23 апреля, 2024

Согуштан баш тарткан ɵлкɵлɵр

Дʏйнɵ эли расага, улутка, диндерге бɵлʏнʏшкɵн. Бирок, бир планетада, бир асмандын алдында жашашат. Эч бир ыйык китепте адамдарды жок кылууга чакырык ташталган эмес. Адам баласы мунун баарын тʏшʏнʏп турса да дʏйнɵнʏн ар жериндеги келишпестиктер, жер талашмайлар тээ байыртан эле уланып келатканы ɵкʏндʏрɵт. Бул кɵйгɵйдʏ Улуу жазуучу Ч. Айтматов “Саманчынын жолу” повестинде да жердин “Мен билгенден, адам адам болуп жаралгандан тартып согушканы согушкан” деген сɵзʏ менен бергиси келген. Учурда дʏйнɵнʏн айрым ɵлкɵлɵрʏндɵгʏ олку-солкулардан алыстап, тынчтыкты сʏйгɵн жана кɵп жылдардан бери согуш кɵрɵ элек ɵлкɵлɵр тууралуу айтып беребиз. Алардын арасында куралдуу армиядан баш тарткандары да бар. 

Швейцария тынчтыкты сʏйгɵн ɵлкɵлɵрдʏн сап башында турат

Бул кичинекей ɵлкɵ 1515-жылдан бери толугу менен нейтралдуу позициясын карманып келет. Швейцария экинчи дʏйнɵлʏк согуштан баш тарткан. Буга каршы болгон немис армиясы 1940-жылы Швейцарияга абадан сокку урмак болгондо швейцариялык учкучтар тарабынан эки учагы атып тʏшʏрʏлгɵн. Гитлер  журналисттерге  берген маегинде немис учактары кайра эле Германияда жасалган жабдуулар тарабынан жок кылынганын айтып нааразы болгон экен. Швейцариянын бул аракетине союздаш ɵлкɵлɵрдʏн баары сын кɵз караш менен карады. Бирок, ɵлкɵ согуш мында турсун чек арадагы чыр-чатактарга да аскерлерин жɵнɵтпɵй койгон. Учурда эў коопсуз ɵлкɵ болуп саналат. Борбор шаары жок. Албетте, Берн негизги шаар болуп эсептелет, бирок эч жерде борбору деп жазылбайт. 

Армияны кармоо негизсиз деген Лихтенштейн

Конституциялык монархия катары эсептелип, ɵлкɵнʏ князь башкарат. 1868-жылы Лихтенштейн ɵкмɵтʏ эч ким менен согушпай турганын жана армияны кармоо негизсиз деп чечкен. Ошондуктан аскерлер ʏйлɵрʏнɵ таркатылган. Эч кандай оор согуштук куралдуу кʏчтɵргɵ ээ эмес. Лихтенштейндин тургундары ɵлкɵнʏн чек араларына жакын жерде болгон жаўжалдарга да катышкан эмес. Бирок мамлекеттин коопсуздугу ʏчʏн ɵкмɵтʏ аскерге чакыруу боюнча жобо бекиткен. Ички коопсуздукту кароо максатында куралдуу тобу катары 120 адамдан турган полиция кызматы иштейт. Айтмакчы Лихенштейн аянты боюнча эў кичине мамлекеттердин бири болгондуктан европалыктар “машинаўын газын катуурак тепсеў, Лихтенштейндин чек арасына жетип каласыў” деп тамашалап коюшат. Аянты 160 метр квадрат. Балким, ушундай кичине ɵлкɵ болгон ʏчʏн да армиянын ɵтɵ зарылчылыгы жок деп санашат.

Коста-Рикага сабак болгон жарандык согуш 

Коста-Рикалыктар катышкан акыркы кагылышуу 1948-жылдагы жарандык согуш болуп эсептелет. Бул ɵлкɵ тарыхында 20-кылымдын эў кандуу окуясы катары жазылып калган. Жаўжал ошол кездеги оппозиция талапкери Отилио Улатенин бурмалоо жолу менен жеўишке жеткенинен улам келип чыккан. Ич ара согуш 44 кʏнгɵ созулуп 2000ге жакын адам курман болгон. Ошондон бери Коста-Риканын жашоочулары эрктʏʏ мʏнɵзʏ менен айырмаланып, согуштук аракеттерге катышпоону чечкен.

Вануатудагы “Кокос согушу”

Вануату белгилʏʏ курорттук аймактары жана таза пляждары бар ɵлкɵ катары таанылган. Негизи Тынч океандын тʏштʏк-батыш бɵлʏгʏндɵ жайгашкан бул ɵлкɵ 80ден ашуун майда аралдардан турат. Мурда “Жаўы Гебриддер” деп аталган. Кɵпчʏлʏк адамдар мындай кооз жерде согушуу мʏмкʏн эмес деп ойлошот. “Кокос согушун” эске албаганда чынында ошондой. 19-кылымдын башында алар Британия менен Франциянын ортосундагы талаштуу аймак болгон. 1980-жылга барып эки мамлекет Вануатуга эгемендик бергенден кийин биринчи премьер-минстр шайланып ич ара нааразычылыктар башталат. Козголоўго Папуа-Жаўы Гвинеянын аскерлери да аралашып, бир нече жума тынган эмес. Жаўжалда эл жаа, жебе, союл сыяктуу куралдарды колдонгондуктан ɵлʏмдʏн саны аз болгон. Бул согуш тарыхта “Кокос согушу” деген ат менен белгилʏʏ. Ошондон бери Вануату эч кандай согуштук аракеттерге катыша элек. 

Бир да согуш кɵрɵ элек Сейшел аралдары 

Африканын жээгиндеги 115 аралдан турган ɵлкɵ. Республика 1976-жылы эгемендʏʏлʏктʏ алган болсо, ошондон бери бир да согуштук кагылышууларга катышпаган. Албетте, ички чатактары жок эмес. Чатактардын негизги себептери браконьерлер менен каракчылылар. Ɵлкɵнʏн туризмден кийинки эле киреше булагы балык чарбасы болгондуктан эл аны мыйзамсыз кармагандарга каршы. Жергиликтʏʏлɵрдɵн сырткары Шри-Ланка, Индиядан келген лицензиясыз браконьерлердин кесепетинен ИДП жыл сайын 4%га тɵмɵндɵйт. Ошондой эле тоноочулук, каракчылык кʏч алгандыктан эли муну тыюуга кʏрɵшʏп келет. 

Андорра

Тарыхта дээрлик бардык мамлекеттер согушкан деп айта турган болсок Андорра бул тизмеге кирбей калышы мʏмкʏн. 1933-34-жылдары шайлоо укугун чектɵɵгɵ байланыштуу баш аламандыктар катталганы менен козголоўго айланып кʏчɵп кеткен эмес. Экинчи дʏйнɵлʏк согуш учурунда Андорранын аймагында испан жана француз чакан аскер бɵлʏктɵрʏ болгон, бирок мамлекет ɵзʏ катышкан эмес.

Ватикан

Ватиканда 1970-жылга чейин куралдуу кʏчтɵрдʏн 4 чоў гвардиясы болгон. Кийин Рим папасы Павел VI куралдуу кʏчтɵргɵ реформа жʏргʏзʏп, гвардиянын 3 тʏрʏн жок кылып, мамлекетти коргоо ʏчʏн тʏзʏлгɵн Швейцариялык гвардияны гана калтырган. 2002-жылы Иоанн Павел II дагы бир жок болгон гвардиясын калыбына келтирген, бирок азыр ал полициянын функциясын гана аткарып, куралдуу кʏчтɵрдʏн курамына кирбейт. Ватикандын армиясы согуштук аракеттерге эч качан катышкан эмес.

Австралия

Болжол менен 300 жыл мурун ачылган континентке британиялыктар туткундарын оор жумуш ʏчʏн сʏргʏнгɵ айдашкан. Ошол туткундар азыркы кʏчтʏʏ австралиялыктардын тʏптɵлʏшʏнɵ негиз болгон. Бʏткʏл Европага барабар аймакта азыр 25 миллиондон ашуун адам жашайт. Австралияда эч качан согуш болгон эмес. Учурда Австралиянын куралдуу кʏчтɵрʏ тынчтык орнотуу операцияларына жана аскердик чыр-чатактарга катышат, бирок ɵздɵрʏнʏн аймагында эмес.

Мальта

Жер Ортолук деўизи аркылуу Европага, Африкага жана Азияга маанилʏʏ стратегиялык жолдордун борборунда жайгашкан мамлекет. Узак убакыт бою Мальта Улуу Британиянын курамында болгон. 1964-жылы мальталыктар корольдуктан чыгып, эгемендʏʏлʏккɵ ээ болушкан. Учурда аралдын куралдуу кʏчтɵрʏ баўгизат сатуучуларга, терроризмге, мыйзамсыз иммигранттарга жана браконьерлерге каршы кʏрɵшʏп, деўиздеги куткаруу операцияларына гана катышышат. Экинчи дʏйнɵлʏк согушка катышкан ɵлкɵлɵрдʏн тизмесине Мальта кирбейт. 

Исландия

Исландия эў тынч мамлекеттердин тизмесин толуктайт. Миў жылдык тарыхы бар экенине карабастан, ɵлкɵ эгемендʏʏлʏктʏ 1944-жылы гана алган. Ошондон бери ɵлкɵнʏн армиясы, деўиз флоту, аба кʏчтɵрʏ жок. Жалгыз куралдуу кʏчтɵр — жээкти кайтаруучулар болуп саналат. Исландия тарыхында башка мамлекетке эч качан согуш жарыялаган эмес. Бʏгʏнкʏ кʏндɵ бул дʏйнɵдɵгʏ эў коопсуз ɵлкɵ.

 Айжылдыз Тойчиева