵчɵлɵрʏнʏн 900 метринин жарымы бʏткɵрʏлдʏ.Маткеримов (Урицкий) кɵчɵсʏндɵ 300 метр жолдун 90% жасалды.Алиев кɵчɵсʏндɵ 1240 метр жолдун 80% бʏткɵрʏлдʏ.Молдо-Нияз кɵчɵсʏндɵ 1620 метр жолдун 50% жасалды.№45, 47, 48 кɵчɵлɵрʏндɵ 810 метр жол толук бʏткɵрʏлдʏ.М. Горький кɵчɵсʏндɵ 540 метр жолдун 30% гана жасалды. Лермонтов кɵчɵсʏндɵ 550 метр жолдун жарымы бʏттʏ.Маатов кɵчɵсʏндɵ 500 метр жолдун 40% жасалды.№1 Ак-Тилек кɵчɵсʏндɵ 1300 метр жолдо иштер жʏрʏʏдɵ.Алимжанов-Турсунбаева кɵчɵлɵрʏндɵ 1600 метр жолдо иштер жʏрʏп жатат.Бекбалаев кɵчɵсʏндɵ 550 метр жол башталган.“Жомок” бала бакчасына баруучу 750 метр жолдун курулушу жʏрʏп жатат.Анар №11 ʏйдʏн ичиндеги 174 метр жол толук бʏткɵрʏлдʏ.Гастелло жана Чкалов кɵчɵлɵрʏндɵ иштер башталды (660 метр). Салиева кɵчɵсʏндɵ 200 метр жолдун 60% бʏткɵрʏлдʏ.Кол ɵнɵрчʏлɵр кɵчɵсʏндɵ 700 метр жолдун курулушу жʏрʏп жатат.Кабылов (Пятилетка) кɵчɵсʏндɵ 700 метр жолдо иштер жʏрʏʏдɵ.А. Алиев (Жапалак) кɵчɵсʏндɵ 270 метр жол башталды.Токтобаев кɵчɵсʏндɵ 430 метр жолдо иштер жʏрʏп жатат.Разаков кɵчɵсʏндɵ 1800 метр жолдун 40% жасалды.Ак-Тилектеги №32 кɵчɵ 400 метр толук бʏткɵрʏлдʏ.Ак-Тилектеги №22 кɵчɵ 350 метр толук бʏткɵрʏлдʏ.Жапалак айылындагы Кайырма кɵчɵсʏндɵ иштер жʏрʏʏдɵ (550 метр).Достук №10 кɵчɵсʏ толук бʏткɵрʏлдʏ (500 метр).ТЭЦ кɵчɵсʏндɵ 1500 метр жолдун 10% жасалды.Сатиев кɵчɵсʏндɵ 2600 метр жолдун 20% жасалды.Сʏйʏнбаев–Атабаев-Достук-№49 Санкт-Петербург кɵчɵсʏндɵ 4100 метр жолдун 20% жасалды.Курманжан датка кɵчɵсʏндɵ 3600 метр жолдун 40% бʏткɵрʏлдʏ.Жумабаев-Имам-Ата-С. Айни кɵчɵлɵрʏндɵ 7000 метр жолдун 20% бʏткɵрʏлдʏ.Тɵлɵйкɵн айылындагы Эдельвейс дачасына баруучу 1000 метр жол толук бʏткɵрʏлдʏ.Ленин кɵчɵсʏ толук бʏткɵрʏлдʏ (1300 метр).Ленин-Нурматов кɵчɵсʏ да толук аяктады (800 метр).Облус ооруканасынын алдындагы 800 метр жолдун 40% жасалды.

-Жол белгилери жана жарыктандыруу маселеси кантип чечилип жатат?
-Жыл сайын 200 даана жол белгиси орнотулат жана жаңыланат.Жол чырактар Кайгуул кызматынын кɵрсɵтмɵсʏнɵ ылайык орнотулат.Тʏнкʏ жарыктандырууну “ОшСвет” ишканасы тейлейт.Жыл сайын жаз жана кʏз мезгилинде мониторинг жʏргʏзʏлʏп, зарыл иштер аткарылат.
-Жакынкы кʏндɵрʏ кайсы жолдор бʏткɵрʏлɵт?
-Жогорудагы тротуар жана жолдордун тизмесинде кɵрсɵтʏлгɵн иштер графикке ылайык бʏткɵрʏлʏп, жакын арада пайдаланууга берилет.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады