13 сентября, 2025

Эгемендʏʏлʏк майрамы Жалал-Абадда белгиленди.  Президент Кыргызстандын  ИДПсынын кɵлɵмʏ 865 млрд сомдон ашканын айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бʏгʏн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 34 жылдыгына карата уюштурулган гала-концертке жана Жалал-Абад шаарынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чара Кыргыз мамлекеттʏʏлʏгʏнʏн калыптануу жолун чагылдырган даректʏʏ тасманы кɵрсɵтʏʏ менен башталды.

Андан соң 600гɵ жакын артисттин катышуусунда «Келечектеги Кыргызстан» аттуу театралдаштырылган оюн кɵрсɵтʏлдʏ.

Мамлекет башчысы Кɵз карандысыздык кʏнʏнʏн алдындагы куттуктоо сɵзʏ менен чыкты.

«Жʏрɵгʏ “Кыргызстан” деп соккон алыс-жакындагы ардактуу мекендештер!

Урматтуу жалал-абаддык агайын-туугандар!

Эгемендик майрамынын кадырлуу меймандары!

Бʏгʏн жети миллиондон ашуун эли бар, жети дубан жери бар, жети ата ɵткɵн наркын сактаган, “Жетинин бири – Кызыр” деп салтын барктаган жалпы кыргыз элимди ыйык Эгемендик майрамы менен Улуу Жибек Жолунун боюнда, айтылуу Аюб-Тоонун оюнда жайгашкан Жалал-Абад шаарында куттуктоо насиби мага буюрган экен. Эгемендик, эркиндик, азаттык дегенибизде эсибизге эң оболу ар бир мекенчил атуулдун жʏрɵгʏн элжиреткен кызыл туубуз эсибизге келет.

Эгемендиктин эң башкы белгиси, ынтымак-биримдиктин тиреги, атуулдук ариет менен ар-намыстын ɵзɵгʏ болуп келаткан туубуз ар дайым кɵкɵлɵй берсин!

Эгемендик майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мекендештер!

Эгемендик майрамын ар жылы ар дубанда белгилеп, буга чейин берекелʏʏ Чʏй боорунда, ордолуу Ош шаарында ɵткɵрʏп келсек, быйыл Кыргызстандын Кɵз карандысыздык майрамын кʏн сайын кулпуруп бараткан Жалал-Абад шаарында белгилеп олтурабыз. Ар бир облуста ɵткɵрʏʏ чечими – мамлекетибиздин жети облусуна бирдей кɵңʏл бурулуп жаткандыгынын, борбор – аймак деп бɵлбɵй, бир бʏтʏн, эгемен ɵлкɵ экенибизди даңазалоонун далили. Кудай буюрса, кийинки жылы 35 жылдыкты Талас облусунда ɵткɵрɵбʏз.

Жалал-Абад дубаны – береке тɵгʏлгɵн жери, дартка даба булактары, керемет табияты менен мʏлдɵ кыргыз сыймыктана турган куттуу жер, таалайыбызга таасын баатырларды жазган ыйык аймак. Мындан сырткары, Тʏрк мамлекеттер уюмунун саммити 2025-жылы “Жалал-Абад шаары — жалпы тʏрк дʏйнɵсʏнʏн туризм борбору” деп жарыялангандыгын да эске сала кетейин. Бул дагы бекеринен болбосо керек. Жалал-Абад – табияттын керемет сырларын бойго сиңирген касиеттʏʏ жер. Бул чɵлкɵмдʏн ар бир булагы, ар бир ташы – кыргыз элинин руханий жана жаратылыш байлыгынын кʏбɵсʏ. Бул ɵрɵɵнгɵ кадам таштаган адамды асман тиреген тоолору, мɵлтʏр булактары, меймандос эли ɵзʏнɵ арбайт. Дʏйнɵгɵ белгилʏʏ жайкалган Арсланбаб жаңгак токоюсуз Жалал-Абадды сɵз кылууга мʏмкʏн эмес. Ар бир дарагы дубандын тарыхын кʏбɵлɵгɵн жаңгак токою, кооз шаркыратмасы, таза абасы туристтердин сʏйʏктʏʏ жайына айланган. Табияттын дагы бир керемети Падыша-Ата капчыгайы кɵз жоосун алса, Орто кылымдагы архитектурасы, оюм-чиймелери менен айырмаланган Шах-Фазил комплекси, касиеттʏʏ мазарлары жана уламыштары менен белгилʏʏ Сафед-Булан айылы зыяратчыларды ɵзʏнɵ тартып турат.

Ɵткɵн жылы Кара-кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата жʏздɵн ашуун социалдык жана ɵндʏрʏш объектилерин ишке киргизсек, мына быйыл Кɵз карандысыздык майрамынын 34 жылдыгына карата кечээ дагы 100 социалдык жана 60тан ашуун ɵндʏрʏш объектисин ишке киргиздик. Алар, албетте, ɵлкɵ экономикасына дем берип, элдин жашоосун жакшыртууга чоң салым кошот.

Быйыл жылдын 7 айын мисалга тарта турган болсом, ички дʏң продукциянын кɵлɵмʏ 865,2 млрд сомду тʏзʏп, 11,5 пайызга кɵбɵйдʏ. Ɵлкɵбʏздʏн булуң-бурчунда курулуш иштери кызуу жʏрʏп жаткан чак. 2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча курулуштун ɵсʏʏ темпи 137,8 пайыз болгонун баса белгилеп айта кетейин»,- деди президент.

Мындан тышкары, ал Тʏрк мамлекеттер уюму Жалал-Абад шаарын 2025-жылга карата «Тʏрк дʏйнɵсʏнʏн туристтик борбору» деп жарыялаганын баса белгиледи.

Президент ошондой эле ɵткɵн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жʏздɵн ашык социалдык жана ɵнɵр жай объектилери пайдаланууга берилгенин белгиледи. Ал эми Кɵз карандысыздыктын 34 жылдыгына карата кечээ дагы 100 социалдык жана 60тан ашык ɵндʏрʏш объектилери ишке киргизилди.

Ошону менен катар эле  ɵлкɵ башчысы Жалал-Абад облусундагы ɵкʏлчʏлʏгʏнʏн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи

Эгемендʏʏлʏк кʏнʏн майрамдоонун алкагында токой чарбасына 30 автоунаа берилди. Мындан тышкары, ɵлкɵнʏн бардык айыл аймактарына лизингге автоунаалар тапшырылды.

Кече чет элдик жана жергиликтʏʏ эстрада ырчыларынын концерти менен аяктады.

Дооран Токтошев.

About The Author