13 сентября, 2025

Акмарал Тентимишова:  «Эл ɵкʏлʏ катары саясатчы гана эмес, илимпоз, эне жана коомдук лидер болуш абзел»

Ош шаардык кеңешинин депутаты Акмарал Тентимишова билим, илим,  ʏй-бʏлɵ жана саясат тармагындагы тажрыйбасын бириктирип, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган иштерди жʏргʏзʏп келет.  Тентимишова филология илимдеринин кандидаты, доцент, билим берʏʏнʏн сапатын камсыздоо боюнча 1 даражадагы эл аралык эксперт жана ʏй-бʏлɵнʏн баалуулуктарын урматтаган эне катары, ал жаштарга билим алууну, аялдарга колдоо кɵрсɵтʏʏнʏ жана коомдо тең укуктуулукту улуттук баалуулуктардын негизинде сактоону сунуштайт.

-Сиз саясатка кантип келдиңиз жана эмнелер себеп болду?

-Башында мен саясаттан алыс болуп, билим берʏʏ системасында иштедим. Окууну аяктагандан бери 20 жылдан ашуун жогорку билим берʏʏ системасында сапатты камсыздоо жаатында кɵп иштерди аткарып келдим. Бул убакыт аралыгында бир нече жолу депутаттыкка катышууга чакыруу тʏштʏ, бирок жаштык, ʏй-бʏлɵлʏк шарттар жана балдардын кичинекей болушу себептʏʏ макул болгон эмесмин. Былтыркы жылы Ош шаардык кеңешке болгон шайлоодо “Жаңы Кыргызстан” партиясынан сунуш келип тʏштʏ. Партия талапкерлердин тизмесин тʏзʏʏдɵ ар тараптуу билимдʏʏ адистерди тандоо менен коомдун депутаттарга болгон кɵз карашын ɵзгɵртʏʏнʏ ниет кылышкан. Депутат деген бир эле саясатчы эмес, биринчи кезекте билимдʏʏ аял, эне, илимпоз аял ж.б. ушундай сыяктуу критерийлерге туура келген элдин ɵкʏлʏ экенин кɵрсɵтʏʏ керек болгон.

Билим берʏʏ системасынын ɵкʏлʏ, илимпоз, сапатты камсыздоонун эл аралык  эксперти катары аялдардын квотасы менен мага сунуш берилди деп ойлойм.  Сунушту  ʏй-бʏлɵм, балдарым жана ата-энем менен талкуулап, жыйынтыгында шайлоого катышуу чечимин кабыл алдым. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын тизмесинде шайлоого аттанып, шаардыктардын колдоосу менен учурда Ош шаардык кеңештин депутаты вазыйпасын аткарып жатам.

-Балалыгыңыз жана ʏй-бʏлɵңʏз тууралуу айтып берсеңиз?

-Ар бир адам ʏчʏн балалык кези жʏрɵктɵгʏ жылуу темалардан болсо керек. Себеби,  адамдын бактылуу, эч нерседен бейкапар жʏргɵн убагы — бул балалык. Менин балалыгым Алай районунун Жылуу Суу айылында ɵттʏ. Ал жерде тɵрɵлʏп, 11 жыл ошол айылдагы мектепте билим алдым. Мен ар дайым сыймыктануу менен айтамын, менин балалыгым абдан бактылуу ɵттʏ. Атам жɵнɵкɵй мугалим болсо да бизди эч нерседен кем кылган жок. ʏйдɵ 5 бир тууган болсок, атам баарыбызды бирдей карап, жогорку билимдʏʏ кылды. Атамдын эмгекчилдиги жана жоопкерчилиги менин инсандык сапатымды калптандырды. Эсимде, атам кʏндʏзʏ мектепте иштеп,  кечинде “Москвич” унаасы менен таксиге чыкчу.  Атамдын чарчадым дегенин уккан эмесмин. Кʏнʏ-тʏнʏ уктабай иштечʏ, ошондуктан биздин курсагыбыз ток, кийимибиз бʏтʏн болчу. Ɵткɵɵл мезгилде башкалар жʏгɵрʏ ундан нан жеп калганда да атам бизге бешене тери менен тапкан аппак нанды жедирди. Мен ʏч кыздан эң кичʏʏсʏмʏн, ошондуктан дайыма атамдын коргоосунда болчумун. Бала кезимде атам мени чɵп чабууга ɵзʏ менен ала кетчʏ да, биринчи кезекте чɵптɵн алачыкты куруп, нан-жемиштерди коюп, мени олтургузуп ɵзʏ кечке чейин иштечʏ. Мен кечке атама эрмек болуп, сʏйлɵп жанында жʏрсɵм дагы ʏйгɵ барганда кызым чарчады, тамак бергиле, чай бергиле деп жанына олтургузуп алчу. Ошондой учурларда эжелерим мага ачуулары келип, кээде атаандашчубуз. Бирок атам дайыма коргоп, баарыбызга кеңешин айтып, ынтымакта болууга чакырчу. Апам болсо бизге талапты ɵтɵ катуу коюп, ар бир кадамыбызга чектɵɵлɵрдʏ киргизип, катуу тарбиялады. Баскан жолубуздан тартып, сʏйлɵгɵнʏбʏз, кʏлгɵнʏбʏз апамын тыкыр кɵзɵмɵлʏндɵ болчу. «Кыз бала катуу кʏлбɵйт, ашыкча сʏйлɵбɵйт» деп эскертип турчу. Мындай тарбия кээ бир учурларда зыянын тийгизсе, жеке жашоомдо, турмушка чыкканда пайдасын кɵрдʏм. Атам менен апама дайыма ыраазымын, анткени алардын тарбиясы менин бʏгʏнкʏ даражага жетишимде чоң роль ойнойт.

-Учурда кайсыл кесиптин ээсисиз, депутат болбосоңуз ким болмоксуз?

-Айылдагы мектепти аяктагандан кийин англис тили мугалими же дарыгер болууну каалагам. Бирок эң чоң эжем медициналык факультетте окугандыктан ата-энем “бирɵɵ медайым болду, эми башкасы башка кесиптин ээси болушу керек” деп ойлонушту окшойт. Мени мугалимдикке ʏндɵштʏ. Мектепте англис тили окулбагандыктан улам орус тили мугалими болууну чечип, Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетине тапшырганмын. Ошондо да атам мени орус тили адистигинин орус тилдʏʏ мектептердин бʏтʏрʏʏчʏлɵрʏ ʏчʏн ачылган европалык тайпасына тапшыртты. Болбосо кыргыз мектептерин бʏткɵндɵр улуттук тайпага кабыл алынып жаткан. Ал жерде орус тилин билбегеним ʏчʏн башында кыйын болду. Бир жылдай ыйлап, улуттук тайпага которулам деп жʏрдʏм. Бирок намысым кʏчтʏʏлʏк кылып,  кʏнʏ-тʏнʏ аракет менен окуп, бат эле тилди ɵздɵштʏрʏп, жогорку курстарда эң оор —  синтаксис, морфология, жалпы тил илими сабактарын автоматтык тʏрдɵ «5» деген бааларга тапшырдым. Кээ бир тайпалаштарым азыркыга чейин “сен орус тилин билбей келип, кийин бизден алдыга оозуп кеттиң” деп айтып келишет. Университетти ийгиликтʏʏ бʏтʏрʏп, негизги кесибимди аркалап келе жатам.

-ЖОЖдо эмне иштер мененалексиз? 

— Мен педагогмун, дипломум боюнча орус тили жана адабияты мугалимимин. Бирок, кɵп жылдардан бери ЖОЖдо иштеп,  учурда билим берʏʏнʏн сапатын камсыздоо боюнча эл аралык деңгээлдеги биринчи даражадагы экспертмин. Кыргызстанда гана эмес, башка ɵлкɵлɵрдɵ да билим берʏʏ программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо, билим берʏʏнʏн сапатынын европалык стандарттарына туура келʏʏсʏн аныктоо боюнча эксперттик курамдарда иш алып барамын. Андыктан, аталган жксперттик курамды иштерине байланыштуу канча жолу сапарга барсам да жеке квалификациямды жогорулатууну унуттпайм. Менин эмгектерим билим берʏʏ системасын жакшыртууга багытталган иш десем болот.

-ʏй-бʏлɵлʏк жашоо менен жумушту бир алып кетʏʏ кыйын болсо керек?

-Аялдын тʏйшʏгʏ чындыгында оор экенин тана албайбыз. Ошондуктан да аялга ʏй-бʏлɵлʏк колдоо абдан маанилʏʏ. Бул тарабынан да мен жолдуумун. Жолдошум мени, жумушумду тʏшʏнɵт, дайыма колдойт. “Жумуштан келгенде дайыма ʏй жыйылуу, тамагым даяр болуш керек” деп катуу талап койгон эркектерден эмес. Баарын тʏшʏнʏʏ менен кабыл алып, чарчасам кошо тамак жасашып, кээде ɵзʏ жасап, болбой баратса кафеден деле тамактанып алабыз. Бирок азыр балдарыбыз чоңоюп, ɵз алдынча болуп калгандыктан, кыйла эле жеңил болуп калды. Бирок канткен менен да кɵп учурда аял катары убакытты туура бɵлʏштʏрʏʏ жана ʏй менен жумушту тең алып барууну ʏйрɵнɵ албай келем. Албетте, дайым эле баары тегиз боло бербейт,  аракет кылуу менен ар дайым кемчиликтерди тʏздɵп, алдыга умтулуу керек.

— Сизди ойлонткон коомдогу кɵйгɵйлɵр? 

-Коомдо ʏй-бʏлɵ курууда, бала тарбиялоодо, аялдар жана эркектердин тең укуктуулугу боюнча кɵйгɵйлɵр абдан кɵп. Балалуу болгондон кийин, аларга бактылуу балалыкты камсыздоо ар бир ата-эненин милдети. Жакында эле Камчыбек Кыдыршаевичтин 9 балалуу ʏй-бʏлɵгɵ айткан сын сɵзʏ социалдык желелерде кеңири таркап, анда пикир жазгандар эки жээкке бɵлʏнʏп калышты. Маселен, мен Камчыбек Кыдыршаевичтин сɵзʏнɵ толугу кошуламын. Алты саны аман болгон ата ар бир баласына жашоого, билим алууга жок дегенде минималдуу шарт тʏзʏп, коопсуздугун камсыз кылууга милдеттʏʏ. Мен бʏгʏнкʏ маегибиздин башында жɵн жерден атам тууралуу сыймыктуу сɵздɵрʏмдʏ айткан жокмун. Биз эркек балдарды кичинесинен ошондой жоопкерчиликке ʏйрɵтʏшʏбʏз керек. Балким, бул сɵзʏм кээ бирɵɵлɵргɵ катуу тиеттир, бирок баланы тɵрɵгɵндɵн кийин аны багыш керек. «Ырыскысы табылат» деп эле тɵрɵй берген болбойт, ʏй-бʏлɵнʏ туура пландаштыруу керек.

Коомдо курч маселе  —  аялдар жана эркектердин тең укуктуулугу толук ишке ашпай жаткан учурда, аялдар ɵз кʏчʏн туура колдонуп, улуттук баалуулуктарыбызды эске алуу менен балансты сактоого умтулушу керек. Акыркы мезгилдерде кɵп аял эркекке теңелем деп жатып, аялдык сапатын жоготуп алды. Айрым эркектерге бул кɵрʏнʏш жагып, ыңгайлуулук зонасына кирип алышып, аялдарын иштетип коюп, ɵздɵрʏ ʏйдɵ отурушат. Балким,  «тең укуктуу болобуз» деп жʏрʏп, биз аялдар ɵзʏбʏздʏ тʏйшʏккɵ салып, жоопкерчиликти моюнубузга илип алып, эми ыйлактап жатабыз! Ушул маселени дагы ар бирибиз анализдеп, ойлонуп, туура багытта кетишибиз керек деп ойлойм.

-Мʏнɵзʏңʏз атаңызга окшошпу же апаңызгабы?

-Атамдын эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана чынчылдыгы менин инсандык сапаттарымды калыптандырды. Апам тартипти карманууну, коомдо ɵзʏмдʏ алып жʏрʏʏнʏ  ʏйрɵттʏ. Бул —  тарбия азыркы кесиптик жана жеке жашоомдо азыркы учурга чейин иштейт. Мен кɵп учурда чыр-чатакта ʏн чыгарбастан, сабырдуулук менен маселени чечʏʏнʏ ʏйрɵндʏм. Анткени бул апамдын тарбиясы. Ал эми туура, так, жеткиликтʏʏ сʏйлɵгɵнʏм, атамдан ɵткɵн.

-Бош убактыңызда эмне кылганды жакшы кɵрɵсʏз? 

Мен жалгыз эс алууну жакшы кɵрɵм. ʏйгɵ эч ким келбесе жана эч ким чакырбаса, ошол убакыт мен ʏчʏн эң сонун эс алуу болуп эсептелет. Бош убактымда китеп окууга аракет кылам, кɵбʏнчɵ илимий жана публицистикалык китептерди окуйм.

-Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Жаштар билим алууга жана ɵзʏн ɵнʏктʏрʏʏгɵ умтулушу керек. Билимдʏʏ адам эч качан жерде калбайт. Ар бир мʏмкʏнчʏлʏктʏ колдонуп, билимин жана тажрыйбасын ɵнʏктʏрʏшʏ зарыл. Азыр билимге болгон талап кʏчɵдʏ жана билимдʏʏ, ишке жɵндɵмдʏʏ кадрлар абдан керек. Жаштар ар бир берилген мʏмкʏнчʏлʏктʏ туура колдонуп, ɵзʏнɵ жана коомго пайдалуу болууга аракет кылышы керек.

Таңсулуу Сʏйʏнали кызы

About The Author