• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Сейил бактардагы аттракциондор канчалык коопсуз?

Автор:Osh Shamy

Сен 1, 2026
Парк Навои, Кыргызстан, Азия

Жай мезгилинде балдардын шаңдуу күлкүсүнө толуп, шаардыктардын эс алуучу сүйүктүү жайына айланган сейил бактардын артында канчалаган жооптуу жумуштар турат? Албетте, ар бир ата-эне баласын аттракционго отургузууда анын коопсуздугуна кабатырланары табигый нерсе. Бүгүн биз Ош шаарындагы борбордук Токтогул жана Навои атындагы эс алуу бактарындагы аттракциондордун техникалык абалы, коопсуздук эрежелери жана аларды текшерүү тартиби тууралуу кеңири кеп кылабыз.

Коопсуздукка ким жооптуу?

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык бөлүктөрдү ижарага берүү жана дизайн бөлүмүнүн башкы адиси Алмазбек Насыров аттракциондордун коопсуздугун көзөмөлдөө жана жоопкерчилик кимге жүктөлөөрү тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
«Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы Токтогул паркында Муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында турган жана биз менен убактылуу ижара келишимин түзгөн 4 аттракцион бар. Алар: автодром, «Солнышко», «Викинг» (кеме) жана «Вихрь».
Муниципалдык мүлктү убактылуу пайдаланууга берүү боюнча конкурска катышып, жеңип чыккан ижарачылар менен атайын комиссиянын кароосунан кийин келишимдер түзүлгөн. Түзүлгөн келишимдердин негизинде объекттер убактылуу пайдаланууга берилип, бүгүнкү күндө ижара акылары өз убагында төлөнүп жатат. Ар бир ижарачыга Ош шаарынын мэриясынын комиссиялык протоколу чыгат жана ошонун негизинде жер убактылуу ижарага берилет.
Ал эми аттракциондордун коопсуздугуна Муниципалдык менчик башкармалыгы жоопкерчилик тартпайт. Ижарачылар жыл сайын Бишкектен же Москвадан тиешелүү адистерди чакырып, жылына бир жолу техникалык текшерүүдөн өткөрүшөт жана ошонун жыйынтыгы боюнча техникалык корутунду алып келишет.
Жер ижарага берилгенден кийин биз алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишпейбиз. Электр энергиясы, санитардык абалы жана тазалык маселеси боюнча ижарачылар өздөрү толук жооптуу болушат. Ошентип, муниципалдык башкармалык жерди гана ижарага берет, ал эми аттракциондордун техникалык абалына жана коопсуздугуна ижарачылар өздөрү түз жоопкерчилик тартышат».

Экотехкөзөмөл кызматы 16 аттракциондун ээлерине 335 000 сом айып салды

Мамлекет тараптан көзөмөл кандай жүргүзүлөрүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимов төмөндөгүчө айтып берди:

«Ош шаарында жайгашкан аттракциондор: А.Навои паркындагы «Балдар келечеги» ЖЧК, Токтогул паркындагы жана «Ак-Буура» оюн-зоок аттракциондорду иштетүүдө 2025-жылы техникалык коопсуздук талаптарын сактоо максатында бир катар текшерүүлөр өткөрүлүп, жалпы 16 аттракциондун ээлерине 335 000 сом айып салынып, 7 аттракциондун ишмердүүлүгү токтотулган. Ошону менен бирге талаптарды аткаруу менен кайра контролдук текшерүүлөрдөн кийин ишкердүүлүктөрү жүргүзүлгөн.
Аттракциондорду текшерүүдө, биринчиден, оператор-посадчиктер жыл сайын өткөрүлүүчү атайын окуу борборунан окуудан өтпөгөндүгү аныкталган (Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» 2016-жылдын 2-августу №160 мыйзамынын 10-беренесинин 3-пункту). Экинчиден, эксперттер тарабынан жыл сайын аттракциондор техникалык диагностикадан өткөрүлбөй, иштетүүгө оң корутундулар алынбай калган учурлар кездешет.
Азыркы учурда парктарда иштетилип жаткан аттракциондор мыйзам талабына ылайык сезон башталар алдында өз убагында техникалык диагностикадан өткөрүлүп, иштетүүгө уруксат алынган. Кооптуу же эски аттракциондорду иштетүүдө аттракцион ээси ЕАЭСтин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» (ТР ЕАЭС 038/2016) Техникалык регламентинин талабына гана ылайык иштетүүгө милдеттүү. өз билемдик мыйзам бузуулар менен иштетилип жаткан аттракцион ээлеринин жоопкерчилигинде.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы №113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Ош шаарындагы аттракциондорго текшерүүлөр жүргүзүлбөгөндүгүн маалымдайбыз. Бирок, текшерүүгө тыюу салынгандыгына карабастан экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы аттракциондору бар эс алуу жайларга, мониторинг жүргүзүү менен бирге коопсуздуктун алдын алуу максатында эскертүүлөр жана билдирүүлөр берилип, көзөмөлдө турат.
Коопсуздук талаптарын бузган аттракцион ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 274-беренесинин негизинде:
Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу — жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле жосун — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Мындан тышкары, кооптуу болгон аттракциондордун ишкердүүлүгүн токтотууга чейин чара көрүлөт. Негизинен, кырсык кандай учурда болду, ошого жараша комиссиялык тартипте каралып, тийиштүү корутундулардан кийин жоопкерчиликтүү кызмат адамына карата укуктук баа берилет. Бүгүнкү күндө текшерүүгө мораторий болгондуктан экотехкөзөмөл кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу, жоопкерчилиги каралбайт. Ошондуктан биздин башкармалык тарабынан бардык аттракцион ээлерине талаптарды сактоо үчүн эскертме билдирүүлөрдү берип келебиз.
Эгер фактылар менен арыз-даттануулар биздин башкармалыкка келип түшкөн учурда арыздын маңызына карап, КРнын Экономика министрлигинин макулдашуусу менен пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамсыз иш-аракеттерге жогоруда айтылгандай чараларды көрөбүз».

Навои паркында эски аттракциондор колдонуудан чыгарылган

Ал эми Навои паркын иштеткен жеке ишкер Изатбек Исабеков аттракциондордун коопсуздугун камсыз кылуу, эски жабдууларды жаңылоо жана атайын текшерүүлөр тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

«Мен 2015-жылдан бери Навои паркында иштеп келем. Учурда бизде 20дан ашуун аттракцион бар. Алардын ар бирин 1 жылда бир жолу техникалык көзөмөлдөн өткөрүп турабыз. Россиядан атайын адистер келип текшерүүдөн өткөрүп корутунду берет. Тиешелүү документтердин баары бизде бар. Паркыбыз быйыл оңдоп-түзөө иштеринен өтүп олтурат. Эски аттракциондордун көпчүлүгү дээрлик 80 пайызы колдонуудан чыгарылган. Эң маанилүүсү жыл сайын 2-3төн аттракциондорду жаңыртып жатабыз. Жаңы аттракциондордун сертификаттары бар. Сапаты тастыкталган завод менен түздөн-түз иштейбиз. Операторлорубуз болсо жумушка алынаардан мурда атайын окутуулардан өтүшөт. Технопрогресстен билимдери бар. Парк өзү сезондук жумуш, 6 ай иштейбиз. Апрелден баштап сентябрга чейин жумуш болот. Анан суукка байланыштуу аттракциондорубузду жаап, 6 ай ичи коопсуздук курун, редукторлорду, мотордун кайыштарын (ремень), кабиналарды, шкивтерди толук текшерүүдөн (кароодон) өткөрүп жаңыртып, сезонго даярданып 3-4 ай оңдоо иштерин жүргүзөбүз. Жазында март айларында атайын чакыртылган адистер келип текшеришет».
Урматтуу ата-эне, эс алуу паркындагы балдардын шаңдуу күлкүсү ар бир өмүрдүн эң таттуу көз ирмеми экени талашсыз. Бирок ошол эле учурда ар бир аттракциондун артында чоң тобокелчилик жатканын унутпашыбыз керек.Кагаздагы уруксаттар же техникалык текшерүүлөр канчалык маанилүү болбосун, эң башкы коопсуздук калканы — бул сиздин жеке жоопкерчилигиңиз жана сактыгыңыз экенин түшүнүшүңүз зарыл. Баланы «оператор өзү карайт го» же «башкалар деле түшүп жатпайбы» деп эч качан кароосуз таштабаңыз. Анткени анын өмүрү менен ден соолугу үчүн эң биринчи сиз жооптуусуз. Балаңыз аттракционго отурганда сөзсүз жанында туруп, коопсуздук куру менен бекиткичтери бекем тагылганын өз колуңуз менен кармап текшериңиз. Азгырылып канчалык суранбасын, жашына же боюна туура келбеген кооптуу аттракциондорго отургузууга жол бербеңиз. Эгерде жабдуу өтө эскирип, шектүү үн чыгып жатса же оператордун кайдыгерлиги байкалса, баланын көз жашына карабай тобокелчиликтен баш тартыңыз. Оюн маалында телефонуңузга алаксыбай, балаңыздан бир көз ирмемге да көзүңүздү албаңыз. Балдарыбыздын кубанычтуу күндөрү өкүнүчкө айланбасын десек, ар дайым сак, жоопкерчиликтүү жана сергек болушубуз зарыл.

Айнура Валижанова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *