3 ноября, 2025

Кыял Токторбаева:  “Сахнада кыска же ачык кийимдерди кийбейм,бул менин ички ченемим”

Назик ʏнʏ, жʏрɵккɵ жеткен ырлары менен элге таанылган ырчы Кыял Токторбаева менен маектештик. Анын ар бир жообунда аялдын сабыры, энелик сʏйʏʏсʏ жана адамдык ыраазычылык сезими камтылган.

Кыял Токторбаева — жɵнɵкɵй ʏй-бʏлɵнʏн кызы, ʏч баланын энеси 1994-жылы 22-августта Кара-Суу районунда тɵрɵлгɵн. ʏй-бʏлɵдɵ беш бир туугандын ʏчʏнчʏсʏ: эки эжеси, эки иниси бар.

—Сахнага болгон сʏйʏʏңʏз качан жана кандайча башталган?

— Сахнага болгон сʏйʏʏм 2008-жылы башталган. Ага чейин мектептеги сынактарда ырдап, бийлеп, катышып жʏрчʏмʏн. Ошол жылы айылдар арасында ыр-кесе уюштурулуп, мен дастан айтуу боюнча катышып, комуз утуп алгам. Ошондо биринчи жолу чоң сахнага чыгып, сахнага болгон кызыгуум арткан.

Ошол учурдан тартып сахна менин жашоомдун бир бɵлʏгʏнɵ айланды. Азыр ошол кездеги кичинекей кара тору кыз чоңоюп, эл алдында кызмат кылып жʏргɵнʏнɵ ɵзʏм сыймыктанам. Кайсы бир кезде кыялданган максаттарым ишке ашып жатканын кɵрʏп, “шʏгʏр” деп гана коём.

—Чыгармачылыгыңыздагы бурулуш деп кайсы учурду айтасыз?

— Кɵп деле убакыт ɵткɵн жок, 2023-жылы Ош шаарында Эгемендʏʏлʏк кʏнʏнɵ карата чоң концерт болуп, биз жандуу ʏн менен ырдадык. Ошол концерт мен ʏчʏн бурулуш учур болду десем жаңылышпайм. Анткени, ошол кʏндɵн кийин ырчылыкка болгон шыктануу, ишеним жана мотивациям кʏчɵдʏ. Белгилʏʏ, денгээли бийик артисттер менен бир сахнада болуу мен ʏчʏн чоң тажрыйба болуп, алдыга дагы чоң максаттар коюуга тʏрткʏ берди.

—Эне катары ʏй-бʏлɵ менен чыгармачылыктын ортосундагы тең салмакты кантип сактайсыз?

— Чынын айтсам, бул эң оор, бирок эң керектʏʏ баланс. ʏйдɵ мээримдʏʏ эне, ата-энеңе бала, эл ичинде кʏчтʏʏ аял болууга туура келет. Балдарым ʏчʏн мээнет кылам, алар жакшы билим алып, татыктуу кесип ээси болуп, келечекте татыктуу адам болушсун деп аракет кылам.

Ырдап бʏткɵн соң, биринчи оюм — ʏйгɵ жетʏʏ. Бирок балдарыма “мен силер ʏчʏн иштеп жатам” деп басым жасабайм. Тескерисинче, “силер менин байлыгымсыңар, бакытымсыңар, менин жашоомдун маңызысыңар” деп дем берип турам.

—Кызыңыз аркылуу келген сыноо сиздин жашоого болгон кɵз карашыңызды ɵзгɵрттʏбʏ?

— Ооба, менин ɵзгɵчɵ кызым бар. Ал азыр 11 жашта. Бирок мен аны “ооруган кызым” деп эч качан айтпайм. Ал — мен ʏчʏн эң акылдуу, эң кʏчтʏʏ бала. Биз бирге кʏрɵшʏп келебиз. Бул — Кудайдан берилген сыноо, ошол эле учурда белек деп билем.

Мындай ɵзгɵчɵлʏк менен жашоо ʏчʏн чоң сабыр, эрк жана кʏч керек экен. Мен дайыма “кызым ʏчʏн, анын келечеги ʏчʏн бекем болушум керек” деп жашайм. Ал мага кʏчтʏʏ жана жашоомдо болгон нерсенин баарына ыраазы болушту ʏйрɵттʏ.

—Энелик ролуңуз сахнадагы образыңызга кандай чагылат?

— Энелик ролум сахнадагы образымда тʏздɵн-тʏз чагылбайт. Бирок мен сахнада аял экенибизди, эне экенибизди унутпай, ыймандуу, токтоо образ жаратууга аракет кылам. Кыска же ачык кийимдерди кийбейм, бул менин ички ченемим. ʏч баланын апасы катары сахнада да сыпайылык менен жʏрʏʏ маанилʏʏ деп эсептейм. Ырларымды да ошол абалга жараша тандайм: шандуу ырды — шандуу, муңдуу ырды — муң менен аткарам.

—Азыркы кыргыз эстрадасынын абалына берген бааңыз?

— Азыркы учурда эстрада абдан тездик менен ɵнʏгʏп жатат. Изденʏʏ кʏчтʏʏ, жаштар жаңычыл, ɵзгɵчɵ чыгармаларды жаратып жатышат. Улуу муундагы ырчылар да заман талабына ылайык иштеп жатышат. Бул — жакшы кɵрʏнʏш. Мен жалпы чыгармачылыктагы кесиптештериме ийгилик гана каалайм.

— Эл алдында болгондо жеке жашоону кантип коргойсуз?

— Эл алдында негизинен жеке жашоомду кɵп сʏйлɵбɵгɵнгɵ аракет кылам. Себеби, азыр ушактар абдан кɵп, айрым адамдар билбей туруп эле сын айтышат, туура эмес пикир калтырышат. Мындай учурда жɵн гана ʏн чыгарбай, жылмайып коём, талашпайм, тирешким келбейт. Бирок балдарыма болгон сʏйʏʏм ɵтɵ кʏчтʏʏ болгондуктан, эгер кимдир бирɵɵ адашып, балдарым жɵнʏндɵ туура эмес сɵздɵрдʏ айтса, анда алар таптакыр башка Кыялды кɵрʏшɵт (кʏлʏп). Ал эми жеке ɵзʏм тууралуу суроо берилсе, бардыгын жашырбай, болгонун болгондой айтып берем.

— Сахнада жʏрʏп балдарыңыздын тарбиясына жетиштʏʏ кɵңʏл бɵлɵ аласызбы?

— Балдарымдын тарбиясы мен ʏчʏн эң маанилʏʏ нерсе. Бош убакытымды алардын окуусуна, ɵнʏгʏʏсʏнɵ жана мʏнɵзʏнɵ кɵңʏл бурууга жумшайм. Сабактарын текшерем, алар менен сʏйлɵшʏп, жашоодо туура тандоолорду кантип жасоо керектигин тʏшʏндʏрʏп турам. Мен ʏчʏн эң башкысы — балдарым ɵзʏн бактылуу жана эркин сезиши. Ошондуктан, аларга болгон сʏйʏʏмдʏ, мээримимди дайыма кɵрсɵтʏп, колумдан келгенин жасап жатам.

Кɵп ойлоном: эгер менин аракеттерим аларга туура багыт берип, келечекте бир ордун табууга жардам берсе, анда мен ʏчʏн эң чоң сыйлык ушул болот. Балдарымды тарбиялап, жол кɵрсɵтʏп жатканым менен, кɵп нерсени алардан ʏйрɵнʏп жатам. Кээде алардын жɵнɵкɵй кʏлкʏсʏ, кичинекей кадамдары мени шыктандырат, жашоого жаңы дем берет. Чындыгында, эне болуу — бул сʏйʏʏ, мээрим жана сабыр менен жʏргɵн татаал, бирок эң керемет жол.

— Кыйынчылыктар учурунда кʏчтʏ кайдан аласыз?

— Ар бир кыйынчылыкта […]Кудайдан кʏч алам. Кандай гана абал болбосун, “бул да ɵтɵт, Кудай мага жɵн жерден бербейт” деп ишенем. Кыйын кʏнʏмдɵ да, бактылуу кʏнʏмдɵ да шʏгʏр айтам. Анткени, билем — жашоону, бакытты, сыноону да Кудай берет. Сабыр жана шʏгʏр менен бардык кыйынчылыктарды жеңсе болот.

—Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз менен бɵлʏшʏп кетсеңиз.

— Азыр эки клипти тартуунун ʏстʏндɵбʏз. Бирɵɵсʏ Эмил Балтагулов агайдын ырына, экинчиси “Сага арнайм” деген жаңы чыгармама тартылууда. Бул аялдардын сезимин, мээримин чагылдырган ыр. Буюрса, 2026-жылды ушул эки жаңы клип менен баштайм деп турам.

— Ɵмʏр жолуна кайрылып караганда, эмнеге эң кɵп шʏгʏр айтасыз? Эмнеге ɵкʏнɵсʏз?

— Ɵкʏнгɵндɵн эч пайда жок экенин билебиз. Эч нерсеге ɵкʏнбɵйм, кейибейм. Мурунку жашоомду азыркы жашоом менен салыштырып, ушундай жакшы учурларга жеткениме, ушул кʏндɵргɵ жетʏʏгɵ жардам берген бардык адамдарга жана “кагылышкан” бардык кыйынчылыктарга ыраазы болом. Ошондуктан, ушул жашоомо болушунча шʏгʏр кылам. “Кудайга чексиз шʏгʏр, чексиз мактоолор болсун!” деп турам.

Ошол убакытта суктанып, кыялданган бардык нерселердин баары азыр менин жашоомдо бар. Менин кʏлкʏмдɵ, сʏйʏʏмдɵ, ʏйʏмдɵ — барымда бар.

— Кыял Токторбаева ʏчʏн “бакыт” деген эмне?

— Мен ʏчʏн бакыт  — динде.  Кудайдын мээримин сезе билген адам бактылуу. Бакыт – ата-энемдин бул дʏйнɵдɵ бардыгы, алардын жылуу сɵзʏ. Менин бактылуулугум – бир туугандарымдын бардыгы, балдарымдын амандыгы. Мени жакшы кɵрʏп, сыйлаган адамдардын чɵйрɵмдɵ бардыгы да мен ʏчʏн чоң  бакыт. Эң башкысы – бутубуздун басып жатканы, колубуздун иштеп турганы, жʏрɵгʏбʏздʏн согуп жатканы, кɵзʏбʏздʏн кɵрʏп турганы, тилибиздин сʏйлɵп турганы ʏлкɵн бакыт деп билем. Бактылуулук — кадимки жашоо эмес, ага ыраазы боло билʏʏ, бардык жакшы нерселерге каниет кылуу.

Гульнура  Ормонова

About The Author