• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Дарыгердин камалышы: шалаакылыкпы же системалык кризиспи?

Автор:Osh Shamy

Сен 15, 2026

Учурда кыргыз  коомчулугунда жана медицина тармагында чоң чуу жараткан окуя талкуунун туу чокусунда турат. Бишкек шаардык соту балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны 3 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алды. Бул чечим медицина кызматкерлеринин арасында чоң кооптонууну жана нааразычылыкты жаратып, дарыгерлер президент Садыр Жапаровго мунапыс берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Ошол эле учурда коомчулуктун экинчи тарабы туура эмес дарылоодон улам майып болуп калган өспүрүм кыздын тагдырын айтып, мыйзамдын үстөмдүгүн талап кылууда. Бул макалада окуянын чоо-жайын, дарыгерлердин мыйзам алдындагы жоопкерчилигин жана өлкөдөгү медициналык кылмыштардын тарыхын талдап беребиз.

Бир үй-бүлөнүн трагедиясы

Окуя Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда башталган. Бөйрөк оорусунан жабыркаган 15 жаштагы өспүрүм кыз аталган борбордо узак убакыт бою дарыланып келген. Кыздын апасы Зульфия Стамкулованын айтымында, дарыгер Насира Бейшебаева өз милдетине кайдыгер карап, өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүктөн кызынын абалы кескин начарлап кеткен. Жыйынтыгында кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн бир бутун тизесинен ылдый кесүүгө (ампутациялоого) туура келген. Апасы кызын Түркияга чейин алып барган, бирок ал жактагы адистер да бутту сактап калуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен. Тагдыры талкаланган кыздын жакындары дарыгердин үстүнөн укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.

Райондук соттон түз абакка

Бул иш боюнча алгач Ленин райондук соту чечим чыгарып, дарыгерди күнөөлүү деп тапкан, бирок 3 жылдык пробациялык (шарттуу) жаза колдонуп, эркиндикте калтырган. Жабырлануучу тарап бул жеңил чечимге нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Ушул жылдын 10-сентябрында шаардык сот пробацияны жокко чыгарып, балдар нефрологу Насира Бейшебаеваны 3 жылга эркинен ажыратуу жана сот залынан камакка алуу өкүмүн уктурган. Андан сырткары, дарыгер жабырлануучу тарапка 2 миллион сомдон ашык материалдык жана моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген. Кыргызстандын соттук практикасында дарыгердин кесиптик катасы үчүн түз эле абакка кесилиши өтө сейрек кездешкен окуя болуп калды.

«Мыкты адистен айрылдык»

Бул чечим чыгары замат өлкөнүн дарыгерлерин селт эткизди. Эне жана баланы коргоо борборунун жамааты жана башка ак халатчандар президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгерге мунапыс берүүнү же бошотууну суранып жатышат. Дарыгерлердин негизги аргументтери кесиптешинин кесипкөйлүгүн айтып жатышат. Алардын айтымында, Насира Бейшебаева 1997-жылдан бери, тагыраагы 29 жыл эң оор бөйрөк оорулуу балдарды дарылап келет. Ал өлкөдө 89 ийгиликтүү бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операцияларына катышкан саналуу адистердин бири. Ак халатчандар мындай катаал жазалардан кийин дарыгерлер оор бейтаптарды дарылоодон жана жоопкерчилик алуудан коркуп калышарын айтышууда. Бул өз кезегинде миңдеген башка оорулуу балдардын адиссиз калышына алып келет. «Дарыгерди камаган менен кыздын буту ордуна келбейт, бирок башка балдардын өмүрү тобокелге кептелет» дешет кесиптештери.

Мыйзам боюнча дарыгерлер кандай учурда камалат?

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги 146-берене («Кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу») менен жөнгө салынат. Мыйзам боюнча дарыгер төмөнкү учурларда кылмыш жоопкерчилигине тартылат:

  • Ден соолукка оор зыян келтирүү – дарыгердин шалаакылыгынан улам бейтап майып болуп калса же ден соолугунан катуу ажыраса (бул окуядагыдай ампутация учурунда), белгилүү бир мөөнөткө түзөтүү жумуштары же эркинен ажыратуу жазасы берилет.
  • Бейтаптын өлүмүнө алып келүү – эгер туура эмес дарылоо адам өлүмү менен аяктаса, жаза дагы катаалдашып, дарыгер бир нече жылга эркинен ажыратылат жана өмүр бою же белгилүү мөөнөткө медициналык ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажырайт.

Буга чейин бир да дарыгер түрмө жазасына тартылган эмес…

Кыргызстанда буга чейин да туура эмес дарылоодон улам бейтаптар, өзгөчө жаш балдар чарчап калган бир нече чуулгандуу окуялар катталган. Бирок алардын көбүндө дарыгерлер реалдуу түрмө жазасына тартылган эмес. Алсак, 2022-жылы ич оорусу менен ооруканага түшкөн 3 жашар бала дарыгерлердин өз убагында жардам көрсөтпөгөнүнөн улам чарчап калган. Алгач алты дарыгерге иш козголуп, алардын бешөө СИЗОго камалган. Медициналык чөйрөнүн катуу каршылыгынан кийин сот аларды үй камагына чыгарган. 2023-жылы Бишкектеги жеке клиникалардын биринен тишин дарылатуу учурунда наркоздон улам 3 жашар кыз каза болгон. Анестезиолог дарыгер кармалып, иш сотко өткөн, бирок коомдук басымдан улам бөгөт чаралары өзгөртүлгөн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда уколдон кийин кыз бала анафилактикалык шок абалда каза тапкан. Бул учурда да дарыгерге иш козголуп, алгач камалганы менен кийин үй камагына бошотулган.

Эмне үчүн дарыгерлер көп учурда камалбайт? Буга чейинки иштерде дарыгерлердин абактан кутулуп кетишинин эки негизги себеби бар. Биринчиси — соттук-медициналык экспертизанын созулушу,  медициналык катаны далилдөө үчүн комиссиялык экспертизалар жылдап созулат. Бул аралыкта кылмыштын мөөнөтү өтүп кетет. Экинчи себеби атайылап жасалбаган кылмыш катары каралат. Соттор дарыгер атайылап өлтүрүүнү же майып кылууну көздөбөгөнүн эске алып, көбүнчө шарттуу жазаларды (пробация) беришет.

Акыркы катталган бул окуя Кыргызстандын медицина жана сот системасындагы чоң кемчиликтерди ачыкка чыгарды. Бир тарапта кызы өмүр бою майып болуп калган эненин күйүтү жана адилеттүүлүк талабы турат. Экинчи тарапта  катаал жазадан чочулап, мындан ары оор бейтаптарды кабыл алуудан баш тартууга даяр турган дарыгерлердин кооптонуусу бар. Эми акыркы чечим өлкө башчысынын колунда. Президент дарыгерлердин суранычын эске алып мунапыс береби же соттун өкүмү күчүндө калабы, аны убакыт көрсөтөт.

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *