2025-жылдын 22-август кʏнʏ «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берʏʏ тутуму жɵнʏндɵ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ɵзгɵртʏʏлɵрдʏ киргизʏʏ тууралуу» мыйзамы кʏчʏнɵ кирди. Бул мыйзамга ылайык, эми такси кызматын кɵрсɵткɵн бардык айдоочулар лицензия алууга тийиш. Ошондой эле, оң рулдуу автоунаалар такси кызматын кɵрсɵтʏʏгɵ тыюу салынды.
Ɵлкɵдɵ такси кызматын кɵрсɵткɵндɵргɵ лицензия берʏʏ маселеси буга чейин байма-бай кɵтɵрʏлʏп, коомдук талкууга себеп болгон. Аталган мыйзам долбоору Парламентке сунушталган учурда бул мыйзамдын максаты да кошо айтылды.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Жогорку Кеңеште аталган мыйзам биринчи окууда каралып жаткан учурда бир катар фактыларды эске салган.

Анын айтымында, 1998-жылы таксисттерге лицензия алуу керек деген норма кабыл алынган, бирок 2009-жылы жокко чыгарылып, таксисттер патент менен иштей башташкан. 2018-жылы 69 миң патент берилген болсо, 2023-жылы 28 миң гана патент берилген.
Министрдин орун басары таксисттердин ишин эч ким кɵзɵмɵлдɵбɵгɵнʏн, Мамлекеттик салык кызматы салыктын тʏшʏʏсʏнɵ гана жооптуу экенин, буга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыкканын белгилеген болчу.
«Бишкекте эле такси кызматында 24 миң унаа колдонулса, алардын кɵбʏ ыктыярдуу патентсиз иштешет», — деген Бийбосунов.
Мыйзам долбооруна ɵзгɵртʏʏ киргизилгенине 6 ай болду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 25-январында кабыл алынып, президент 2025-жылдын 20-февралында кол койгон. Ошентип, мыйзам толук 6 айда кʏчʏнɵ кирди.
Такси кызматындагылардын ʏнʏ
Аты-жɵнʏн атагысы келбеген айдоочу ал ʏчʏн патент тɵлɵп, такси кызматын кылуу ыңгайлуу экенин айтат. Ал ошондой эле лицензия берʏʏ милдетин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын аймактык бɵлʏмдɵрʏнɵ жʏктɵлгɵнʏнɵ нааразы.
«Азыр бир мыйзамга толуктоолор кирип, талаптар кʏчтɵнʏптʏр. Угушума караганда, 3 жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйба, жылына бир жолу медициналык кароодон ɵтʏʏ, автоунааны каратуу сыяктуу талаптар бар экен. Мында кызылдай эле бюрократия жаралат. Мурда такси кызматында иштɵɵ ʏчʏн жергиликтʏʏ Салык кызматына барып, бир жылга патент алып алсаң жетиштʏʏ болчу. Азыр эми ушунча убарагерчилик. Азыр эми Жол коопсуздугун каисыздаган башкармалыкка барып, лицензия алуу механизмин толук тʏшʏнгɵнгɵ чейин бир нече убакыт ɵтɵт. Мага окшоп маалыматы жок барып алышкан болсо, «атаңа бар, энеңе бар» деп, али «мунуң жок экен», «тигиң жок экен» деп убарагерчилик жаралат. Андыктан, алгач сыноо мɵɵнɵтʏ кылып, бир жыл тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏшсɵ болмок»,- деди ал.
Деген менен бул мыйзам такси кызматындагы айрым алешемдиктерди жɵнгɵ салат деген айдоочулар да бар. Алардын бири – Амирбек Пазыл уулу (аты-жɵнʏ ɵзгɵртʏлдʏ) буларга токтолду.
«Ош-Бишкек каттамында жол кырсыктары аябай кɵп катталып, адамдар кɵп ɵлʏп жатат. Мындан сырткары, жʏргʏнчʏлɵрдʏн коопсуздугу да сакталган эмес. Менин угушум боюнча, жалгыз жан келиндер таксиде зордукталган учурлар да бар экен. Ошондуктан, такси кызматын тартипке салуу ʏчʏн лицензиялоо ɵтɵ маанилʏʏ деп эсептейм. Лицензиясы бар таксист тартипти так сактап, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин сезет деп ойлойм.
Ошол эле учурда лицензиялоо мамлекет ʏчʏн керек нерсе. Бул тармак буга чейин дээрлик салык тɵлɵгɵн эмес. Эгер лицензия бере турган болсо, салык тɵлɵнʏп, бюджетке акча тʏшɵ баштайт. Ушул тармактагы кɵмʏскɵ салык деген да ачылат болчу. Бирок, ошол эле маалда, лицензия берʏʏнʏн жол-жобосун жеңилдетип, жɵнɵкɵй таксистке да жеткиликтʏʏ болушун камсыздашса, сонун иш болмок»,- деди ал.

Автоунааларга байланышкан парадокс
Адистердин айтымында, 2000-жылдардын башында Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалар кире баштаган. Ал учурда ɵлкɵдɵ оң рулдуу автоунааларды каттоого жана пайдаланууга мыйзам менен чектоо жок болчу.
2010-жылдардан баштап оң рулдуу автоунаалар ɵлкɵгɵ байма-бай алып келинип, колдонула баштаган. Ошондой эле, Кыргызстандын жолдору сол рулдуу автоунааларга ыңгайлашканы эске алынып, оң рулдуу автоунаалардын катышындагы жол кырсыктары кɵбɵйʏп кеткени айтылып, ɵкмɵт жана Парламент бул маселеге кɵңʏл бура баштаган.
Оң рулдуу автоунаалар менен кызмат кɵрсɵтʏʏгɵ 2013-жылы №154 «Автотранспорт жɵнʏндɵ» мыйзамы менен тыюу салынган. Андыктан мыйзам талаптарына ылайык оң рулдуу унааларга жʏргʏнчʏ ташууга уруксат дагы, лецензия дагы берилбейт.
ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын Лицензиялоо ишин жɵнгɵ салуу жана техникалык кɵзɵмɵлдɵɵ башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев 19-августта Бишкекте ɵткɵн басма сɵз жыйынында билдиргендей, лицензия 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон ɵткɵн, машинесин жылына бир жолу техникалык кароодон ɵткɵргɵн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет.
Мындан тышкары лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштʏʏ уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Самаев ошондой эле 2024-жылы оң рулдуу машинелердин кʏнɵɵсʏ менен 1 506 жол кырсыгы катталып, андан 143 адам каза таап, дагы 2 299 жаракат алганын айткан.
Оң рулдуу автоунаалардын айрым айдоочулары мыйзам жалпыга бирдей чыкпаганын айтып, нааразы болгон учурлар кɵп. Андыктан, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралаган учурда айрым депутаттар алгач бул мыйзамга каршы болушкан. Натыйжада бул мыйзам долбоору колдоо таап, оң рулдуу автоуналар такси кызматын кɵрсɵтʏʏгɵ тыюу салынды. Эми оң рулдуу автоунаалардын ээлери автоунаасын жеке максатка гана пайдалана алат.
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды ɵлкɵгɵ импорттоого 2015-жылдын май айында тыюу салынган. Ошондой эле, 2025-жылдын 1-январынан тарта ɵлкɵгɵ оң рулдуу автоунааларды алып келʏʏгɵ толук тыюу салынган.

Лицензия алуунун жол-жобосу
Жеке жактар лицензия алуу ʏчʏн арызына тɵмɵнкʏ документтерди тиркеши зарыл:
1. Жеке инсанды тастыктоочу документ;
2. Салык органында каттоодон ɵткɵндʏгʏ тууралуу кʏбɵлʏктʏн кɵчʏрмɵсʏ (нотариалдык кʏбɵлɵндʏрʏлгɵн);
3. Лицензия ʏчʏн тɵлɵм жʏргʏзʏлгɵнʏн тастыктаган документ;
4. Жʏргʏнчʏлɵрдʏн алдындагы жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими;
5. Автотранспортту коопсуз пайдалануу жана айдоочулардын эмгек коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускамасы бар юридикалык жак (автопарк же ташуучу) менен тʏзʏлгɵн эмгек келишиминин кɵчʏрмɵсʏ;
6. Автотранспорт каражатынын каттоо кʏбɵлʏгʏ;
7. Унааны башкарууга укук берген ишеним кат же ижара келишими;
8. Техникалык кароодон ɵткɵндʏгʏн ырастаган акт;
9. Айдоочунун тиешелʏʏ категориядагы кʏбɵлʏгʏнʏн кɵчʏрмɵсʏ (кеминде 3 жылдык тажрыйба менен);
10. Белгиленген формадагы медициналык маалымкат (саламаттык абалын тастыктоочу);
11. Соттуулугу жоктугу жɵнʏндɵ маалымкат.
Юридикалык жактар лицензия алуу ʏчʏн арызына тɵмɵнкʏ документтерди тиркеши керек:
1. Мамлекеттик каттоодон ɵткɵндʏгʏ тууралуу кʏбɵлʏктʏн нотариалдык кɵчʏрмɵсʏ;
2. Лицензиялык жыйымдын тɵлɵнгɵндʏгʏн ырастаган документ;
3. Жʏргʏнчʏлɵр алдындагы жарандык жоопкерчиликти милдеттʏʏ камсыздандыруу келишиминин кɵчʏрмɵсʏ;
4. Жооптуу адистердин (жол коопсуздугу инженери, контролдук механик, медик-нарколог) квалификациясын тастыктаган документтер – дипломдордун, кʏбɵлʏктɵрдʏн же сертификаттардын кɵчʏрмɵлɵрʏ;
5. Адистерди дайындоо тууралуу буйруктардын кɵчʏрмɵлɵрʏ жана эмгек келишимдери;
6. Тейлɵɵ жана оңдоо иштерине шарт тʏзгɵн ɵндʏрʏштʏк-техникалык базага ээлик кылгандыгын же кызмат кɵрсɵтʏʏчʏ башка уюмдар менен тʏзʏлгɵн келишимдерди ырастаган документтер;
7. Унаалар боюнча маалыматтар (каттоо кʏбɵлʏгʏнʏн кɵчʏрмɵсʏ, ишеним кат, техникалык кароодон ɵткɵндʏгʏ жɵнʏндɵ акт).
Дооран Токтошев.
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады