• Ср. Авг 12th, 2026

Популярдуу темалар

Жаңы сейил бак жана аллеялар шаарды кооздоодо

Автор:Osh Shamy

Окт 20, 2025

Мэрдин демилгеси менен Курманжан Датка жана Гапар Айтиев кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде жаңы сейил бактын курулушу башталды. Анда чыгармачыл жаштар ʏчʏн сахна, эс алуучулар ʏчʏн отургучтар, беседкалар жана жарыктандыруу системалары орнотулат. Мурда бул жерде гʏл базар жана дʏкɵндɵр жайгашып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан болсо, азыр суунун жээги толук тазаланды.

Мындан тышкары, Алымбек Датка жана Нурматов кɵчɵлɵрʏнʏн кесилишинде жаңы аллея ачылып, шаардыктар ʏчʏн кооз эс алуу жайы пайда болду.

Ал эми Р. Абдыкадыров кɵчɵсʏндɵгʏ жашыл аймакта бетон тосмолор гранит таштарга алмаштырылып, шаар архитектурасы бирдиктʏʏ ɵңгɵ келтирилʏʏдɵ.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *