3 ноября, 2025

ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун профилактикасы боюнча прокурордук кɵзɵмɵлдʏн абалы

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын ушул мезгилине Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер органдарынын жана Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан коргоо жана сактоо жɵнʏндɵ», «Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жɵнʏндɵ» мыйзамдарынын аткарылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 «ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча чаралар жɵнʏндɵ» токтому менен бекитилген ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун тобокелдигин баалоо методикасын, убактылуу коргоо ордеринин формасын, зомбулук кɵрсɵтʏʏ жʏрʏм-турумун ɵзгɵртʏʏ боюнча типтʏʏ коррекциялык программаны натыйжалуу пайдалануу боюнча 2 координациялык кеңешме ɵткɵрʏлдʏ.

Бʏгʏнкʏ кʏндɵ ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук эл аралык коомчулук тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиктерин бузуунун эң кеңири таралган жана одоно тʏрлɵрʏнʏн бири катары эсептелет. ʏй-бʏлɵлʏк зомбулукка эң алсыз жарандар: аялдар, балдар, карылар жана майыптар дуушар болушат. Кɵптɵгɵн эксперттер ʏй-бʏлɵдɵгʏ ырайымсыздык жооп иретиндеги ырайымсыздыкты жаратат деп айтышат. Атап айтканда, балдар ʏй-бʏлɵдɵ тарбияланган жʏрʏм-турум моделин ɵздɵштʏрʏп, андан кийин аны ɵз жашоосунда кɵчʏрʏшɵт.

Кыргыз Республикасында ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук кɵп жылдар бою коомдук кызыкчылыктын чегинен тышкары болуп келген – ар кандай себептерден улам. Бирок акыркы жылдары укук коргоочу аялдар уюмдары бул кɵйгɵйгɵ массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын кɵңʏлʏн бура алышты, бул кɵйгɵйдʏн курчтугун жана биринчи кезектеги маанисин адамдардын жеке бакубаттуулугу ʏчʏн гана эмес, кɵптɵгɵн коомдук маселелерди чечʏʏ ʏчʏн да кɵрсɵтʏштʏ. Азыр Кыргыз Республикасында ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун курмандыктарын реабилитациялоо жана анын алдын алуу менен алектенген кризистик борборлор ийгиликтʏʏ иштеп жатышат. Алардын аракетинин аркасында ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун социалдык-психологиялык аспектилери ийгиликтʏʏ чагылдырылып, зомбулуктун циклдерине диагностика жʏргʏзʏлʏп, анын тʏрлɵрʏ жана учурлары сʏрɵттɵлгɵн.

Бул ишмердʏʏлʏктɵ маселенин укуктук жагына бир топ аз кɵңʏл бурулган. Ал ортодо, дал укуктук камсыздоо ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун учурларын токтотуп, анын алдын алууга, башкача айтканда, ʏй-бʏлɵ чɵйрɵсʏндɵ адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жɵндɵмдʏʏ. Айрыкча, биздин ɵлкɵдɵ, дʏйнɵнʏн башка ɵлкɵлɵрʏнɵн айырмаланып, ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктун курмандыктары негизинен укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Эгер кайрылышса дагы, ɵмʏрʏнɵ олуттуу коркунуч туулганда гана кайрылышат. Алар милицияга арызды ушул учурда гана беришет. Бирок, курмандыктардын пикири боюнча, аларга коркунуч жок болгондон кийин, алар ʏй-бʏлɵ мʏчɵлɵрʏнʏн, улуу туугандарынын кɵндʏрʏʏсʏнɵ же кɵзгɵ тʏшʏʏдɵн коркуп, ички иштер органдарынын кызматкерлеринен ишти токтотууну суранышат. Демек, убакыттын ɵтʏшʏ менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринде ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук учурларына карата «пассивдʏʏ» жʏрʏм-турум стереотиптери калыптанып, алар мындай арыздарга такыр эле кɵңʏл бурбай калышат.

ʏй-бʏлɵлʏк зомбулук – бул ʏй-бʏлɵ мʏчɵсʏ ага теңештирилген адам тарабынан башка ʏй-бʏлɵ мʏчɵсʏнɵ ага теңештирилген адамга карата жасалган физикалык, психологиялык, экономикалык мʏнɵздɵгʏ атайылап жасалган аракеттер же алардын коркунучу, ошондой эле кайдыгер мамиле. Мыйзам ʏй-бʏлɵдɵгʏ зомбулуктун тɵмɵнкʏ формаларын аныктайт:

 • – физикалык зомбулук;

• – экономикалык зомбулук;

• – психологиялык зомбулук;

• – кайдыгер мамиле.

Республикада аялдарга арналган кризистик борборлор, балдар борборлору жана калкка, анын ичинде ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан жабыркагандарга жардам кɵрсɵтʏʏчʏ башка адистештирилген мекемелер иштейт. ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан жабыркагандардын кɵбʏ кризистик борборлорго кайрылышат, ал эми башка мекемелерге азыраак кайрылышат. ʏй-бʏлɵлʏк зомбулуктан жабыркагандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын кɵпчʏлʏгʏн 18–34 жаштагы жаш аялдар тʏзɵт, ал эми улуураак курактагы аялдар азыраак кайрылышат.

Мындан тышкары, “Жаш ɵспʏрʏмдɵр ʏчʏн тарбиянын мааниси-прокурордун кɵз карашынан, мекенге пайдалуу инсан болуу-бʏгʏнкʏ аракеттен башталат” аттуу темада 2025-жылдын 1-октябрында Ош шаарындагы №11 “В.Терешкова” атындагы жатак-мектебинде, шаардагы 5 мектептеринин (А.Навои, №42, №50, №20 орто метептери) жогорку класстарынын 250дɵн ашык окуучулары, мугалимдери жана укук коргоо, ыйгарым укуктуу органдарынын ɵкʏлдɵрʏнʏн катышуусу менен иш чара ɵткɵрʏлгɵн. 

 Аталган иш чарага Ош шаарынын прокурорунун орун басары З.Тойчубаев, Ош шаарынын прокуратурасынын улук прокурору У.Шаршеев, эмгек, социалдык ɵнʏгʏʏ жана миграция башкармалыгынын ɵкʏлʏ Г.Раева, Ош шаарынын билим берʏʏ башкармалыгынын ɵкулʏ А.Акжолов, КР ИИМдин баңги затын мыйзамсыз жʏгʏртʏʏгɵ каршы кʏрɵшʏʏ кызматынын ыкчам ɵкʏлʏ Г.Жапакова, Ош ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын полковниги С.Бектиров, Ош ШИИБдин балдар менен иштɵɵ инспекциясынын башчысы В.Олмасова катышышып, окулган баяндамалар боюнча чоң талкуу болуп, ɵзгɵчɵ кылмыш жообуна тартылуучу курагы, эрте никеге туруу жана башка ушуга окшогон суроолорго балдар жоопторун ала алышкан.

Окуучулардын ɵтʏнʏчʏ менен атайын кабылдама уюштурулуп, жеке суроолору менен прокуратура жана милиция ɵкʏлдɵрʏнɵ кайрылуусуна мʏмкʏнчʏлʏк тʏзʏлгɵн.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында кылмыш жолунун оор кесепеттери, ага азгырылуунун себептери тууралуу профилактикалык фильм кɵрсɵтʏлгɵн.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан ɵткɵрʏлгɵн иш чаранын негизги максаты — балдарды тартипти сактоого, кылмыштуулуктан алыс болууга, ак ниеттʏʏлʏк менен адилеттʏʏлʏктʏн жолунда жʏрʏʏгɵ, жакшы билимге умтулууга чакыруу. 

Себеби, азыркы учурда балдар арасында уурулук, тоноо, буллинг, алдамчылык жана мектеп рекети сыяктуу кылмыштар кескин тʏрдɵ кɵбɵйʏп, социалдык тармактарда кʏн сайын жарыяланууда.

Ошондой эле жолугушуу 2025-жылдын 10-октябрында Ош шаарынын №38 “Б.Алыкулов” атындагы мектебинде, шаардагы 4 мектептин жогорку класстарынын окуучуларынын катышуусунда ɵткɵрʏлгɵн.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын январь айынан тартып “Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу” багытында  мектептерде 32 жолугушуу уюштурулган.

Балдар арасындагы укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер ар дайым жʏргʏзʏлʏʏдɵ жана мындан ары дагы туруктуу негизде жʏргʏзʏлʏп, алардын укуктук-тарбиялык таасирин бекемдɵɵгɵ ɵзгɵчɵ кɵңʏл бурулат.

Жогорудагы иш чара https://www.facebook.com/share/p/15NXGiEwUJ/ шилтемеси аркылуу фейсбук баракчасына жайгаштырылган.

About The Author