Жайкы аптапта балдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр көбөйөт. Айрыкча ич өткөк, кусуу, дене табынын көтөрүлүшү жана суусуздануу учурлары ата-энелерди кооптондурат. Мындай учурда эмнеге көңүл буруу керек? Ысыкта баланы кандай тамактандырып, канча суюктук берүү зарыл? Бул тууралуу бизге №1 үй-бүлөлүк медицина тобунун №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевти Кыздаркан Шанкайова айтып берди.
– Кыздаркан Кубанычбековна, күн ысыганда балдар арасында ич өткөк, кусуу сыяктуу көйгөйлөрдүн көбөйүшүнүн негизги себептери эмнеде?

– Негизги себептердин бири – ысык аба ырайы ичеги-карын инфекцияларынын жайылышына ыңгайлуу шарт түзөт. Жогорку температурада айрым бактериялар азык-түлүктө тез көбөйөт. Тамак-аш туура сакталбаса, уулануу же ичеги инфекциясы пайда болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, сапатсыз же булганган суу, колдун жана идиш-аяктын тазалыгына жетиштүү көңүл бурбоо да инфекциянын таралышына себеп болот. Ысыкта бала көп тердегендиктен, ал эми ич өткөк же кусуу кошулганда организм суу менен бирге натрий, калий сыяктуу маанилүү электролиттерди жоготот. Ошондуктан балдарда суусуздануу тез өнүгүшү мүмкүн.
– Ысык аба ичеги-карын инфекцияларынын жайылышына кандай шарт түзөт?
– Ысык температурада тамак-аш туура эмес сакталса, микроорганизмдердин көбөйүшү жеңилдейт. Айрыкча даяр тамакты бөлмө температурасында көпкө калтыруу кооптуу. Ошондой эле булганган суу, колду өз убагында жуубоо, жашылча-жемиштерди таза эмес колдонуу инфекциянын коркунучун жогорулатат. Ошондуктан жай мезгилинде даяр тамакты узак убакытка сыртта калтырбоо, жашылча-жемиштерди жакшылап жууп колдонуу, таза суу ичүү жана дааратканага баргандан кийин, ошондой эле тамактанар алдында колду самындап жууш керек.
– Балдарда ысыктан улам суусуздануу канчалык тез өнүгүшү мүмкүн? Анын алгачкы белгилери кайсылар?
– «Канча саатта суусайт?» деп так бир убакытты айтууга болбойт. Бул баланын жашына, дене табына, тердөө көлөмүнө, ич өткөк же кусуунун күчүнө жана канча суюктук ичип жатканына жараша болот. Ымыркайларда жана кичинекей балдарда суусоо тезирээк өнүгөт.
Ата-эне баланын заарасы кескин азайганына, оозунун кургаганына, алсыздыкка, көз жаштын азайышына же таптакыр чыкпай калышына көңүл бурушу керек. Бала өтө уйкучул болуп, суюктук иче албай же ичкенин кайра-кайра кусуп жатса, медициналык жардамга кайрылууну кечиктирбөө зарыл.
– Ич өткөн балага үй шартында биринчи кезекте эмне берүү кажет?
– Биринчи кезекте оозеки регидратация эритмесин, башкача айтканда, ОРСти берүү керек. Дарыканаларда мындай каражаттар даяр түрдө сатылат. Ал ич өткөк жана кусуу учурунда жоголгон суу менен электролиттерди толуктоого жардам берет. Баланы суюктукту аз-аздан, бирок бат-бат ичирүү туура. Эгер бала кусса, бир-эки чай кашыктан ар бир 1–2 мүнөт сайын берип, көтөрө баштаганда акырындык менен көбөйтүүгө болот. Ошол эле учурда ата-энелер өз алдынча антибиотик же ичти токтотуучу дарыларды бербеши керек. Айрыкча балдарга лоперамид сыяктуу дарыларды дарыгердин кеңешисиз колдонууга болбойт. Газдалган суусундуктар жана өтө таттуу ширелер да сунушталбайт. Эгер бала эмчек эмсе, эмизүүнү токтотпоо керек. Ич өткөндө тамакты толугу менен токтотуу да туура эмес. Бала тамак жей алса, жашына ылайык кадимки тамактануусун уланта бериши зарыл.
– Кайсы учурда ата-эне дароо дарыгерге кайрылышы керек?
– Эгер бала суюктук иче албай жатса же ичкенин кайра кусса, заарасы кескин азайса, өтө алсыз болуп, ойготуу кыйын болсо, көзү тунарып, оозу катуу кургаса – бул суусуздануунун белгилери болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, кан аралаш зандаса, катуу же токтобогон ич оорусу байкалса, дене табы жогорулап, жалпы абалы начарласа, кусундуда кан же жашыл түстөгү өт сымал суюктук болсо тез арада медициналык жардам керек. Ысыктан кийин бала башы маң болуп, эс-учун жоготуп же тырышып баштаса да шашылыш жардам талап кылынат. Айрыкча ымыркайларга жана беш жашка чейинки балдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
– Ысыкта балдар канча өлчөмдө суюктук ичиши керек? Сууну гана берүү жетиштүүбү?

– Бардык балдар үчүн бирдей өлчөмдөгү суюктук нормасы жок. Ал баланын жашына, салмагына, кыймыл-аракетине жана аба ырайына жараша болот. Ысык күндөрү балага суюктукту үзгүлтүксүз сунуштап туруу керек. Кадимки шартта суу, сүт жана тамак-аш аркылуу алынган суюктук организмдин муктаждыгын камсыздайт. Бирок бала ич өткөк же көп кусуу менен суу жана туздарды жоготуп жатса, жөнөкөй суу гана жетишсиз болушу мүмкүн. Мындай учурда жогоруда айткан ОРС эритмеси пайдалуураак болот.
– Кайсы жаштагы балдар аптаптуу ысыкка өзгөчө сезимтал?
– Ымыркайлар жана беш жашка чейинки кичинекей балдар ысыкка өзгөчө сезимтал болушат. Ошондой эле өнөкөт оорулары бар жана физикалык активдүүлүгү жогору балдарга көңүл буруу зарыл. Кичинекей балдар суусаганын дайыма эле билдире алышпайт. Ошондуктан ата-эне баланын суюктук ичүүсүнө көз салып, ысыкта аны түз күндүн алдында көпкө кармабашы керек.
– Баланы күндүн кайсы убактысында сыртка чыгаруу коопсуз?
– Күндүн эң ысык маалында баланы сыртта көпкө кармоодон алыс болгула дейт элем. Эртең менен эрте же кечке жуук, күндүн табы бир аз басаңдаганда сейилдөө коопсузураак. Түшкү аптапта түз күндүн алдында узак жүрүү жана оор физикалык көнүгүүлөрдү жасоо сунушталбайт.
– Аптаптуу күндөрдө баланын терисин күндөн кантип коргоого болот?
– Баланы күндүн зыяндуу нурларынан коргоо үчүн SPF 30 же андан жогору, мүмкүн болсо SPF 50 болгон жана UVA/UVB нурларынан коргой турган кеңири спектрдеги кремдерди колдонуу сунушталат. Кремди сыртка чыгардан 20–30 мүнөт мурун сүйкөп, ар бир 2 саат сайын, ошондой эле бала сууга түшүп же катуу тердегенден кийин кайра жаңылоо зарыл. Ал эми 6 айга чейинки ымыркайларга күндөн коргоочу кремди колдонуу сунушталбайт, аларды түз тийген күндөн алыс, көлөкөдө кармоо керек.
– Балага кийим тандоодо эмнеге көңүл буруу зарыл?
– Баланы жука, пахтадан жасалган, ачык түстөгү жана кенен кийимди кийинтүү туура. Башына болсо бетти, кулакты жана моюнду көлөкөлөй турган кең жээктүү панама кийгизсе жакшы болот. Ошондой эле көздү ультракызгылт көк нурлардан коргоо үчүн UV-коргоосу бар балдардын күн көз айнегин колдонсо болот. Мындай жөнөкөй чаралар баланын күнгө ашыкча ысып кетишинен жана ультракызгылт көк нурлардын терс таасиринен сактоого жардам берет.
– Ысыкта балдардын тамактануусуна кандай өзгөртүү киргизүү керек?

– Катуу диета кармоонун зарылдыгы жок. Жеңил, оңой сиңүүчү тамактарды аз-аздан берип, мөмө-жемиш, жашылча, шорпо сыяктуу суюктугу көп азыктарды кошуу сунушталат. Майлуу жана өтө оор тамактарды азайтып, өтө таттуу газдалган суусундуктарды чектөө зарыл. Ич өткөн учурда да баланы ачка калтырууга болбойт. Эгер тамакка болгон табити жакшы болсо, жашына ылайык кадимки тамактануусун улантуу керек.
– Ата-энелер ысык күндөрү балдарга байланыштуу эң көп кандай ката кетиришет?
– Көп кездешкен каталардын бири – бала суусаганын айтканча күтүп коюу. Ысыкта суюктукту үзгүлтүксүз сунуштоо зарыл. Дагы бир кеңири тараган ката – ич өткөндө «суу эле жетиштүү» деп ойлоп, организмге керектүү электролиттерди толуктаган ОРСти бербөө. Ошондой эле газдалган суусундук же шире менен суусун кандыруу, дарыгердин кеңешисиз антибиотик же ичти токтотуучу дары берүү туура эмес. Ич өткөндө баланы толугу менен тамактан ажыратуу да туура эмес.
Ата-энелер баланы түшкү аптапта узак убакыт күнгө чыгарбоого, унаада жалгыз калтырбоого тийиш. Эң негизгиси – суусуздануунун алгачкы белгилерин өз убагында байкап, баланын абалы начарлап баратса, медициналык жардамга кайрылууну кечиктирбөө керек.
Айнура Валижанова