Ал сахнага чыкканда миңдеген көрүүчүлөрдүн жүзүнө дароо күлкү пайда болчу. өзгөчө образдары, кайталангыс таланты жана табигый юмору менен элдин сүймөнчүлүгүнө айланган куудул Дөөлөт Мадымаевдин уулу Канат Мадымаев да ата жолун жолдоп, куудулдук өнөрдү аркалап келе жатат. “Супер куудул — 2025”сынагынын баш байгесинин ээси Канат Мадымаев менен турмуштун ачуу-таттуусу, сахна артындагы эмгек жана ички дүйнөсү тууралуу ачык маек курдук.
– Канат мырза, бала кезиңизде кандай элеңиз: тентек, шайыр же тескерисинче, токтоо белеңиз?

– Бала кезимде аябай шок, бир орунда турбаган жигердүү бала болчумун. Эсимди тааный баштаганда эле атамдын баскан-турганын, сүйлөгөнүн, кошуна-колоңдордун кылык-жоруктарын дал өзүндөй туурап, айылдагыларды күлдүрүп жүрчүмүн. Ошол кездеги элдин аруу күлкүсү менин искусствого болгон алгачкы кадамым болсо керек.
– Кыргызда атанын уулу болуу, анын изин улоо деп не бир жакшы пикирлер айтылат эмеспи. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» болуп, сиз да ата жолун улап, өнөрдө жүрөсүз…
– Атабыздан калган эң чоң мурас — бул эч кимге окшобогон тубаса талант жана өнөр болду. Ооба, атамдан ажыроо — биздин үй-бүлө үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Анда мен мектепте 11-класстын окуучусу болчумун. Бул трагедия мени эрте эс тартууга, чыйралууга жана турмуштун сыноолоруна жеңилбей туруштук берүүгө үйрөттү. Бир күндө эсейе түштүм. Бар менен жоктун кадырын, акчанын кандай мээнет менен келип, каякка жумшаларын ошондо түшүндүм. Кайдан келип, кайда кетип баратканыбыз жөнүндө ойлондум. Жараткан атамды алып кетип, бизге чоң сыноо берди. Ошол жокчулуктан барчылыкка өтүү ашуусун ашууда чыйралдым.
– Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси экенсиз. Кенже болуунун артыкчылыгын көп көрдүңүзбү?
– Ооба, үйдүн кенжесимин. Чынын айтканда, агаларымдай, эжелеримдей көп кыйналбадым десем болот. Себеби алар мага дайыма кам көрүп, коргоп-колдоп келишти. Менин бүгүнкү жеткен ийгиликтериме, ушул күнгө келишиме бир туугандарымдын да салымы абдан чоң.
– Үйдө да күлдүрүп, тамаша айтып, шайыр жүрөсүзбү же сахнадагы Канат менен үйдөгү Канат эки башкабы?
– Кудайга шүгүр, азыр үйүбүздө дайыма күлкү жаңырып турат. үйдө да ошол жогоруда айткандай, кенже уул катары бир туугандарымды, жакындарымды күлдүрүп жүрөм, шайырмын. Менимче, сахнадагы Канат менен үйдөгү Канат — бир эле адам, мен эч качан жасалма болгум келбейт.
– Сахнада аялдын образын жаратуу сиздин өзгөчө стилиңиз болуп калды. Бул образды биринчи жолу жаратканыңызда “эл кабыл албай калсачы” деген коркунуч болгонбу?
– Мен сахнада бир эле образ менен чектелип калгым келбейт. Түрдүү образдарга кире алган универсалдуу актёрмун десем жаңылышпайм. Эгерде ар бир образды ийне-жибине чейин жеткире аткарсам, максатыма жеттим деп эсептейм. Элдин кабыл алуусу, колдоосу абдан жакшы. Албетте, кээде кабыл албаган учурлар да болот, бирок бул — чыгармачылык процесс. Эл болгондон кийин сөзсүз алкоо менен сын кошо жүрөт ар дайым.
– Сизди аялдын образында көргөндө үй-бүлөңүздүн реакциясы кандай болгон?
– Агам менин образдарымды көрүп, туура түшүнүү менен кабыл алат. Бир туугандык кеңешин, байкоолорун айтып, эскертип турат. Жакындарым менин духумду түшүрбөй, тескерисинче, туура багыт беришет.
– Эл сизди дайыма шайыр көрөт. Ал эми эч кимге билдирбей кыйналган, жалгыз калгыңыз келген учурларыңыз болобу?

– Көпчүлүктүн арасында, эл ичинде жүргөндө мен ошол баары билген шайыр, шатман, тентек Канатмын. Ал эми өзүм менен өзүм жалгыз калганда абдан терең ойлонуп, толгоном. Кээде жалгыз калып, тынчтыкта ички дүйнөнү иретке келтирүү эркек киши үчүн абдан пайдалуу деп ойлойм. Менин да ошондой мүнөттөрүм болот.
– Куудулдуктун артында чоң эмгек турат. Сахнага чыгар алдында өзүңүз менен күрөшкөн учурлар болобу?
– Чоң эмгектин жана жоопкерчиликтин маанисин түшүнүп жеткен адам ар дайым тынымсыз күрөштө болот. Көрүүчүгө сапаттуу тамаша тартуулоо үчүн ар кандай тоскоолдуктарга даяр туруу керек. Сахна артында ар кандай окуя болуп калышы мүмкүн. Кээ бир учурларда образга жакшы кире албай калдымбы деп ойлоп каласың. Чыгып жатып элге жакпай калсачы, эч ким күлбөй койсо эмне кылам дейсиң. Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү бар дегендей.
– Чет жактарда мигрант болдум деп калдыңыз. Кайсыл жактарда жүрдүңүз?
– Атабыздан эрте айрылганда, аска-зообуз кулап, көзүбүз чачырап кеткендей эле болгон. Ар бирибиз туш тарапка тарап, нан табуу үчүн Москвада жана Астанада иштеп, ошондогу оор күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ошол мезгилдер мага турмуштун ачуу-татуусун үйрөттү.
– Искусстводон башка жол бар беле?
– Эгер сахнага чыкпаганымда, колумдан эмне келсе, алдыман кандай адал жумуш чыкса, ошону жасап кете бермекмин. Мен үчүн ар бир адал кесиптин өз орду жана кадыр-баркы бар.
– 2025-жылы “Супер куудул” наамын алдыңыз. Бул сыйлыктын сиз үчүн кандай орду бар ?
– Бул жетишкендик — менин эмгегимдин бааланганы жана чоң жолдун башаты. Жараткан ырыскымды, дем-күчүмдү берип турса, элиме чарчабай жаңы тамашаларды тартуулай берем. Күлкү тартуулай турган тамашаларым запаста дагы абдан көп! Ушул күнгө чейин аткарган ролдорумдан тышкары, ачыла элек, көрүүчүлөргө көрсөтө элек тараптарым бар.
– Элдин күлкүсү үчүн кээде өзүңүздү да тамашага саласыз. өзүңүзгө айтылган кайсы тамаша сизге жаккан эмес?
– Кээде сахнада элди күлдүрүү үчүн импровизация кылып, “гаңгир баш” деген сөздү колдонуп жүргөм. Бирок ал сөз кийин өзүмө кайтып келди. Көчөдө таанып калгандар: “Э-эй, гаңгир баш!” деп кыйкырганда, ичимден бир кызыктай болуп, өзүмө келе түшөм. Сахна бул көрүүчүгө талантыңды көрсөтө турган майдан. Андан түшкөндөн кийин сен да катардагы элдин бирисиң. Элде бар тиричилик, түйшүк, көйгөйлөр бизде да бар. “Артисттердин эле жашоосу жыргал, турмушу жеңил” дегендерге айтарым: пенде катары баарыбыз окшошпуз. Ар бир адамдын турмушунда өзүнө жараша оордугу, жеңили, сыноосу болот.
– Келечекте өзүңүздү куудул катары эле эмес, олуттуу ролдорду аткарган актёр катары да көрөсүзбү?
– Ооба, өзүмдү кино тармагында да сынап, кыргыз киносуна салымымды кошсом деген аруу тилегим бар. Убакты-сааты келсе мени олуттуу кинолордон да көрө аласыздар. Азыр заманбап кинолорду көрүп, изилдеп, такшалып жатам. Көптөн бери киного тартылсам деп кызыгып жүрөм.
– 10 жыл мурунку Канатка жолугуп калсаңыз, ага кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эгер он жыл мурунку өзүмдү көрсөм: “Жан дүйнөңдү дайыма таза карма, напсинин кулу болбо жана Жараткан тарабынан аманат катары берилген ден соолугуңду аяп, таза тут!” деп айтмакмын.
– Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгиликтер арбын болсун!
Айша Нуридинова