Билим берүү
PISA-2025. Кыргызстан акыркы орундан кутулду, бирок кубанууга эртеби?

Ушул жылдын 8-сентябрында Братиславада өткөн эл аралык конференцияда 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн алган билимин турмушта колдоно билүү жөндөмүн баалаган PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланды. 16 жылдык узак тыныгуудан кийин кайрадан катышкан Кыргызстан бул ирет 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Бул көрсөткүч өлкөдө кызуу талкууну жаратып, билим берүүдөгү реформалардын натыйжалуулугу тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды. Кеп ушул тууралуу болмокчу.
Жыйынтыктар эмнени көрсөттү?
Буга чейин Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары PISA сынагына катышып, эки жолу тең дүйнө жүзү боюнча эң акыркы орундарды алган (тиешелүүлүгүнө жараша 57 жана 65 өлкөнүн ичинен). Быйылкы жыйынтык боюнча өлкө көрсөткүчүн 11 позицияга жогорулатты. Кыргызстандык окуучулардын орточо баллдары төмөнкүдөй бөлүндү:
Математикалык сабаттуулук: 364 балл
Табигый-илимий сабаттуулук: 363 балл
Окуу сабаттуулугу: 344 балл
Изилдөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 195 мектептин 6 миңден ашык окуучусу катышып, тест алгачкы жолу компьютердик форматта өттү. Кыргызстандын артында Доминикан Республикасы, Марокко, Косово, Парагвай жана Руанда сыяктуу өлкөлөр калды.
Министрлик эмне дейт, эксперттер кандай пикирде?
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бул жыйынтыкты узак тыныгуудан кийинки туруктуу динамикалык өнүгүү жана ийгилик катары баалады. Министрдин айтымында, өлкө эң арткы позициядан чыкты жана бул багытта реформалар уланат. Анткен менен, көз карандысыз эксперттер коңгуроо кагууну токтото элек. Адистердин пикиринде, 11 позицияга өсүү болгону менен кыргызстандык окуучулардын басымдуу бөлүгү дагы деле базалык деңгээлге жете элек. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) орточо көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу биздин өспүрүмдөр курдаштарынан 5-6 жылдык окуу программасына артта калууда. Ал эми коңшу Казакстан жана Өзбекстанга караганда да жыйынтыктар төмөн болуп чыкты. PISA-2025тин жыйынтыгы Кыргызстандын билим берүү системасындагы реалдуу көйгөйлөрдү окуу китептеринин жетишсиздигин, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын жана мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу керектигин ачык көрсөттү. Учурда өлкөдө 12 жылдык билим берүү моделине өтүү жана «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алкагында эл аралык стандарттарга ылайык жаңы окуу китептерин киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Бул реформалардын канчалык жемиштүү болгонун 2029-жылы өтө турган кийинки PISA сынагы далилдейт. Азырынча 80-орун бул жеңиш эмес, болгону туура багытка карай ташталган алгачкы кадам жана чоң каталардын үстүнөн иштөөгө берилген мүмкүнчүлүк.
Абдывахаб Нурбаев, ЖКнын мурдагы депутаты: “ ӨЗҮБҮЗДҮ АЛДАБАЙЛЫ”

— Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан буга чейин сынакка 2009-жылы катышкан. 17 жылдан кийинки жыйынтык коомдо ар кандай бааланып жатат. Айрымдар «позициябыз аз да болсо жакшырды» деп кубанса, кээ бири дагы эле арттабыз» деп нааразы. Эки жагдайга тең өзүнчө кайрылган жөндүү.
PISAнын жыйынтыгын биринчи кезекте өзүбүздү алдоо үчүн эмес, өзүбүзгө чынчыл суроо берүү үчүн колдонушубуз керек. Ооба, Кыргызстандын айрым көрсөткүчтөрү өскөн. Муну жокко чыгаруунун кереги жок. Бирок 16 жылдык аралыкты эске алганда, бул өсүштү билим берүү системасындагы олуттуу сапаттык өзгөрүү деп атаганга азырынча негиз жетишсиз. Анын үстүнө биздин позициябыз кескин өзгөрүп кеткен жок.
Дагы бир нерсе бар. Кыргызстанда акыркы жылдары окуучуларды PISA тестине даярдоо иштери жүргүзүлүп келет. Ошондуктан тесттин форматына көнүү факторун да эске алуу зарыл. Ал эми PISAнын өзү окуучунун жаттаган маалыматтарынын көлөмүн эмес, алган билимин жаңы кырдаалда колдонуп, ой жүгүртүп, маселени чече алуусун баалайт. Учурда бул билим берүү өңү эң маанилүү муктаждык жана чакырык болуп турат.
Демек, биздин максат PISAга жакшы даярданган балдарды эмес, өз алдынча ой жүгүрткөн балдарды көбөйтүү болушу керек. Бул экөөнүн айырмасы өтө чоң.
Эгер бала тесттин форматын жакшы билсе, бирок жаңы маселеге туш болгондо даяр жооп издесе, биз чыныгы билим берүү натыйжасына жетиштик деп айта албайбыз.
Мени ойлондурган дагы бир маселе – өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн айрымдарында да көрсөткүчтөрдүн төмөндөп жатканы. Муну жөн гана «балдардын билими начарлап кетти» деп түшүндүрүү жетишсиз. Жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшү, маалыматтын көбөйүшү, көңүлдүн улам бөлүнүшү жана окуу маданиятынын өзгөрүшү жалпы билим берүүнү да өзгөртүп жатат. Балким, биз билим берүү системасын оңдоп эле тим болбостон, анын түпкү маңызын кайра ойлонушубуз керек болуп жаткандыр. Анткени жасалма интеллект каалаган маалыматты заматта таап, даяр жооп бере алган учурда, мектептин милдети жөн гана маалымат берүү эмес.
Мектеп балага билим берүүдө төмөнкү талаптарды камсыздашы керек деп ойлойм.
- Туура суроо берүүгө,
- маалыматты айырмалоого, талдоого
- далилди текшерүүгө,
- өз алдынча ой жүгүртүүгө,
- ката кетирүүдөн коркпоого жана билимин реалдуу жашоодо колдонууга.
Ошондуктан PISAнын жыйынтыгынан кийин министрликке да, мугалимдерге да, ата-энелерге да бир эле суроо коюлушу керек:
Биз балдарды кийинки тестке даярдап жатабызбы же кийинки жашоого даярдап жатабызбы?
Менимче, айырмасы абдан чоң. PISA биз үчүн максат эмес. Ал — күзгү. Күзгүгө карап өзүбүзгө жагымдуу көрсөткүчтөрдү гана көрүп, калганын жаап коюу оңой.
Бирок билим берүүдө чыныгы өзгөрүү өзүбүзгө жакпаган нерселерди да көрүп, аларды өзгөртүүгө даяр болгондо башталат.
Д. Шаматов: “PISA – рейтинг эмес, билим берүү системасынын “температурасы”

Ал эми белгилүү педагог, профессор Дүйшөн Шаматов өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына аркылуу төмөндөгүлөрдү белгилеген:
— Аны термометрге салыштырууга болот: ал баланын дене табы көтөрүлүп, ооруп жатканын так көрсөтөт, бирок эмне үчүн ооруп жатканын түшүндүрбөйт. Муну аныктоо үчүн кошумча изилдөөлөр керек. Биз рейтингдеги орунга эле карабай, башка суроолорду беришибиз керек: Шаар менен айылдын, бай менен кедейдин баласынын билиминде кандай айырма бар? PISAны өлкөлөрдүн жарышы эмес, улуттук тутумдун күчтүү жана алсыз жактарын түшүнүүгө жардам берген инструмент катары колдонуу зарыл. Ал -талдоонун акыркы чекити эмес, реформалардын баштапкы чекити болушу керек.
Соңку сөз ордуна
PISA бул жөн гана өлкөлөрдүн рейтингдеги жарышы же мектептеги кезектеги экзамен эмес. Ал биздин билим берүү тутумубуздун реалдуу абалын көрсөткөн күзгү жана негизги «термометр». Ооба, акыркы орундан 11 позицияга көтөрүлгөнүбүз туура багытта келе жатканыбыздын белгиси. Бирок бул көрсөткүчкө мас болуп, өзүбүздү алдоого эч кандай негиз жок. Бүгүнкү күндө алдыбызда чоң чакырык турат. Биз мектептерде балдарды кезектеги тесттин форматына эле механикалык түрдө даярдабастан, аларды реалдуу жашоого, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана алган билимин турмушта колдонууга үйрөтүшүбүз керек. PISA-2025тин жыйынтыгы бул коюлган акыркы чекит эмес, тескерисинче, билим берүүдөгү каталарыбызды көрүп, аларды жоюуга багытталган чоң реформалардын баштапкы чекити болушу шарт. Чыныгы ийгилик өлкө рейтингде алдыңкы орунга чыкканда эмес, айылдагы жана шаардагы ар бир бала сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк алганда башталат.