• Пн. Сен 14th, 2026

Ош шамы

Ош шаары жана Ош облусунун жаңылыктары, коомдук-саясий маалыматтар жана гезиттин акыркы чыгарылыштары

Популярдуу темалар

Ошто жол революциясы жүрүүдө

Автор:Osh Shamy

Авг 17, 2026

Быйыл Ош шаарында мурда болуп көрбөгөн масштабдуу инфратүзүмдүк долбоор ишке ашырылып, жалпысынан 50 чакырымга созулган жол тармагы толугу менен кеңейтилип, заманбап асфальт төшөлүүдө. Жалпы наркы 5 миллиард сомду түзгөн бул гиганттык курулуш калаа казынасынын жана республикалык бюджеттин биргелешкен каржылоосу менен жүрүп жатат. Учурда 10 чакырымдык тилкеде оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктаса, калган 40 чакырымга жакын көчөдө имараттарды бузуу, жолдун негизин даярдоо жана жер алдындагы коммуникацияларды жаңылоо иштери күнү-түнү кызуу жүрүүдө. Шаар бийлиги бардык тилкелерди жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү милдетин койгон.

“Жол ачылды, калкка кызмат кылсын”

Бөлүнүп берилген каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын айгинелеген кубанычтуу окуя орун алды. 10-август күнү Ош шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы көчө кылдат оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Курулуш иштери мындан туура бир ай мурда башталган болчу. Куруучулардын тынымсыз жана өжөр эмгегинин натыйжасында кыска мөөнөттө узундугу 525 метр, туурасы 16 метр болгон заманбап жол пайда болду. үч кыймыл тилкелүү бул жолдун эки тарабынан жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, жашыл зоналар жана автоунаа токтотуучу атайын жайлар каралган. Салтанаттуу ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөп жатып шаар башчысы Жанарбек Акаев мурда бул көчөнүн абалы өтө начар болуп келгенин эске салды: «Бул аймактын абалы мурда өтө начар эле. Бир жагында Ош улуттук драма театры жайгашып, бүтүндөй маданият өкүлдөрү, чыгармачыл адамдар келип турушат. Экинчи жагында мейманканалар бар. Ошондуктан биз тез арада оңдоо чечимин кабыл алдык. Тынымсыз иштеп, эми мына ачылышын жасап жатабыз. Жол ачылды, калкка кызмат кылсын!»- деди мэр кубанычы менен тең бөлүшүп.

Шаар күнүнө белек

Шаар аймагындагы эң ири долбоорлордун бири – Бекмамат Осмонов атындагы көчөнү кеңейтүү болуп саналат. Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан базарлардын шаардын сыртына чыгарылышы менен дал ушул көчөдө автоунаалардын тыгыны кескин өскөн. Мындан улам өткөн жылдын август айында мурдагы эки тилкелүү жолду алты тилкеге чейин кеңейтүү боюнча ири курулуш башталган. Долбоорго ылайык, биринчи этапта 5 чакырым 222 метр жолго асфальт төшөлөт. Учурда жолдун бир тарабына асфальт толугу менен төшөлүп бүттү. Биринчи бөлүгүн 5-октябрь — Ош шаарынын күнүндө пайдаланууга берүү тапшырмасы коюлган. Ал эми жылдын аягына чейин 10 чакырым 600 метр аралыктагы иш толук бүтүшү керек.
Түшүп жаткан асфальттын сапаты жана жумуштун жүрүшү тууралуу шаардык Жолдор башкармалыгынын прорабы Эсен Эшматов мындай маалымат берди: «Мурдагы жолго караганда бул жол 20-30 сантиметрге бийик көтөрүлдү. Асфальттын калыңдыгы эки катмардан турат: биринчиси — 9 сантиметр, экинчиси — 6 сантиметр. Жолдун кеңдиги 26 метрге жетип, алты тилкелүү болот. Базардын тушуна барганда бир тараптуу жол төрт тилке болуп дагы кеңейет. Жолдун ортосунда заманбап жарыктандыруу каралган. Эки жагында тротуарлар курулууда: бир тарабында 4 метр, экинчи тарабында 2,5 метр аралык тротуар үчүн бөлүнгөн. 31-августта бүткөрүлөт».

10дон ашуун жол кеңейтилүүдө

Бекмамат Осмонов көчөсүн улай учурда Ошто 10дон ашык көчөнү кеңейтип, оңдоп-түзөө иштери параллелдүү жүргүзүлүүдө. Маселен, Ош көчөсүндө 3 чакырым 200 метр аралык кеңейтилип, жолдун эки бетиндеги 200гө чукул үй жана коммерциялык объекттерди бузуу пландалган. Учурда 800 метрге жакын тилкеде жолду тегиздөө иштери аткарылып, курулушка 20га жакын атайын техника жана 5 жумушчу бригада тартылып, иш эки нөөмөт менен жүрүүдө. Мындан тышкары суу түтүктөрүн, канализациялык жана башка жер алдындагы инженердик коммуникацияларды жаңылоо иштери аткарылууда. Долбоорго ылайык, жол 26 метрге кеңейип, төрт тилкелүү болот. Анын эки тарабына тротуарлар курулуп, жашыл аймактар түзүлөт.
Ушундай эле масштабдуу иштер Төлөнов атындагы көчөдө да жүрүп, 3 чакырым 200 метр жол кеңейтилип, асфальтталууда. Андан сырткары Жетимишов көчөсү, Курманжан-Датка көчөсүнүн бир бөлүгү, Г. Айтиев көчөсү сыяктуу ондон ашык көчөнү толук жаңылап, жылдын аягына чейин колдонууга берүү пландалган.

Ж.Шоноев: “Суу түтүк-төрүн сыртка чыгаруудабыз”

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Шоноев аткарылып жаткан курулуштардын сапаттык өзгөчөлүктөрүнө токтолду: «Көпчүлүк көчөлөрдө буга чейин иригациялык лотоктор да, тротуар да болгон эмес. Акыркы отуз жылдын ичинде биринчи жолу жаңы иригациялык лотоктор орнотулууда. Жарыктандыруу системасы тыкыр каралып, жашыл зоналарды да унутта калтырган жокпуз. Эң башкысы — жол менен катар, биз жер астында жылдап жаткан таза суу жана саркынды суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, тротуардын астына жылдырып жатабыз. Кийинки 10-15 жылда жол бузулбай, тешилбей турсун деп жылуулук түтүкчөлөрүн да жолдун астынан сыртка чыгарып жатабыз».
Оштогу дагы бир көрүнүктүү жана стратегиялык иштердин бири — шаардын чыгышы менен батышын бириктирген Рыспай Абдыкадыров көчөсүнүн түз ачылып, кеңейтилиши болуп саналат. Курманжан-Датка көчөсүнөн Зикиров көчөсүнө чейинки аралыкты Ош шаардык Жолдор башкармалыгы өзүнүн техникалары менен оңдоп-түзөп жатат. Буга чейин аталган тилкеде жайгашкан 24 турак үй буздурулуп, ээлерине кенемте толук төлөнүп берилгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Кенемте маселеси кандай чечилди?

Курулуш жүрүп жаткан аймакта олуттуу геологиялык кыйынчылыктар да кезигүүдө. Мурдагы турак үйлөрдү көчүрүүдө дээрлик ар бир үйдөн 2-3төн септик чыккан. Ага улай бул аймакта жер астындагы катмар өтө жумшак болгондуктан, жолчулар жумшак топуракты казып алып салып, ордуна 4-5 катмар шагыл төгүп, кайрадан тегиздөөгө аргасыз болушууда. Антпесе кийин оор автоунаалар өткөндө жол чөгүп кетүү ыктымалдыгы бар эле.
Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгынын башчысы Мухамбед Илиязов бул жолдун маанилүүлүгүн жана кенемте маселеси кандай чечилгенин айтып берди: «Рысбай Абдыкадыров көчөсү аркылуу, тагыраагы, көпүрөдөн келген унаалар оң жакка бурулуп, эки тилкелүү тар көчө менен Черемушки кичи районуна чыгып кетчүбүз. Унаалардын тыгыны кээде сааттап созулчу. Азыр эми алты тилкелүү заманбап жол курулуп, ачылганы турат. Бул жол келечекте ушундай эле кеңдикте Б. Осмонов көчөсүнө барып биригиши керек. Азыр каражатка карап, этап-этабы менен куруп келе жатабыз. Бул жерде 24 үй бар болчу, баары буздурулуп, компенсациялары төлөнүп берилди. Азыр тургундардын баары жаңы үйлөрүндө жашап жатышат, кенемте албай калган бир дагы киши болгон жок».
Ош шаарында жалпысынан 1037 чакырым жол бар. Анын 60 пайызын шагыл, 40 пайызын асфальт жолдор түзөт. Акыркы эки жылдан бери калаада көчөлөрдү жамап-жаскабай, толугу менен капиталдык асфальттоо иштери жакшы жүрүп жатат. Буга чейин ар жылы жай айларында эскирген жолдорго жамаачы гана түшүп келсе, эми мынтип шаардын транспорттук артериясы түп тамырынан бери жаңыланып, шаардыктарга кеңири, заманбап жана коопсуз жол тартууланууда.

Жарык Жылдыз

About The Author

Автор: Osh Shamy

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *