Маалыматка ылайык, калаа башчысы Жанар Акаев аталган жайга барып, тиешелүү кызматтарга чайкананы калыбына келтирүү боюнча тапшырма берген. Ошол эле учурда анын тарыхый өзгөчөлүгүн жана өзүнө таандык архитектуралык көрүнүшүн сактап калуу зарылдыгын белгилеген.
«Заманбап кылып, бирок ошону менен катар улуттук колоритти сактап калышыбыз керек. “Аксакалдар” чайканасы деген дүйнөдө жок да, бул — жаңылык», — деди Акаев.


