Каарманыбыз Ош шаардык мэриясынын шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков учурда Японияда JDS программасы аркылуу окуп жатат. Бул Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлердин билимин жана кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган стипендиялык программасы. Программа JICA менен биргеликте ишке ашырылат.
— Эшмамбет мырза, Японияга кеткениңе бир жылдай убакыт болуптур. Алгачкы таасирлер менен бөлүшсөң, бул өлкөнүн жашоо ыргагына, маданиятына көнүү кыйын болгон жокпу?

— Ооба, Японияга келгениме бир жылга жакындап калды. Алгач келгенде баары жаңы жана кызыктуу болду. Япониядагы тартип, тазалык жана адамдардын убакытка болгон тактыгы мага чоң таасир калтырды. Коомдук транспорттун так иштегени, адамдардын бири-бирин сыйлаганы да өзгөчө байкалды.
Алгач көнүү бир аз кыйын болду. Анткени тил, тамак-аш, күнүмдүк жашоо жана адамдар менен баарлашуу жагынан айырмачылыктар бар. өзгөчө япон тилин билбей келгенде кээ бир жөнөкөй эле күнүмдүк маселелерди чечүү кыйын болуп калат экен. Бирок убакыт өткөн сайын акырындык менен көнүп калдык. Мага жакканы — япондордун жоопкерчилиги жана тартипке болгон мамилеси. Бул жерде ар бир адам өзүнүн жумушуна өзгөчө так мамиле кылганын байкайсың. Ошол эле учурда өзүбүздүн Кыргызстандагы адамдардын ачык-айрымдыгын, жакындар менен бат-баттан жолугуп, баарлашканды сагынган учурлар да болот. Жалпысынан бул бир жыл мен үчүн окуу жагынан гана эмес, жашоо тажрыйбасы жагынан да абдан пайдалуу болду.
— Эң биринчи таң калтырган же таң калтырууну улантып жаткан нерсе эмне болду?
— Таң калганым – адамдардын коомдук тартипке жана бири-бирине болгон сый мамилеси болду. Мисалы, поезд же автобуска адамдар алдын ала келип, кезек менен туруп, бири-бирине тоскоолдук кылбай киришет. Коомдук жайларда да ар ким өзүнүн гана ыңгайлуулугун эмес, жанындагы адамдарды да ойлогондой сезилет. Ошондой эле айлана-чөйрөнүн тазалыгы. Көчөлөрдө таштанды челектери кездешпесе да, жерге таштанды ташталганын дээрлик көрбөйсүң. Адамдар таштандысын өзү менен алып кетип, үйүндө белгиленген тартип боюнча бөлүп чыгарышат. Парктар, көчөлөр, коомдук жайлар абдан таза кармалат. Менимче, бул жерде тазалык жөн гана тиешелүү кызматтардын иши эмес, ар бир адамдын жеке жоопкерчилиги катары калыптанган. Ушул маданият мага өзгөчө таасир калтырды.
— Бир жылдык окуу учурунда кайсы маанилүү көндүмдөрдү өздөштүрө алдың? Япониянын билим берүү системасынын биздикинен айырмачылыгы эмнеде?
— Хиросима университетинин магистратурасында, Graduate School of Advanced Science and Engineering мектебинде билим алып жатам. Негизги багытым шаарларды өнүктүрүү, транспорттук пландоо жана маалыматтарды талдоо менен байланышкан багыт. Азыркы учурда өзүмдүн изилдөөмдө Ош шаарындагы коомдук транспорт системасын жана адамдардын транспорт түрүн тандоосуна кандай факторлор таасир берерин изилдеп жатам.
Бир жылга жакын убакытта маалыматтарды талдоо, сурамжылоо жүргүзүү, илимий макалалар менен иштөө жана изилдөөнүн жыйынтыгын презентациялап, негиздеп берүү боюнча көп жаңы көндүмдөрдү үйрөндүм. Эң негизгиси, көйгөйдү жөн гана жеке тажрыйбага таянып эмес, маалыматтардын жана илимий далилдердин негизинде талдоого үйрөнүп жатам.
Билим берүү системасынын мен байкаган негизги айырмачылыгы — студенттин өз алдынча ой жүгүртүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Сабактар лекция менен гана чектелбестен презентация, дискуссия, практикалык тапшырмалар жана илимий макалаларды талкуулоо форматында да өтөт.
Бул жакта ката кетирүүдөн коркпой, өз оюңду айтууга мүмкүнчүлүк берилет. Профессор сенин оюңа макул болбосо да, эмне үчүн мындай деп ойлоп жатканыңды сурайт. Ошентип даяр жоопту жаттап алгандан көрө өз алдынча ойлонуп, чечимди далилдер менен негиздөөгө үйрөнөсүң.
— Ош мэриясынын кызматкери катары Япониянын шаарларды башкаруу системасына өзгөчө көңүл бурсаң керек. Алардын жергиликтүү бийлигинин ишиндеги биз үлгү ала турган эң негизги артыкчылык эмнеде?
— Мен муниципалдык кызматта иштегендиктен Японияда жергиликтүү бийликтин ишине да өзгөчө кызыгуу менен карап жүрөм. Байкаганым системалуулук жана жоопкерчилик. Ар бир кызматкер өзүнүн милдетин жакшы билет жана ошол ишти сапаттуу аткарууга аракет кылат. Система бир адамга көз каранды болбой, белгиленген тартип менен иштеп турганы жакты.
Адамдар күнүмдүк жашоодо саясатты көп талкуулай бербей, көбүнчө өзүнүн жумушу, үй-бүлөсү жана өзүнө тиешелүү иштер менен алек болушат. Кандай кесипте иштебесин, өзүнүн жумушуна жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Албетте, Япониянын системасын толугу менен бизге көчүрүп алуу мүмкүн эмес. Бирок системалуу иштөө, жоопкерчилик, убакытты баалоо жана ар ким өз ишин так аткаруу жагынан биз үйрөнө турган нерселер көп деп ойлойм.
— Ал жакта шаар тургундары менен мэриянын байланышы, маселелерди санариптик жол менен чечүү кандай уюштурулуптур?
— Шаардык кызматтар боюнча маалыматтын так жана жеткиликтүү болушу. Мисалы, таштандынын кайсы түрүн кайсы күнү чыгаруу керектиги алдын ала белгиленип, тургундарга толук маалымат берилет. Коомдук транспорт боюнча да ошол эле автобусту ала турган болсок, кайсы аялдамага канча убакытта келет, канча убакытта тийиштүү жерге жетет сыяктуу маалыматтар толугу менен көрсөтүлүп, телефон аркылуу оңой эле текшерүүгө болот.
Муниципалдык кызматтарды мэрияга барып, бирдиктүү терезе аркылуу бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан сырткары көп документтерди жана арыздарды онлайн тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. Санариптештирүүнү жөн гана технология катары эмес, адамдардын убактысын үнөмдөө жана кызматтарды жөнөкөйлөтүү үчүн колдонушат.
— Алган билимиңди мекенге кайткандан кийин кантип колдоносуң?
— Менин азыркы изилдөөм шаардык коомдук транспорт менен байланыштуу. Ошондуктан Кыргызстанга кайткандан кийин алган билимимди биринчи кезекте ушул багытта колдонгум келет. Азыр Ош шаарындагы муниципалдык автобустарды, маршруттук таксилерди жана такси кызматтарын адамдар кандай шартта тандай турганын изилдеп жатам.
Келечекте транспорт боюнча чечимдерди мүмкүн болушунча так маалыматтарга таянып кабыл алуу системасын өнүктүрүүгө салым кошсом дейм. Албетте, азыртан эле “ушул долбоорду сөзсүз ишке ашырам” деп айтуу эрте. Бирок көргөн тажрыйбаларды Ош шаарынын шартына ылайыктап, өзгөчө коомдук транспортту жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну пландап жатам.
— Ош шаарынын инфраструктурасын же кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн Япониядан кайсы ыкманы киргизсе болот?

— Мен жашаган шаарда мага шаарды жашылдандыруу ыкмасы өзгөчө жагат. Бул жерде көчөлөрдүн боюнда жана коомдук жайларда жөн гана жашыл бак-дарактар эмес, ар кайсы мезгилде гүлдөп, шаарга көрк берип турган түрдүү бадалдар көп отургузулган. Кышында да гүлдөп турганын көрүүгө болот. Ар кандай түстөгү мындай өсүмдүктөр шаардын көрүнүшүн бир топ өзгөртөт экен.
Бизде көчөлөрдү жашылдандырууда көп жылдан бери, союз мезгилинен калган кадимки эле бир түрдөгү жандуу тосмолорду колдонуп келебиз. Албетте, алар да өзүнүн функциясын аткарат. Бирок Ош шаарынын климатына ылайык келген, ысыкка жана суукка чыдамдуу, ар кайсы мезгилде гүлдөгөн жаңы бадалдардын түрлөрүн акырындык менен киргизсек болот деп ойлойм.
— Бир жыл ичинде өзүңдө кандай өзгөрүүлөрдү байкадың?
— Биринчиден, сабырдуу болуп, кандайдыр бир маселени шашпай карап, анализдеп, анан чечим чыгарууга көбүрөөк үйрөнүп жатам.
Япондордун иштин сапатына болгон мамилеси жакты. Алар үчүн жумушту жөн гана тезирээк бүтүрүп коюу эмес, аны сапаттуу аткаруу маанилүү. Мисалы, Японияда VII–VIII кылымдарда жыгачтан курулган айрым храмдар бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Албетте, алар кылымдар бою оңдолуп, реставрацияланып келген, бирок ошого карабастан ошол кездеги курулуш технологиясы, усталардын тактыгы жана сапатка болгон мамилеси таң калтырат. Менимче, бул жердеги ишти сапаттуу жана майда-чүйдөсүнө чейин так аткаруу маданиятынын тарыхы тереңде жатат. Мен да ушул жерден баштаган ишти аягына чейин жеткирүүгө, шашпай, мүмкүн болушунча сапаттуу аткарууга жана майда деталдарына чейин көңүл бурууга үйрөнүп жатам.
Бөтөн өлкөгө үй-бүлө менен көчүп баруу чечими кандай болду?
— Албетте, үй-бүлө менен башка өлкөгө көчүп келүү оңой чечим болгон жок. Айрыкча башында тил, тамак-аш, климат жана жаңы чөйрөдө кыйынчылыктар болду. Балдар үчүн болсо жаңы мектеп, жаңы достор жана башка тилдеги чөйрө таптакыр жаңы тажрыйба дегендей.
Бирок балдар чоңдорго караганда жаңы чөйрөгө тезирээк көнөт экен. Башында япон тилин дээрлик түшүнүшпөсө, азыр акырындык менен сүйлөшүп, досторун таап, мектептеги жашоого да көнүп калышты. Тамак-аш жагынан да айырмачылык сезилген, азыр өзүбүзгө жаккан япон тамактары да пайда болду.
Мен үчүн үй-бүлөмдүн жанымда болгону абдан маанилүү. Окуу кээде оор болуп, убакыт көп талап кылынат. Ошондой учурларда үй-бүлөнүн колдоосу чоң күч берет. Ошол эле учурда балдар үчүн да башка өлкөдө жашап, башка маданиятты жана тилди көрүп жатканы келечекте жакшы тажрыйба болот.
— Япондордун бала бакча, мектеп системасында кандай өзгөчөлүктөр бар экен?
— Балдарды кичинекей кезинен эле өз алдынча болууга үйрөтүшөт. Мисалы, бала өзүнүн буюмдарын өзү жыйнайт, кийимин, сумкасын карайт, колунан келген жумушту чоңдор жасап бербей, өзү аткарууга аракет кылат. Башында бул майда нерседей көрүнөт, бирок бара-бара балада жоопкерчилик пайда болот экен.
Мектепте тазалыкка болгон мамилеси да кызык. Окуучулар классын, коридорлорду жана башка жалпы колдонулган жерлерди өздөрү тазалашат. Тамактанууда да балдар кезектешип тамак таратууга жардам беришет. Мунун мааниси жөн гана мектепти тазалоодо эмес деп ойлойм. Бала өзү тазалаган жерге таштанды таштабоону, жалпы мүлккө аяр мамиле кылууну үйрөнөт.
Бул нерселерди балдарга жөн гана сөз менен айтпастан, күн сайын жасатып үйрөтүшөт.
Бурул Исмаилова