• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Кызамык – аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу вирустук оору

Автор:Osh Shamy

Сен 14, 2026

Ден соолук

Кызамык бул эмнеден улам пайда болот?

Инфекциянын булагы болуп оорулуу адам саналат. Кызамыкты негизинен бул ооруга чалдыккан, бейтап менен жок дегенде кыска мөнөттүү байланышта болгон, эмдөөдөн өтпөгөн адамдар жуктуруп алышат.
Кызамык – балдардын арасында тез таркалуучу, коркунучтуу, жугуштуу оору болуп саналат. Бул оору айрыкча 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын арасында көп кездешет. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин балдары да көбүнчө кызамык менен оор абалда ооруп калышат. Эмделбеген бала кызамык менен ооруган оорулуу менен тыгыз контакта болсо, сөзсүз 99 пайызга чейин ооруп калуусу мүмкүн.

Оорунун белгилери:

  • Кызамык оорусу аба аркылуу жугат, андыктан оорулуулар менен жакын алакага барбоо, башкалардан бөлүү керек.
  • Дене табы ашыкча көтөрүлсө (39-40), бейтапканага барбай, үйгө дарыгер чакыруу.
  • Дене табы ысыганда баланы же чоң кишини ороп-чулгабай салкын кармоо керек.
  • Баланын ичи өтүп, кусуп жана денелерине бүртүкчөлөр чыга баштаса ал-кызамыктын белгиси.
  • Кызамык сасык тумоо катары башталат, андыктан гриппке чалдыккандар 21 күн дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек.
  • Оорунун алдын алуу жана айыктыруу үчүн А витаминин берүү.
  • Дарыгер жазган антибиотиктерди гана алуу.
  • Оорулуу киши бар үй-бүлө мүчөлөрүн тезинен эмдетүү зарыл.

Эмнеси менен коркунучтуу?

Иммунитети начар бейтаптар оорунун оор түрү менен ооруп калышы мүмкүн. Мисалга алсак, кулактын (отит), мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгениши (ымыркайлардын өлүмүнүн кеңири таралган себеби), мээ кабыкчаларынын сезгениши (энцофалит) пайда болот. Мээнин калыбына келбей турчу бузулууларына алып келет. Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна, сокур болуп калуусуна, угуунун начарлашына алып келүүсү мүмкүн.

Алдын алуунун ишенимдүү жана милдеттүү жолу – эмдөө

Кызамык оорусун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кабыл алган календары боюнча 12 айга толгон балдарга эмдөө жүргүзүлөт. Ал эми 2 жашта иммунитетти бекемдөө үчүн бала кайрадан эмделет. Алдын алуунун ишенимдүү жана милдеттүү жолу – эмдөө гана  болуп саналат. Эмдөө дарыгердин текшерүүсү менен жасалат жана ал ден соолук үчүн зыянсыз.

Даярдаган:
Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер-иммунологу
А. Э. Сапарбаева.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *