Чачтын көп түшүшү бүгүн көпчүлүктү тынчсыздандырган көйгөй. Айрыкча аялдар төрөттөн кийин, катуу стресстен соң же организмде кандайдыр бир өзгөрүү болгондо чачынын суюлуп кеткенин байкашат. Ал эми айрымдарда бул көйгөй тукум куучулук болушу мүмкүн. Чачтын түшүшүнө эмне себеп болот? Кайсы витаминдер маанилүү? Витаминди анализсиз эле ичсе болобу? Ушул жана башка суроолорго биотин, цинк продукцияларын өндүргөн «Таза жашоо» компаниясынын негиздөөчүсү Саид Дадаханов жооп берет.
— Чачтын түшүшүнө негизинен эмне себеп болот?

— Чачтын түшүшүнүн себептери абдан көп. Биринчи кезекте тукум куучулук факторду белгилесек болот. Мисалы, чоң ата, чоң энесинде же ата-энесинде чачтын суюлушу, так түшүү же таз болсо, кийинки муунда да ушундай көйгөй болушу мүмкүн. Бул медициналык жактан да белгилүү факторлордун бири. Чач түшүүдө тукум куучулук ыктымалдуулугу болсо кеч боло электе адиске кайрылуу маанилүү.
Кээ бир учурларда чач трансплантациясы сыяктуу хирургиялык ыкмалар да колдонулат. Бирок бул бардык адамдарга бирдей сунушталчу чечим эмес. Эң биринчи чач эмне себептен түшүп жатканын аныктап алуу керек.
— Демек, тукум куучулук болсо, витаминдер жардам бербейби?
— Витаминдер организмде жетишсиз болгон учурда чач түшөт. Эгер адамда кандайдыр бир витамин же минералдын жетишсиздиги аныкталса, аны толуктоо абзел. Мисалы, темир, цинк, белок жана айрым витаминдер жетишсиз болгондо чачтын түшүшү күчөшү мүмкүн. Бирок витаминдер тукум куучулук чач түшүүнү толугу менен жок кылат деп айтууга болбойт. Ошондуктан витаминди профилактика катары кабыл алуу маселесинде да адамдын жеке абалын эске алуу зарыл.
— Чачтын түшүшүнө экологиянын таасири барбы?
— Ооба, айлана-чөйрө жана жашоо шарттары да чачтын абалына таасир этиши мүмкүн. Бизге башка шаарларда же өлкөлөрдө иштеп келгенден кийин чачы көп түшүп баштаганын айтып кайрылгандар көп кездешет. Бирок мындай учурда бир гана сууга же абага шылтап коюу туура эмес. Адамдын жашоо образы, тамактануусу, стресс, уйкусу, чачка кам көрүүсү жана жалпы ден соолугу да маанилүү. Мисалы, чачты дайыма боёо, күйдүрүү, өтө ысык фен же түздөткүчтү колдонуу, чачты катуу тартып байлоо да анын жабыркашына алып келиши мүмкүн.
— Аялдарда төрөттөн кийин чачтын көп түшүшү эмнеден болот?

— Төрөттөн кийин чачтын көп түшүшүнө дээрлик бардык эле аялдар туш болот. Кош бойлуулук учурунда организмде чоң гормоналдык өзгөрүүлөр жүрөт. Төрөттөн кийин гормоналдык фон кайра өзгөрүп, чачтын өсүү циклине таасир этет. Мындай чач түшүү көп учурда убактылуу болот. Ошол эле учурда төрөттөн кийин организмде темирдин жетишсиздиги сыяктуу башка көйгөйлөр да болушу мүмкүн. Ошондуктан чач өтө көп түшүп, узакка созулса, анын себебин текшерүү туура. Трихолог-дерматолог зарыл деп эсептесе, кан анализдерин да сунуштайт.
— Стресс жөнүндө да айтып өттүңүз. Чындап эле нервден чач түшөбү?
— Ооба, катуу стресс чачтын өсүү циклине таасир этиши мүмкүн. Айрым адамдарда олуттуу стресс же организм үчүн күчтүү физикалык фактор өткөндөн кийин бир нече айдан соң чачтын көп түшүшү байкалат. Ошондуктан адам «мен азыр стресс абалында эмесмин го, эмне үчүн чачым түшүп жатат?» деп таң калбашы керек. Чачтын өсүү циклинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу таасири дароо эмес, кийинчерээк билиниши мүмкүн.
— Адамга кайсы витаминдер жана минералдар жетишсиз болгондо чач түшүшү мүмкүн?
— Бул жерде биринчи кезекте темир, цинк жана биотин жөнүндө сөз кылсак болот. Ошондой эле организмге белок жана башка маанилүү азык заттар жетиштүү болушу керек. Америкалык дерматологдор ассоциациясы темир, цинк, биотин же белок жетишсиз болгон учурда байкаларлык чач түшүшү мүмкүн экенин белгилейт.
Айрыкча темир жетишсиздиги боюнча кардарлар көп суроо беришет. Темир организмдеги көптөгөн процесстер үчүн маанилүү. Анын запасын баалоодо ферритин көрсөткүчү да колдонулат. Эгер адамда темир жетишсиздиги болсо, бул чачтын суюлушуна себеп болот.
— Биотин цинктин чачка кандай таасир берет?

— Биотин — В тобундагы витаминдердин бири. Ал организмдеги бир катар маанилүү процесстерге катышат. Цинк да организм үчүн маанилүү минералдардын бири. Ал клеткалардын нормалдуу иштешине катышат. Цинк жана биотин жетишсиз болгондо чач түшөт. Бирок биз кардарларга да ар дайым организмдин абалын эске алуу керектигин айтабыз. Анткени бир адамга керек болгон кошумча экинчи адамга сөзсүз керек деген түшүнүк туура эмес.
— Чач түшүп жатканда анализ тапшырбай эле витамин ичсе болобу?
— Бул суроого этият жооп берүү керек. Витаминдерди өз алдынча жана өзгөчө жогорку дозада кабыл алуу туура эмес. Мисалы, темирдин ашыкча өлчөмү организмге зыян келтириши мүмкүн. Дерматологдор да темир, цинк же биотинди алардын жетишсиздиги аныкталганда гана кошумча түрүндө кабыл алууну сунушташат.
Ошондуктан чач көп түшүп жатса, биринчи кезекте себебин аныктоо маанилүү. Зарыл болсо, адис тиешелүү анализдерди дайындайт.
— Рынокто чачка арналган витаминдер көп. Продукция тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

— Эң негизгиси — продукциянын курамын, өндүрүүчүсүн, сапат сертификаттарын жана колдонуу боюнча көрсөтмөлөрүн караш керек. Рынокто ар кандай сапаттагы препараттар бар. Ошондуктан ишенимдүү өндүрүүчүдөн алынган, курамы ачык көрсөтүлгөн жана тиешелүү документтери бар продукцияны тандоо маанилүү.
Ошондой эле «100 пайыз натуралдуу» же «чачты сөзсүз өстүрөт» деген жарнама сөздөрүнө эле ишенип калбай, курамын карап, зарыл болсо адис менен кеңешүү керек.
— Витаминдерден башка чач түшүүгө каршы кандай процедуралар бар?
— Чачтын түшүшүнүн себебине жараша ар кандай ыкмалар колдонулат. Айрым учурда жергиликтүү дарылоо, медициналык препараттар же баш терисине жасалган процедуралар сунушталат. Мисалы, мезотерапия жана плазмотерапия сыяктуу процедураларга кайрылгандар бар.
— Бирок процедура тандоо да диагнозго жараша болушу керек. Чач түшүүнүн бардык түрүнө бир эле процедура жардам берет деп айтууга болбойт. Ошондуктан адистин кеңеши маанилүү.
— Анда чачтын түшүшүн алдын алуу үчүн адам күнүмдүк жашоосунда эмнеге көңүл бурушу керек?
— Биринчи кезекте туура жана тең салмактуу тамактануу керек. Организм белок, темир жана башка керектүү азык заттарды тамак-аш аркылуу алышы зарыл. өтө катуу диета кармоо жана калорияны кескин азайтуу да чачтын түшүшүнө алып келиши мүмкүн.
Андан тышкары, стрессти азайтуу, жетиштүү уктоо, чачка туура кам көрүү маанилүү. Чачты дайыма катуу тартып байлоо, ысык шаймандарды ашыкча колдонуу жана химиялык процедураларды көп жасоо да чачка зыян келтириши мүмкүн.
Эң негизгиси — чачтын түшүшүнө кайдыгер карабаш керек. Чач адамдын сырткы көрүнүшүнүн гана эмес, организмдеги айрым өзгөрүүлөрдүн да белгиси болушу мүмкүн. Эгер чач адаттагыдан кыйла көп түшүп, суюлуп же тактар пайда боло баштаса, себебин өз алдынча аныктоого аракет кылбай, дерматологго кайрылуу туура.
— Демек, чачты сактоонун негизги сыры — бир эле витаминде эмес турбайбы?
— Так ошондой. Чачтын ден соолугу бир гана витаминге байланыштуу эмес. Тукум куучулук, гормондор, тамактануу, стресс, темир жана башка микроэлементтердин жетишсиздиги, оорулар жана чачка болгон кам көрүү -мунун баары таасир этиши мүмкүн.
Ошондуктан чачы түшүп жаткан адам «кайсы витаминди ичсем болот?» деген суроодон мурда «эмне себептен чачым түшүп жатат?» деген суроого жооп издегени туура. Себеби аныкталганда гана туура жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Ал эми витаминдер жана минералдар организмде чындап жетишсиз болгон учурда гана колдонулса натыйжа болот.
Айнура Валижанова