6 июля, 2025

АЛТЫН АЯР МАМИЛЕНИ АРДАКТАЙТ

Эмне ʏчʏн мамлекеттер алтын резервин жыйнайт? Алтын резервин кайсы жерде сактайт жана бул резервге салынган кымбат баалуу металл канчалык ишенимдʏʏ?

“Алтын каерде? Жʏр, кɵрсɵтɵсʏң…!” Мындай сунушту “Свой среди чужих, чужой среди своих” фильминин каарманы Егор Шилов татар Каюмга револьверди   багыттап турган абалда кийирет. Ушуга окшоп кеткен сюжет азыркы тапта АКШда жʏз берип, мамлекетти башкаруунун натыйжалуугу департаментинин башчысы Илон Маск ушундай эле комиссардык сʏрмɵлʏк менен дээрлик жарымы америкалык аскердик база Форт-Нокста жатууга тийиш болгон ɵлкɵнʏн алтын запасы кемиген-кемибегенин, уурдалган-уурдалбаганын аныктоого киришти.

Мамрезервдин кол тийбес абалда  жатканынан кʏмɵн саноо Маскта соцтʏйʏндɵн ага даректелген билдирʏʏдɵн кийин пайда болду. Аны  республикачы-конрессмен Рэнд Пол колдоп чыкты: “Менимче, жолдош Маск, эл байлыгын териштирип коюу жаман болбойт. Кɵрсɵ, алтын запасын кɵптɵн бери эч ким текшербептир. Аны акыркы жолу аудиттен мындан элʏʏ жыл илгери, 1974-жылы ɵткɵрʏшкɵн экен”. Демилгени Трамп колдоого алды. Азырынча текшерʏʏʏ жʏрʏп жатат. Келгиле эмесе, азыркы замандын мамлекеттери ушул биздин, биткоиндер жана “Мир” пластик карталарынын кылымында алтын запастарын эмне ʏчʏн даярдашат жана  бул байлык тʏрдʏʏ ɵлкɵлɵрдɵ кандай ɵлчɵмдɵ чогултулган жана каерде сакталарын териштирип кɵрɵлʏ.

Жʏз жыл аралыгында алтын дээрлик 150 эсеге кымбаттаган. Ушунун ɵзʏ эле эмне ʏчʏн мамлекеттер бош каражаттарды дал ушул активге салууну кɵшɵрɵ улантып атканына бир жооп болуп тʏшɵɵрʏндɵ шек жок. Троя унциясынын (тʏстʏʏ металлдардын ɵлчɵм бирдиги, болжол менен 31,1 граммга барабар) расмий наркы  ɵткɵн кылымдын 20-жылдарында 20,7 доллар болсо, дал азыр 3000 долларга жетти. Инфляцияга жана чайпалууларга карата туруктуулугу аркылуу алтын корунун курсу акыркы мезгилдерде расписание боюнча жʏз берип жаткансыган саясий жана экономикалык кризистердин маалында эң ишенимдʏʏ гавань болуп кызмат кылууда.

Бир канча жʏз жылдыктар бою алтын жакшы кадыр-баркы жана албетте, физикалык-химиялык мыкты сапаттары, ошондой эле кɵлɵмʏнʏн табигый чектелʏʏлʏгʏ аркылуу ɵзʏн эң сонун тɵлɵм каражаты катары кɵрсɵтɵ алды.

Адамзаттын анча деле узун эмес тарыхында болгону 215 миң тонна алтын жарыкка чыккан. Жер астында жаткан кору, чалгындоо маалыматтарына караганда 60 миң гана тоннаны тʏзɵт жана адистердин эсеби боюнча бул кɵлɵм жакынкы жыйырма, балким андан да азыраак убакытта казылып алынат. Алтын казып алуу боюнча лидерлердин катарында Кытай (дʏйнɵлʏк кɵлɵмдʏн 10 пайызы), Австралия жана Россия турат. Албетте, геологдор алтындын дагы жаңы корун таап калуусу мʏмкʏн экендигин жана “алтын  кылымдын” бир аз узара тʏшʏʏ ыктымалдуулугун да жокко чыгарууга болбойт.

Албетте, казылып алынган алтындын баары эле борбордук банктарга тʏшпɵйт. Жарымынан азыраагы зер буюмдарын жасоого, бир бɵлʏгʏ ɵнɵр жайлык ɵндʏрʏштɵргɵ (электроника, аэрокосмикалык тармак), медицинага жумшалат же  инвестиция жана жеке салымдар каражаты катары ачык сатууга чыгарылат. 20 пайызынын тегерегинде гана ар тʏрдʏʏ мамлекеттердин мамрезервдерин толуктоого сарпталат. Мамлекеттер ликвиддʏʏ бул металлдын корун каржылык туруктуулуту жана ɵз экономикасына карата инвнесторлор менен эл аралык ɵнɵктɵштɵр тарабынан болгон ишенимди камсыздоо ʏчʏн кармайт. Анткени форс-мажор учурларында алтын корунун бир бɵлʏгʏн сатууга, карызды кайтарууга же  мамлекеттин негизги муктаждыктарын жабууга болот. Россиянын тарыхынан алынган мисалдар буга кʏбɵ ɵтɵт. Россияда алтын кору он тогузунчу кылымдын 60-жылдарында калыптана баштап, биринчи дʏйнɵлʏк согушка чейин эле, тактап айтканда 1913-жылдагы эсеп боюнча ал 1310 тоннага жеткен. Биринчи дʏйнɵлʏк согуш анан революция Россиянын казынасын какшытып, алтын корун да жеп кеткен. Советтик Россиянын мамлекеттик курулушунун алгачкы этаптарында байманалуу алтын корун большевиктер ɵтɵ эптʏʏ пайдаланышканы жана кɵптɵгɵн кыйынчылыктардан чыгып кетишкени тарыхта жазылуу.

Борбордук банктар алтынды куймалар тʏрʏндɵ, болгондо да жɵнɵкɵй ыкма менен эмес, эл аралык стандартка ылайык куюлган формасында сатып алышат. Мындай куйма адатта 400 троя унциясына (12,4 кг) барабар болуп, бирок 350дɵн 450 унцияга чейинки термелʏʏлɵргɵ жол берилет. Алтындын сын ташы (пробасы) 995 тен кем болбоого тийиш. Азыркы убакта алтын корунун кɵлɵмʏ боюнча АКШ биринчи орунда турат( 8133 тонна). 3352 тонна менен Германия экинчи, 2452 тонна менен Италия ʏчʏнчʏ орунду ээлейт. Россиянын алтын кору 2336, Кытайдыкы 2336 тонна.

Алтындын жакшы репутациясына дʏйнɵнʏн жетектɵɵчʏ валюталары бир убактарда алтын менен камсыздалганы да олуттуу таасир берген. Акча массасынын кɵлɵмʏ мамлекеттин алтын коруна байланган. Кагаз акчаларды да каалоо болсо алтын монеталарга же куймаларга алмаштырууга мʏмкʏн болгон.

Британдык фунт-стерлинг дээрлик жʏз жыл бою ( 1821-1914-жж) чектɵɵсʏз алтын менен конверттелип жана дʏйнɵнʏ башкы резервдик валютасы  болуп келди. 1897-жылдан баштап орус рубли да алтынга байланып баштаган. Бирок дʏйнɵлʏк согуштун башталышынан кийин кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵр “алтын стандарттан” баш тартышкан. Албетте, анын ɵз плюстары болгон: валютаны физикалык алтынга байлоо экономиканы кɵбʏрɵɵк стабилдʏʏ жана азыраак инфляциялуу кылат. Анткени ɵкмɵттʏн акчаны каалаган ɵлчɵмдɵ басып чыгаруусуна чектɵɵ киргизет. Бирок минустары да бар: акча массасынын дефицити экономиканы тормоздойт жана ɵндʏрʏш ыргагында басаңдоо жаралат.

Америка долларын алтынга байлоо доору да аз эмес убакытка созулган. 1944-жылы “алтын — доллар” стандарты бекитилип, 44 ɵлкɵнʏн валютасы долларга, а доллар алтынга катуу байланган. Болгондо да баа фиксациялаштырылган-троя унциясы 35 доллар. Бул алтын стандарты 1971-жылы алынып салынган.

Маск териштирмекчи болуп жаткан Форт-Нокстагы обьект ɵтɵ тыкыр кайтарууга алынып келингени белгилʏʏ. Маалымат каражаттары жазгандай, анын брондолгон эшиги  эле  жети кабаттуу болоттон жасалып, салмагы 22 тоннаны тʏзɵт. Ачкычынын кодун бир нече адам гана билет, болгондо алардын ар бирине жалпы цифранын бири гана таандык болуп, эшикти барын бирге чогултуу аркылуу гана ачууга мʏмкʏн. Форт-Нокстагы корду толугу менен текшерʏʏ акыркы жолу 1947-жылы болуп, жарым-жартылай аудит 1974-жылы, башкача айтканда мындан элʏʏ жыл мурда жʏргʏзʏлгɵн. Мынчалык аралыкта ар нерселер болуп ɵтʏʏсʏ мʏмкʏн дешет конспирологдор. Ал турсун, ал жакта азыр алтындын жыты да жок деген ʏндɵр да чыгууда.

Абдираим МАМЫТОВ

About The Author