Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугу өзгөчө кылдат көзөмөлдү талап кылат. Айрыкча мөөнөтүнөн мурда же оор абалда төрөлгөн балдардын өмүрү үчүн неонатологдордун жоопкерчилиги чоң. Бул тууралуу 12 жылдан бери неонатология тармагында эмгектенген Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын ымыркайларды жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнүн башчысы Мамарасул кызы Минура менен маектештик.
— Минура айым, ар бир кесиптин түйшүгү болот эмеспи, бул кесип сизге эмнеси менен жагат жана оор жактары кандай?

— Эмгек жолумда жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна байланыштуу көптөгөн кыйын учурларга күбө болдум. Айрыкча абалы оор, мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн, өзгөчө жардамга муктаж болгон ымыркайлар менен иштөө биздин күнүмдүк ишибиздин негизги бөлүгү. Неонатология абдан жоопкерчиликтүү, жүрөккө жакын кесип деп эсептейм. Мага эң жаккан жери жаңы төрөлгөн баланын жашоосуна жардам бере ала турганың. Кээде баланын дем алуусу начар болот, салмагы өтө кичинекей же башка көйгөйлөр менен оор абалда төрөлөт. Ошол учурда дарыгерлердин туура жана өз убагында жасаган аракети баланын кийинки жашоосуна таасирин тийгизет. Эң кубанычтуу учур абалы оор болуп келген баланын күндөн-күнгө жакшырып, өз алдынча дем алып, эмчек эме баштап, салмак кошуп, анан ата-энесинин колуна аман-эсен чыгып кеткени. Мындай учурда дарыгер катары өз ишиңдин маанисин абдан терең сезесиң. Ата-эненин «рахмат» деген бир ооз сөзү да биз үчүн чоң баа. Албетте, кесиптин оор жактары да көп. Эң биринчи жоопкерчилик. Себеби биз жаңы төрөлгөн, организмдери али толук калыптана элек балдар менен иштейбиз. Кээде баланын абалы бир нече мүнөттүн ичинде өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан дарыгер ар дайым даяр болушу керек. Тез чечим кабыл алуу, туура дарылоону баштоо жана команда менен биргеликте иштөө абдан маанилүү. Эң оору – бардык аракеттерге карабастан баланын абалын жакшыртуу мүмкүн болбой калган учурлар. Мындай учурду дарыгер катары кабыл алуу оңой эмес. Анткени бул жерде жөн гана медициналык учур эмес, ата-эненин үмүтү, үй-бүлөнүн тагдыры турат.
— Ымыркайдын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн болгон негизги факторлор кайсы?
— Жаңы төрөлгөн бала абдан назик болот. Анын организми төрөлгөндөн кийин жаңы шартка көнүп баштайт. Ошондуктан айрым оорулар же көйгөйлөр тез эле күчөп кетиши мүмкүн. Эң негизги коркунучтардын бири мөөнөтүнөн мурда төрөлүү. Мындай балдардын өпкөсү, мээси, иммундук системасы жана башка органдары толук жетиле элек болот. Мындан тышкары, төрөт учурунда кычкылтек жетишсиз болуп калса, бала дем ала албай жатса, инфекция болсо же тубаса оорулары аныкталса, булар да баланын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондой эле эненин кош бойлуулук учурундагы ден соолугу чоң мааниге ээ. Кан басымдын жогору болушу, кант диабети, ар кандай инфекциялар, туура эмес тамактануу, тамеки тартуу жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу балага терс таасирин тийгизет.
— Кош бойлуулук мезгилинде эненин ден соолугу жана жашоо образы балага таасир береби?
— Эненин ден соолугу балага түздөн-түз таасир берет. Анткени бала эненин курсагында өсүп, керектүү азыктарды жана кычкылтекти энеси аркылуу алат. Ошондуктан кош бойлуу аял өзүнүн ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Убагында дарыгерге көрүнүү, анализдерди тапшыруу, туура тамактануу, жетиштүү уктоо жана эс алуу маанилүү. Тамеки, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу зарыл. Дары-дармектерди да дарыгердин кеңешисиз кабыл албаш керек. Эгер эненин кандайдыр бир оорусу болсо, аны дарыгерден жашырбай айтып, ооруну убагында аныктап, көзөмөлгө алуу менен балага тийгизе турган терс таасирин азайтууга болот. Мен болочок энелерге дайыма «өзүңүздүн ден соолугуңузга кам көрүү — балаңыздын ден соолугуна кам көрүүгө барабар» деп айтам.
— Ата-энелер жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугуна байланыштуу кайсы белгилерди олуттуу кабыл алышы керек?
— Жаңы төрөлгөн балада кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, ата-эне ага көңүл бурушу керек. Мисалы, баланын дем алуусу кыйындаса, дем алуусу өтө тез болсо, көгөрүп кетсе — бул олуттуу белги. Ошондой эле дене табы көтөрүлсө же төмөндөсө, бала жакшы эмбей калса, өтө шалдырап, мурдагыдай кыймылдабай калса же ойготууга кыйын болсо, дарыгерге кечикпестен кайрылуу кажет. Бала тырышып калса, көп жолу кусса, заарасы азайса же өтө катуу саргайса, медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Кээде ата-эне «бала кичинекей болгондуктан ушундай болуп жатат» деп ойлошу мүмкүн. Бирок жаңы төрөлгөн балада байкалган өзгөрүүлөргө олуттуу мамиле кылуу керек.
— Ата-энелер медициналык маалыматты көбүнчө социалдык тармактардан алышат. Бул сиздин ишиңизге кандай таасир берип жатат?

— Азыр ата-энелер маалыматты интернеттен абдан тез таба алышат. Бул жагынан алганда социалдык тармактардын пайдалуу жактары бар. Бирок интернеттеги маалыматтын баары эле туура эмес да. Кээде ата-эне башка бирөөнүн тажрыйбасын өз баласына колдонууга аракет кылат. Мисалы, бир балага берилген дары башка балага туура келбеши мүмкүн. Баланын жашы, салмагы, диагнозу жана жалпы абалы эске алынышы керек. Ошондуктан ата-энелерге интернеттен маалымат окууга тыюу салбайбыз. Бирок маалыматты ишенимдүү медициналык булактардан алууну жана балага байланыштуу дарылоо чечимин дарыгер менен кеңешип кабыл алууну сунуштайбыз. Интернет дарыгердин ордун баса албайт.
— Ымыркайдын ден соолугуна байланыштуу ата-энелер арасында кеңири тараган туура эмес түшүнүктөр кайсылар?
— «Бала көп ыйласа демек, курсагы ач» деген түшүнүк бар. Бала башка себептерден да ыйлашы мүмкүн. Дагы бир кеңири тараган түшүнүк — бала саргайса, бул бардык балада боло турган нерсе, дарыгерге кайрылуунун кереги жок дешет. Айрым учурда саргаюу кадимки физиологиялык көрүнүш болушу мүмкүн, бирок анын деңгээлин дарыгер баалашы керек. Ошондой эле «таанышымдын баласына ушул дары жардам берген, менин балама да берейин» деген мамиле туура эмес. Ар бир баланын организми жана оорусу ар башка. Ошондуктан дарыны өз алдынча берүүгө болбойт.
— Неонатолог үчүн ата-эне менен туура сүйлөшүү жана психологиялык колдоо канчалык маанилүү?
— Мен үчүн бул абдан маанилүү. Анткени бала ооруп калганда ата-эне да чоң стресс болот. Айрыкча бала реанимацияда жатса, ата-эне коркуп, эмне болуп жатканын түшүнбөй, өзүн күнөөлөп да калышы мүмкүн. Ошондуктан дарыгер баланы дарылоо менен эле чектелбестен, ата-эне менен туура сүйлөшүшү керек. Баланын абалын медициналык татаал терминдер менен эмес, мүмкүн болушунча жөнөкөй тил менен түшүндүрүү зарыл. Ата-эне дарыгерге ишениши үчүн биз чынчыл жана түшүнүктүү сүйлөшүшүбүз керек. Кээде ата-энеге айтылган бир нече жылуу сөз да чоң колдоо болот. Дарыгер үчүн бул кичинекей нерсе болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок ата-эне үчүн абдан маанилүү.
— Көп жылдык тажрыйбаңызга таянсак, ар бир болочок эне жана ата баланын ден соолугу үчүн эмнени алдын ала билиши жана жасашы керек?
— Эң биринчи айтарым — балага кам көрүү бала төрөлгөндөн кийин эмес, кош бойлуулукка даярдыктан башталат. Болочок ата-эне мүмкүн болсо кош бойлуулукту алдын ала пландап, эненин ден соолугун текшертип, өнөкөт оорулары болсо дарыгер менен кеңешип, көзөмөлгө алышы керек. Кош бойлуу кезде медициналык көзөмөлдөн убагында өтүү, туура тамактануу, жетиштүү эс алуу жана зыяндуу адаттардан алыс болуу маанилүү. Бала төрөлгөндөн кийин аны туура эмизүү, дарыгердин көзөмөлүнө алып туруу, эмдөөлөрүн убагында алуу жана баланын өсүп-өнүгүшүнө көңүл буруу зарыл. Эң негизгиси — ата-эне баланын ден соолугунда кандайдыр бир өзгөрүүнү байкаса, «өзү өтүп кетет» деп күтпөшү керек. Менин көп жылдык тажрыйбамдан айтарым: баланын ден соолугу — ата-эне менен дарыгердин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы. Биздин максат — ар бир наристенин ден соолугу чың болуп, үй-бүлөсүнө аман-эсен кайтып кетишине колдон келишинче жардам берүү. Неонатология — жоопкерчилиги абдан чоң, бирок адамга чоң руханий канааттануу берген кесип. Кээде биз бир нече саат бою, атүгүл күн-түн дебей баланын жанында болобуз. Анын ар бир грамм кошконуна, өз алдынча дем ала баштаганына, биринчи жолу жакшы эмгенине кубанабыз. 2014-жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатканым үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Бул кесип мага сабырдуулукту, жоопкерчиликти, ар бир секунддун баасын жана адам өмүрүнүн канчалык кымбат экенин үйрөттү.
Жаңылай Арстанбек кызы