3 ноября, 2025

Нобель сыйлыгынын  саясий ɵңʏтʏ: Атактуулардын белгилʏʏ сыйлыктары боюнча таржымал

Акыркы апталарда дʏйнɵ коомчулугунда  айтылуу Нобель сыйлыгынын айланасында аңыз кеп-сɵздɵр кʏчɵп кеткени байкалууда. Ага АКШ президенти Трампка тынчтыктын Нобелдин Тынчтык  сыйлыгы тийбей калганы жем таштады сыягы.

АКШ президенти Дональд Трампка Нобель сыйлыгы тийбей калгандан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин Нобель  сыйлыгы жɵнʏндɵ ɵз оюн ушундай таризде билдирди.

«Комитетет Нобелдин Тынчтык сыйлыгын тынчтык жаатында эчтеке жасабаган эле инсандарга берип салган учурлар болгон.Менин оюмча, бул чечимдери менен алар бул сыйлыктын кадыр-баркына ʏлкɵн доо кетиришти. Эмне ʏчʏн?  Эч нерсе жасаган жок го. Ушундай да иштешеби? Кандайдыр бир эмгек ʏчʏн болушу керек беле? Мына ошондуктан, сыйлыктын кадыр-баркы мага олуттуу тʏрдɵ тʏшʏп кеткендей сезилди.

АКШнын азыркы президенти сыйлыкка татыктуубу-татыктуу эмеспи, мен билбейм. Бирок, он жылдардан бери созулуп келаткан татаал кризистерди чечʏʏгɵ кɵп аракеттерди реалдуу эле кɵрʏп келе жатат. Украинадагы кризиске карата да дал ошондой мамиле жасап жаткандыгын мен так билем. Кайсыл бир маселелерде жылыш болду, кайсыл бирлеринде жок. Балким, бизге Анкориджада талкууланган жана келишилген маселелерде дагы кɵп нерселерге жетʏʏгɵ туура келеттир, бирок ал  бул маселелердин ʏстʏндɵ -тынчтыкка жетʏʏ маселесинин жана  татаал эл аралык кырдаалды чечʏʏнʏн ʏстʏндɵ так иштеп жатат», -деди Путин Дʏйшɵмбʏдɵгʏ КМШ ɵлкɵлɵрʏнʏн башчыларынын «Орусия-Борбордук Азия» деген аталышта ɵткɵн экинчи саммитинде сʏйлɵгɵн сɵзʏндɵ.

Орусиянын Саясий анализ борборунун директору Павел Данилиндин пикиринде, бул сыйлыкты Трамп алып калсам экен деп ак эткенден так эткен жок. Канткен менен, ʏмʏттɵнʏп жатканы да чындык  эле.

«Эске сала кектели, Обамага бул сыйлыкты аванс катары ыйгарышкан. Трампка ыйгаршса деле эч кандай каршылык болмок эмес. Эмдиги жылы, менимче, анын бул сыйлыкка карата кɵңʏл-кɵкшʏнʏ сууйт жана бул сыйлыкты бере  тургандарга жана  аны татыган эле сыйлыктан кур жалак калтырган бʏтʏндɵй глобалисттерден ишеними кетет», — дейт Данилин.

Ак ʏйдʏн коммуникациялар боюнча директору Стивен Чангдын айтымында, Нобель сыйлыгынан  кур калганына карабай, Трамп тынчтык келишимдерди тʏзʏʏсʏн жана чыр-чатактарды жɵнгɵ салууну улантат.

Мына ошентип, бʏгʏкʏ кʏндɵ Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган АКШ президенттеринин саны 4 бойдон калды: Теодор Рузвельт, Вудро Вильсон, Барак Обама жана Жимми Картер. Картерге сыйлык ал Ак ʏйдɵн кеткенден 21 жыл ɵткɵн  соң берилгенин(кɵрсɵткɵн кызматтарынын   топтому ʏчʏн)  эске сала кетели.

Нобелдин Тынчтык  сыйлыгы биринчи лауреаттарынын катарына Орусиянын императору Николай Экинчи (Гаагадагы тынчтык конференциясын чакыруу идеясы ʏчʏн) жана Лев Толстой (антимиллитаризм кыймылын кɵтɵргɵндʏгʏ ʏчʏн) кирген. Бирок, Осло  алардын эмгектерин баалаган эмес. 1945-жылы сыйлыкка Иосиф Сталин  татыктуу болмок (фашизмди талкалоодогу чечʏʏчʏ ролу ʏчʏн). Бирок, интрига ойноп кетип, сыйлык АКШнын  мамлекеттик катчысы  Корделла Халлуга ( БУУнун тʏзʏлʏшʏнɵ кошкон маанилʏʏ салымы ʏчʏн)  оогон.

Натыйжада,  1975-жылы суутек бомбасынын тʏзʏʏчʏсʏ Андрей Сахаров Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган алгачкы  орусиялык адам катары аталган.

Кызыгы, сыйлыкка Адольф Гитлер да кɵрсɵтʏлгɵн, бирок аны пиардык максат ʏчʏн деп жʏрʏшɵт.

Нобель сыйлыгынан татыксыз кур калгандардын катарында Махатма Ганди да бар. Зомбулуксуз каршылык кɵрсɵтʏʏнʏн лидери сыйлыкка 5 жолу кɵрсɵтʏлгɵн, бирок бир да ийгилик жаралган эмес.

 Мындан 55 жыл илгери адабият боюнча Нобель сыйлыгы Александр Исаевич Солженицынга ыйгарылган. Солженицын Бунин, Пастернак жана Шолоховдон кийин Орусияда туулгандардан тɵртʏнчʏ  болуп саналат.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгына, мисалы, Максим Горький 1918-жылдан 1933-жылга дейре беш ирет кɵрсɵтʏлгɵн. Бирок, сыйлыктын жолун 1917-жылкы социалисттик революция тоскон деп айтууга толук негиз бар дешет эксперттер. Бул тоскоолдукту кыйгап ɵтʏʏ максатында Горький 1923-жылы Европага кетʏʏгɵ да аргасыз болгону айтылат. Максим Горький, эсиңиздерге сала кетели, оболу Совет бийлигин тааныган эмес, Ленинди террористтерге салыштырган.1930-жылы гана сыйлыкты орус эмигранттарынын арасындагы жазуучулардын бирине ыйгаруу жаатындагы сɵздɵр чыга баштайт. Горький СССРге  кайтып келет, бирок сыйлыкты  Францияда калем менен алпурушкан Бунинге ыйгарышат.Горький ал мезгилде толук дʏйнɵлʏк таанымдагы  жазуучулардын катарына кирген. Анын “Тʏпкʏрдɵ” пьесасын Европанын бардык театрларында коюшкан.Горький алган гонорарларга эсеп жетпейт эле дешет талдоочулар.

 «Горькийге Нобель сыйлыгын жɵн гана саясий мотивдин негизинде беришкен эмес, — дейт жазуучу жана тарыхчы Юрий Емельянов. — Эгерде Горький  СССРге кайтып келбей, Италиядан туруп алып, Совет мамлекетин жамандай бергенде, Нобель сыйлыгын сɵзсʏз алмак».

1958-жылдын октябрында Пастернакка «заманбап лирикасы жана улуу орус прозасы ʏчʏн» Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Чындыгында, Пастернак сыйлыкка жалпы  антисоветтик айгайдын бир бɵлʏгʏ катары татыктуу болгону айтылат. Акынга бийлик тарабынан албетте кысым жасалган. Сʏйгɵнʏ Ольга Ивинская кызматтан айдалат. Пастернак Стокгольмга: «Мага ыйгарылган сыйлыктын мен таандык болгон коомчулуктагы маанисине байланыштуу,  алуудан баш тартамын. Ыктыярдуу баш тартуумду кемсинтʏʏ катары кабыл албагыла» деген телеграмма жɵнɵтɵт. Анын артынан эле КПСС БКга: «Сыйлыктан баш тарттым, Ивинскаяны ишине кайтаргыла», —  деген кайрылууну жолдогон.

Ошентип, 1950-жылдын ортосуна дейре Нобель сыйлыгы орустарга буюрбаган. Эске сала кетсек, ага чейин эле Циолковский, Королев, Тимирязев, Мичурин, Капица жана Иоффенин ысымдары дʏйнɵгɵ дʏңгʏрɵп турган.Сыйлыктын Кытайга карата мамилеси да дал ушундай таризде болгону жашыруун эмес.

1965-жылы Нобель сыйлыгына советтик акын Анна Ахматова, жазуучу Паустовский жана  советтик тирʏʏ классик Михаил Шолохов кɵрсɵтʏлгɵн. Белгилей кетсек, Шолохов ушуну менен он биринчи жолу номинант болуп, комитет бул атактуу жазуучуга сыйлыкты бербей кое алмак эмес. Бир гана жери, сыйлык экинчи  дʏйнɵлʏк согушка чейин жазылган «Тынч Дон» романы ʏчʏн берилген.

1970-жылдын октябрында Нобель сыйлыгы Александр Солженицынга ыйгарылды. Сыйлыкка номинанттардын арасында дʏйнɵлʏк адабият жылдыздары Генрих Белль, Хорхе Боргес, Пабло Неруда бар эле.

Нобель комитетин алты мʏчɵсʏнʏн бири Артур Лундквист чечимге каршы болуп, мындай деген: «Солженицындын чыгармачылыгы, кɵркɵм дʏйнɵ кɵз карашынан алганда, Пабло Неруданын чыгармачылыгы менен бир катарда кеп кылууга да арзыбайт». Ал сыйлыкты чилилик Пабло Нерудага ыйгарууну сунуштаган. Бирок, комитеттин калган мʏчɵлɵрʏ франциялык Мориаку сунуштаган Солженицынга добуш беришип, кызыгы, Мориаку  ошол эле жерде каза болгон.

Аалам алпы, дʏйнɵ элинин жана кыргыздын улуу жазуучусу  Чынгыз Айтматов да Нобель сыйлыгына татыктуулардын бири катары каралып жʏрɵт. Кезинде сыйлыкка жетʏʏгɵ саясий негиздер тоскоолдук кылганы да божомолдонот.

Сɵз соңунда айтаарыбыз, Нобель сыйлыгына ким татыктуу же татыктуу эместигин жигине жеткире талдоо, Путиндин сɵзʏ менен айтканда, биздин иш эмес.

Абдираим МАМЫТОВ.

About The Author