Ооруканын тарыхы
Ош шаарында жайгашкан балдардын жугуштуу оорулар стационары 1950-жылы курулган. Бул – союз мезгилинде республика боюнча балдардын жугуштуу ооруларын алдын алуу жана дарылоо ʏчʏн атайын тургузулган алгачкы оорукана болгон. Ошол учурларда Кыргызстанда медициналык кызматтарды ɵнʏктʏрʏʏгɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулуп, ири шаарларда адистештирилген ооруканалар ачылып жаткан. Алардын бири дал ушул стационар болгон.
Алгачкы жылдары оорукана 180 орунга ылайыкталып курулган. Ошол убакта ал облустук деңгээлдеги биринчи жугуштуу оорулар ооруканасы болуп эсептелген. Кийинчерээк шаардык оорукана макамын алган. Мында Ош шаары гана эмес, Кыргызстандын тʏштʏгʏнɵн келген бейтаптар да дарыланып келишет.
2023-жылдан тартып бул оорукана Ош облустук инфекциялык жугуштуу оорулар бɵлʏмʏ менен бириктирилип, кошумча 80 керебет берилди. Натыйжада, бʏгʏнкʏ кʏндɵ 260 орундуу ири стационар болуп, аймактагы эң чоң шаардык балдардын жугуштуу оорулар борборуна айланды.

Кесипке берилгендик
Стационардын бʏгʏнкʏ жʏзʏ – аны тʏзгɵн эмгекчил жамаат. Алардын катарында кɵп жылдан бери ʏзʏрлʏʏ иштеп келе жаткан дарыгер-инфекционист Кайрат Макамбаевич Абжалов бар. Ал бул кесипти 1993-жылдан бери аркалап келет.
Кайрат Абжалов Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктап, эмгек жолун Ош облустар аралык балдар ооруканасынын инфекциялык бɵлʏмʏндɵ врач-ординаторлуктан баштаган. Ошондон бери отуз жылга жакын убакыттан бери бир гана тармакта – инфекционист катары эмгектенип, миңдеген балдардын ɵмʏрʏн сактап калган дарыгер.
“Биз ʏчʏн эң чоң сыйлык – бейтаптын айыгып чыгып, ата-энесинин ыраазычылык билдиргени. Ошол учурлар ар дайым кʏч-кубат берет”, – дейт ал.
Кʏнʏмдʏк кʏрɵш
Ооруканада учурда 5 дарыгер, 12 медайым жана 11 кенже медайым эмгектенет. Бир бɵлʏмдʏн ɵзʏ 45 орунга ылайыкташкан, бирок оорулуу балдардын кɵптʏгʏнɵн бош орундар дээрлик болбойт.
Кʏндɵлʏк статистикада бул жердин оор тʏйшʏгʏн айкын кɵрсɵтɵт:
— суткасына 200гɵ жакын бала кайрылат;
— орточо эсеп менен 30–40 бейтап жаткырылат;
— жылына амбулатордук жана стационардык тʏрдɵ 20–25 миң бала дарыланат.
Оорукананын негизги багыты – ар кандай жугуштуу оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоо. Учурда кɵбʏнчɵ ич ɵткɵк жана сарык оорулары катталууда. Жайдын ысыгында тамак-аш тез бузулгандыктан ич ɵткɵк оорусу кʏчɵйт. Мындай учурда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо ɵзгɵчɵ маанилʏʏ. Ал эми кʏз-кыш мезгилинде курч респиратордук оорулар менен ɵпкɵ сезгенʏʏсʏ кɵп кездешет.
Кээ бир бейтаптар ɵз убагында кайрылбагандыктан, оор абалда тʏшʏп калат. Андай учурларда реанимация бɵлʏмʏнɵ дароо жаткырылып, андан соң абалына жараша бɵлʏмдɵргɵ которулат.

Профилактика иштери
Дарыгерлердин милдети – ооруну айыктыруу менен гана чектелбестен, анын алдын алуу да болуп саналат. Жай мезгилинде стационардын жамааты профилактикалык иштерди жʏргʏзʏп, ата-энелерге кеңеш берет.
Алардын эң башкысы:
— санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоо;
— тамак-ашты таза жана жаңы даярдоо, муздаткычта туура сактоо;
— балдарды таза абага алып чыгуу;
— эртең мененки дене тарбия, контрасттык душ аркылуу организмди чыңдоо;
— мɵмɵ-жемиштерди кɵп жеп, организмди витаминдер менен камсыз кылуу.
“Биздин максат – ооруну айыктыруу менен эле чектелбестен, анын алдын алуу боюнча да тʏшʏндʏрʏʏ иштерин жʏргʏзʏʏ. Шаардык деңгээлде макалаларды жарыялап, телевидениеден чыгып кеңеш беребиз. Санэпидемстанция менен биргеликте иш-чараларды ɵткɵрɵбʏз”, – дейт дарыгер.
Жабдуулар жана кызматташтык
Оорукана бʏгʏнкʏ кʏндɵ дары-дармек жана медициналык шаймандар менен дээрлик толук камсыз болгон. Зарыл болгон антибиотиктер, тамыр аркылуу берилʏʏчʏ суюктуктар, шприц жана башка жабдуулар жетиштʏʏ.
Мындан сырткары, оорукана шаардык бийлик менен да тыгыз кызматташат. Мэриянын медицинага байланышкан иштик пландары дарыгерлер менен биргеликте бекитилип, алдын алуу жана тʏшʏндʏрʏʏ иштерине ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат. Санэпидемстанция жана жогорку деңгээлдеги адистер менен биргеликте ЧПК (чукул кырдаалдык комиссия) тʏзʏлʏп, жугуштуу оорулардын очокторун жоюу боюнча атайын пландар иштелип чыгат.
Эмдɵɵ – келечек ʏчʏн камкордук

Жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдɵɵнʏн орду ɵзгɵчɵ. Дарыгерлер белгилегендей, акыркы жылдары ата-энелердин тʏшʏнʏгʏ жакшырып, эмдɵɵдɵн баш тарткан учурлар азайып жатат. Бирок диний кɵз караштан же вакцинанын терс таасиринен коркуудан улам баш тарткандар дагы деле бар.
“100 бала жата турган болсо, алардын 70–80% эмдɵɵдɵн ɵткɵн болот. Биз ар дайым ата-энелерге эмдɵɵнʏн пайдасын тʏшʏндʏрʏп келебиз. Эмдɵɵ – изилденген, сыналган жана далилденген нерсе. Кээде баланын организми температура менен же аллергия менен жооп берет. Бирок бул табигый кɵрʏнʏш. Мындай учурда ата-энелер коркпошу керек”, – деп белгилейт Кайрат Макамбаевич.
Кыйын учурлар жана жеңиштер
Дарыгер ʏчʏн эң оор учур — дифтерия эпидемиясы болгон. Ошол кезде диагностика жана дарылоо оор болуп, аппараттар жетиштʏʏ эмес болгон. Анан да эң кыйыны, дарылоодон жакшы натыйжа болгон эмес.
Андан кийин дарыгерлер жамааты 2020-жылы коронавирус пандемисына туш болуп, уйкусуз тʏндɵрдʏ ɵткɵрʏшʏп, оор сыноого кабылышкан.
“Элдин тʏшʏнбɵстʏгʏнɵн улам нааразычылыктар да болду, оорулардын саны кескин ɵскɵн учурлар да кездешти. Бирок убакыттын ɵтʏшʏ менен баарын жеңдик. Биз ʏчʏн кубанычтуу учур – оорулуунун сакайып, бизге ыраазы болуп чыкканын кɵрʏʏ”, – деп эскерет ал.

Жаңы тилектер
Азыркы тапта дарыгерлер заманбап шартка ылайык жаңы оорукана курулуп берсе экен деген тилек менен иштеп жатышат. Заман ɵзгɵрʏп, талаптар кʏчɵгɵн сайын медициналык мекемелер да жаңыланууга муктаж.
“Эң негизгиси – ɵлкɵбʏз тынч болсун. Андан кийин мамлекет кʏчʏнɵ кирип, жаңы оорукана куруп берсе деген ʏмʏтʏбʏз чоң”, – деп сɵзʏн жыйынтыктады башкы дарыгер.
Айнура Валижанова
Окшош макалалар
Тарыхый лидер Алымбек даткага эстелик тургузулду
Ош: 6 паласалуу проспект жана 3 кɵчɵ ачылды
Ош шаардык кеңешинин вице-спикери Ниязбек Нурбаев: Жɵнɵкɵйлʏк, достук жана элге кызмат – жашоомдун философиясы