Адамдын ɵмʏр жолу анын ар бир кадамы, аракети менен жаралат. Аракеттин, изденʏʏнʏн арты менен адам ɵз кесибинин устасы болуп жетилет. Бирок ошол кесипти сʏйʏп, аны ɵмʏр бою ардактап иштɵɵ чыныгы берилип иштеген адамдарга гана таандык касиет. “Кесип” рубрикабызда бир тыйынга чейин издеткен кызыктуу кесип ээлери тууралуу сɵз кылмакчыбыз.
Алтынбек Мурзакасымов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы эсепчиси.
“Медик болууну кыялданар элем…”

Бухгалтерия тармагында 22 жылдан бери эмгектенем. Бала кезде медик болууну кыялданчумун. Тилекке каршы медициналык факультетке окууга ɵтпɵй калып, апамдын кеңеши менен Ош технологиялык университетинин экономика факультетинин “бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кесибин тандагам. Насип экен, медик болбосом да медицина тармагында бухгалтер катары ɵз ордумду таптым деп ойлойм.
“Эсеп мен ʏчʏн оюндай эле кызык”
Бардык эсепти туура чыгаруу, кокус кайсы бир жерде ката кетсе, ошол катаны издеп таап, тууралоо дагы оюн сыяктуу абдан кызыктуу. Негизи мектепте окуп жʏргɵндɵ эле математикага ɵзгɵчɵ кызыгат болчум. Азыркы ишимде ошол жɵндɵмʏм мага чоң жардам берип келет.
“Заманга жараша жаңы программалар менен иштɵɵ керек”
Учурда эсеп жʏргʏзʏʏ операциялары “Бухɵкмɵт” деп аталган жаңы программа менен ишке ашырылат. Бул система Кыргызстан боюнча киргизилип, былтыртан бери колдонулууда. Бирок программа толук кандуу ишке кире элек. Ошондуктан ишти ʏзгʏлтʏккɵ учуратпоо ʏчʏн азырынча 1С программасын да колдонуудабыз. 1С менен иштегенде конкреттʏʏ бир компьютерде олтуруп иштɵɵгɵ туура келет. Ал эми “Бухɵкмɵт” аркылуу интернет болгон ар кайсы жерден жеке паролуң менен кирип, ишиңди уланта аласың.
“Окутуулар жана кесиптик ɵнʏгʏʏ”
Бухгалтерлердин кесипкɵйлʏгʏн жогорулатуу ʏчʏн тез-тезден окутуулар уюштурулуп турат. Бул бизге ɵзгɵрʏп жаткан шарттарга ылайыкташа иштɵɵгɵ жардам берет. Учурда бухгалтерлер ʏчʏн 100% болбосо да 70% IT тармагын билʏʏ маанилʏʏ деп ойлойм.
“Жумуштан сырткары бал аарылары жана дыйканчылык менен алектенем”
Жумуштан сырткары бал аары багуу менен алектенем, бал челектерим бар. Аарыларга кам кɵрʏп, таза бал алууга аракет кылам. Айыл чарба, дыйканчылык да менин кызыккан тармактарымдын бири. Бош убактымда ушул жумуштар менен алектенʏʏ мага тынчтык жана кубаныч тартуулайт.
Маликахан Жумабаева, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык ɵзбек музыкалуу драма театрынын материалдык эсепчиси.
Бухгалтерияда 46 жыл

Мен алгачкы эмгек жолумду коомдук тамактануучу жайда эсепчи болуудан баштагам. Кийин облустук социалдык коргоо бɵлʏмʏндɵ иштедим. Бабур театрына материалдык бухгалтер болуп ишке келгениме 15 жылдан ашты. Жалпысынан алганда эсеп чɵйрɵсʏндɵ 46 жылдан бери ʏзгʏлтʏксʏз иштеп келе жатам.
“Мурда бардык иштер кол менен жасалчу”
1974-жылдары жаңыдан иштеп баштаганыбызда бардык иштер кол менен жасалчу. Убакыттын ɵтʏшʏ менен техника ɵнʏгʏп, электрондук форматка ɵтɵ баштадык. Ошентип жаңы программалар чыккан сайын окууга туура келчʏ. Бул процесс дагы деле тоутой элек. Кʏн сайын жаңыланууга карап кетʏʏдɵбʏз. Аларды ɵздɵштʏрʏʏдɵ жаш кесиптештерим дайым жардам беришет. Азыркы жаштардын ой жʏгʏртʏʏсʏ башкача, креативдʏʏ, заманбап, ар бири жогорку билимдʏʏ, жаңы программаларды оңой ɵздɵштʏрʏшɵт.
“Кесибиңди сʏйсɵң кыйынчылыгы да жеңил сезилет”
10-классты бʏткɵндɵн кийин, бухгалтердик кесипти тандап Бишкек шаарына окууга жɵнɵгɵм. Албетте эсеп иши да оңой эмес, кэээде эсептей берип чарчаган учурлар болот. Жаңылбас жаак, мʏдʏрʏлбɵс туяк болбойт демекчи адам жаңылышы мʏмкʏн, мен ойлойм жаңылышуу — бул ɵсʏʏ ʏчʏн мʏмкʏнчʏлʏк. Кетирген каталар аркылуу билимиңди тереңдетип, тактыкты ʏйрɵнɵсʏң. Ар бир иштин ɵзʏнɵ ылайык тʏйшʏгʏ бар, бирок кесибиңди сʏйсɵң кыйынчылыгы да жеңил сезилет.
Нарынбек Шералиев, Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунун башкы эсепчиси.
“Санариптештирʏʏнʏн алкагындагы ɵзгɵрʏʏлɵр ”

Кесибим боюнча 22 жылдан бери иштейм. Санариптешʏʏнʏн алкагында бухгалтерия тармагында да бир топ иштер жакшы жолго коюлган. Мисалы деген 1С программасынан сырткары 2024-жылдын январынан тарта “Бухɵкмɵт” онлайн программасы менен иштей баштадык. Аталган программанын жардамы менен каалаган жерде туруп, бухгалтерияга тиешелʏʏ маалыматтарды алса болот. Ошондой эле акча которууда мурда кагазга тɵлɵɵ тапшырмаларды жазып, жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлуп, андан кийин казына бɵлʏмʏнɵ алып барып ɵткɵрсɵк, азыр электрондук санариптик кол тамга менен кабинетте же болбосо интернет бар каалаган жерден акча которууларды жɵнɵткɵнгɵ мʏмкʏнчʏлʏк алганбыз. Бул нерсе биз ʏчʏн аябай ыңгайлуу, ашыкча кагаз которпостон жумушубузду бʏтʏрʏп алабыз. Азыркы учурда бул программа дагы модернизацияланууда. Ага ылайык мамлекеттик мʏлктʏ эсепке алуу да санариптештирилген. Бул программада мекеменин негизги каражаттары толугу менен эсепке алынат жана республика боюнча негизги каражаттардын саны, баасы боюнча маалымат базасы тʏзʏлгɵн. Мамлекеттик сатып алууларды жʏргʏзʏʏдɵ электрондук портал кызматы аркылуу толугу менен тʏз байланышсыз жана тез жумуштарды бʏтʏрʏʏгɵ мʏмкʏнчʏлʏк бар.
“Бир нɵлдɵн адашып сааттап издеген учурлар болот”
Жумушта ар кандай кызыктуу учурлар болот. Мисалы отчет чыгарууда бир нɵл ашыкча же кем болуп, компьютерде сандарды жазып жатканда 7 нин ордуна 4 басылып кеткен учурлар бар. Ошонун айынан эсеп чыкпай, сааттап издеген кʏндɵр болот.
“Жумуштан сырткары спорттун ар кандай тʏрлɵрʏнɵ кызыгам”
Эсеп-кысаптан сырткары бош убактымда спорт менен алектенем. Воллейбол, футбол, билярд жана башка спорт тʏрлɵрʏнɵ кызыгам. Дем алыш кʏндɵрʏ айылга барып, ата-энемен кабар алып, ʏй-бʏлɵмдʏн жанында болом.
Таңсулуу Сʏйʏнали кызы
Окшош макалалар
Генералдын Оштогу сапары: Криминалдар тыйылып, соттордун маянасы 300 миңден ашканы айтылды
Баткен окуясына 26 жыл: Эскерʏʏсʏз калган эрдик
Yч облус элин тейлеген онкологиялык борбордун стратегиясы