25 апреля, 2024

КЕМПИР-АБАД. “АЛГАНГА АЛТОО АЗ, БЕРГЕНГЕ БЕШƟƟ КƟП”

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын изин кууп, кыргыз-ɵзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттер аралык келишимге кол коюунун алдында кыргыз-ɵзбек чек арасындагы  Кемпир-Абад суу сактагычынын тегеригиндеги ызы-чуулар жандана тʏшкɵндɵй таасир калтырды. Мында ɵзгɵчɵ “активдʏʏлʏктʏ” оппозициячыл тараптар кɵрсɵтɵɵрʏ  салтка айланган. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевди ɵлкɵдɵн айдап чыгууда  Yзɵңгʏ-Кууш, экинчи президент Курманбек Бакиевди мɵɵнɵтсʏз кетирʏʏдɵ Каркыра олуттуу шылтоо болуп бергени оппозициянын эсинен чыга элек болсо керек. 

“ТАЛАШ ЖЕРЛЕР ДЭЭРЛИК  99 ПАЙЫЗ БИЗГЕ ƟТТY”

Кыргыз-ɵзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери негизинен  азыр бир катар  айыптоолор менен сурак берип жаткан А.Атамбаевдин президенттик мɵɵнɵтʏндɵ эле аяктап, бирок Кемпир-Абад сыяктуу стратегиялык жактан маанилʏʏ деп саналган участоктор гана калганы маалым. «Кыргыз-ɵзбек чек арасын делимитация демаркациялоо иши Каримовдон кийинки президенттин тушунда чечилет» деп Атамбаев туура айтканына азыр жалпыбыз кʏбɵбʏз. Мында Атамбаевдин да олуттуу эле салымы бар экенин адилеттʏʏлʏк ʏчʏн белгилей кетʏʏ керек. Аны УКМК тɵрагасы Камчыбек Ташиев да эске салып ɵттʏ.

Чек ара оор жана тʏмɵн тʏйшʏктʏʏ, арыдан-бери чече койчу иш эместигин азыр баары эле аңдап-багып турат. Чек ара талаш-тартыштыгынын шойкомдуу кесепеттерин акыркы мезгилдерде кʏчɵп кеткен кыргыз-тажик чек ара жаңжалдарынан улам тартып жатканыбыз эле кɵптʏ айтып турат. Андыктан, азыр уу-дууга тʏшкɵн кыргыз-ɵзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо иш чарасына коомчулук этиятыраак мамиле жасаса жакшы болор эле демекчибиз. 

“Кудай буюрса, жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен ɵтʏп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсыл жерлер бизге ɵткɵнʏ ачыка чыгат. Жалпы эл чыдап кʏтɵ тургула. Негизинен,талаш жерлер дээрлик 99 пайыз бизге ɵттʏ»,-деди президент Садыр Жапаров калкка кайрылуусунда. Кемпир-Абадды буга чейин толук Ɵзбекстан тарап кɵзɵмɵлдɵп келсе, эми мындан ары 50:50 ʏлʏштɵгʏ биргелешкен ишкана тʏзʏп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко тʏшʏрдʏк. Ошондо кɵлдʏн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге ɵтʏп жатат. Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сʏйʏнʏʏ, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз.Тескерисинче,алдык. Жʏз жылдан кийин дагы биздин  чечим ак жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы ʏчʏн болгонун тарых тастыктап берет”,-деди президент.

КЕМПИР-АБАД СУУ САКТАГЫЧЫ

Кемпир-Абад суу сактагычы кɵлɵмʏ боюнча Кыргызстанда экинчи, Ɵзбекстанда ʏчʏнчʏ орунда турат.Толук кɵлɵмʏ1900 миллион кубометрди, пайдалуу кɵлɵмʏ 1750 миллион кубометрди, эң эле тайыз (мертвый обьем) кɵлɵмʏ 150 миллион кубометрди тʏзɵт. Бетки аянты (площадь зеркала) 56 чарчы метрге жетип, узундугу 20,кеңдиги 6 чакырымга жетип, плотинанын бийиктиги 121, кеңдиги 850 метрди тʏзɵт. Плотинада Анжиян ГЭСинин жылына орточо171 миллион, 5 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарган 4 гидроагрегаты жайгаштырылган.

Суу сактагычтын тʏпкʏлʏктʏʏ аты- Кампыр-Рават.Топонимчи Темиркул Эшенгуловдун чечмелɵɵсʏндɵ, мындай аталыш бул жердеги  кенге байланыштуу коюлган. Ɵзбекстанда болсо тек гана Анжиян суу сактагычы деген ат менен белгилʏʏ.

 Суу сактагычка Тар, Кара Кулжа жана Кара-Дарыя суулары куят. Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашып, негизинен Кыргызстанга таандык деп эсептелет. Ɵз мезгилинде, тактап айтканда Совет доорунда аны Ɵзбекстанга ижарага беришкени белгилʏʏ. Суу сактагычтагы суунун 14 пайызын Кыргызстан пайдаланууга тийиш болгон.

1965-жылдын 11-декабрында Ɵзбек ССРинин жана КыргызССРинин  Министрлер Советтери Кампыр-Рават суу сактагычын ишке киргизʏʏ жɵнʏндɵ биргелешкен чечимди кабыл алышып, аталган обьект 1983-жылы пайдаланууга берилген. Эл оозунда элек жок демекчи, суу сактагычты курууга макулдук бергени ʏчʏн ɵзбек  бийлиги Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге 11 миллион  рубль пара берген деген имиштер айтылып жʏрɵт, чын-тɵгʏнʏн билген эч ким жок, убагында Усубалиев аны келжиректик деп атап тим болгон. Берсе берип, алса алгандыр, эми аны ким, кантип далдей алат.

2022-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети Ɵзбекстан менен болгон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды. Макулдашуунун долбоорун сунуш кылган Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргызстанга Ɵзбекстан тараптан  19 миң 699 гектар жер ɵткɵрʏлʏп берʏʏгɵ тийиш.

“Кемпир-Абад суу сактагычындагы  4485 гектар аянт Ɵзбекстанда калат. Бирок сууну кɵзɵмɵлдɵɵ жагы  эки тараптан  тɵрттɵн болуп 8 адамдан турган биргелешкен мекемеге жʏктɵлɵт. Кыргыздар сууну каалашынча пайдаланат”,-дейт Ташиев.

 КАРШЫ ПИКИРЛЕР

Канткен менен Кемпир-Абад маселесинде коомчулукта  орток пикир жок болуп жатканын да белгилей кетʏʏгɵ тийишпиз. Кемпир-Абаддын Ɵзбекстанга ɵтʏп кетʏʏсʏнɵ  каршы пикирлерин басым менен билдирип жаткан саясатчылардын алдыңкы сабында тургандардын арасынан Ɵмʏрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдун караандарын дароо байкоого болот. Не демекпиз, чек ара маселеси жогоруда белгиленгендей, жɵн-жай эмес, талаш-тартыштуу, жети ɵлчɵп, бир кесилчʏ маселе. 

Ɵмʏрбек Текебаевдин пикиринде, Кемпир-Абаддын астындагы жерди берʏʏ менен  Кыргызстан келечекте тʏштʏк региондорду бириктирʏʏчʏ трассаларды салуу мʏмкʏнчʏлʏгʏнɵн ажырайт.

“Бул участокту берип, башкасын алабыз деп ойлобош керек, башка мындай жер жок. Биз Ɵзбекстан чеки иш кылып жатат дегенден алыспыз, бул жашоонун мыйзамы, ар ким ɵз максатын кɵздɵйт. Мында кыргыз бийлиги чоң катачылыкка жол берʏʏдɵ”,-дейт саясатчы. Анын ою  боюнча, суу сактагычты  кошуналарга берип коюу келечекте жергиликтʏʏ калктын  Ɵзбекстанга суу маселесинде кɵз каранды болуп калуусуна алып келет. Текебаевдин эсебинде, дагы 100-150 жылдар аралыгында суу сактагыч кургап, платого айлана баштайт. Келечекте Ɵзбекстан кыргыз айылдарына такап айылдарды кура баштаса, чек ара жаңжалдарынын жаңы толкундары жаралат. Биз 100 жылдан кийин болочок муундар кандай жашайт деген ойдо болушубуз керек. Стратегиялык мамиле деген ушундай болот”,-дейт ал.

“Ɵзгɵндɵ спектакль ɵңдʏʏ жолугушуу болду окшойт. Мен ошол жерден айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими керек деп талап кылдым эле.Себеби, жердин ээси эл. Алган маалыматка караганда, эки айылдык кеңеште ошол жыйынга катышкан депутаттар толугу менен каршы добуш бериптир”,-дей Адахан Мадумаров.

Ал эми президент Кемпир-Абад маселеси боюнча Ɵзгɵн эли менен болгон жолугушуусун ɵзʏ мынтип баалады:

“Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда, адамча тʏшʏнгɵндɵр колдоп беришти.Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду. Албетте, каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты кɵздɵп жатканын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жʏрʏп мамлекетибизди жок кылып же толук кɵз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды кɵрдʏм. Андайга жол бербейбиз. Жакын арада баары бʏтɵт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, ɵзʏңɵр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым. Тынч болгула!”-деди Садыр Жапаров. Сыягы, каршы добуш беришкен сегиз киши баягы Мадумаров айткан эки айылдык кеңештин депутаттары окшойт.

Ал эми Текебаевдин 100 жылдан кийинки муундарыбыздын жашоо-тиричилиги жагдайына карата алдын ала жасап жаткан “стратегиялык” мамилесинин маани-маңызын чагып териштирээр мезгил келе электей. Мындайда “Эртеңки куйруктан бʏгʏнкʏ нак ɵпкɵ артык” дегенден башка сɵз таппайсың.

Абдираим Мамытов