• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Гиннеске татыган Арашан: алтынга тете кыргыз койлору

Автор:Osh Shamy

Сен 1, 2026

Кыргызстанда акыркы жылдары эт-май багытындагы Арашан породасы мал чарбачылыгында чыныгы сенсацияга айланды. Дүйнөдөгү эң ири койлордун бири катары таанылган бул тукум улуттук брендге айланып, Борбор Азия аймагынан тартып Жакынкы Чыгышка чейин фермерлердин көңүлүн бурдура баштады. Бир эле асыл тукум кочкордун баасы Бишкектин борборундагы кымбат батирдин наркы менен теңелип жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Бул баа чындап эле негиздүүбү же убактылуу рыноктук дүрбөлөңбү? Бул суроолорго жооп табуу максатында 2020-жылдан бери дал ушул багытта эмгектенип, азыркы тапта асыл тукум мал багып жаткан Нурсултан Рыскелди уулунун чарбасы тууралуу баяндап беребиз.

Көп жылдык эмгектин жыйынтыгы

Нурсултан мырзанын мал чарбачылыгындагы жолу дароо эле Арашандан башталган эмес. Алгач койдун башка бир катар популярдуу тукумдарын багып, тоют сарптоосун, салмак кошуу темпин, климатка ыңгайлашуусун жана өтүмдүүлүгүн тажрыйбада таразалаган. Жөнөкөй кылчык жүндүү койлордон баштап, башка аймактык породаларга чейин багып көрүп, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн изилдеген. Мурда мал багуу жөн гана күндөлүк оокат же чакан киреше табуунун жолу катары көрүнсө, 2020-жылы Арашан породасына өткөндө мал чарбачылыгына болгон көз карашы түп тамырынан бери өзгөрөт. Бул жөн гана мал көбөйтүү эмес, терең эсептөө жана селекциялык илим экенине көзү жетет. Арашанды башка породалардан айырмалап турган эң башкы касиети — биологиялык сапатынын жогорулугу. Ал өзүнүн генетикалык күчүн, дене түзүлүшүн, салмагын жана бой параметрлерин кийинки муунга так өткөрүп бере алган сейрек продукт болуп саналат. Төл энесине же атасына гана окшошпостон, породанын эң мыкты сапаттарын өзүнө сиңирип төрөлөт.

Жарым кылымдык тарых

Бул тукумдун тарыхы жарым кылымдан ашуун убакытты кучагына алат. Селекциялык иштер 1970-жылы башталып, 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы ири кочкорлор алынып келинип, жергиликтүү койлор менен аргындаштырылган. Ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн кылдат тандоонун натыйжасында 2021-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин №110 буйругу менен «Арашан» өзүнчө асыл тукум порода катары катталган. Ал эми 2023-жылдын 30-августунда Кыргызпатентте №66 селекциялык жетишкендик катары катталып, патенттик укук Кыргыз кой багуучуларынын коомдук бирикмесине берилген.
Бул тукумдун дүйнөлүк аренага кадам таштоосу 2017-жылы Казакстандын Чымкент шаарында өткөн эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнөн башталган. Ал жерде Кыргызстандан барган «Гулливер» каймана аты бар кочкор 188 килограмм салмак көрсөтүп, башкы орунду багындырган. Кийинчерээк айрым атайын чарбаларда багылган рекордчулар 230-239 килограмм салмакка чейин жетип, Гиннестин рекорддор китебине талапкер катары да көрсөтүлгөн.
Бул кой бийик тоолуу жайыттарга да, өрөөн-талааларга да абдан бат ыңгайлашат. Породанын расмий стандарты боюнча 3 жаштан жогорку кочкорлор 140 кг минималдуу 90 кг салмакты кармашы керек. Койдун бийиктиги кочкорлордо кем дегенде 97 см, ургаачыларында 87 смди түзөт. Бирок тажрыйбалуу чарбаларда 3 жаштан ашкан кочкорлордун салмагы 180–200 килограммдан ашып, бою 104-105 сантиметрге жеткен көрсөткүчтөр кадимки көрүнүш.

Географиялык адаптация жана жүн курамы

Арашан породасынын дагы бир кызыктуу сыры — анын географияга жараша өзгөрүүсүндө. Чүй менен Талас өрөөндөрүндө Арашандардын жүндөрү кылчыктуурак келсе, Ысык-Көлдүн бийик тоолуу катаал кышында багылган малдардын денесин табигый коргонуу катары жумшак тыбыт каптайт. Фермерлер тукумду чыңдоо жана кан алмаштыруу максатында Ысык-Көлдүн тыбыттуу Арашандарын Чүй же Таласка, ал эми Чүйдүн чоң сөөктүү кочкорлорун өлкөнүн түштүк аймактарына алып келип аргындаштырып турушат. Козу кезинен өзгөртүлгөн аймакка адаптация болгон мал жергиликтүү аба ырайына 100 пайыз көнүп кетет.

Арашан менен гиссар породаларынын айырмасы

Көпчүлүк карапайым эл Арашанды тажиктердин белгилүү гиссар породасы менен адаштырып келишет. Арашан кочкорлорун түзүүдө гиссардын гени колдонулганы менен, кыргыз селекционерлери ондогон жылдар бою жүргүзгөн талыкпас эмгектин натыйжасында принципиалдуу түрдө жаңы породаны жаратышкан. Биринчиден, Арашандын экстерьери жана башынын формасы таптакыр бөлөк. Арашан тукумунда башы куш баш сымал кайкы, мурду дөң, ал эми көздөрүнүн үстү сөөктүү келип, кулагы узун жана жазы болот. Гиссарда болсо баш түзүлүшү жапыс келет. Экинчиден, эң башкы айырмачылык — куйрук түзүлүшүндө. Гиссар коюнун куйругу чоң, салаңдап ылдый түшүп турса, Арашанда куйрук өйдө көтөрүлгөн, жыйнактуу жана денесине чапталып турат. Бул малдын жайытта же кар каптаган тоолордо эркин кыймылдашына артыкчылык берет. үчүнчүдөн, Арашандын боюнун бийиктиги жана сөөгүнүн жоондугу гиссарга караганда бир топ жогору. Мына ушул себептерден улам эл аралык рынокто Арашандын тукуму гиссарга караганда бир нече эсе кымбат бааланат.

Элди эң көп таң калтырган нерсе — малдын наркы

Чарба ээси өз тажрыйбасында эң баалуу Арашан кою 200 миң долларга чейин бааланганын айтат. Малдын баасына бир нече негизги параметрлер таасир этет.
Генетикалык линиясы: Малдын асыл тукумдук картасы жана тукум куучулукту таза сактоосу. Башынын формасы куш баш, сөөктүүлүгү, куйругунун көтөрүлүшү, көкүрөгүнүн кенендиги. Салмагы жана бою стандарттан тышкары бою 100 смден, салмагы 170-180 кгга жеткен малдар. Малдын элита же жогорку класска таандыктыгы. Көбөйтүү потенциалы кийинки төлгө баалуу сапаттарды туруктуу өткөрө алуу жөндөмү. Мындай кымбат сатылган мал жөн гана эт эмес, даяр генетикалык фабрика катары бааланат. Сатып алган фермер аны эт үчүн эмес, асыл тукум козуларды алуу максатында алат. Ал төлдөр биринчи күндөн тартып эле рынокто 3-5 миң доллардан кем эмес баага бааланып, салынган каражатты 1-2 жылдын ичинде толугу менен актайт. Демек, бул мал чарба тармагындагы эң жогорку маржалуу инвестициялык багыт болуп эсептелет.

7 айлык козудан 35 кг таза эт алууга болот

Арашан козулары өсүү темпи боюнча да башка породалардан кескин айырмаланат. Кадимки козу 4-5 айда 20-25 кг салмакка араң жетсе, Арашан козусу туура кам көрүлгөндө ошол эле куракта 40-50 кг салмакты багындырат. 7 айлык козудан 35 кг таза эт алууга болот, бул жөнөкөй койлордун 2-3 жаштагы бойго жеткен көрсөткүчүнө тең келет. Чоң малдардан болсо 50-60 килограммга чейин таза эт чыгат.
Бирок асыл тукум мал өзгөртүлгөн өзгөчө рационду жана камкордукту талап кылат. Жөнөкөй малды жайытка коё берип баккан сыяктуу Арашанды кароо мүмкүн эмес. Алп малдын сөөгү бышык өсүшү үчүн тоюттун сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Эрте жаздан баштап малга ширелүү беде, капталган жүгөрү, арпа, кебек жана минералдык туздар салмагына жараша берилет. өзгөчө козу кезинде кальций, фосфор жана витаминдик кошулмаларды рационго кошуу шарт. Бул алардын сөөк системасынын туура калыптанышына өбөлгө түзөт. Эгер сөөк начар калыптанса, мал кийин өзүнүн оор салмагын көтөрө албай калышы мүмкүн. Мындан тышкары, малдын гигиенасы, убагында эмдөө жүргүзүү жана ар бир башты чиптөө аркылуу асыл тукумдук картасын так жүргүзүү зарыл. Жем-чөптү кадимки койго караганда кыйла көбүрөөк жана жогорку сапатта талап кылат.

Эл аралык рынок жана экспорттук келечек

Азыркы тапта Кыргызстанда Арашан койлорунун саны 48–50 миң башка жакындап калды. Аларга коңшу Казакстан, өзбекстан, Россия аймактары Дагестан, Түндүк Кавказ, Грузия, атүгүл Сауд Аравиясы сыяктуу араб өлкөлөрүнөн кызыгуу өтө жогору. Чет элдик фермерлер Кыргызстанга атайын келип, элиталык кочкорлордун төлдөрүн кымбат баада сатып алып кетишүүдө. өлкөнүн Айыл чарба министрлиги тарабынан экспорттоо программалары иштелип чыгып, Кыргыз мал чарба институтунун базасында баасы 7,5 миллион долларлык геномдук лаборатория курулууда. Ал 2027-жылга чейин толук ишке кирсе, Арашандын генетикасы ДНК деңгээлинде текшерилип, дүйнөлүк стандартта тастыктала баштайт. Бул нерсе Арашан тукумун эл аралык аукциондорго расмий алып чыгууга мүмкүндүк берет. Селекционерлердин пландарына ылайык, 2030-жылга карата өлкөдөгү Арашан породасынын санын 4-5 эсеге көбөйтүү максаты коюлган. Бул өлкөнүн экспорттук дареметин чыңдап, ата мекендик мал чарбачылыгын жаңы деңгээлге алып чыгууга өбөлгө түзөт. Рыноктогу суроо-талаптын өсүшү улуттук бренддин келечеги кең экенин көрсөтөт. Тажрыйба көрсөткөндөй, Арашан — жөн гана ири мал эмес, ал — кыргыз селекционерлеринин жарым кылымдык ак мээнетинин, илим менен практиканын айкалышынын натыйжасы. Мал чарбачылыгында сүйүү, илимий мамиле жана сабырдуулук башкы орунда турат. Бул порода улуттук бренд катары айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүп, кыргыз фермерлеринин берекесин арттырууда.

Айша Нуридинова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *