20 августа, 2025

СООДА СОГУШУ — СООЛУКТУРУУГА ЖАСАЛГАН КАДАМ

АКШ президенти Дональд Трамптын импортко “жооп тарифи” дʏйнɵлʏк ызы-чууну жаратып жаткан кадам катары каралууда. Вашингтон жарыялаган “соода согушунун” негативдʏʏ акыбеттери жана ага жооп чаралары жагдайында Европада да, Азияда да даярдалып жатканы маалымдалууда. Эмне дейбиз, жалпы эле экономиканын негизги мыйзам ченемдʏʏлʏгʏнʏн эле алкагында ɵтʏп жаткан бул процессти АКШ экономикасы ʏчʏн сонуркоо эмес, балким, анын кʏʏсʏ менен кыйла эле абарманданып кеткен айрым ɵлкɵлɵрдʏ соолуктуруп коюу максатын кɵздɵп жаткандыр.

Башкасын кой, АКШнын айрым союздаштары ʏчʏн деле бул тариф такыр кʏтʏлбɵгɵн окуя болгону жашыруун эмес. Жалпысынан алганда азыр Трампта кеңеше турган деле союздаштар жок да, андайга убакыт деле жок деп айтса болот. “Темирди кызуусунда согуп” калуу керек. Трамптын жаңы тарифтери  дʏйнɵнʏн бардык ɵлкɵлɵрʏнɵ карата колдонулат. Ырас, ал базалык кейпинде минималдуу  эле. Импорттун бзалык пошлинасы АКШда 10 пайыз. Айрым алынган ɵлкɵлɵр ʏчʏн жогорураак тарифтер колдонулат. Алсак, Кытайга 34, Еаробиримдик ɵлкɵлɵрʏнɵ 20, Японияга 24, Индияга 26 пайыз. Ошентип, Трамп  бʏткʏл дʏйнɵгɵ соода согушун жарыялады. Ал эмне менен жана качан аяктаары азырынча белгисиз. Бирок бул кадамды бир полярдуу дʏйнɵнʏн биротоло бʏтʏшʏнʏн башталышы катары сыпаттап жаткан эксперттер да жок эмес. Трамптын эсебинде,  соода барьерлери досторго да, кастарга да анын акчалай жана аймактык  талаптарына ийкемдʏʏлʏктʏ ашырууга тийиш. Бирок экономисттер мындан кийин баарына, анын ичинде америкалыктарга да жашоо бир кыйла татаалдашы мʏмкʏндʏгʏн эскертишет.

“Американын боштондук кʏнʏ” жана ушул аталган буйрукка кол коюлуп жатканда жарандарга кайрылуу жасап жаткан Трамп мынтип айтканы бир топ ойлорго жетелейт: “Бʏгʏн – боштондук кʏнʏ. Бул Америка тархындагы эң маанилʏʏ кʏндɵрдʏн бири, бул америкалык экономиканын кɵз карандысыздыгын кʏнʏ. Биз Американы кайрадан улуу жана бай ɵлкɵгɵ айландырабыз. Биздин ɵлкɵнʏ 50 жылдан ашык мезгилден бери тоноп бʏтʏштʏ, эми андай болбойт”. Жалпысынан бир дагы ɵлкɵ Американын товарларын сатып алууда бажы тɵлɵмʏнɵн качып кутула албайт. Анын базалык ставкасы 10 пайыз. Жалпы пошлина салыгы 5-апрелден жогорулатылып, 9-апрелден ишке киризилди.

Трамптын жаңы тарифи европалыктарга, ансыз деле Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясына байланышту эңшерилип турган экономикасына катуу таасир берип, ал турсун, рецессияга батырып коюусу да мʏмкʏн экендигин эксперттер  эскертишет. Буга чейин европалыктар биринен сала бири Вашингтонго чабарман жɵнɵтʏп тажагандай эле болушту окшойт. Бирок Евросоюз ɵлкɵлɵрʏндɵ бул ирет Трампка татыктуу жооп кайтарганга чарк-чама жетиштʏʏ дегендер да бар. Ал тургай Евросоюз “соода базукасына”, Америка менен Европанын экинчи жолку соода согушуна да шымаланып турат. Трамп ɵзʏнʏн биринчи мɵɵнɵтʏндɵ Европага чабуул жасаганы маалым. Деген менен экинчи соода согушунун масштабдуураак жʏрʏп кетʏʏ тобокелчилиги бар. Мурункусунда ага соода эски дʏйнɵгɵ Америкадан келʏʏчʏ товарлар ʏчʏн коюлган соода барьерлери жаккан эмес. Трамп бул ирет саясий максаттар ʏчʏн соода тарифи аркылуу кысым жасоого араекет кылууда. Ал Европаны аскердик коргонууга кетирип жаткан каражатын кɵбɵйтʏʏгɵ жана Гренландияны АКШга ɵткɵрʏп берʏʏгɵ мажбурлоого далаалаттанууда деген айрым эксперттик пикирлер бар. Трампка Марк Цукеберг жана Илон Маск сыяктуулар ээлеп турган америкалык бизнести жɵндɵп туруу аракетти жакпайт. Америкага америкалык компаниялар киреше борборуна айланган маалын кайтарууну каалайт. Ага кошумча Трамп соода претензияларынын тизмесин да кеңейтти. Эми аны европалык тариф катары эсептейт жана жооп кайтарууну талап кылуучу импорттук пошлинаны эле эмес Евробиримдик ɵлкɵлɵрʏндɵгʏ салыктарды да эсепке алган. Бул кырдаал Трамптын эсебинде америкалыктарга он пайыздан кем эмес ыктымалдуу коркунуч жаратуусу мʏмкʏн. Салыштыруу ʏчʏн белгилей кетсек, азыр эки тараптын тең тарифтик ставкалары бир пайызга гана жакын.

Европалык технологиялар товар жана кызмат кɵрсɵтʏʏ жагынан АКШ Европага андан кем эмес ɵлчɵмдɵ кɵз каранды. Башканы кой, долларды да америкалыктар европалык станоктордо басып чыгарышат. Учурдагы конфликт соода талашынын алкагынан бир кыйла алыска чыгып кетээри болжолдонууда. Евросоюз жана АКШ дʏйнɵдɵгʏ эки ири экономикалык субъекттерден. Ал эми алардын соодадагы ɵнɵктɵштʏгʏ жана ɵз ара инвестициялануусу жаатында бул ааламда аналог жок эсеби. “Биз биргеликте дʏйнɵлʏк сооданын дээрлик 30 пайызын камсыз кылабыз. Кʏндɵлʏк  товар жʏгʏртʏʏнʏн кɵлɵмʏ 4,5 миллиард долларга чабат. Биздин уникалдуу ɵнɵктɵштʏгʏбʏз Атлантиканын эки тарабына да пайда алып келет. Андан баары эле утушка ээ болот жана эч кандай адилетсиздик жок” — дейт соода еврокомиссары Марош Шефчович. Арийне, Трамптын эсеп-кысабы жана негизгиси болочок планы башка окшойт.

АКШ ɵкмɵтʏ Кытай товарларына 10 пайыз жаңы тариф киргизди. Пошлиналык жаңы тариф АКШга кирген аллюминий, болот сыяктуу товарларды камтыйт. “Америка соода-экономикалык мамилелерди саясатташтырып жана аскерлештирип жатат” деп белгиледи Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханькуэй. АКШнын соода министрлигинин маалыматтарына таянсак, ɵлкɵнʏн тышкы соодасындагы тартыштык 918,4 миллиард долларды тʏзɵт (импорттун кɵлɵмʏ экспортун кɵлɵмʏнɵн ошончо ашып тʏшɵт). Салык Фондунун болжолу боюнча жаңы тарифтик согуштун толкуну америкалык ʏй-бʏлɵлɵрдʏн бюджетин жыл сайын 1200 доллар кɵбɵйтʏп турууга жана жеке кирешенин кыскаруусуна  алып келет. Канада, Мексика жана Кытайдан келʏʏчʏ товарларга кошумча  тарифтер ушул эле жылы АКШда инфляцияны жогорулатып, экономикалык ɵсʏʏ ыргагын 1,2 пайызга тɵмɵндɵтɵт. Демек, Трамптын жаңы тарифинин азабын америкалыктар биринчи болуп ɵзʏлɵрʏ тартат.

Трамп баштаган соода согушу эмнеси менен кооптуу? Биринчиден, кɵп кырдуу эл аралык соода системасы олуттуу зыянга туш болот. Экинчиден,  тарифтик согуштун соккусунан кɵптɵгɵн ɵлкɵлɵр зыян тартат. Yчʏнчʏдɵн, глобалдык экономиканын ɵсʏʏсʏ тормоздолот. Эл аралык Валюта фонду дʏйнɵлʏк экономиканын ɵсʏʏ ыргагы 2025-жылы эле 0.3 пайызга тʏшʏп кетиши мʏмкʏн экендигин эскертет.

Абдираим МАМЫТОВ

About The Author