Арыбаңыз, окурман! Бул жолку журтташыбыз океандын тээ ары жагындагы курорттук аймак аталган Хорватияда ʏй-бʏлɵсʏ, балдары менен жашайт. Ал жакка кантип барганы сизди да кызыктырып жаткан болсо ушул жерде калыңыз.
Надырбек кызы Жайнагʏл:

-Жайнагʏл айым, Хорватияга жол эмнеден башталды? Кантип барып калдыңар?
-Хорватияга жолдошум орус улутундагы таанышы аркылуу келген. Чет жерге барып иштеп келсем деп жʏрʏп, насип кылган экен ʏй-бʏлɵбʏз менен келип калдык. Кыргызстанда мен ʏйдɵ балдар менен, жолдошум кʏндʏзʏ жумушта, кечинде такси кылып жʏрдʏ. Биз ʏйдɵ улуусу болгондуктан там салып бɵлʏнʏп чыктык. Ошол кем-карчты толуктайлы, шарт тʏзɵлʏ деген аракеттер тʏрткʏ болду окшойт.
-Мигранттар ʏчʏн кандай келишимдер бар, тʏзʏлгɵн шарттары?
-Жолдошумдун эмгек келишими бар. Шарттары жакшы, айлык акы жогору. Иш убактысы 8 саат. Жатакана менен камсыздайт. Биз жашаган батирдин акысын фирма тɵлɵйт. Биз кийимдерибиз менен эле келгенбиз. Калганынын баарын фирма камсыз кылды.
“Балдарыбыз акысыз окушат”
-Бул жакка келгендеги биринчи максатыбыз – балдарды ушул жактан окутуу. Мага Хорватиянын билим берʏʏ системасы жакты. Быйыл улуу балабыз мектепке барышы керек. Кыргызстанда жеке менчик мектептердин бир жылдык келишими 3000 доллардан башталат экен. Бул эми Тʏрк лицей, америкалык мектептин баасы. Баарыбыз эле балдарыбыз жакшы мектепке окуса экен деп аракет кылабыз да. Ошол мектептер окуткан билимди бул жактан бекер окушат. Ал арада бизге да жакшы. Иштегенче эл-жер кɵрɵбʏз деп жакшы ниет, максат коюп келгенбиз.
-ʏй-бʏлɵ менен барып иштɵɵ, балдарды бакча, мектепке жайгаштыруу кɵп ɵлкɵлɵрдɵ кыйын же мʏмкʏн эмес дешет го, Хорватияда кандай?
-Бизге азырынча ыңгайлуу эле. Бала бакчага келишим тʏзʏп койдук. Бул жакта билим берʏʏ мекемелеринин баары сентябрдан кабыл алат экен. Бала окуу программасынын ортосунан кошула албайт. Быйыл сентябрга жетишпей калдык. Буюрса жаңы окуу жылынан улуу уулубуз мектепке, кичʏʏбʏз бакчага бара башташат. Жайгаштырууга келсек кыйын эмес. Бала бакчалар кенен. Ашып кетсе бир тайпада 15 бала окуйт экен. Хорватиянын эли аз, тɵрɵт аз деген проблемалары бар. Ошол ʏчʏнбʏ оңой эле келишим тʏзɵ алдык.

“Шаардын борборунда жалаң эски имараттар”
-Хорватиянын аба ырайы сонун. Кыш дээрлик болбойт, биздегидей кар жаабайт. Мени эң таң калтырганы эгин талаалары болду. Суу ɵтɵ турган арык жок, бирок бардык нерсе ɵсɵт. Эгин жамгырдын суусу менен эле бышат экен. Кээ бир жерлерин Кыргызстанга окшотом. Жери кенен, суусу таза. Жашоого ыңгайлуу, коопсуз ɵлкɵ деп айта алам. Башында башкача элестетип келгенмин. Эки кабат автобустар, кооз-кооз имараттар болсо, автобустун экинчи кабатына чыгып шаар кыдырсам деп кыялданып алыптырмын. Баары башкача болду. Шаардын борборунда жалаң эски имараттар экен. Кандай калган болсо, ошол бойдон сакталып турат. Жаңы курулган имараттар шаардын четтеринде.
-Хорватияда кыргыздар ɵтɵ аз деп угам. Кыргыздар жок, тааныштары жок жерде жашоо кандай экен?
-Башында кызыктай эле сезимдер болгон. Ɵзʏм жалгыз кɵчɵгɵ чыкпай жолдошумду кʏтɵт элем. Кыргызстанга чалып бугумду чыгарып жʏрдʏм. Азыр эми кɵнʏп калдык. Адамдар менен аралашып кадимкидей эле жʏрɵбʏз. Жеке мага тааныш жоктугу сезилбей эле. Бирɵɵ не дейт дебейсиң. Каалаганыңды кийип, каалагандай сʏйлɵйсʏң. Англис тилин да катасына карабай сʏйлɵй бересиң дегендей (кʏлʏп).

Хорватияда кʏн берекелʏʏ. Себеби…
-Хорваттарда тартип бар. Жумуш таңкы 6да башталып, тʏшкʏ 2де бʏтɵт. Кʏн берекелʏʏ. 2 ден кийин да бир канча жумуш бʏтʏрсɵң болот. А кечинде кечки 9дан кийин кɵчɵдɵн бир жан таппайсың. Эрте жатып, эрте турушат. Бала бакчалар да таңкы 5:30 дан баштап иштейт. Сонунбу? Анан дагы баары шайыр. Тааныбаса деле саламдаша беришет, илгерки кыргыздарга окшоп.
“Хорватияда эч качан кɵйгɵй айтпаш керек. Бир жолу…”
-Дагы кандай ɵзгɵчɵлʏктɵрʏ байкалды?
-Эч шашпаган калк. Суроо берсең кенен, сонун тʏшʏндʏрʏп беришет. Тааныбаса деле кɵңʏл бурат, убакыт бɵлɵт. Дайыма жардам берʏʏгɵ даяр. Анан эч качан кɵйгɵйʏн айтышпайт экен. Биринчи келгенде кошуналар “кɵнʏп калдыңарбы, бул жак жактыбы” деп сураса, “бир аз кɵнɵ албай жатабыз” десем аябай кɵңʏл айтып, акча беришкен. Ошондон кийин айтпай турган болдум (кʏлʏп).
-Айтмакчы, тили жɵнʏндɵ айтчы?
-Хорват тилинде сʏйлɵшɵт. Англис тили экинчи тили. Дээрлик баары эле эки тилди тең билишет. Хорват тили курама тил десем да болот. Орус, италиян, немец, тʏрк тилдеринен сɵздɵр бар. Орус тилин билген адам жакшы маани берип укса, же окуса 30 % тʏшʏнɵт. Сʏйлɵɵ дикциялары италияндарга окшош. Хорватияга келгиси келгендер англис тилин билип келсе кыйналбайт.
-Башка элдин ɵкʏлдɵрʏнɵ кандай мамиле жасашат?
-Хорватияда 90% хорваттар жашайт. Чет жактан келгениң билинип калат. Мигранттарга жакшы мамиле кылышат. Себеби, ɵздɵрʏ Германия, Австралия, Францияга барып иштешет. Эл аз, жумуш орун кɵп.
“Хорватияда 1-2 жылда байыса болбойт”
-Хорватияда иштеп байыса болобу?
-Хорваттар ʏчʏн Хорватиянын айлыгы аз. Келип эле 1-2 жылда байыса болбойт. Айлык акырын кɵтɵрʏлɵт. Иштеп аткан фирмага байланыштуу. Бул жакта баары эле кымбат. Азык-тʏлʏк, батир, коммуналдык кызмат анан да медицина кымбат. Биз келип эле бир адамга 1000 евродон медициналык камсыздандыруу акысын тɵлɵдʏк. Бул бир жылга. Андан сырткары айына сомго 12000ден 36000 тɵлɵйбʏз. Ооруйсуңбу, оорубайсыңбы тɵлɵшʏң керек. А жолдошумдун бардык чыгашаларын фирма тɵлɵйт. Ошол ʏчʏн келишимге жараша же байыйт же бир аз иштерин бʏтʏрʏп алгыдай акча иштеп кетет.

“…Балдарынын эң таттуу, жыттуу мезгилин ɵткɵрʏп жиберди деп ичим ачышат”
-Балдарын Кыргызстанга калтырып миграцияда жʏргɵн ата-энелерге ʏлгʏ боло аласыңар деп ойлойм. Балдар менен сапарга чыгуу, башка ɵлкɵдɵ да ʏйдɵгʏдɵй атасынын жумуштан келʏʏсʏн кʏтʏп бактылуу, тынч жашоо керемет болсо керек. Балдар жаныңда кɵңʏл ток дегендей.
-Баланын эсинде тʏрдʏʏ тамак, оюнчук же башка нерсе эмес, чогуу ɵткɵргɵн убакыттар калат жана бактылуу кылат. Менин балдарым да эки жылдай атасын кɵрʏшкɵн жок. Атасына ичим ачышат. Балдарынын эң таттуу, жыттуу мезгилин ɵткɵрʏп жиберди деп. Бирок азыр шʏгʏр, жумуштан келишин кʏтʏп, сʏйʏнʏп жʏрɵбʏз. Таңкы 6да жумушка кетип, тʏшкʏ 2де келип калат. Бизге кенен убакыт жетет. Балдар оорубаса , ʏй-бʏлɵбʏз тынч болсо, жакындарыбыз аман болсо ошол бакыт мен ʏчʏн. Кудайга шʏгʏр.
“Ден соолукка ɵтɵ жоопкерчилик менен карашат”
-Тыйындын экинчи тарабын айтып берчи Хорватия жɵнʏндɵ?
-Мага жакпаган жактары да бар. Мисалы, ооруп калып тез жардам чакырсаң акча тɵлɵйсʏң. Сени ɵзʏңдʏн врачыңдан башка эч ким карабайт. Эгер врачың эрте менен иштесе, сен тʏнʏ ооруп калсаң таң атышын кʏтʏш керек. Болбосо акча тɵлɵш керек. Дарыканада врачтын кɵзɵмɵлʏсʏз дары сатпайт. Азык-тʏлʏк кымбат. Айлыгыңдын 3тɵн бир бɵлʏгʏ тамак-ашка кетет. Кɵчɵдɵ биздегидей автобус, маршруттар жок. Машинаң болбосо кыйын эле болот. Кɵпчʏлʏк велосипед менен жумушка барышат.
“Хорватияда баары бар, бирок Кыргызстанда жыргал”
-Эми Кыргызстан жɵнʏндɵ кеп кылсак?
-Кыргызстанда жеке бакчаларга берип жумушуңду жасай бересиң. Бул жакта бардык жерде сентябрь айында гана кабыл алат. Анан мамлекеттик бакчаларга да жакшы эле суммада акча тɵлɵшɵт экен. Бул жагынан алганда Кыргызстанда бир кыйла ыңгайлуу. Менден кай жакта жашайсың десе Кыргызстандан ɵткɵн ыңгайлуу ɵлкɵ жок деп айтар элем. Себеби бардык нерсеге каалаган убакта кол жеткирʏʏ мʏмкʏн. Мисалы, кɵчɵгɵ чыксаң баарын таба аласың. Жеке мектеп, жеке бакчаларга окутсаң болот. Бул жакта жекшемби кʏнʏ таптакыр эч жер иштебейт. Кыргызстанда эле жыргал. Айлыгы жакшы иш орундары кɵбɵйсɵ андан да сонун болмок.
Маматали кызы Бʏкалча
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы