Кыргыз спортунда мыкты машыктыруучу менен мыкты спортчу тууралуу кеп болгондо, ар дайым эки башка адам элестейт. Бирок бул ирет кеп – бир ʏй-бʏлɵнʏн эки мʏчɵсʏнʏн чемпиондору тууралуу болот. Биз каратэ боюнча дʏйнɵнʏн эки жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын улуттук каратэ федерациясынын президенти Нурдɵɵлɵт Рысбеков жана анын кызы, жаш спортчу Аруна Рысбековалар менен маек курдук.

— Нурдɵɵлɵт мырза, саламатсызбы! Чʏ дегенде эле суроону ɵзʏңʏздɵн баштайын деп турам. Алгач ɵзʏңʏз жана спорттогу жетишкендиктериңиз боюнча айтып берсеңиз
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Саламатчылык. Мен Кыргыз Республикасынын улуттук каратэ федерациясынын президенти, каратэ боюнча дʏйнɵнʏн эки жолку чемпионумун. Каратэнин бир гана ката тʏрʏ эле эмес, кумите боюнча да — каратэнин эки негизги тʏрʏ боюнча кɵптɵгɵн эл аралык мелдештерде жеңʏʏчʏ болгом. Каратэ боюнча спорт чеберимин, каратэнин кара курунун 7-данынын ээсимин.
Мен каратэнин бардык баскычтарын баштан ɵткɵргɵм. Азыркы тапта кɵптɵгɵн чемпиондорду машыктырып келем. Алардын ичинде — ɵзʏмдʏн кызым Аруна Рысбекова да бар. Ал да каратэ боюнча чоң жетишкендиктерге жетип келе жатат.
Аруна менин ар бир ийгилигимди кайталагысы келет, менин жолумдан шыктанат. Биз экɵɵбʏз тамаша-таймаш менен да мотивация алабыз: медалдарыбызды, дипломдорубузду салыштырып, эсептейбиз. Айрыкча эл аралык жана дʏйнɵлʏк деңгээлдеги мелдештердеги ийгиликтерибизди салыштырып турабыз. Кызыгы, азыр Аруна медалдардын саны боюнча мага жетейин деп калды”.

— Аруна, саламатсыңбы! Сен да ɵзʏң тууралуу азын-оолак кеп кылсаң, андан соң башка суроолорго ɵтɵлʏ.
Аруна: “Саламатсызбы! Мен учурда №3 Ломоносов атындагы мектептин 9-классында окуйм. Каратэге болгон кызыгуум бала кезимден эле башталган. Эсимде, атам кʏндɵ кечинде саат алтыда бир жакка чыгып кетчʏ. “Каякка барат экен?” деп ээрчип барсам , машыгуу залы экен. Ошондон кийин мен да машыгып баштагам. Ошол кʏндɵн бери атам менен бирге машыгып келем.
Атам дайыма мени колдоп, шыктандырып, жетектеп келет. Каратэ жолундагы ар бир ийгилигимде анын салымы чоң. Учурда мен каратэ боюнча кара курдун 1-данынын ээсимин, спорт чебердигине талапкермин. 2024-жылы “Жылдын мыкты спортчусу” наамын алгам. 5 жашымдан бери кʏн сайын эрте менен жана кечинде машыгып келем”.
— Кыйычылыктар боюнча сурайын деп турам. Аруна, айтсаң жеңиш ʏчʏн эмнелерди жасаш керек?
Аруна: “Кыйынчылык болмоюнча – ийгилик болбойт” дешет. Бул сɵздʏн чындыгына машыгууларда улам-улам ынанып келем. Эртең мененки машыгуулар, ооруганда да токтобогон кɵнʏгʏʏлɵр, мелдеш алдындагы стресс – баары башында оор туюлат. Бирок ансыз чоң ийгиликке жетʏʏ мʏмкʏн эмес”.
— Атаңыз машыктыруучуңуз болгону ʏчʏн кээде эркелеп, машыгуудан калгыңыз келген учурлар болдубу?
Аруна: “Чынын айтсам, жок. Тескерисинче, мен атамдын кызы болсом да, машыгууда ал мени биринчи шакирти катары кɵрɵт. Кээде башка балдарга караганда мен кɵбʏрɵɵк уруш угам. Бул менин жоопкерчилигимди арттырат. Себеби, менден башкалар ʏлгʏ алышы керек деген ой менен ɵзʏмдʏ да тарбиялайм”.
— Агай, канча балаңыз бар? Деги эле “бир ʏй-бʏлɵдɵ атанын жолун бирɵɵ гана жолдойт” деп калышат. Сизде бул жагдай кандай?
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: «Менин ʏч балам бар: бир уул, эки кыз. Аруна — ʏй-бʏлɵнʏн эң кенжеси, эркеси. Бирок биз кызым менен муну башында эле так сʏйлɵшʏп алдык: ʏйдɵ – мен анын атасымын, ал менин эркем. Бирок залда – мен машыктыруучумун, ал окуучум. Эгер биз ушундай мамиле кылбасак, спорттогу олуттуу ийгиликтер болбойт эле. Орустардын сɵзʏ бар го: “Ɵзʏңдʏкʏн ур, башкалар корксун”, – деген. Мисалы, жазалоо керек болсо, кызымдан баштайм. Анткени башкалар кɵрʏп: “Эгер кызына ушундай талап койсо, бизге мындан да катуураак болот экен” , – деп тартипке келет”.
— Спортчунун рациону ийгиликке кандай таасир берет?
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Абдан тʏз, чоң таасири бар. Спортчунун жеген тамагы организмде жакшы сиңип, энергия берип турушу керек. Дем алуу органдары жакшы иштеши керек. Мелдеш учурунда чарчоо болбошу зарыл, энергия жетиштʏʏ болушу керек. Бул тʏздɵн-тʏз жеген тамакка байланыштуу”.
— Кʏндʏн кайсы убагында машыккан маанилʏʏ?
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Эртең менен машыгуу ден соолукка абдан жакшы. Кан айлануу жанданып, чарчоо жок, уйкусурабай, кун бою жакшы маанайда болосуң. Кечинде машыгуу болсо, денени профессионалдык деңгээлде шыктандыруу ʏчʏн керек”.
— Кɵпчʏлʏк ата-энелер “балбан кыздардын мʏнɵзʏ эркекче болуп калат” деп чочулашат. Арунанын мʏнɵзʏ кандай?

Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Ооба, мындай кооптонуу болбой койбойт. Арунадан да кээде катуу мʏнɵз байкалып калат — бул чындык. Бирок ошол эле учурда назиктиги да, ачыктыгы да бар. Бир сɵз менен айтканда, ортодо, тең салмактуу мʏнɵз деп айтсам болот. Биз, ата-эне катары, анын жʏрʏм-турумуна дайыма кɵз салып, багыт берип турабыз.
Каратэнин бир ɵзгɵчɵлʏгʏ – бул жɵн гана мушташ эмес, бул искусство. Ар бир кыймыл, ар бир сокку — кɵзɵмɵл менен, токтоолук менен жасалат. Бул баланын мʏнɵзʏн да тарбиялайт. Менин жеке пикиримде, кыздар ʏчʏн эң жакшы спорт – бул каратэ. Анткени ал дене тʏзʏлʏшʏн ɵзгɵртпɵйт, тескерисинче ден соолукту чыңдап, шамдагайлык жана ɵзʏн-ɵзʏ коргоо жɵндɵмʏн берет”.
— Каратэде ʏрɵнгɵн ыкмаларыңызды ачууңузга тийген классташтарыңызга колдонбойсузбу?
Аруна: “Жок, андай болбойт. Ар бир машыгуу аяктагандан кийин терс энергиядан арылуу ʏчʏн атайын медитация жасайбыз. Бул бизге эмоцияны кɵзɵмɵлдɵɵнʏ ʏйрɵтɵт. Залда — мен спортчумун, бирок андан сыртка чыксам, жɵнɵкɵй эле окуучумун. Жашоо менен спортту бɵлʏп ʏйрɵнгɵнбʏз.
— Нурдɵɵлɵт мырза, сиз тууралуу “дары чɵптɵрдʏн касиеттери боюнча китеп жазган спорт чебери” деп угуп калдык. Бул кызыгуу кайдан жаралды?
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Мен Ташкенттеги институттан фармацевт адистиги боюнча билим алгам. Медициналык билимим бар болгондуктан, дары чɵптɵр, алардын касиети, колдонуу ыкмалары мага бала кезден кызык болчу.
Кийинчерээк Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл ɵкмɵтʏндɵгʏ Падыша-Ата коругунда ɵсʏʏчʏ дары чɵптɵрдʏ ʏч жыл бою изилдеп, алардын касиети тууралуу илимий жактан негизделген маалыматтарды топтоп, китеп жаздым. Мен чɵптɵрдʏ канча ɵлчɵмдɵ, канча убакыт кайнатуу керектигине чейин так кɵрсɵтʏп бергем. Интернетте мындай деталдуу маалыматтар сейрек кездешет.
Мен бул эмгекти жаратканда, айылдыктар ошол чɵптɵрдʏ сɵзсʏз колдонсун деген максатта эмес, жок дегенде бул корукту аярлап, табигый мурас катары сакташсын деген тилек менен иштегенмин”.

— Ɵзʏңʏздʏ кɵбʏрɵɵк ким деп эсептейсиз: фармацевтпи же спортчубу?
Нурдɵɵлɵт Рысбеков: “Мен экɵɵнʏ тең алып жʏрɵм. Фармацевтика — кесибим, каратэ — жашоомдун бир бɵлʏгʏ. Азыр медициналык колледжде сабак берип, ошол эле учурда жаш спортчуларды тарбиялап жатам. Экɵɵ тең мен ʏчʏн маанилʏʏ”.
— Аруна, эсиңизде калган, сизди таасирленткен беттештер кайсылар?
Аруна: “Мен ʏчʏн эң унутулгус мелдеш — Орусиянын Башкортостан аймагында ɵткɵн мелдеш. Атам экɵɵбʏз тең 1-орунду алганбыз. Ошондой эле алгачкы чоң жеңишим — Стамбулда ɵткɵн эл аралык мелдеш. Ал жерде 6 жашымда 2000ден ашуун катышуучунун ичинен 1-орунду утуп алгам. Ал эми эң биринчи мелдешим — Бишкекте 5 жашымда болуп, анда 3-орунду багынткам”.
— Чет ɵлкɵлɵргɵ кɵп чыгат экенсиз, сабактардан артта калбайсызбы?
Аруна: “Мелдештерге атайын маалымдама менен кетем. Мугалимдерим жана мектеп жетекчилиги дайыма колдошот. Сабактан артта калбаш ʏчʏн кошумча окуп, жетишип турам”.
— Келечекте ɵзʏңʏздʏ ким катары элестетесиз?
Аруна: «Атам сыяктуу фармацевт болууну самайм. Ошол эле учурда спортту да таштабай, экɵɵнʏ тең алып кетким келет. Атамдын жолун тандаган кесибим аркылуу да улантсам дейм”.
—Маегиңиздер ʏчʏн чоң рахмат. Мындан аркы ишиңиздерде ийгиликтер жарала берсин!
Гульнура Ормонова
Окшош макалалар
«Уурулар» уурдаган лагерлер. Мэрдин билдирʏʏсʏ жана эскертʏʏсʏ
Алгачкы космонавт айымдын ысымын алып жʏргɵн жатак-мектеп президенттин катышуусунда ачылды
Ош шаардык кеңеши: туруктуу депутаттык комиссиялар шаардагы олуттуу маселелерди карады