• Вт. Окт 6th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Улукбек Ыктыярбек уулу: “Элге берген убадамды аткарып, жүзүм жарык жүрүшүм керек”

Автор:Osh Shamy

Авг 17, 2026

Бүгүнкү каарманым Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Улукбек Ыктыярбек уулу. Элдин көйгөйлөрүнө маселелерине өзгөчө көңүл бурган эл өкүлү жол, таза суу, бала бакча, балдар аянтчалары жана тазалык сыяктуу шаар тургундары үчүн эң зарыл болгон шарттарга басым жасоо керектигин айтат. «Күн сайын жок дегенде бир маселе чечилбесе, көңүлүм тынч болбойт» деген депутаттын бейнесин баяндайбыз.

– Саламатсызбы, Улукбек мырза, сиз менен бүгүн маектешип жатканыма абдан кубанычтамын. Алгач эле өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатчылык, рахмат. Мен 1990-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында төрөлгөм. Беш жашымда үй-бүлөбүз менен Ош шаарына көчүп келгенбиз. Ошондон кийин биринчи класстан тартып мектепти толугу менен Ош шаарында окудум. Мектепти аяктагандан кийин кайра Бишкекке кеткенбиз. Ал эми 2007-жылы билимимди улантуу максатында Москва шаарына барып, Патрис Лумумба атындагы Россия Элдер достугу университетине (РУДН) тапшыргам. Юриспруденция факультетинде билим алдым. 2012-жылы университетти аяктап, Кыргызстанга кайтып келдим.Ош шаарын жакшы көрүп, сүйгөнүм үчүн кайра Ош шаарына келип, жашап калдым. Ал эми үй-бүлөм тууралуу айтсам, төрт балам бар. Эки уул, эки кыз. үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, мен жалгыз уулмун, эки карындашым бар.

– Саясатка, депутаттыкка келишиңизге эмне түрткү болду?

– Чынын айтсам, саясатка буга чейин кызыкчу эмесмин. өзгөчө кызыгуум деле жок болчу 2024-жылы бир нече адамдан сунуш түшө баштады. «Ал жакта мен эмне кылам? өзүмдүн деле бул тармак боюнча түшүнүгүм жок болсо, убактымды жөн эле коротуп калбаймынбы?» деген ойдо жүргөм. Бирок убакыт өткөн сайын жердештерим кайра-кайра сунуш айта башташты. Алар менен сүйлөшүп, маселени ар тараптан карап көргөндөн кийин акырындап өзүмдө да ой пайда болду. Чынын айтсам, мен буга чейин деле өзүмдүн айылым Жапалактын жашоочуларына колумдан келишинче жардам берип, ар кандай маселелерин чечүүгө аракет кылып жүрчүмүн. Ошол учурда ойлонуп көрсөм, депутат болсом деле негизинен ошол эле ишти кылат экенмин. Болгону аны расмий түрдө жасап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Балким, чын эле мага туура жол ушул тармакта эмгектенип, аракет кылып көрүүдүр деп чечтим. Бирок мен өзүмдү саясатчы катары көрбөйм. Менин азыркы негизги максатым – шайлоочуларымдын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылуу жана берген убадаларымды аткаруу. Элге берген убадаларымды аткарып, эртең, канча жыл өткөндөн кийин да жүзүм жарык болуп жүрүшүм керек.

– Эмгек жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Ошол тажрыйбаңыз азыркы ишиңизге кандай жардам берип жатат?

– 2014-2015-жылдары Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы болуп бир аз убакыт иштегем. Андан кийин Монополияга каршы мамлекеттик агенттикте адистен баштап иштедим. Кийин директордун жардамчысы болдум. Ал жерде үч жылдай эмгектендим. Андан кийин аэропорт тармагына өттүм. Аэропорттун туунду компаниясы — «Интек» деген компанияда иштедим. Ал жерде да үч жылга жакын иштеп, жөнөкөй адистен баштап коммерциялык директорлук кызматка чейин жеттим. Кийин техникалык директор болуп иштедим. Ошондуктан мамлекеттик кызматта да тажрыйбам бар, бул тармак боюнча түшүнүгүм да кыйла эле калыптанган деп айта алам. 2021-жылдан тартып үч-төрт жылдай кайрадан жеке ишкерлик менен алектендим. Биринчиден, саясат тармагы мага кызык болуп жатат. Мен орустар айткандай, интроверт адаммын. Көпчүлүктүн арасында жүргөндү анчалык деле жактыра бербейм. Бирок шайлоо өнөктүгү башталгандан тартып жашоомдо жаңы бир этап башталды десем болот. Эл менен сүйлөшүүнү, адамдар менен өзүмдү кандай алып жүрүүнү үйрөндүм. Бул процесс мени белгилүү бир комфорт зонамдан чыгарды. өзүмдөгү айрым комплекстерди жеңүүгө жардам берди. Элди ынандырууну, өз оюмду туура түшүндүрүүнү, адамга туура сөз табууну үйрөндүм.
Албетте, кыйын учурлар да болот. Бирок жашоодо андай кыйынчылыктарды жеңип өтпөсөң, алдыга койгон максатка жетүү да кыйын. Ошондуктан ар бир кыйынчылык мен үчүн тажрыйба болуп жатат. Бизнесте да дайыма ар кандай тармактарда иштеп көрүүгө аракет кылып келдим. «Муну жасап көрөйүн, тигини көрөйүн, колуман келеби, кандай болот экен?» деген кызыгуу менде дайыма бар. Мен үчүн, биринчиден, тажрыйба маанилүү. Экинчиден, өзүмдү ар кандай шартта сынап көрүү маанилүү. Бул жол мага чоң тажрыйба берип, өзүмдү башка жагынан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

– Сессияларда, чогулуштарда көбүнчө Жапалактын көйгөйлөрүн көп көтөрөсүз. Ошол көйгөйлөр чечилген учурлар болдубу?

– Биринчиден, Жапалакка өзгөчө көңүл бурушумдун себеби — мен өзүм ушул жерден болом. Жапалак айылынанмын. Ата-энем да, чоң атам да ушул жерден. Ошондуктан бул аймактын көйгөйлөрү мага тааныш. Экинчиден, мен көбүнчө ушул аймактан шайландым. Жапалак административдик жактан шаарга караганы менен, шаардагыдай шарттар толук түзүлгөн эмес. Мисалы, мындан эки жыл мурун эле айрым жерлерде таза суу маселеси курч болчу. Көптөгөн жолдордун абалы начар эле. Трансформаторлор боюнча көйгөйлөр бар болчу. Инфраструктуралык шарттар жетишсиз, мектептердин абалы да көңүл бурууну талап кылган. Кыскасы, көйгөйлөр арбын экен. Аларды санай берсең, өзүнчө эле узун тизмеге айланат. Депутат болгонума азырынча эки жыл боло элек. Ушул убакыт аралыгында негизги салым кошкон иштерибиздин бири — бала бакча куруу болду. Мындан тышкары, бир нече көчөгө жол салдырууга жетиштик. Таза суу маселеси боюнча да бир топ чуркадык. Мурун башталган таза суу боюнча долбоор токтоп калган экен. Бул маселени чечүүдө мурунку мэр менен биргеликте иш алып бардык. Бирок бул жерде бир нерсени баса белгилеп кетүү керек: Жапалакта мен жалгыз депутат эмесмин. Бул — биримдик жана бир күч менен чечилген маселелер. Ар бирибиздин өзүнчө салымыбыз болду. Жол маселеси боюнча да бир топ иштер аткарылды. Мындан тышкары, убагында жеке менчикке өтүп кеткен бала бакча боюнча маселе да бар эле. Аны мамлекеттин карамагына өткөрүү үчүн соттук процесстерге катыштык. Кийин мэрия тарабынан каражат бөлүнүп, имарат кайрадан оңдолуп-түзөлдү. Азыр ал жерди кайрадан элдин керегине жарата турган шарт түзүлдү. Жакында эле дагы бир жолдун ачылышына катыштык. Азыр бул багытта көптөгөн маселелер акырындык менен чечилип жатат. Албетте, аткарылган иштердин баарын азыр бирден санап берсем, айрымдары эсте калбай калышы мүмкүн. Андай иштерди отуруп алып өзүнчө эстеп чыгыш керек. Бирок мен үчүн эң негизгиси — күн сайын болбосо да, жок дегенде бир көйгөй чечилип, бир маселе алдыга жылып турушу. Эгер ошол күнү эч нерсе жасалбай, бир да маселе чечилбей калса, көңүлүм толук тынчыбайт. Элдин көйгөйү чечилип, иш алдыга жылганда гана «бүгүнкү күн текке кеткен жок» деген сезим пайда болот.

– Шаар тургундары тарабынан эң көп кайрылуу кайсы маселелер боюнча түшөт?

– Шаар тургундарынан көбүнчө буздуруп-көчүрүү, башкача айтканда, снос маселеси боюнча кайрылуулар түшүп жаткан. Бирок жалпысынан алып караганда элди түйшөлткөн негизги маселелер — жол, таза суу, жарык, тазалык жана адамдын күнүмдүк жашоосу үчүн зарыл болгон шарттар. Негизи адамга жашоо үчүн көп деле нерсенин кереги жок. Мисалы, эртең менен ойгонгондо биринчи кезекте суу керек, кранды ачканда суу агышы зарыл. Жуунуш керек, жарыкты жандырганда электр энергиясы болушу керек. Тамакты ысытыш керек. Ушуга окшогон, адамдын күнүмдүк жашоосу үчүн эң зарыл болгон шарттар түзүлсө, калганын ар бир адам өзү деле эптеп жөнгө салып кетет. Адам үйүнөн сыртка чыкканда көчөсү таза болсо, балдарынын жанында бала бакчасы болсо, жумушуна барып-келүүгө жолу ыңгайлуу болсо негизги шарттар ошол. Калган маселелерди адам өзү деле чечип кетүүгө аракет кылат. Ошондуктан шаардан жана мамлекеттен эң биринчи ысык суу, таза жана оңдолгон жол, тазалык, электр энергиясы жана газ менен өз убагында камсыз болуп турса, ар бир адам өз жашоосун өзү алып кете алат деп ойлойм.
Шаарда социалдык объектилер абдан аз. Биринчиден, бала бакчалар маселеси бар. Балдар ойной турган аянтчалар да жетишсиз. Эсиңизде болсо керек, биз өзүбүз чоңойгон кезде көчөдө эч нерсе жок эле. Жөн эле талаа жерлерде, айрым учурда асфальты да жок көчөлөрдө топ ойноп чоңойдук. Менин оюмча, ар бир районго сөзсүз түрдө балдар үчүн заманбап аянтча курулушу керек. Мен Россияда окугам. Ал жактагы шарттарды көрүп, жашоосуна суктанар элем. Футбол аянтчалары бар, балдар ойной турган аянтчаларды көрсөң, «бизде да ушундай нерселер болсо кандай жакшы болот эле» деп элестетчүмүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө мен үчүн маанилүү маселелердин бири — жок дегенде ар бир районго чоң, жакшы жабдылган балдар аянтчасын куруу. Мүмкүнчүлүк болсо, ар бир короодо ошондой шарт түзүлсө, андан да жакшы болмок. Экинчи чоң маселе — шаарыбыздагы тазалык. Бизде тазалыкты камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Тазалык багытына дагы көбүрөөк көңүл бурууну сунуштайт элем. Бул жерде бир гана тиешелүү кызматтардын иши эмес, элдин өзүнүн жоопкерчилиги да чоң. Адамдарды тазалыкка көндүрүү керек. Социалдык роликтерди көбүрөөк тартып, түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Анткени биздин эл да бул маданиятка толук көнүп бүтө элек. Айрымдар көчөгө таштанды ыргытып коюшу мүмкүн. Бирок акырындык менен адамдар да үйрөнүп келе жатат. Аны менен катар шарттар да түзүлүп жатат. Тазалык үчүн атайын инфраструктура болуп, таштанды салуучу жайлар, контейнерлер көбөйүп, көзөмөл күчөгөн сайын элдин мамилеси да өзгөрөт деп ойлойм. үчүнчүдөн, мен үчүн эң маанилүү маселелердин бири — жол. Бул багытта бир топ иштер аткарылды. Менин баамымда, бүгүнкү күндө жол маселесинин болжол менен 80 пайызы чечилди десек болот. Албетте, дагы иштер бар. Убакыт жетиштүү болсо, Кудай кааласа, калган маселелерди да аягына чыгарабыз деген ишенимдемин.

Жаңылай Арстанбек кызы

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *