Ош шаарынын эң ири, аймагы жагынан да, калкын жайгашуу жыштыгы жагынан да маанилүү стратегиялык тилкелеринин бири болуп саналган Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында 2026-жылдын алкагында комплекстүү жана масштабдуу курулуш, оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Аймактагы жол инфратүзүмүн жакшыртуу, ирригация тармагын жаңылоо, жашыл аймактарды кеңейтүү, социалдык объекттерди куруу жана калктын күнүмдүк социалдык-коммуналдык маселелерин чечүү боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу Манас-Ата МАБнын башчысы Жанибек Чолпонбаев менен кенен маектештик.
— Саламатсызбы, Жанибек мырза! 2026-жылдын алкагында аймакта жол инфраструктурасын жакшыртууда кандай масштабдуу долбоорлор ишке ашууда?

— Саламатсыздарбы! Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 2026-жылы пландалган инфраструктуралык долбоорлордун эң негизги жана ири бөлүгүн автоунаа жолдорун кеңейтүү, оңдоо жана транспорттук логистиканы жакшыртуу жумуштары түзөт. Аймактагы негизги транспорттук артерия болуп эсептелген Ош, С. Жетимишов жана Чоң-Алай көчөлөрүндө кеңейтүү иштери активдүү жүргүзүлүп, андан соң жаңыдан заманбап асфальт катмарын төшөө жумуштары улантылууда. Аталган көчөлөрдү кеңейтүү процессинде бекитилген архитектуралык-шаар куруу долбоорунун кызыл сызыгына туш келген, жол кыймылына жана кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан түрдүү курулуштар, тосмолор жана курулмалар мыйзам чегинде алынып жатат. Муну менен катар эле турак жай же коммерциялык объектилери долбоордук зонага түшүп калган менчик ээлерине мыйзам талаптарына ылайык кенемте төлөп берүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан каралып, чечилүүдө. Мындан сырткары, Ж. Раимбеков көчөсүнөн баштап Т. Касымбеков көчөсүнө чейинки аралыкта жайгашкан Ош көчөсүнүн бөлүгүндө, ошондой эле Жийделик көчөсүнөн шаардык аэропорт багытына кетүүчү жолдорду кеңейтүү иштери колго алынган. Бул багыттагы жумуштардын жалпы узундугу 3 километр 200 метрди түзөт. Иш-чаралардын алкагында автожолдун өзүн кеңейтүү менен бирге, жөө адамдар эркин жана коопсуз басып өтүүчү заманбап тротуарларды куруу, ошондой эле аталган көчөлөрдүн боюндагы эскирип, жарактан чыккан ирригациялык системаларды жана лотокторду толугу менен жаңысына алмаштыруу жумуштары катар алып барылууда.
— Аймакта курулуп жаткан заманбап эстакадалык көпүрө шаардагы эң уникалдуу долбоорлордун бири катары айтылууда. Бул курулуштун азыркы жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?
— Ооба, туура айтасыз. Аймактагы эң ири, уникалдуу инженердик-инфраструктуралык долбоор катары Т. Турсунбаева көчөсүнөн тартып Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуучу заманбап эстакадалык көпүрөнүн курулушун айтууга болот. Бүгүнкү күнгө карата аталган эстакадалык көпүрөнүн долбоорлоо-сметалык иштери толугу менен аяктап, жеринде курулуштун алгачкы практикалык этабы башталды. Курулуш учурунда унаа кыймылына тоскоолдук жаратпоо жана транспорт агымын туура бөлүштүрүү максатында альтернативдик жолдорду даярдоо иштери катар жүрүүдө. Бул алкакта Аношина көчөсү Т. Турсунбаева көчөсүнө бириктирилип, жол тилкелери кеңейтилип, тротуар куруу иштери аткарылууда. Ошондой эле Авиценна көчөсүнө төрт тилкелүү заманбап асфальт төшөлүп, жөө адамдар басуучу комфорттуу жолдор салынды. Жогоруда аталган бардык жол-инфраструктуралык курулуштардын жүрүшүн жана сапатын шаар тургундары учурда курулуш жүрүп жаткан маалда да, ошондой эле объектилер толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенден кийин да көрө алышат.
— Жашылдандыруу, эс алуу парктарын куруу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?
— Шаар башчысы Жанарбек Акаевдин жеке демилгеси жана тапшырмасы менен быйылкы жылы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жашылдандырууга, эс алуу зоналарын түзүүгө жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өзгөчө басым жасалууда. Аткарылган демилгелердин жыйынтыгында башкармалыктын аймагындагы И. Раззаков көчөсүндө дароо үч эс алуу багы толугу менен курулуп, шаар тургундарынын жана конокторунун пайдалануусуна берилди. Мындан тышкары, И. Раззаков көчөсүнүн аймагында дагы эки эс алуу багынын курулуш иштери уланууда. Жөө жүргүнчүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында И. Раззаков, Т. Касымбеков, А. Масалиев сыяктуу борбордук жана ири көчөлөрдөгү жөө адамдар басуучу тротуарлар толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ал эми азыркы убакта ички кварталдардын жолдорун асфальттоо боюнча пландалган иштердин биринчи этабындагы курулуш процесстери активдүү жүргүзүлүп жатат. Башкармалыктын аймагындагы дагы бир байкаларлык өзгөрүү — көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегиндеги мурда кароосуз калып, таштандыга айланган бош жер тилкелеринин иретке келтирилиши болду. Жергиликтүү жашоочулар, балдар жана карылар эс ала турган заманбап эс алуу жайлары курулуп, пайдаланууга берилди. Мурдагы эскирген, жараксыз абалга келген жөө адамдар басуучу жолдор кайрадан бузулуп, шаардыктардын коопсуз кыймылын камсыз кылган веложолдор менен бириктирилип, айкалышкан форматта жасалды. Ошондой эле аймакта жайгашкан «Жекелик» каналынын мурда жабылып калган үстүнкү катмарлары кайрадан ачылып, тазаланып, каналдын жээги шаардыктар үчүн жагымдуу, салкын эс алуучу жайга айланды.

— Жарандардан негизинен кандай мүнөздөгү арыз кайрылуулар түшөт?
— Башкармалыктын күнүмдүк ишмердүүлүгүндө жарандардан түрдүү багыттагы, мүнөздөгү арыз-кайрылуулар келип түшөт. Бөлүп айта турган болсок, алар:
- Аймактагы таштанды таштоочу жайлардын ордун ыңгайлуу жерлерге жылдыруу;
- үй-бүлөлүк жатаканалардын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлерди айрым жарандар тарабынан мыйзамсыз ээлеп алуу учурларын токтотуу;
- Көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолоруна жана алдына балдар ойноочу заманбап аянтчаларды куруп берүү боюнча кайрылуулар.
Бул айтылган маселелерди чечүүдө биз өз алдынча гана чектелбестен, шаардык тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалар, архитектура жана укук коргоо органдары менен биргеликте комплекстүү түрдө иш алып барабыз.
— Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча кандай жумуштар аткарылды?
— Башкармалыктын аймагындагы Кызыл-Аскер көчөсүнө жергиликтүү жашоочулардын өздөрүнүн демилгеси менен заманбап жарыктандыруу тутуму орнотулган. Бул демилге колдоого алынып, кийинчерээк аталган жарыктандыруу тутуму «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди. Азыр ал муниципалдык тараптан тейленет.
Административдик-аймактык реформанын алкагында башкармалыктын курамына жаңыдан кошулган Джим, Жийделик жана Жаңы-Маала айылдарынын ички көчөлөрүнө толугу менен заманбап жарыктандыруу системаларын орнотуу пландаштырылууда.

—Жаңы социалдык объекттердин курулушу тууралуу маалымат берсеңиз.
— Биздин аймактык башкармалыктын аймагында социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү, өзгөчө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу багытында долбоорлор ишке ашырылууда:
Мектептерди кеңейтүү: Аймакта жайгашкан №38 Б. Алыкулов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын орун тартыштыгын чечүү максатында 1200 окуучуга ылайыкташтырылган заманбап кошумча имараттын курулушу кызуу жүрүүдө.
Балдар бакчаларын оңдоо: Аймактагы №53 «Мурас», №22 «үмүт», №49 «Таңшоола» жана №67 «Мөл-Булак» муниципалдык балдар бакчаларында толук кандуу капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы курулуштар: Джим айылындагы №56 Чолпон орто мектебинин чектеш аймагына жаңы балдар бакчасынын курулушу, ошондой эле заманбап шарттары бар «OXFORD» жеке менчик мектебинин курулуш иштери активдүү түрдө жүргүзүлүүдө.
—Аткарылган иштер менен бирге аймакта дагы эле чечилбей жаткан туруктуу көйгөйлөр барбы?
—Жогоруда аталган бардык ири курулуштар, оңдоп-түзөөлөр, социалдык долбоорлор республикалык жана Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржыланып, аткарылууда. Алсак, 2026-жылы Ош шаарынын мэриясынын кошумча каржылоо долбоорунун алкагында аймактагы М. Торокулов, А. Маматжанов, М. Бадалов жана К. Дадашов көчөлөрү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жол инфраструктурасы жаңыланды.
Чечилбей жаткан, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган туруктуу көйгөйлөргө токтолсок:
Аймакта калктын жыш жайгашкандыгына жана балдардын санынын көптүгүнө байланыштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде орундардын жетишсиздиги олуттуу көйгөй бойдон калууда. «Жекелик» каналынын калктуу конуштарды, турак үйлөрдүн арасын аралап өткөн ачык бөлүгү жергиликтүү жашоочулар, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугу үчүн дайыма коркунуч жаратып келет.
Айша Нуридинова