• Пн. Ноя 9th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

“Үй-бүлөлүк баалуулуктар бийик турушу керек”

Аватар

Автор:Osh Shamy

Авг 17, 2026

Мезгил өзгөрүп, коом өнүгүп жатканы менен үй-бүлө институтун сактап калуу жана андагы баалуулуктарды кийинки муунга туура жеткирүү — күндүн актуалдуу маселеси. Учурда жаштар ортосунда ажырашуулардын көбөйүшү, келин менен кайнене ортосундагы түшүнбөстүктөр жана үй-бүлөлүк жоопкерчилик темасында филология илимдеринин кандидаты, «Асылзат айымдар» коомдук фондунун жетекчиси Нуркыз Кадырбекова менен маектештик.

– Нуркыз айым, саламатсызбы! Айтсаңыз, азыркы жаштар үчүн үй-бүлө куруу деген эмне жана ага качан, кантип даяр болуу керек?

– Саламатчылык! Нике, үй-бүлө куруу деген бул – эң оболу чоң жоопкерчилик. Нике жөн гана эки адамдын биригиши же баш кошуусу эмес, ал өзүнчө кичинекей мамлекет. Изилдөөлөргө таянсак, союз деген бул бир нече мамлекеттерден бириккен бирикме сыяктуу. Кыргыз коомунда да үй-бүлө куруу, баш кошуу абдан чоң мааниге ээ. Адам өзүнүн үй-бүлө курууга даяр экенин эмоционалдык, психологиялык жана социалдык жактан жоопкерчилик алууга толук даярдыгы аркылуу түшүнөт. Ар кандай категориялар бар. Мурда байманаптар, байлыгы барлар же жокчулук менен эсептешкен түрдүү мезгилдер болгон. Азыр болсо адам өз каалоосу менен үй-бүлө курат. Сексениңде да сени коргой турган, сенин көйгөйүңдү чече турган адам керек. Эгерде жубай алып келгенде, ал сенин апаңа каршы чыкса же сен анын муктаждыктарын чечип берүүдөн качкың келип турса, анда сен даяр эмессиң. Даяр болуу – бул жоопкерчиликти моюнга алуу дегенди түшүндүрөт. Аны биологиялык жана психологиялык жактан кароо керек. Медициналык, психологиялык жана репродуктивдүү адистердин, илимпоздордун пикири боюнча, турмуш курууга эң ылайыктуу курак 18ден 25-26 жашка чейинки аралык. Бул куракта адам психологиялык жактан калыптанып, жоопкерчиликти аң-сезимдүү түрдө алат. Мен өзүм да 25 жашымда турмушка чыккам. Глобализация заманында азык-түлүк, технология өнүгүп, репродукциялык курак өзгөрдү. Ошондуктан психологиялык өнүгүү менен жаш курак даярдыгы дал келиши керек.

– Жаштар жубай тандап жатканда кандай критерийлерге маани бериши зарыл?

– Мен жигиттерге да, кыздарга да дайыма айтам: тандай турган түгөйүңө талап койгондон мурда өзүң да ошого ылайыктуу болушуң керек. Жолдо бараткан жигиттерге да сабак өтөм. Аларга кыздарды сыйлоо, энени урматтоо тууралуу айтсам, айрымдары «нормалдуу кыз жок» дешет. Кандай кыз каалайсың десең, акылдуу, ыймандуу, сулуу, билимдүү, эң башкысы, намазды да билген кыз болсун дешет. Анан мен айтам: эгер сен ошондой идеалдуу сулуу, билимдүү, адептүү кызды кааласаң, анда өзүң да ошол рейтингге, ошол деңгээлге ылайыктуу бол! Кийген кийимиң, сүйлөгөн сөзүң, кадамдарың ошого шайкеш келиши зарыл. Эгер өзүң жуунбай, сыра ичип, пияз жытанып жүрсөң, анан сага мыкты аял жолугушун кааласаң, анда капа болууга акың жок. Жакшы жубай каалаган жигит өзү да эң мыкты болууга аракет кылуусу шарт.

– Кыргыз коомундагы аялзатынын, келиндердин ээлеген орду жана ролу тууралуу эмне айта аласыз?

– Кыргыз коомунда аял киши дайыма өзгөчө, бийик орунга ээ болгон. Анын модели манасчылардын дастандарында да даана сүрөттөлөт. Манастын үйлөнүүсү тууралуу бөлүмдөрдө кыргыз аялынын сулуулугу, акылы, кадыр-баркы чоң көрсөтүлөт. Кыргыз аялынын негизги баалуулугу жана артыкчылыгы — коомдо алысты жакындатуу, бириктирүү функциясын аткарганында. Экинчиден, кыргыз аялы эң биринчиден адамзат тукумун улай турган, кыргызга баатырларды төрөп, падышаларды тарбиялай турган эне болуп саналат. Анын физикалык жана менталдык саламаттыгы эне болууга даяр болушу керек. үчүнчүдөн, таяке журт, кайын журт деген түшүнүктөрдө ата журттун көз карашын, салмагын сактай билүү зарыл. Эгер сен ушундай тирек боло турган болсоң, анда кайын журтка татыктуу келин боло турган билимге, жоопкерчиликке, сабырга, илимге ээ болушуң керек. Кыргыз коомунда эч качан «кыз үйдө отурсун, сыртка чыкпасын» деген нерсе болгон эмес. Ал коомдон да, башкаруу системасынан да, билим берүүдөн да өз ордун тапкан. Ошол эле учурда коммуникациялык аялдык назик энергиясын жоготпогон чөйрөдө болушу зарыл.

– Келин менен кайнененин ортосундагы мамиле, кайненеге кызмат кылуу маселеси азыр абдан талкууда. Буга кандай карайсыз?

– Кайненени сыйлоо жана ага кызмат кылуу — бул эң оболу улууну урматтоо салттуу баалуулугунан келип чыгат. Биздин баш мыйзамыбызда да улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү жазылган. Демек, кайнене бизден улуу болгондуктан, ага урмат көрсөтүшүбүз керек. Бул жөн эле «кол келди, давай» дегенди түшүндүрбөйт. Ошондой эле күйөөсүнүн ыраазычылыгын алган аялга бейиш бар деген түшүнүк бар. Күйөөнүн милдети — өз ата-энесин багуу, үй-бүлөгө камкор болуу. Ал эми аялдын милдети — күйөөсүнө көмөктөшүү, үй-бүлөдө гармония түзүү. Сен кайненеңе жардам берсең, белек берсең, анын айткандарын уксаң, анын урушканына сабыр кылып коюп, чайын берип турсаң — бул эң биринчи өзүң үчүн, үй-бүлөңдүн ынтымагы үчүн жакшы. Бул басынгандык эмес. Келечекте сен өзүң да кайнене болосуң.

– Кыздардын сүйүүсүн биринчи билдиргени же курстарга барып мамиле үйрөнгөнү канчалык туура?

– Азыркы учурда кыздардын биринчи болуп сүйүүсүн билдирүүсү трагедия эмес, бирок эркектин табияты — багындыруучу экенин унутпашыбыз керек. Эркек табиятынан баатыр, күчтүү, багындырууну каалайт. Эгер сени багындыруунун зарылдыгы жок болуп калса, анда сен анын көз алдында кадырыңды жоготуп алышың мүмкүн. Жүктөп барып, сүйүүңдү билдирсең, кийин өкүнүп калгандар да бар. Пушкиндин «Евгений Онегин» чыгармасындагы Татьянаны эстеңиз. Ал өзүнүн сүйүүсүн Онегинге биринчи болуп жазган, бирок ал сүйүүсүнөн бактысыз болгон. Аял киши өзүнүн кадырын, сыймыгын сактай билиши керек. Сүйлөшүү маданиятын, мамиле маданиятын окуп-үйрөнүү зарыл. Ошондуктан, сени сүйгөн адамды сен да сүйдүрө билгениң жакшы.

– Социалдык тармактардагы жасалма жашоо, хайп жана үй-бүлөлүк нарк жөнүндө эмне дейсиз?

– Биз 21-кылымда жашап жатабыз. Чет мамлекетке чыксаң болот, Европага барсаң болот. Бирок сен кыргыз коомунун мүчөсүсүң. Интернетте просмотр, рейтинг үчүн же хайп үчүн өзүнүн жеке жашоосун, ар-намысын базарга салып, блогерлердин же тиктокерлердин деңгээлине түшүп кетүү — туура эмес. Жасалма шоуго, көңүл ачууга караганда үй-бүлөлүк баалуулуктар алда канча бийик турушу керек. Азыркы жаш кыздарда коркуу сезими бар, анткени «эркектер алсыз болуп калды» деген сөздөр көп айтылууда. Кыргыз мырзалары алсыз эмес! Алар тоого барып, спорт менен машыгып, олимпиададан медалдарды алып келип жатышат. Желегибизди желбиреткен баатыр мырзалар, Манас Ниязов сыяктуу көк бөрүчүлөр, балбандар канча! Биздин сыймыктанган мырзаларыбыз абдан көп. Эгер айрым учурларда эркектер алсыз көрүнүп жатса, ага аялдардын да тиешеси бар. Анткени эне катары уулду ашыкча эркелетип, «сен отур, мен иштеп акча табам» деп начар тарбиялап жатабыз. Же аял катары күйөөсүнүн жоопкерчилигин, функциясын өз мойнубузга алып алат экенбиз. Эркектин ролуна кирип алганыбыздан улам алар аялдардан ажырап, алсыз сыяктуу көрүнүп калууда. Эгер эркектер жоопкерчиликтен качып жатса, анда аялдар да өзүбүздүн аялдык табиятыбызга кайтып, алардын эркектик миссиясын аткарууга шарт түзүшүбүз керек.

– Үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна негизинен эмне себеп болууда?

– Ажырашуу — бул чындап эле чоң трагедия. Статистикага карасак, дээрлик ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен. Биз үй-бүлө кургандан кийин аны сактап калууга, курмандыкка барууга, чеберчилик кылууга, сабырдуу болууга 100 пайыз милдеттүүбүз. Анткени ортодогу балдардын тагдыры бар. Балдарды атасыз же энесиз калтырууга акыбыз жок. Ажырашуунун эң биринчи себеби — социалдык тармактардагы виртуалдык жашоо. Башкалардын жасалма, кооз сүрөттөрүнө, видеолоруна суктанып, «баланчанын күйөөсү мынтип белек берди, тигинтип жашайт» деп өз турмушуна наалып, уруш чыгарышат. Экинчи себеби — аялдардын өз алдынча каржылык жактан күчтүү болуп, жалгыз жашоодон коркпой калганы. «Мен өзүмдү да, балдарымды да багып кетем» деп оңой эле ажырашууга кадам ташташат. үчүнчүдөн — колубуздагы бактыбызды баалай билбегенибизде. Талаада трактор айдап жүргөн күйөөсүнө ысык тамак алып барып, анын чаң, май колунан нан алып жеп, ошол көз ирмемди бакыт деп билген карапайым үй-бүлөлөр бар. Мына ушундай анык, чыныгы бакытты баалай билишибиз керек.

– Үй-бүлөнү сактап калууда эркектердин ролу кандай болушу керек?


– Мырзалар үй-бүлөнү сактап калууга жоопкерчилик алышы зарыл. Аял киши табиятынан эмоционалдуу келет, ал эмоциясын чыгарып сүйлөшү керек. Эркек сабырдуу, акылдуу болуп, аялынын эркелигин көтөрө билиши зарыл. Бирок, ошол эле учурда, эгер аял чектен чыгып, ата-энеге, кайненеге тил тийгизе турган болсо, эркек ошол жерден сабырдуулук менен, бирок чечкиндүү түрдө аялын ордуна коё билиши шарт. Ал эми аялын видеого тартып интернетке чыгаруу, кемсинтүү же ажырашканда балдарды талашуу — чыныгы эркектикке жатпайт. Ажырашууда да маданияттуулукту сактоо керек.

Айша Нуридинова

About The Author

Аватар

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *