27 апреля, 2024

Иброхимбек Ахмедов:

“АМЕРИКАГА БАРУУНУН КƟПТƟГƟН АКЫСЫЗ ЖОЛДОРУ БАР”

Чет тилдерин билʏʏ учурдун талабына айланганы анык. “Канча тил билсең, ошончо адамсың” деп коюшат эмеспи. Тагыраагы, тилди канчалык эрте ʏйрɵнсɵң, ийгилик да сага эрте жылмаярын бʏгʏнкʏ каарманыбыз Иброхимбек Ахмедов далилдеп тургандай. Ал учурда Америкада магистратурага окууга кабыл алынып, жɵнɵп кетʏʏ алдында турат. “Англис тилин мектеп жашына чейин эле ɵз алдынча мультфильмдерди кɵрʏп, ʏйрɵнʏп алган” деди небересинин ийгилигине кубанган таенеси. Каарманыбыз бул жана башка кызыктары, чет ɵлкɵгɵ окууга тапшыруу тууралуу ой бɵлʏштʏ.

“Эл аралык стипендияга ээ болдум”

-15-октябрда 1999-жылы Ош шаарында тɵрɵлгɵм. Шаарыбыздагы “Олимп” мектебинде билим алдым. Англис тилин кичинекейимден тарта эле ɵздɵштʏрɵ баштагандыктан, мектепте тил жаатында алдыда болдум жана бул мага кɵп ийгиликтерге эшик ачты. Айтсам, 2016-жылы шаардык жана облустук англис тил олимпиадасынан 1-орунду ээлегем. Ал эми 2017-2021-жылдары Борбордук Азиядагы Америка университетинде бизнес башкаруу бɵлʏмʏн бʏтʏрдʏм. Университетке тапшырганда USCAEF программасынан 4 жыл бою 100% гранттык негизде окууга мʏмкʏнчʏлʏк алып, стипендияга ээ болгом.

Учурда 2023-жылдын январынан 2024-жылдын декабрь айына чейин Американын Пенсильвания штатындагы Gannon университетинде магистр илимий даражасында окууну улантуу алдында турам. Мында окуу акысын тɵлɵɵ ʏчʏн 10,000 АКШ долларлык эл аралык студенттерге арналган сыйлыкка татыдым.

“Америкалык ʏй-бʏлɵ менен бир жыл жашадым”

-Буга чейин 2016-2017-жылдары мектеп окуучуларына арналган FLEX деп аталган программага катышып, Америкада бир жыл башка ʏй-бʏлɵ менен жашап, Техас штатында мектепте окуп келгенмин. Программанын шартына ылайык, бардык чыгымдарды АКШнын мамлекеттик департаменти тɵлɵп берген. Бул менин Америкага болгон биринчи сапарым болчу.

 2017-2018-жылдары жай айларында Америкада студенттер ʏчʏн жумуш жана саякат программасы аркылуу Нью-Йорк штатында жʏрʏп келдим. Анда Монток деп аталган шаарында жашап, иштедим. Шаар абдан кооз, Американын бай адамдары эс алган курорт шаарчасы. Ал шаарды Американын жарандары «Монток — дʏйнɵнʏн акыры» деп аташат, себеби бул аралдын жана Нью-Йорк штатынын эң чыгыш чекити.

2017-жылы иштеген акчама ʏй-бʏлɵм менен Таиланд мамлекетине саякатка барып келдик. Ал биз жашаган ɵлкɵдɵн такыр башкача экен. Башкысы менин ʏй-бʏлɵм саякаттан абдан ыраазы болду. Алар жергиликтʏʏ тамак-аштардан экзотикалык мɵмɵ-жемиштерди жана суусундуктардан ырахаттанып, декабрь айында кʏнɵстʏʏ пляждарда жакшы эс алышты.

“Саякаттоо — жаңы билимдерди алуунун эң натыйжалуу жолу”

-2022-жылы жакын досторум менен Вьетнам мамлекетинин Нячанг шаарына саякатка барып келдик. Шаар борбор шаары Ханойдон 1300 км аралыкта жайгашкан. Туристтер кɵп барган шаар. Октябрь-декабрь айларынын аягына чейин жамгыр кɵп жаап, калган учурда дайыма ысык аба ырайы кʏтʏлɵт экен. Мектептери 12 жылдык, 5-класска чейин милдеттʏʏ тʏрдɵ акысыз окутулса, 6-класстан тарта ата-энелер жана мамлекет тең каржылап балдардын билим алуусун камсыздашат. Тамак-аш, мɵмɵ-жемиш арзан баада. Мангонун 1 кг 1 доллар турса, 1 кг кургатылганы 400 сомго бааланат. Жɵɵ жʏрʏʏнʏ биринчи орунга койгон эл. Кɵчɵдɵ жол чырак кɵрбɵйсʏң, унаалар эркин жʏрʏшɵт, ошол эле учурда жол эрежелерин так сакташат.

Мени таң калтырганы мусанг деген кушка тʏрдʏʏ мɵмɵ-жемиштерди, кофе дарагынын мɵмɵсʏн жедиришип, анын ичи ɵтʏшʏн кʏтʏшɵт. Куштан чыккан кофе уругу дʏйнɵдɵгʏ эң кымбат кофе деп саналып, килограммы 250 доллардан 1020 долларга чейин сатылат экен. Биз ал жактан кɵп жаңы тажрыйба алдык, жергиликтʏʏ маданият менен тааныштык. Биз кʏрʏч жана кофе плантацияларында болдук, ар кайсы аралдарга сʏзʏп бардык, ал тургай, аллигатор менен жыландын этин да татып кɵрдʏк. Менин оюмча, саякаттоо — бул жаңы билимдерди алуунун жана жашооңузду тʏстʏʏ кылуунун эң натыйжалуу жолу.

“Виза алуунун эң оңой жолу алмашуу программаларына кайрылуу же университеттерге тапшыруу”

— Кɵптɵгɵн жаштар Америкага баргысы келишет эмеспи. Америкага виза алуунун эң оңой жолу – алмашуу программаларына кайрылуу же университеттерге тапшыруу. Жɵн гана акча тɵлɵй ала турган программалар бар, бирок алар абдан кымбат. Мен да кичинекей кезимден бери Америкага барууну кыялданчумун, бирок акчам жетишсиз экенин тʏшʏнчʏмʏн. Мындан улам ар кандай жолдорду издей баштадым. Америкага баруунун кɵптɵгɵн акысыз жолдору бар экен, ошол эле учурда алардан ɵтʏʏ ʏчʏн кɵп окуу талап кылынат. Мектеп окуучулары ʏчʏн жогоруда белгилеген FLEX деп аталган толук демɵɵрчʏлʏк программасы бар. Студенттер ʏчʏн, эгерде сиз жакшы бааларга окусаңыз, университетте окуу акысын тɵлɵй турган кɵптɵгɵн акысыз программалар бар. Мисалы, окугуңуз келген каалаган университеттин веб-сайтында каржылык колдоо алуу, стипендияга тапшыруу мʏмкʏнчʏлʏгʏ бар, сиз бул теманы ɵз алдынча тереңирээк изилдешиңиз керек же студенттерге Америкада билим алууга жардам берген ар кандай жергиликтʏʏ агенттиктерге кайрылсаңыз болот.

“Ар бир ʏйрɵнгɵн тил жаңы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачат”

-Заманбап дʏйнɵдɵ чет тилдерин билʏʏ абдан маанилʏʏ. Жок дегенде ар бир адам англис тилин ʏйрɵнʏшʏ керек, анткени ал дʏйнɵ жʏзʏ боюнча эң популярдуу тил. Жаны тилди ʏйрɵнгɵнʏңʏздɵ, ал сизге жаңы горизонт ачат жана жаңы саякат, эмгек маянасы жакшы жумушта иштɵɵ мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн берет. Учурда орус, ɵзбек, кыргыз, англис жана испан тилдерин билем, бирок келечекте дагы жаңы тилдерди ʏйрɵнʏʏнʏ пландап жатам.

Жаңы тилди ʏйрɵнʏʏ ʏчʏн мектеп же тил ʏйрɵнʏʏ курстарга баруу керек же жетиштʏʏ тартип, кɵзɵмɵл болсо, аларды ʏйдɵн интернеттен ʏйрɵнʏʏгɵ деле азыр шарттар, мʏмкʏнчʏлʏктɵр бар эмеспи.

Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуганымдын себеби, алардын диплому Америка Кошмо Штаттарында кабыл алынган жана окутуу толугу менен англис тилинде жʏргʏзʏлɵт. Кадимки кыргыз университетиндей эмес, билим берʏʏ системасы башкача. Студенттер окугусу келген сабактарды, сабакка качан келе турган кʏнʏн жана убактысын жана окутуучу профессорлорду ɵздɵрʏ тандай алышат. Университетте атмосфера уникалдуу, кызыктуу окуялар кɵп жана ар кайсы ɵлкɵлɵрдɵн келген кɵптɵгɵн чет элдик студенттер менен тааныша аласыз. Мындан тышкары бул сизге Кыргызстанда же чет ɵлкɵдɵ жакшы жумуш табууга жакшы мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ ачат. Ал эми Америкадагы университетти тандоону досум сунуштады. Мага жаңы магистрдик адистигим жана университеттин ɵзʏ жакты. Менин оюмча бул менин келечектеги карьерамдын жакшы башталышы болот. Буюрса, бир айдан кийин ал жерде окууну баштайм жана баары кандай болорун кɵрɵм.

Жумагʏл Кочкорбай кызы