3 ноября, 2025

Сулуулук ʏчʏн тобокелге баруу: салондордогу коркунучтуу инфекциялардан кантип сактануу керек

Жʏздʏн кɵркʏ  ʏчʏн ар кимибиз курмандыкка даярбыз. Бирок маникюр же косметикалык процедура учурунда сизди кɵзгɵ кɵрʏнбɵгɵн вирус кʏтʏп турушу мʏмкʏн экенин билесизби? Косметолог Гʏлзат Саитова жана санитардык дарыгер Айтурган Мамасадыкова сулуулук салондорундагы жашыруун тобокелдиктер жана алардан кантип сактануу керектиги тууралуу биз менен болгон маекте айтып беришти.

— Гʏлзат айым, бʏгʏн сулуулук салондоруна барбаган адам аз. Бирок коопсуздук жагы кɵп учурда кɵңʏл сыртында калат. Эмне ʏчʏн бул маселе маанилʏʏ?

— Чынында эле, сулуулук ар бир аялдын жашоосунун бир бɵлʏгʏнɵ айланды. Бирок салондордо ар кандай инструменттер менен иштегендиктен, бул жерде инфекция жугуу коркунучу чоң. Маникюр, педикюр, косметикалык тазалоо — баары териге, кээде канга да байланыштуу процедуралар. Эгер аспаптар туура тазаланбаса, алардын ʏстʏндɵ вирустар жана микробдор калып, кардардан кардарга ɵтʏшʏ мʏмкʏн.

— Кандай оорулар жугушу мʏмкʏн?

— Эң коркунучтуу инфекциялардын бири кɵрʏнбɵгɵн вирус — гепатит B жана C. Алар кан аркылуу жугат жана адам кɵпкɵ чейин ооруну билбей жʏрɵ берет. Андан тышкары, грибок, стафилококк, ВИЧ сыяктуу инфекциялар да шаймандар аркылуу ɵтʏшʏ мʏмкʏн. Кээ бир вирустар, тагыраак айтканда гепатит С вирусу, кургак кан калдыгында 7 кʏнгɵ чейин жашай берет. Ошондуктан “менин мастерим таза адам” деген ой менен ɵзʏңдʏ алдабаш керек. Бул — илим менен тастыкталган коркунуч.

— Демек, коопсуздук биринчи орунда турушу керек. Кандай эрежелерди сактоо зарыл?

— Ар бир салондо ʏч баскычтуу тазалоо болушу зарыл: механикалык тазалоо, дезинфекция жана стерилизация. Механикалык тазалоодо инструменттерден кир, кан калдыгы жуулат. Андан кийин дезинфекциялык эритмелерге салышат. Эң маанилʏʏсʏ болуп акыркы этап стерилизация эсептелет. Ал ʏчʏн автоклав же сухожар шкаф колдонулат. Бул жабдуулар жогорку температура менен вирустарды толук жок кылат.

Эгер инструменттер жɵн гана спирт менен сʏртʏлсɵ — бул коопсуз эмес. Кɵптɵр ушул жерден жаңылышат.

— Кардарлар ɵзʏн кантип коргой алат?

— Биринчиден, инструменттер жаңы пакеттен ачылып жатканына, пакеттин сыртында тʏсʏн ɵзгɵртʏʏчʏ индикаторуна кɵңʏл буруңуз. Эгер мастер пакетти кардардын кɵзʏнчɵ ачпаса , анда суроо берʏʏдɵн тартынбаңыз.

Экинчиден, бир жолу колдонулуучу кол кап, ийне, пахта колдонулушу шарт.

ʏчʏнчʏдɵн, ɵзʏңʏздʏн маникюр аспаптарыңызды колдонсоңуз — эң коопсуз вариант.

Эгер бɵлмɵдɵ тазалык сакталбаса же жагымсыз жыт чыгып турса, андай салондон дароо баш тартуу керек.

Эң башкысы — ден соолукту биринчи орунга коюу. Сулуулукка умтулуу — бул жакшы нерсе, бирок ар бир кадам акыл менен калчап, кеңешип мамиле жасоо керек. Коопсуздукка кɵңʏл бурган, лицензиясы бар, санитардык эрежелерди сактаган салонду тандагыла деп айтаар элем.

Ош шаардык СЭСтин Коммуналдык гигиена бɵлʏмчɵсʏнʏн санитардык дарыгери А. Мамасадыкова тɵмɵнкʏлɵргɵ кɵңʏл бурууга чакырды.

«Сулуулук салондору, чач тарачтар жана косметологиялык клиникалар ушул кʏндɵрʏ абдан популярдуу. Маникюр, педикюр, массаж, инъекция процедуралары кʏнʏмдʏк жашообузга айланган. Бирок алардын сырткы кɵрʏнʏшʏ олуттуу коркунучту жашырышы мʏмкʏн: кан жана дене суюктуктары аркылуу жугуучу инфекциялар.

Бул инфекцияларга В жана С вирустук гепатиттери, ВИЧ, сифилис жана башка оорулар кирет. Эгерде аспаптар туура дезинфекцияланбаса, алар теринин же былжыр челдин микротравмасы аркылуу организмге кириши мʏмкʏн.

Менин окурмандарга кеңешим:

— лицензиясы жана санитардык документтери бар салондорду тандаңыз;

— бир жолу колдонулуучу аспаптар жана кол каптар бар экенин текшериңиз;

— стерилизация тууралуу суроодон тартынбаңыз;

— сулуулук салондорунун адистери В гепатитине каршы эмдɵɵдɵн ɵтʏшʏ;

— бардык дезинфекциялык эрежелерди сактоосу.

Бул алардын кардарларынын коопсуздугун гана эмес, алардын ɵз коопсуздугун да камсыздайт.

Эсиңизде болсун: коопсуз жол-жоболор салон менен кардар ортосунда бирдей жоопкерчилик болуп саналат».

Айнура Валижанова

About The Author