Бүгүнкү күндө социалдык тармактар адамдын күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Маалымат алуу, баарлашуу, билим берүү, иштөө, көңүл ачуу, ал тургай киреше табуу үчүн да адамдар социалдык тармактарды активдүү колдонуп келишет. Бирок анын мүмкүнчүлүктөрү кеңейген сайын адамдын психологиясына, үй-бүлөлүк мамилесине жана күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасири да көбөйүүдө. Бул тууралуу 20 жылдык тажрыйбасы бар психолог-психотерапевт Дөөлөткан Кабыкова эжекебиз айтып берди.

Психологдун айтымында, социалдык тармактардын адамдын психологиясына тийгизген таасирин бир жактуу «жакшы» же «жаман» деп баалоого болбойт. Анын оң да, терс да жактары бар. Бул көбүнчө адамдын өзүн кандай баалаганына, өзүнө болгон ишенимине жана ар кандай кырдаалды туура талдай алуусуна байланыштуу. “өзүнө ишенген, жашоосуна жоопкерчилик менен мамиле кылган, чыгармачылык менен алектенген жана өнүгүүгө умтулган адам социалдык тармактарды өз пайдасына колдоно алат. Ал жерден жаңы нерселерди үйрөнүп, өзүн өнүктүрүүгө, киреше табууга, саякаттоого жана башкаларга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк табат. Ал эми өзүнө ишенбеген, ар кандай комплекстери бар, жашоосундагы көйгөйлөр үчүн жоопкерчиликти башкаларга жүктөгөн адам социалдык тармактардын терс таасирине көбүрөөк кабылышы мүмкүн. Анткени ал башкалардын жашоосун көрүп, өзүн алар менен салыштыра баштайт. Натыйжада «Эмне үчүн баарынын жашоосу сонун, менде гана баары башкача?» деген сыяктуу ойлор пайда болушу мүмкүн”, -дейт псиохолог.
“Өзүн бирөөлөргө салыштуруу өзүнө болгон ишенимин жоготот”
Психолог адамдын өзүн башкалар менен салыштырышы социалдык тармактар пайда болгонго чейин эле бар болгонун белгилейт. “Адамдар мурда деле өздөрүн кошуналары, достору, туугандары менен салыштырып келишкен. Бирок социалдык тармактар бул көрүнүштүн масштабын кыйла кеңейтти. Эгер мурда адам өзүн көбүнчө тааныган адамдар менен салыштырса, азыр дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган, көп учурда тааныбаган адамдардын жашоосуна да күбө боло алат. Бул салыштыруунун оң да, терс да жагын күчөтүүдө”. Адистин айтымында, салыштыруу адамды алдыга умтулууга түрткү берсе, анын пайдасы бар. Мисалы, башка адамдын ийгилигин көрүп, «эл жасап жаткан нерсени мен дагы жасай алат экенмин» деп өзүнө максат коюу адамды өнүгүүгө шыктандырат. Ал эми салыштыруу адамдын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп, өзүн башкалардан кем сезүүгө алып келсе, анда анын терс жагы күчөйт. Мындай учурда адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоонун ордуна башкалардын жашоосуна көңүл буруп калат. «Эмнеге менин аялым андай эмес?», «эмнеге менин күйөөм андай эмес?», «эмнеге мен бизнес кыла албайм?» деген суроолор пайда болуп, адам өзүнүн жашоосуна нааразы боло башташы мүмкүн. «Идеалдуу жашоодон» чарчаган коом

Башкалардын идеалдуу жашоосун көрүү да адамдын маанайына таасир этет. Эгер адам өз жашоосуна ыраазы болуп, өнүгүүгө умтулса, башкалардын ийгилигин көрүү, тескерисинче, мотивация бере алат. Бактылуу, чыгармачыл, ийгиликке жеткен адамдарды көрүп, алардан үлгү алууга болот. Ал эми адам өз жашоосуна нааразы болуп, эмне себептен каалаган натыйжага жетпей жатканын талдай албаса, социалдык тармактар анын маанайына терс таасир этиши мүмкүн. Адамдар идеалдуу сүрөттөрдөн, ашыкча фильтрлерден жана жасалгаланган жашоо образынан чарчай башташты. Бүгүнкү күндө жөнөкөй, чыныгы жана күнүмдүк жашоону көрсөткөн материалдар көбүрөөк кызыгуу жаратууда. Адис бул көрүнүштү өзүнүн социалдык тармактардагы тажрыйбасы менен да түшүндүрөт. Анын айтымында, атайын даярдалып, жакшы кийинип, макияж менен олуттуу темада тартылган материалдарга караганда күнүмдүк турмушта мисалы, огороддо иштеп жатып, идиш жууп же башка жумуш жасап жатып айтылган психологиялык кеңештер көп көрүлөт. «Мен муну адамдардын жасалма идеалдуулуктан чарчап, чыныгы жашоого көбүрөөк кызыга баштаганынын белгиси дээр элем».
“Жалтырагандын баары алтын эмес”
Блогерлердин жашоосун көрүп, өзүнүн жашоосуна нааразы болгон адамдардын көбөйүшү да психологду тынчсыздандырат. Анын пикиринде, блогердин социалдык тармактагы образы менен анын чыныгы жашоосу дайыма эле бирдей боло бербейт. «Жылтыраган нерсенин баары алтын эмес» дегендей, социалдык тармакта көрсөтүлгөн жашоонун баары чыныгы көрүнүштү чагылдыра бербейт. Ал жерде жарнама, пиар жана аудиторияны кызыктыруу үчүн атайын түзүлгөн образдар болушу мүмкүн. Социалдык тармакта «бактылуумун», «байып кеттим», «ийгиликке жеттим» деген маалыматтардын баарын дароо чындык катары кабыл алуу туура эмес. Адам маалыматты сын көз менен карап, анын булагын жана чындыгын талдай билиши керек”,-дейт дасыккан адис.
Үй-бүлөлүк мамилелерге таасири
Дөөлөткан Кабыковага акыркы учурда социалдык тармактардын айынан үй-бүлөлүк мамилеси бузулган же бузулуу алдында турган адамдар көбүрөөк кайрыла баштаган. Instagram, Facebook, Telegram сыяктуу платформалар аркылуу таанышып, кийин үй-бүлөлүк мамилесине зыян келтирген учурлар кездешет. “Кат алышуулардан улам бири-бирине болгон ишенимин жоготкон, кызганычтан улам чыр-чатакка кабылган, стресске түшкөн адамдар да бар. Ошол эле учурда социалдык тармактардын жакшы мүмкүнчүлүктөрүн да жокко чыгарууга болбойт. Алар аркылуу билим алууга, пайдалуу маалыматтарды окууга, жаңы кесиптерди үйрөнүүгө, саякаттоого жана киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү адамдын өзү кандай пайдаланары маанилүү. Социалдык тармактын адамга тийгизген таасири көп учурда анын өзүнө, аң-сезимине жана маалыматты кабыл алуу маданиятына байланыштуу”,- деди ал өз сөзүндө.
XXI кылымдын жаңы көз карандылыгы
Социалдык тармактарга жана телефонго көз карандылык дагы азыркы коомдун олуттуу көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Психолог муну XXI кылымдагы көз карандылыктын жаңы формаларынын бири катары баалайт. Адистин айтымында, адамдар социалдык тармактарга, телефондорго жана андагы оюндарга ашыкча байланып калган учурлар көбөйүүдө. Бул көрүнүштү түшүндүрүүдө дофамин системасы да көп айтылат. Дофамин мээнин сыйлык, ырахат алуу жана мотивация процесстерине катышкан нейромедиатор болуп саналат. Социалдык тармактардагы кыска видеолор, билдирүүлөр жана улам жаңы маалыматтар адамга тез-тез жаңы стимул берет. Мындай тез өзгөргөн контентке көнүп калган адам улам кийинки видеону же билдирүүнү күтүп, телефонун кайра-кайра текшерүүгө умтулушу мүмкүн. Мисалы, китеп окуу, олуттуу тасма көрүү же музыка угуу адамдан көңүлүн бир нерсеге узак убакыт топтоону талап кылат. Ал эми кыска видеолордо маалымат бат-баттан алмашып турат. Натыйжада айрым адамдар тез жана кыска убакыттагы стимулдарга көнүп калышы мүмкүн
“Маалыматтын көптүгү да адамды чарчатат”
— Социалдык тармактардын психологиялык абалга тийгизген дагы бир таасири – маалыматтын өтө көптүгү. Такталбаган, жалган жана терс маалыматтардын көптүгү адамдардын тынчсыздануусун күчөтүүдө. Социалдык тармакты ачканда эле кылмыш, кырсык, зордук-зомбулук жана башка терс окуялар тууралуу маалыматтарга туш болуу кадимки көрүнүшкө айланды. Жашоонун өзү эле адамга оордук жаратып турган учурда сырттан тынымсыз негативдүү маалыматтарды кабыл алуу психологиялык жактан чарчоого алып келет. Социалдык тармактарды ашыкча колдонуу жана ага көз каранды болуп калуу да адамдын маанайына терс таасирин тийгизип, стрессти күчөтүшү мүмкүн .
“Экран убактысын көзөмөлдөө маанилүү”
— Социалдык тармактардын терс таасирин азайтуу үчүн биринчи кезекте убакытты көзөмөлдөөгө чакырат элем. Азыр көпчүлүк телефондордо экран алдында өткөргөн убакытты көрсөтүүчү функциялар бар. Адам өзүнө күнүнө социалдык тармактарга канча убакыт бөлөрүн алдын ала белгилеп, ошол чекти сактоого аракет кылышы керек. Мындан тышкары, керектүү жана пайдалуу маалыматтарды гана тандоону үйрөнүү зарыл. Ар бир чыккан материалды көрүп, ар бир маалыматка ишене берүү адамдын психологиялык абалына терс таасир этет. Бул маселеде балдарга өзгөчө көңүл буруу керек. Биздин коомдо азыр бала ыйлаганда же зериккенде дароо колуна телефон карматуу адатка айланып бара жатат. Бирок ата-эне баласынын интернеттен эмнени көрүп жатканын жана экран алдында канча убакыт өткөрөрүн көзөмөлдөшү зарыл. өспүрүмдөрдүн жана жаштардын да интернеттеги активдүүлүгүнө көңүл буруу маанилүү. «Сабак окуп жатам» деген сөзгө гана ишенип койбостон, алардын кандай маалыматтарды көрүп, эмнеге кызыгып жатканын түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ал эми чоңдор өздөрүн өздөрү көзөмөлдөөнү үйрөнүшү зарыл. Экран убактысын чектөө, маалыматты сын көз менен кабыл алуу жана пайдалуу контентти тандоо — социалдык тармактын терс таасирин азайтуунун негизги жолдорунун бири. Бул багытта мугалимдердин, дарыгерлердин, психологдордун жана журналисттердин ролу чоң. Коомго социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрү менен катар анын терс жактары тууралуу да үзгүлтүксүз маалымат берилип турушу керек. Демек, негизги маселе социалдык тармактардын бар же жок экенинде эмес. Эң маанилүүсү — адам аларды кантип колдонуп жатканында. Социалдык тармактарды өзүбүз башкарганды үйрөнмөйүнчө, алардын биздин жашообузду башкаруу коркунучу сакталып кала берет.
Жаңылай Арстанбек кызы