26-август кʏнʏ Ош шаарында Алымбек датканын эстелигин жана жаңыланган скверди ачуу иш-чарасы ɵтʏп, ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин тɵрагасы Болот Баетов, Алай районунун акими, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.
Ош мэриясы билдиргендей, иш-чара сахналаштырылган кɵрʏнʏштɵр менен коштолуп, Алымбек датканын доорундагы элестер чагылдырылды. Ошондой эле Алымбек датканын тарыхта калтырган изи, кыргыз элинин биримдигин, мамлекеттин бекемдигин сактоодогу эбегейсиз орду тууралуу айтылды. Ош шаарынын мэриясы Алымбек датканын эстелигин тургузуу менен катар айкелдин айланасындагы скверди кɵрктɵндʏрʏʏ, жашылдандыруу, тротуарларды оңдоо иштерин да жʏргʏздʏ. Эстеликтен кошо эле Алымбек датка кɵчɵсʏ да ачылды. Буга чейин Ленин кɵчɵсʏнɵ Алымбек датканын ысымы ыйгарылган. Алымбек дактанын ысымын ыйгаруу боюнча токтои долбоорун Ош шаардык кеңеши колдоп, кɵчɵ расмий тʏрдɵ ɵзгɵртʏлгɵн болчу.




Окшош макалалар
Ош мамлекеттик университети кызмат орун
Жаңы базардын инфратʏзʏмʏ боюнча сɵз болуп, шаарды эки административдик аймакка бɵлʏʏ сунушталды
Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетʏʏ – бʏгʏнкʏ абал жана келечек