Кыргызстанда күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү сырттан импорттолгондуктан, дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүлөр ички баага түздөн-түз таасир этүүдө. Адистердин айтымында, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн өлкөдө мунай кендерин изилдөө жана өндүрүүнү жолго коюу, керектөөнү азайтуу, ошондой эле күйүүчү май импорттоочу мамлекеттер менен узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген шарттардагы келишимдерди түзүү зарыл. Бул тууралуу биз бүгүн экономика илимдеринин доктору, профессор Мирланбек Убайдиллаев менен сереп кылдык.
“Негизги маселе өзүбүз өндүрбөгөнүбүздө”
-Агай, бензиндин баасынын өсүшүнө негизги экономикалык факторлор кайсылар?

-Бензиндин баасынын өсүшүнө экономикалык эле эмес, саясий дагы чоң таасир бар. Себептерин экиге бөлүп карасак: ички жана сырткы факторлор. Ички факторлорго токтолсом: биринчиден, өзүбүздө күйүүчү май өндүрүлбөйт. Кайра иштетүү аркылуу муктаждыктын дээрлик 5–7%ын гана өзүбүз өндүрөбүз. Керектөөнүн 90 %га жакынын, айрым учурда 95%дан ашыгын сырттан — негизинен Россиядан импорттойбуз. Экинчиден, бизде керектөө күндөн-күнгө өсүүдө: жер айдатабыз, оор техникаларды иштетебиз. Күндөлүк колдонулган транспорттун саны өсүп, квоталар кеңейүүдө. Демек, күйүүчү майга анын ичинде дизель менен бензинге болгон суроо-талап жогору. Негизги ички факторлор ушулар: өзүбүз өндүрбөйбүз, бирок ошол эле учурда керектөө өсүүдө. Экинчи бөлүгү сырткы факторлор Жогоруда айткандай, биз негизинен Россиядан импорттойбуз. Дүйнөдө ГСМ баасы күн сайын өсүү тенденциясында турат. Жалгыз эле Жакынкы Чыгыш, Иран же Америка эмес, жалпы дүйнө боюнча баа көтөрүлүүдө. Кайра Россияга кайрыла турган болсок, 2026-жылдагы Россиянын ички кырдаалы да таасир этүүдө. Украинанын дрондору нефть иштетүүчү заводдорго чабуул жасагандыктан, алар токтотулду. Ошол себептен Россия ички рынокто тартыштык жаралбашы үчүн сыртка экспортту азайтты. Эң негизгиси, бул жерде жеткирүүчүлөрдүн күнөөсү жок деп ойлойм. Негизги маселе өзүбүз өндүрбөгөнүбүздө. Геологдор берген маалымат боюнча, Баткенде мунай бар. Баткенден чыгарсак болот. Ресурсубуз бар, бирок аны таба албай, кайра иштете албай жатабыз. Анан «экономикалык фактор» дегенибиз бул жөн гана экономика эмес, саясий факторлорго да түздөн-түз катышы бар. Кыргызстан азыркы тапта жалгыз Россия менен чектелбестен, кошуна Казакстан менен экономикалык алаканы күчөтүп, саясий келишимдерди түзсө болот. Казакстанда бензин 45-48 сом болсо, бизде 100сомдон ашып кетти. Ошондой келишимдер баага түздөн-түз таасирин тийгизбейт.
“Бензиндин кымбатташы бардык тармактарга таасирин тийгизет”
-Графикалык түрдө карап көрөлү: кечээ бензин 80 сом болсо, бүгүн 100 сом болду. 20 сомго -20%га кымбаттады. Бул биринчи кезекте жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, логистикага таасирин тийгизет. Автоматтык түрдө жол кире менен ташуу кызматтарынын баасына 20% кошулат. Кызмат көрсөткөн адамдардын айлык акысын төлөө зарылдыгынан улам баалар минимум 20%га жогорулайт. Бул соода-сатыкка да түздөн-түз тиешелүү. Логистика тармагы бардык нерсени тейлейт: айыл чарба продукциясын же техника менен технологияны ташуу үчүн да автоунаалар керек. Күйүүчү май 20 пайызга кымбаттаганы менен башка тармактардагы баалар 30, 50, 80, керек болсо 100%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби айрым тармактардын ишмердүүлүгү түздөн-түз транспорттук ташууларга көз каранды. Күйүүчү-майлоочу майлардын баасы эң көп кайсы мезгилде кымбаттады? Июль айына туура келди. Негизи, Нефтетрейдерлер ассоциациясы кубаттуулуктар менен квоталар азаярын, б.а. бизге келе турган күйүүчү майдын көлөмү азая турганын март–апрель айларында эле эскертишкен. Ал эми эмне үчүн баа июль айында көтөрүлдү? Себеби бизде бир-эки айлык белгилүү бир запас (кор) бар болчу. Ошол запас түгөнгөндөн кийин автоматтык түрдө июнь–июль айларында баалардын өсүшү байкалды. Күйүүчү-майлоочу май дегенде биз бир гана бензинди эмес, анын түрлөрүн да эске алышыбыз керек: АИ-80, АИ-92, АИ-95, АИ-98. Эң кымбаты 95-маркасы, ал орто эсеп менен 30%га кымбаттады. Дизель отуну болжол менен 8%га, ал эми эң көп керектелген АИ-92 бензини 10–12%га кымбаттады. Анткени 92-маркадагы бензин Россиядан үзгүлтүксүз келип жатат, 95-марка чектелип келгендиктен, анын баасы кескин жогорулады. Бул факторлордун баары биригип, мамлекеттик масштабдагы кымбаттоолорго алып келди. Бул процесс качан токтойт, эч ким айта албайт. Мен былтыр эксперттик топтордун арасында: «Бензин 100 сомго чыгат» десем, таң калып ишенишкен эмес болчу. Ал эми бүгүнкү күндө АИ-95 маркасындагы бензин 108-110 сомдон сатылууда

—Тышкы рыноктогу өзгөрүүлөр биздин ички баага канчалык терс таасир этет? Импортко көз карандылыкты азайтуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
-Мунун үч себеби бар. Биринчиден, бул чоң көйгөй, муну моюнга алышыбыз керек. Кыргызстан өзү геодезиялык изилдөө иштерин жүргүзүп, кендерди таап, өзүбүз өндүрүп башташыбыз керек. Башкача айтканда, чалгындоо, иштетүү жана кайра иштетүү иштерин жүргүзүү зарыл. Кара-Балтадагы кайра иштетүүчү завод сыяктуу ишканаларды башка облустарда да куруу керек. Ал үчүн биринчи кезекте мунай кендерин таап, андан кийин иштетүүнү жолго коюу зарыл. Негизги көйгөйдү чечүүнүн биринчи жолу — ушул. Экинчиден, керектөөнү азайтышыбыз зарыл. Азыр жарандар мурдагыдай жөө көп баспай калды. Мисалы, студент кезибизде жөө көп жүрчүбүз, азыр коомдук транспорттон тышкары такси да көп колдонулат. Керектөө көбөйүп жатабы — аны кандайдыр бир деңгээлде чектешибиз керек. Жок дегенде 10–20%га азайтуу зарыл. Бул көйгөйдү толук чечпейт, бирок керектөөнү азайтууга жардам берет. үчүнчүсү, эң негизгиси — Россия менен келишимдерди улантышыбыз керек. Каалайбызбы же каалабайбызбы, квоталарды көбөйтүп, арзандатылган баада бензинди көбүрөөк алууга аракет кылышыбыз зарыл. Мурда Россия жылына 1 миллион тоннадан ашык күйүүчү май берчү. Азыр 2026-жылга 620 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отуну боюнча берилген квоталар да түгөнүп калды. Ошондуктан Россия менен жеңилдетилген шарттарда келишимдерди түзүшүбүз керек. Ошол эле учурда Казакстан менен да келишим түзүү зарыл. Мисалы, Казакстанда АИ-92 бензини 45–48 сом болсо, бизге бажы төлөмдөрү жана башка чыгымдар кошулуп 65–70 сомдон келсе дагы, 100 сомго караганда кыйла арзан болот. Мындан тышкары, Азербайжан сыяктуу мунай өндүргөн өлкөлөр менен да мамилени күчөтүү зарыл. Биз өзүбүздүн муктаждыгыбыздын 5–7%ын гана камсыздап жаткан шартта, башка мүмкүнчүлүктөрдү издешибиз кажет. Дагы бир маанилүү маселе — күйүүчү майды импорттоого байланыштуу пошлиналарды жана акциздик салыктарды дүйнөлүк рыноктогу баалар турукташканга чейин убактылуу азайтуу же алып туруу. Албетте, бул мамлекеттик бюджетке миллиарддаган сом чыгым алып келиши мүмкүн. Бирок кымбатчылыктын калкка тийгизген таасирин кандайдыр бир деңгээлде азайтууга шарт түзөт. Анткени биз ар бир күйгөн бензинден 1 сомдон төлөп жатабыз. Бул каражаттар жолдорго жана инфраструктурага жумшалат деп айтылып келет. Ошол каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу да маанилүү.
Жаңылай Арстанбек кызы
—Күйүүчү майдын кымбатташы жалпы инфляцияга канчалык деңгээлде түрткү берет?
-Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, эгерде бензин менен дизель кымбаттай турган болсо, ал ички жүгүртүүдөгү акча массасынын көбүрөөк айланышына алып келет. Мейли ал накталай болсун, мейли накталай эмес болсун. Ал эми каражаттардын, анын ичинде акчалай түрүндөгү каражаттын көбүрөөк айланышы массанын көбөйүшүнө алып келет, бул албетте, инфляция. Мисал катары айтсам, акыркы убакта мугалимдердин, медиктердин жана башка көптөгөн тармакта иштегендердин айлыктары көбөйдү. Ал жүгүртүүдөгү накталай акчанын айланышына түрткү берип жатат. Накталай акча жүгүртүүдө канчалык көп болсо, сомдун сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ошончолук төмөндөтөт. Мисалы, былтыркы же андан мурунку жылдарды алып көрөлү. Мурда бир товар 80 сом турса, азыр ошол эле товар 150 сом турат. Бул товардын өзү эле кымбаттап кетти дегенди билдирбейт, бул – акчанын сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөдү дегенди билдирет. Акчанын күчү деген ошол. Ички жүгүртүүгө улуттук валютаны канчалык көп киргизсек, анын сатып алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук төмөндөйт. Бензиндин кымбатташы да буга түздөн-түз таасир этет. Негизги керектелүүчү товар, продукция же кызмат көрсөтүүлөр кымбаттаса, ал сөзсүз түрдө турмуш-тиричиликтин кымбатташына алып келет. Бул жерде бир эле бензин эмес, жалпы күйүүчү-майлоочу майлар (дизель, бензин) инфляцияга терс таасирин тийгизип жатат. Себеби алар жүгүртүүдөгү акчанын көбөйүшүнө алып келүүдө. Жүгүртүүдө акча канчалык көп болсо, анын баалуулугу ошончолук төмөндөп, инфляцияны жогорулатат.
—Бензиндин кымбатташы карапайым калктын үй-бүлөлүк бюджетине кандай таасир этет? Айрыкча кирешеси төмөн жана орто болгон үй-бүлөлөр бул өзгөрүүнү кандай деңгээлде сезиши мүмкүн?
-Мен өзүм айылдан каттап иштейм, ошондуктан жол киренин кандай экенин жакшы билем. Мындан үч ай мурда Жаңы-Арыктан Ошко чейинки жол кире 100 сом болсо, азыр минимум 150 сомго чыкты. Бул 50%дык өсүш. Эми базарда соода кылып, күнүнө 1000–1500 сом тапкан адамды мисал кылалы. Жаңы-Арыктан Ошко барып-келүүгө эле 300 сом кетет. Күнү бою жүрүп, тамак-ашка дагы 300 сом коротсо, 600 сом чыгым болот. 1000 сом тапкан адамдын колунда болгону 400 сом калат. Ал эми мурда жол киреге 200 сом гана кетчү. Бул бир гана жол киренин мисалы. Товарлардын баасы да ташуу чыгымдарына байланыштуу өсөт. Мисалы, 1000 сомдук товар 30 пайыздык кымбаттоодон кийин 1300 сомго чыгат. Беш кишиден турган үй-бүлөнүн кийим-кечесине эле миңдеген сом кошумча чыгым талап кылынат. Күнүмдүк азык-түлүктүн баасына да бул түздөн-түз таасир этет. Мисалы, беш кишиден турган үй-бүлө күнүнө 1 кг эт керектесе, эттин азыркы баасы 800–1000 сомдун тегерегинде. Бир айда эттин өзүнө эле 26 миң сомдон ашык каражат кетет. Анын үстүнө картошка, пияз, май, нан сыяктуу башка азыктар бар. Бензиндин кымбатташы малды жана башка товарларды ташуу чыгымдарын да көбөйтөт. Мурда 200 сом болгон ташуу акысы кийин 500 сомго, андан соң 700–1000 сомго чейин өстү. Бул автоматтык түрдө эттин баасына таасир берет. Былтыр эт 650 сомдун тегерегинде болсо, бүгүн 880–900 сомго чейин жетти.
Эгер жаз айларында бир үй-бүлөнүн тамак-ашына жана жол киресине 40–50 миң сом кетсе, азыр бул чыгым минимум 65 миң сомго жетүүдө. Терс таасири мына ушунда.