• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Келечекке жол китепканадан башталат

Аватар

Автор:Osh Shamy

Ноя 9, 2026

Санариптик технологиялар, ИРБИС сыяктуу электрондук тутумдар жана балдар үчүн ачылган акысыз чыгармачылык ийримдер шаардын интеллектуалдык деңгээлин жаңы бийиктикке көтөрүүдө. Ош шаарындагы облустук, шаардык жана балдар китепканаларына баш багып, анда чыгармачылык менен иштеп жаткан жамаат жана окурмандары арбын, бош эмес окуу залдарын көрүп көз кубанды.

К.Ташбаев атындагы борборлоштурулган китепкананын жетекчиси Салима Токтомаметова:

“Китеп фондубуз да, окурмандар да көбөйүп жатат”

Китеп фонду – 235 203.
Тейленген окурмандын саны — 17.500.
Жалпы катышуу келип-кетүү менен бирге — 71.148.
Китеп берүү — 138.488.
-Окурмандардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. Бул нерсе бизди кубандырат. Китепкана 2018-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын Кармышак Ташбаевдин ысымын алган. Биздин Ош шаардык борборлоштурулган китепканасы 1951-жылы Ош шаардык китепкана, 1976-жылы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагы (БКТ) болуп түзүлгөн. Ал эми 1979-жылы жалпы Библиотекалык-библиографиялык классификация системасына өткөн. Окурмандар үчүн 40 орундуу окуу залы жана интернетке туташтырылган 25 ноутбугу бар заманбап электрондук окуу борбору иштейт. Окурмандар 100%, алардын 70% студенттер, 18 % окуучулар, 12% ар түрдүү улуу муундагы окурмандар тейленет.
Биздин китепкананын карамагындагы 5 филиал Ош шаарынын тургундарына жана жергиликтүү калкка толук кандуу кызмат көрсөтүп келет. Ошондой эле борбордук китепкана жана филиалдардын жалпы китеп фонду гезит-журналдар менен бирге 299.057 даанадан ашуун фондду түзүп, шаарыбыздын калкын, шаарга караштуу айылдардын жергиликтүү тургундарын китеп менен камсыздайт. 2025-жылдын аягында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу максатында №1 филиал Манас-Ата шаарчасынын У.Салиева көчөсүндө “Эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлөө борборун” ачтык. Муну китепкананын жетишкендиктеринин бири деп айта алабыз. 2-филиал Жапалак айыл аймагында жайгашкан. Балдар китепканасы да өз миссиясын аткарып жатат. 3-филиал балдар жана өспүрүмдөрдү тейлейт. 4-филиал Н. Исанов көчөсүндө, 5-филиал Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан. Жашоо шартына, ден соолугуна байланыштуу бала бакчаларга жана мектепке бара албаган балдардын ата-энелери менен байланыштабыз. Көп тараптуу өнүктүрүү аракети колго алынган. Балдарга байланышкан ар түрдүү иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Быйыл 2026-жылы китепканалардын бирдиктүү система болуп түзүлгөнүнө 50 жыл толот. Окурмандар www.elkitep.kg сайтынан 2000ге жакын санариптешкен электрондук китептерди да пайдалана алышат.

“Китепканага жаңы китептер үзгүлтүксүз келип турат”

-Окурмандар менен тыгыз байланыш түзүп, жандуу жолугушууларды өткөрүп турабыз. Биздин ар бир кызматкерибиз чыгармачылык менен эмгектенет. Китепканада жана филиалдарда жылдык пландын негизинде ар түрдүү форматтагы иш-чаралар өткөрүлөт. Чыгармачыл инсандар менен жолугушуу кечелер, тегерек стол, аңгемелешүүлөр, диспуттар өтөт. Жалпы филиалдарыбыздын абалы орто. Себеби, эскилиги жеткен имараттарга жайгашкан. Ар жылы косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз. Келечекте санарип доорундагы заманбап китепканага айлануу зарылчылыгы бар. Жылдан жылга китеп фондубуз өсүп, окурмандар көбөйүп жатат. Бул нерсе бизди жаңы дем менен иштөөгө шыктандырат. Ош шаарынын ар бир курактагы жарандары үчүн ар дайым эшигибиз ачык.

Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепкананын жетекчиси Динара Бапиева:

Китеп фонду — 1 миллион 393 миңден ашуун.
Күнүнө 300-500 окурман тейленет.

“Биздин китепкана – жаштардын сүйүктүү жайы ”

-1929-жылы түзүлгөн 97 жылдык тарыхы бар, Кыргызстандагы ири китепканалардын бири. Кийинки 3 жылда фонд кыргыз акын-жазуучуларынын, дүйнөлүк классиктердин кыргыз тилиндеги адабияттары менен толукталып жатат. Китепкана жөн гана китеп сактап бере турган жер эмес, чыныгы баарлашуунун, жолугушуунун, ар түрдүү иш-чаралардын борбору.
Азыркы окурмандардын талабына ылайык ар бир залда бекер интернет тутумдары бар. Акыркы мезгилде кубандырганы окурмандар интернет үчүн эмес, китеп үчүн келип атат. Окурмандардын суроо-талаптарын эске алып, сураганда жок болуп калган, көп суралган китептерди буйрутма менен тендерден алабыз. Түгөлбай Сыдыкбековду, У.Абдукаимовдун “Майданын”, Т. Касымбековду, Зуура Сооронбаеваны жана башка кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин көп сурашат. Андан сырткары жаштар да, улуу муун да көп кызыккан мотивациялык жана бизнеске багытталган китептер болууда. Студенттер жана окуучулар үчүн предметтик окуу китептери, психология, педагогика, философия, юридика, медицина тармактары боюнча да суроо-талап көп. Көп жылдан бери Ирбис 32 автоматташтырылган программасы иштейт. Бул окурман үчүн абдан ыңгайлуу. Оштук акын-жазуучуларды жана Ошко тиешелүү кызыктуу, тарыхый материалдарды санариптештирип, NEB.kgге киргизгенбиз. Бул окурмандарга күнү-түнү, 24 саат, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун китепкананын кызматын пайдаланууга түзүлгөн шарт.

“Акын-жазуучулар менен жолугушуу биздин эң сүйүктүү жумушубуз”

-Маданият министрлигинин колдоосу менен Коворкинг борбору ачылып, жаштардын сүйүктүү жайына айланды. Мында топтук даярдыктар үчүн жай, лекция залы, релакс зонасы жана буфетчеси бар. Кошумча ресурстук борборлор иштейт. Акын-жазуучулар менен жолугушуу биздин эң сүйүктүү жумушубуз. Чыгармачылык кечелерин, жолугушууларды, китептердин бет ачарын өткөрөбүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көчмө китепканабыз бар. Жети райондун жана айылдык китепкана кызматкерлерин окууларга чакырып методикалык жардам көрсөтөбүз.
Мен институтту бүтүп жаңы жумушка келгенде 1993-97-жылдары окурмандардын саны аябай көп болгон. 40 орундуу залда орун калбай китепканачылар өзүбүздүн отургучтарды берип, эшиктин алдында турчу элек. Бир окурман чыкса ордуна бир окурман кирчү. Ошол мезгилде жаңы ачылган окуу жайлар болгон. Окурмандардын агымы ушундай көп эле. Анан бир мезгилде окурман сээлдеп, азайып, китепкана бош калган күндөр да болду. Мен өзүм деле жетекчиликке чейин китепкананын бөлүмдөрүндө иштеп жүрдүм. Азыр бизди кубантканы окурмандардын суроо-талаптары ар түрдүү. Азыр мисалы гардеробто кээде орун, кол баштыктарды, кийимдерди илгенге номерлер калбай калат. Андан сырткары кадр маселесине да аябай көңүл буруп, кызматкерлерди чет элдик жана мамлекеттик деңгээлдеги окууларга катыштырып турабыз.

Таш Мияшов атындагы Ош облустук балдар китепканасынын жетекчиси Бүажар Төрөбекова:

Китеп фонду – 119 913.
Окурмандар – 12026.
Китептин берилиши – 153798.
Келип-кетүү — 88600.

“Биз жайгашкан орун бизге тардык кылат”

-Таш Мияшов атындагы Ош облустук балдар китепканасы 1967- жылы негизделип, 2004-жылы акын Т.Мияшовдун ысымы берилген. Статистикалык маалыматтар күндөн-күнгө өсүп жатат. Биздин китепкана Ош шаарындагы балдар жана жаштар үчүн жалпыга бирдей маалымат берүүчү борбор. Китепкана кыргыз элинин, башка улуттардын улуттук маданиятын, адабиятын, тарыхын, салт-санаасын, кылымдан кылымга, муундан муунга китеп аркылуу жеткирип, аны сактап келген маданий мекеме. Маданий билим берүүчү жана бош убакытты үзүрлүү пайдалануучу жай. Китепкана мекеме-уюмдар, коомчулук, өспүрүмдөр жана кенже жаштагы балдар менен тыгыз байланышта. Жана билим берүүчү борбор болуп эсептелет. «Жаш сүрөтчү” сүрөт тартуу ийрими, англис тили, шар окуу ыкмалары боюнча акысыз ийримдер иштейт. Окуу залы, өспүрүмдөр абонементи, кенже балдар окуу залы, кенже балдар абонементи бар. Бизде балдар үчүн китепкана деген менен жалпы окурмандар бир гана балдар эмес. Бардык курактагы окурмандар келип турушат.

“Балдардын ата-энелери үчүн да адабияттарыбыз бар”

-Балдары менен келген ата-эне үчүн аянтча болсун деп бардык шартты түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Биз бул имаратка көчүп келгенде актай гана дубал болчу. Келген окурман китепкананын аурасын сезсин, жылуу отурсун, ыңгайлуу болсун деп командабыз менен бирге чыгармачылык менен иштеп аткан чагыбыз. Кенже балдар үчүн бөлүмүбүзгө бир гана китептер эмес, атайын аң-сезимин өнүктүрүүчү оюнчуктардын топтомун койгонбуз. Бул китеп окууну каалаган ата-эне үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Имаратыбыздын тардыгы бүгүнкү күндө маданиятка, билим берүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жаткан кезде көңүл сыртында калбай турган маселе. Анткени, биз жайгашкан орун бизге тардык кылат. Бийлик көңүл кош карабай, балдарыбыздын келечеги үчүн жакшы, жаркыраган, кенен имаратыбыз болсо деген изги тилегибиз бар. Окурман көбөйүп жатканда балдардын кызыгуусун жоготпой сактап калгыбыз келет.

Бүкалча Маматали кызы

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *