• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ошто Элдик Курултайдын чечимдери кандай аткарылууда?

Автор:Osh Shamy

Авг 18, 2026

Кечээ Элдик Курултайда айтылган көйгөй бүгүн курулуш болуп көрүнүп, жаңы мектепке, жолго, суу түтүгүнө, жарыкка жана жашыл аймакка айланууда. Элдик Курултайда айтылган сөздөр кагаз бетинде калабы же чыныгы ишке айланабы? Бул суроого жоопту Ош шаарында акыркы жылдары жасалып жаткан өзгөрүүлөрдөн көрүүгө болот.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кайра жанданган Элдик Курултай элдин көйгөйүн бийликке жеткирген аянтча катары өз маанисин көрсөтүп келет. 2022-жылдын 25–26-ноябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Биринчи Элдик Курултайда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген делегаттар элди түйшөлткөн маселелерди көтөрүп, конкреттүү сунуштарын билдиришкен. Алардын бири — Ош шаарынын аймагын кеңейтүү, анклавдарды жоюу жана шаардын келечектеги өнүгүүсүнө шарт түзүү маселеси болчу. Бул сунушту делегат А. К. Бакыев көтөргөн. Бүгүн ошол маселеге байланыштуу калаабызда олуттуу өзгөрүүлөр болуп отурат.
2023-жылдын 29-декабрындагы Президенттин №370 Жарлыгы менен административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагы кеңейтилди. Төлөйкөн жана Кызыл-Кыштак айыл аймактары толугу менен, ошондой эле Папан, Нариман жана Шарк айыл аймактарынын бир катар айылдары Ош шаарына кошулду. Натыйжада шаардын аянты мурдагы 17 704 гектардан 39 282 гектарга чейин кеңейип, эки эседен ашык өстү. Кечээ айыл аймагында жашаган тургун бүгүн шаар тургуну болуп, шаардык инфраструктурага болгон муктаждыгын кошо алып келди. Демек, жаңы аймактарга жол, таза суу, жарык, мектеп, бала бакча, медициналык жана маданий объектилер керек. Ушул максатта Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы бүгүнкү күндө иштелип жатат. Анын наркы 238,9 млн. сомду түзөт. Башкы план шаардын кайсы багытта өсөрүн, жаңы аймактарда кандай объектилер куруларын аныктоого багытталган.
Шаардын кеңейиши менен билим берүү тармагындагы муктаждык да күчөдү. Көп жылдан бери ата-энелерди түйшөлткөн авариялык мектептердин айрымдарынын ордуна жаңы имараттар курулууда. №2 С. Жигитов атындагы мектептин ордуна 1200 орундуу, №3 М. В. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу жаңы мектептердин курулушу башталган. Ишкаван айылындагы №62 К. Маткеримов атындагы мектеп үчүн 700 орундуу жаңы имараттын курулушу кызуу жүрүүдө. Ал эми №41 Х. Абдуллаев атындагы мектеп капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Акыркы үч жылда шаарда 6 жаңы мектеп, 5 бала бакча жана 7 кошумча имарат пайдаланууга берилген. Учурда дагы 16 мектептин жана 4 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Алардын 10у президенттин колдоосу менен Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Бул жерде кеп имараттардын санында гана эмес. Ар бир жаңы мектеп — жүздөгөн баланын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуусу, ата-эненин баласы үчүн кабатырлануусунун азайышы, мугалимдин иштөөсүнө түзүлгөн жакшы шарт.
Социалдык тармактагы дагы бир ири долбоор саламаттык сактоо багытында жүрүп жатат. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 595 млн сомдун эсебинен 300 керебетке ылайыкталган үч кабаттуу жаңы имарат курулууда. Шаар калкы көбөйүп, медициналык кызматка болгон талап өскөн шартта мындай объекттердин курулушу оорулуулар үчүн дарыланууга ыңгайлуу шарт түзүп, дарыгерлердин ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Маданият тармагында да жаңылануу бар. 2025-жылы жергиликтүү бюджеттен 3,1 млн сом бөлүнүп, «Жапалак» айылдык маданият үйү толугу менен оңдолгон. Төлөйкөн айылына жаңы маданият үйүн куруу пландалууда. Анткени шаардын өнүгүүсү имараттардын саны менен гана эмес, элдин эс алуусу жана маданий жашоосу үчүн түзүлгөн шарттар менен да өлчөнөт.

Эл күн сайын көрүп, сезген өзгөрүүлөрдүн бири — жолдордун оңдолушу. Ош шаарында 5 көчөдө 9,8 чакырым жол, 6 көчөдө 13,9 чакырым тротуар курулган. Мындан тышкары 335,1 млн сомдук транспорттук чечилиш ишке ашырылган. 2026-жылы Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 250 млн сом жана жергиликтүү бюджеттин каражаты менен 29 жол-курулуш объектисинде иштер жүрүүдө. Жалпысынан 45 чакырымдан ашык жол жана тротуарлар асфальтталууда. Бул көрсөткүчтөрдүн артында күн сайын жолдо жүргөн миңдеген адамдардын жашоосу турат. Жакшы жол бул — баланын мектепке коопсуз жетиши, айдоочунун унаасына кеткен чыгымдын азайышы, тез жардамдын бейтапка өз убагында жетиши жана шаар тургунунун убактысынын үнөмдөлүшү.
Ош үчүн таза суу маселеси өзгөчө маанилүү. Бул багытта «Озгур» суу тазалоо бекети капиталдык реконструкциядан өткөрүлдү. Азия өнүктүрүү банкынын 10 млн долларлык грантынын алкагында 2,4 чакырым кош линиялуу суу түтүгү жана жаңы суу сактагыч курулууда. Мындан тышкары 2026-жылы шаарды альтернативдүү суу булагы менен камсыз кылуу үчүн төрт гидрогеологиялык скважина казылууда. Суу түтүгүнүн курулушу кагаздагы жөнөкөй көрсөткүч болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок үйүнө таза суу үзгүлтүксүз келген үй-бүлө үчүн бул — күн сайын суу ташып убара болбоо, жашоо шартын жакшыртуу деген сөз. Калктын саны өсүп жаткан шаар үчүн бул келечектеги муктаждыкты алдын ала чечүүгө жасалган кадам.
Шаардын жаңы кошулган аймактарын инфраструктура менен камсыз кылууда жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери да маанилүү орунда турат. Г. Айтиев, Санкт-Петербург, Алымбек-Датка көчөлөрүндө, Анар кичи районундагы жаңы скверде жана Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак аймактарында жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, 26 чакырым аба чубалгысы тартылып, 1300 заманбап светильник орнотулган. Түнкүсүн жарык күйгөн көчө — шаар үчүн жөн гана көрктөндүрүү эмес, жөө жүргүнчү үчүн коопсуздук. Ал эми жашылдандыруу багытында 38,6 гектар жерге 90 716 түп көчөт жана 560 миңден ашык гүл отургузулган. 8 эски көрүстөн жашыл аймакка айландырылып, 10 жаңы сквер пайдаланууга берилген, дагы 10 сквердин курулушу уланууда. Мунун натыйжасында шаар тургундары үчүн эс алуучу, сейилдөөчү жана коомдук жайлар көбөйүүдө.
Албетте, Элдик Курултайда айтылган сунуштардын баары бирдей убакытта чечилип калбайт. Айрым маселелер мыйзамдык өзгөртүүнү, айрымдары ири каражатты жана узак убакытты талап кылат. Мисалы, Ош шаарын Ак-Буура дарыясы аркылуу эки административдик районго бөлүү сунушу да айтылган. Учурда мыйзам боюнча шаар 9 муниципалдык аймактан турат. Демек, бул маселе келечекте мыйзамдык негизде каралышы мүмкүн.
Бирок негизги жыйынтык— Курултайда айтылган көйгөй мамлекеттик чечимге, чечим конкреттүү долбоорго, ал эми долбоор шаардагы курулушка айланганда гана эл анын натыйжасын көрөт. Ошто бүгүн курулуп жаткан мектептер, бала бакчалар, оорукана, оңдолуп жаткан жолдор, тартылып жаткан суу түтүктөрү, орнотулган жарыктар жана көбөйүп жаткан жашыл аймактар — шаарды жаңылоонун көрүнүктүү мисалдары.
Кечээ Курултайда айтылган көйгөй бүгүн курулуш болуп көрүнүүдө. Эртең ошол мектепте бала билим алат, ошол жол менен ата-эне жумушка барат, ошол түтүктөн үйгө суу келет, ошол жарык күйгөн көчө менен эл коопсуз басат. Элдин үнү ишке айланганда гана мамлекеттик чечимдин мааниси сезилет. Ал эми аткарылган иш көбөйгөн сайын эл менен бийликтин ортосундагы ишеним да бекемделет. Ош шаарында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү дал ушул чынжырдын — элдин үнү, мамлекеттик чечим жана конкреттүү иштин жыйынтыгы катары кароого болот.

Айнура Валижанова

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *